presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сонунбүбү Садырбаева, маркум Дооронбек Садырбаевдин жубайы:
"Курманбек Салиевич сизге
белекке берип атат, алып коюңузчу деп, бир топ эле жалдырашты..."
- Сонунбүбү эже, алгач сөздү Дооронбек агай менен таанышып, баш кошкондугуңуздан баштасак. Кантип таанышып, баш кошуп калдыңыз эле?
- Студент кезде, тактап айтканда, Мединститутта окуп жүргөндө комсомол комитети "драмалык кружокко, болбосо, хорго катышпасаң стипендияңды бербей окуудан чыгарабыз"- деп театрга жиберишти. Барсам, театрдын жетекчиси жок экен. Бир маалда эле көздөрү бакырайган супсулуу болгон жигит эшиктен кирип келди. Келип эле "Менин атым Дооронбек, кружокко катышканы келдиңизби, эмнеге жөндөмдүүсүз?" - деп сурады. Эч нерсеге жөндөмүм жок, эптеп эле кружокко катышсам болду десем, "анда мобуну окуп көрүңүзчү деп ак баракка жазылган текстти сунду. Сүрдөгөнүмдөн чекемден тер чыгып, араң окудум. Окуп бүтүп көзүмдүн кыйыгы менен Дооронбекти карасам, ал дагы мени карап мыйыгынан жылмайып туруптур. Ого бетер сүрдөп, денемди калтырак басып кетти. Ал менин тартынчаактыгымды көрүп, талантым жок экенин байкады окшойт, сыр бербестен "сиз азыр кете бериңиз, үч айдан кийин келиңиз, эгер комитеттегилер сураса, кружокко катышып атам деп коюңуз " деп мени узатып ийди. Ошентип, үч ай өткөндөн кийин кайра келдим. Келсем, Дооронбек спектакль даярдап жатыптыр. Мени көрө коюп эле "келдиңизби"- деп сахналаштарынын арасына кошуп алды. Спектаклди даярдап бүтүп үч күн катары менен көрөрмандарга тартууладык. Сахнабыз гүлгө толуп, эл аябай көп келди. Ага чейин Дооронбекти артист экен деп ойлоп жүргөм, көрсө, ал артист эмес эле жапжаш болгон студент бала экен. Мына ошол күндөн тартып экөөбүз бири-бирибизди жактырып калдык. Ал мага сүйүүсүн арнады. Мен четке каккан жокмун. Ал ортодо "Дооронбек деген Донжуан, аны эмне кыласың, бир күнү сени таштап кетет"- деп айныткандар да болду. Ал тургай ата-энем дагы "Оштук баланы эмне кыласың, өзүбүздө бала жок калгансып"- деп каршы болушса, Дооронбектин туугандары дагы "арканын кызын эмне кыласың"- деп каршы чыгышты. Кайын энем ыраматылык алысты көрө билген кыраакы адам эле. "Мейли балам, каяктан алса ошол жактан алсын, эң башкысы бактылуу болсун"- деп Дооронбек экөөбүзгө жол ачып берген.
- Баш кошкондон кийинки турмушуңуздар кандай уланды?
- Кыйынчылык менен коштолду. Экөөбүз тең студентпиз. Бирине тартсак, экинчисине жетпейт. Көп өтпөй эле Дооронбек режиссёр Барташ Кайыповдун орун басары болуп КТРКга жумушка орношту. Үйүбүз азыркы булгаары заводу турган жакта болчу. Автобуска түшкөнгө акчабыз жок, мен эптеп студенттик билетимди көрсөтүп, окууга барып келсем, Дооронбек КТРКга чейин жөө-жалаңдап барып-келип иштечү. Бир күнү ботинкасынын таманы түшүп калыптыр. Жаматайын десе акча жок, айласы кеткенде шпагат жип менен арчындап байлап алып кийип жүрдү. Кыскасы, бул турмуштун ачуусун да, таттуусун да баштан кечирдик.
- Дооронбек агайга Бакиевдер уу берип койгону айтылып жүрөт. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Уу бергени чын. Бирок биз уу бергенин кийин билдик. Ал кандайча болгонун башынан айтып берейин: Ал күнү Дооронбек агаңар күндөгүсүндөй эле эртең менен эрте жумушуна кеткен. Бирок ал күнү күндөгүдөн эртерээк келмек, себеби жездебиз каза болуп өлүмтүккө бармакпыз. Айтканындай эле эрте келди. Көзү киртейип башкача болуп калыптыр. Эмне болду десем, "эч нерсе болгон жок, ооруп калган окшойм"- деди. Чай ич десем, "курсагым ток"- деп ичпей койду. Анда жылууланып жат, мен эле барып көз көрсөтүп келейин деп жөнөп кеттим. Бир убакта эле уулум Зарылбек артыман барып, "атам чыдабай атат, доктурга алпарбасак болчудай эмес" - деди. Ошондон эле баарын таштап үйгө келдим. Келсем чын эле чыдабай атыптыр. Тез жардам чакырып ооруканага алпардык. Депутаттардын баары келип, жардамдарын беришти. Эртеси күнү Эрнист Акрамов: "Отравления болуптур, канын алмаштырыш керек"- деди. Кантип эле отравление болсун деп ишенген жокпуз. Айткандай эле отравления болуп ичегилери бири-бирине чапташып калыптыр. Ага чейин өзү кайдан тамак жеп эмне болгонун айткан эмес. Качан гана дарыгерлер отравления болгонун аныктагандан кийин ал күнү парламенттин жанындагы боз үйдөн лагман жегенин, ал жерден дайыма кымыз ичип, лагман жеп жүргөнүн, ал күнү лагманды ашпозчу кыз эмес, башкалар даярдап бергенин, лагмандын даамы жаман экенин айтып, "мени ошолор эле жайлады"- деди. Сотко кайрылалы, ашпозчуларды карматып жоопко тарттыралы десем, "койчу, кемпир, болбогон сөздү айтасың да. Бычакка сап, кыргыздын кыйын чыкма эр-азаматтарын өлтүргөн кылмышкерлер жоопко тартылбай атса, анан ошол бечара кыздар жоопко тартылмак беле"- деп болбой койгон. Ошондон көп өтпөй эле кулагы укпай, көзүнүн көрүүсү начарлады. Кулагына аппарат тагып, көзүн дарылаттык. Мурдуна сасык жыт келип, биз сезбеген жаман жытты ал сезип жатты. Бети-башынан жара кетпеди. Ошентип, уулангандан кийин 4 жыл оору менен алышып жүрүп өтүп кетти. Андан мурун куландан соо жүрчү, бир да жолу оорудум деп айтчу эмес.
- Каркыра жайлоосу казактарга сатылып атканда Көлгө барып элге аябай нааразы болуп келди эле. Ошол боюнча айтып берсеңиз?
- Ыргайдай болуп өзүң араң турсаң эмнеге барасың, барба десем болбой, "ата-бабабыздан калган ыйык жерибиз ит бекер сатылып атса кантип барбай коём. Эгер мен Каркыраны коргобосом, анда мени Кудай кечирбейт"- деп таягын сүйрөп алып кеткен. Эртеси тултуюп эле таарынып келди. Эмне болду десем, "Эмнесин айтайын кемпир, сенин тилиңди алып эле Турцияда калып калсам болмок экен. Саясатка бекер аралашыптырмын эгер сенин тилиңди алганда канча китептин автору болуп, бир канча кино тартмак экенмин. Кап атаңдын көрү, бекер кылыптырмын, Бакиевдин жалданма ОБОНчу катындары Ө.Текебаев, Б. Шер үчөөбүздү "өз жериңерди коргогула, Каркыра деген биздин жер, сатабызбы коёбузбу өзүбүз билебиз!" - деп ит талаган түлкүдөй кылбадыбы. Бакиевдер баарын сатты, сата элек Күн эле калды, колу жетсе Күндү деле сатып ийели дейт, колу жетпеген үчүн эле турат" - деп ыйламсырап келген.
- Бакиевдер коркутуп-үркүткөн учурлары болгон эмес беле?
- Кудай сактап андай болгон эмес. Алар Дооронбектен коркушчу. Калп айткан менен болобу, Дороштун аз да болсо эл ичинде кадыр-баркы бар эле. Ошол кезде оппозиция лидерлеринин көбү Дороштун сөзүн эки кылбай, Доке деп сыйлап турушчу. Бакиев 2005-жылы бийликке келгенден кийин Дооронбек акем ушул автоунааны алсын дагы, мени сындаганын токтотсун деп кымбат баалуу "Лексус" үлгүсүндөгү автоунааны баласы Максим Бакиев менен кеңешчисинен берип жибериптир. Алар келип: "Курманбек Салиевич сизге белекке берип атат, алып коюңузчу" - деп, бир топ эле жалдырашты. Дорош ачууланып, "карасаң буларды, эптеп мени алдагысы келип атканын, автоунаасынын кереги да жок. Мен Бакиевди башында кандай сындасам, аягына чейин ошондой сындап өтөм. Менин оозумду дүнүйө менен жабам деп ойлобогула"- деп автоунаасын албай койгон.
- Депутаттыктан башка кызматка барбагандыгынын себеби эмнеде эле?
- Кызмат, байлык, бийлик дегенди жети желмогузундай көрчү. Акаевдин убагында андан мурун деле көптөгөн кызматтар сунушталды. Баарынан баш тартып, "мага депутаттык эле жетет"- деп койчу. Мен болсо пенделик кылып, "сен өңдүү башка саясатчыларды карачы, кызматка барып байлык топтоп атат, сен деле бир кызматка барып байлык топтосоң боло", - десем, "байлыктын эмне кереги бар. Үстүбүздө үйүбүз, алдыбызда автоунаабыз турат. Жетет ушул эле, андан көрө аманчылыкты тилейли"- деп урушуп койчу. Башкаларчылап кызмат абалынан пайдаланып чет элдик автоунаа деле минген жок, өмүр бою волга менен жүрүп өттү. 2005-жылы саясий лидерлер сиз президент болуңуз деп президенттике көрсөтүшсө, кереги жок деп болбой коюптур. "Эмнеге болбой койдуң?" - десем, "В.И.Ленин карып калгандыктан, акыркы төрт жылда бийликти башкара албай Плеханов, менен Крупская башкарып, ал эки берен элдин байлыгын экиге бөлүп алыптыр, ошон үчүн карыганда бийликти башкаруу кыйын" - деген. Учурдан пайдаланып, бүгүнкү бийликке, өзгөчө президентибиз Роза Отунбаевага ыраазычылыгымды билдире кетээр элем. Дороштун арбагын сыйлап, эл Баатыры сыйлыгын ыйгарып, шаардагы Баха көчөсүнө атын берди. Азырынча көчөгө аты жазыла элек. Жазыш үчүн 200 миң сом керек экен. Өткөндө шаар мэри Иса Өмүркуловго кайрылсам, жаздыртып берем деп убадасын берген, буюрса ал жаздыртып берээрине ишенем. Ошондой эле Отунбаева, Атамбаев, Текебаев баш болгон Дороштун талдамдаштары жылдыгында жылкысын союп, куран окутушту. Мен аларга абдан ыраазымын.
- Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?
- Уулум Зарылбек 33 жашта, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Улуу баласы Шерболот менин колумда кенедейинен эле Дорош экөөбүз багып чоңойттук. Карыганда неберелүү болгондуктан, неберебизди жаныбыздай көрчүбүз. Азыр 4-класста окуп атат. Зарылбегимдин кесиби экономист, 5 жыл Улуттук банкта иштеди. Кызматка орноштуруп койчу деп атасына какшап атып орноштура алган жокмун. "Зарылбекти кызматка орноштурсам, уулун кызматка орноштуруп койду деп эртең эле бирөө айтып чыгат"- деп таптакыр болбой койду. Азыр Зарылбегим досунун фирмасында эмгектенип атат. Кудайга шүгүр, жаман эмес, эл көргөн күндү көрүп, Кудай деп жашап атабыз. Дорош болсо түшүмө көп кирет. "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп шайланган кайын сиңдим Гүласыл Садырбаева бейшемби күн сайын келип куран окутуп турат.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??