Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ажы акелер качан акылга келишет, ыя?
Өлкөбүздүн саясат айдыңында бири-бирине катуу эрегишкен, элдешкис душманга айланган эки ажыбыз бар. Акыйкатчылык кызматтан чыккан Турсунбек ажы менен Турсунбай ажынын акыйнеги азыркыга чейин уланып, жакын арада токточудай түрү жок. Ыңгайы келгенде бири-бирин жөөлөп, каралап, ал тургай маскаралап да ийип атышат. Турсунбай Бакир уулу өткөн жумада кайсы бир орус тилдүү гезитке Акундун уулун "муруттарын күйгүзүп алып Минскиге куйругун түйгөн Шерхандын биякта калып калган ишенимдүү чөөсү" деп сыпаттады. Акыйкатчы Тукебиз деле жөн калбай көп нерселерди эбиреп-жебиреп, ал деле жемин жедирбей келет. Ажыкелерибиздин ушул сыяктуу акыйнегине калкыбыздын деле кулагы каныгып калды. Мусулманчылыкта бир тууган момун мусулмандар кечиримдүү болуп, бири-бирине кек сактабашы керек деп айтылат эмеспи. Бирок башкаларга үлгү болчу такыба молдокелерибиздин жакын арада жарашчудай түрү жок.




Телетаймашка чейин териштирип алса болмок…
Ажолукка аттанган Кубанычбек Исабеков өткөн жумада КТРКдан телетаймашка чыгып, "көлдүк кызыл шапкечендер үгүт гезиттеримди тарттырбай, административдик ресурсту колдонуп атышат" деп ач айкырык салып чыккан. Облустун башкы милийсасы Жалил Илипаев талапкердин айткандарын тактоо боюнча топ түзүп, тез арада окуя болгон Бостериге жөнөткөн. Акыры чындык чыркырап, Кубанычбек Исабековго көлдүк үгүтчүлөрүнөн каңырыш маалымат келгени аныкталды. Аныкталып гана тим болбостон, такталбаган маалымат таркаткандыгы үчүн Исабеков облустук ИИБ кызматкерлеринен кечирим сураптыр. Жасабаган иши үчүн жаманатты болушкан милийсалар Кукебайды кечириштиби жокпу, аны кийинки санда тактап беребиз.


Абдрахмановдун атагын Бакиев чыгарган
V чакырылыштагы ЖоКебиздин Өмүрбек Абдрахманов деген депутаты бар. Өткөн жумада 5-каналдын парламенттин карамагына өтүшүнө жан үрөгөндөрдүн алдыңкы сабында дал ушул Өмүкебиз турду. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун өткөн жумада "Азаттыктын" 5-каналга арналган талкууларынын биринде: "Ата Мекендин 5-канал боюнча капа болгон бир жери бар: былтыр кышында Талыпов деген кишини "Ата Мекен" фракциясы 5-каналга эч кимден сурабай туруп жетекчи кылып койгонсуңар" - деген сөзү ата мекенчи Абдрахмановдун кан басымын жогорулатып, "Бул маселени "Ата Мекен" көтөргөн жок. Бул маселени өкмөттүк депутат Исмаил Исаков көтөрдү. Ага "Ата Мекенге" каршы турган Келдибеков деген спикер кол койду" - деп катуу чычалап, Султакеңди "бетиң жок турбайбы" дегенге чейин барды. Кыстырма иретинде кыстара кетсек, 2005-жылга чейин аты-жыты белгисиз Абдрахмановдун атагын Бакиевдин бийлиги чыгарган. Эмерек чыгарчу "Азат" фирмасынын "атакеси" 2006-2007-жылдары бийликке каршы митинг-пикеттерде кыйкырып жүрүп, атак-даңкы тез арада Ала-Тоону аралап, эл оозуна алынып кеткен. Бирок кийин Америкага качып кетип калк көңүлүн бир кайт кылса, качып келгенден кийин "Манасыбызга" обу жок асылып, экинчи ирет элди иренжитип алган жайы бар.


Оозунан жаңылып ордунан айрылабы?
Былтыркы коогалаңдан кийин жараатыбыз карттанып келатканда, өткөн жумада ар намысчы, вице-спикер Бөдөш Мамырованын ЖК трибунасынан "Көпчүлүгү өзбектер жашаган Сафет-Булан айылында элдер райондук ИИБ башчысын барымтага алышты"-деп айтканы жүрөгүбүздү бир козголтуп койду. Кудай жалгап вице-спикер айымдын айтканы жалган болуп чыгып, Ала-Бука райондук милиция начальниги Асылбек Бичиев: "Мени эч ким барымтага алган жок. Кылмышка шектүү делинген бир жигитти кармайлы деп барганыбызда айылдын эли чогулуп калган экен. Окуяны түшүндүрсөк, туура кабыл алышып, "каракчылык кылган" - деп айыпталып аткан адамды кармап бергенге көмөктөшүштү. Депутаттын сөзү - жалган маалымат" - деп элеңдеп калган элибизди тынчтандырды. Ал ортодо Куловду фракция лидерлигинен кууп түштүк деп атышкан "козголоңчу" ар- намысчылар учурдан пайдаланып, Бөдөш Мамырованы да төрайымдык кызматтан алып түшүү камылгасын баштады. Тактабай маалымат таратып, жарга такалган Бөдөш айымдын ордуна "козголоңчулар" Талант Узакбаевдин талапкерлигин көрсөтүшүүдө.


Чым-Коргон Парламент
21-октябрь күнү ЖКнын пленардык жыйынына БШК башчысы Туйгунаалы Абдураимов катышып, шайлоого даярдыктар тууралуу айтып берди. "Ата-Журттун" атактуу айымы Жылдыз Жолдошева "бюллетендерди басмаканадан эмне үчүн талапкерсиз алып чыктыңар, мыйзамды буздуңар" - деп Туйгунаалы Абдураимовго атырылды. "Мыйзамды бузган жокпуз" деген Тукең кебелбей туруп "БШКда мурда чогуу иштеген элек. Ошондо сиздин ордуңуз Чым-Коргондо деп урушканым үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм. Көрсө, сиздин ордуңуз Чым-Коргондо эмес эле, парламентте турбайбы"-деп эл өкүлдөрүнүн боорун эзди. "Мени уруша турган жигит төрөлө элек"-деген Жылдыз айым: "Эгер шайлоодо өлкөдө кырдаал курчуса, сен күнөөлүү болосуң"-деп опузалады. "Эгер бир нерсеге күнөөлүү болсом, мыйзам алдында жооп берем" - деген Абдураимовго БШКдагы эски кесиптеши: "жооп бергенде да кандай жооп бересиң!" - деп эскертти.


Акылбек акыры мойнуна алды
Куловду өз партиясынан кубалап ие жаздаган "Ар-Намыстын" Акылбек Жапаров деген амалкөй депутаты бар. Өзүн ашынган оппозиционер атап жүргөн эски бийликтин бул эркеси: "Өкмөт күзгө жетпей банкрот болот, күзүндө Кыргызстанды каатчылык каптайт, бийлик алапайын таппай калат"-деп жыл башынан бери эле сайрап келет. Анан эле өткөн жумада парламентте келээрки жылдын бюджети талкууланып жатканда Акылбек Жапаров Өкмөттүн ишине өз баасын берип, аргасыз башын чайкады. "Жыл башында Өкмөт өзүнө өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна алган. Мугалимдердин, врачтардын айлык акысын эселеп көбөйтөөрдө ишенбей турдук эле, бирок милдеттерин аткарышты. Оппозициялык депутат болсом дагы, Өкмөттүн быйылкы ишине баа берип коюш керек" - деди.

Тиленбек Азык