Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бука моюн буура сан, балбаны көп кыргыздын

Алыш күрөшү


Ааламдык атак алаарда…



Улуттун улуулугун даңазалаган анын каада - салттары, маданияты, адабияты, улуттук оюндары эсептелинет эмеспи. Кыргыздын эң байыркы жана эң сүйүктүү азыркы тил менен айтканда спортунун түрү бул - ат оюндарынан кийин эле күрөш эсептелинет. Анын ичинен кыргызга гана таандык Алыш күрөшү нечендеген кылымдардан бери сакталып келет. Бул күрөш байыркы Манас эпосунда да эскерилет. Улуу баяныбыздагы Кошой менен Жолойдун күрөшү дал ушул Алыш күрөшү экендигин көпчүлүк биле бербесе керек.
Эгемендүүлүк жылдарында кайрадан жандана баштаган Алыш спортунун кадыры жакынкы арада жер жүзүнө болуп көрбөгөндөй даңазаланганы турат. Кечээ жакында "Спорт баардыгы үчүн" деп аталган V Дүйнөлүк оюндардын уюштуруу комитети жана ФИЛАнын курамындагы улуттук күрөш өнөрү боюнча дүйнөлүк комитетинин өкүлдөрү Кыргызстанда болушуп, Өкмөттүн, парламенттин жана дагы бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүштү. Кыргыз парламентинин спикери Орусиянын нукура өнөрү жана этноспорт федерациясынын президенти Алексей Кыласов менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан да бул жаатта бир катар олуттуу иштерди жасап аткандыгын, депутат Чолпон Султанбекованын демилгеси менен Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигин алдында Улуттук спорттун түрлөрү боюнча башкармалык түзүлгөнүн кабарлады. Эсиңерде болсо Чолпон айым Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин мүчөсү. Чолпон Султанбекованын ысымы 2002-жылы ыраматылык жолдошу Баяман Эркинбаев негиздеген Алыш күрөшү боюнча Азиялык федерациясынын (2004-жыл), кийин 2005-жылды Эл аралык Алыш күрөшү федерациясынын президенти болуп турганда эл аралык деңгээлде айтыла баштаган. 2007-жылы ал аталган федерациянын ардактуу президенти аталып, саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу бул кызматын бизнесмен А. Анапияевге өткөрүп берген. Ушул жылдын апрель айынын башында ФИЛАнын штаб-квартирасында ФИЛАнын күрөштүн улуттук түрлөрү боюнча Дүйнөлүк комитетинин кезектеги жыйынында бул федерациянын президенти Анапияев тарабынан ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөрүү тууралуу демилге көтөрүлгөн. Бул чемпионат мааракелик болуп эсептелинет себеби, туура 10 жыл мурун расмий түрдө Алыш күрөшү боюнча Эл аралык федерация негизделген. Негиздегендердин катарында Кыргызстанга кечээ жакында расмий делегация менен мейманчылап келишкен ФИЛАнын курамындагы улуттук күрөш өнөрү боюнча дүйнөлүк комитетинин президенти литвалык Гинтаутас Вилейта, бул комитеттин генералдык катчысы белоруссиялык Владимир Гриңенков, германиялык Ингольф Калина жана өзбекстандык Нуркули Юсупов бар болчу.
Ошентип депутат Чолпон Султанбекованын көмөгү менен Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде коноктор менен атайын жолугушуу уюштурулуп, агенттиктин башчысы Байгазы Кенжебаев дагы ФИЛАнын Кыргызстанда Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаты Кыргызстанда өткөрүү чечимин кубаттоо менен колдоого алды. Бул агенттиктин мурдагы жетекчиси учурда Улуттук оюндар боюнча башкармалыктын башчысы Алмазбек Касенов бул идея коомдун суроо-талабына жооп берээрин жана чемпионатты өткөрүү актуалдуу болуп тургандыгын белгилеп өттү.
Кандай болгон күндө дагы ушул жылдын октябрь айында ордолуу Ош шаарында өткөрүү пландалып аткан Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатты колдоого алышыбыз керек. Мамлекет дагы болгон көмөгүн көрсөтүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, атактуу алыш күрөшүбүздү жер жүзүнө даңазалап калышыбыз керек. Күрөш боюнча дүйнөлүк федерация (ФИЛА) мындай демилге менен күнүгө эле чыга бербейт. Бул чемпионат Кыргызстандын кадыр-баркы, өлкөбүздүн атак-даңкы! Алыш күрөшүн элибиздин эрктүүлүгүн, баатырдыгын даңазалаган жалпы мамлекеттик бренд катары жер жүзүнө тааныштыра алсак эң сонун болмок. Бүгүн коомубуз чыр-чатактарга, араздашуулдарга эмес, биригүүгө, ынтымакка суусап турганда бул дүйнөлүк чемпионаттын өлкөбүздө өткөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Ал гана эмес Алыш күрөшүнүн байыркылыгын, маданий рухий баалуулугун эске алуу менен ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес маданий баалуулуктарынын тизмесине киргизүүгө сунуш ташташсак да ашыктык кылбас...




Элдин үмүтү дале актала элек...

Аламүдүндөгү алешемдиктер же Чынтемировго качан чара көрүлөт?


Биздин гезит аркылуу бир ай мурун Аламүдүн райондук Кеңештин депутаты Кыдыралиева Анара Жанжигитовнанын Лебединовка айылындагы коррупциялык иштер тууралуу кайрылуусу жолдонгон. Ал иштерге күч түзүмдөрү кандай мамиле жасап жатканынын билүү максатында, кайрылган тараптан жооп алууну туура көрдүк.

- Анара Жанжигитовна, сиз бир ай мурун Лебединовка айыл өкмөт башчысынын коррупциялык иштери тууралуу кайрылуу жолдодуңуз эле. Ага өлкөбүздүн күч түзүмдөрү тарабынан кандай чаралар көрүлдү?
- Тилекке каршы сиздердин гезит аркылуу кайрылуубузда белгилүү болгондой Лебединовкада өткөн элдик жыйынга катышкан Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү, прокуратурасы, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрдү мен айткан далилдерди көрмөксөн-укмаксан болуп коюшту. Жок эле дегенде ушунча элдин алдында айткан маалыматтар туура, туура эмес экенин далилдегенге жарашкан жок. Тескерисинче, жергиликтүү жашоочулар айыл өкмөт Чынтемировдун толтура былыктары бар экенин фактылар менен көтөрүп келишип, "аягына чейин барбасаң болбой калды. Буга чейин каякка кайрылаарыбызды билбей жүрдүк эле, элдин көйгөйүн чечкенге чогуу көтөрүлүп чыгалы" деп жатышат. Айыл өкмөттө мен айтып чыккан коррупциялык иштерден сырткары бир топ коррупциялык иштер бар экен. Мисалы: Чынтемиров өзүнүн карындашы Н.Расуловага жаздыртып койгон эки кабат базарына жакын жайгашкан 4 кабаттуу үйдүн комитет башчысы элдин атынан кайра-кайра тынчын алса эле, ал аялдын ошол көп кабаттуу үйдө эки башка квартирасы болгонуна карабай, оозун жабыш үчүн Мадиева көчөсүнөн 0,20 га жерди турак жай куруу үчүн бөлүп берген. Ошондой эле көп кабаттуу квартирада Жыргал Эдигеева деген эне 11 баласы менен 3 бөлмөлүү үйдө жашашат. Ушундай үй-бүлөөлөргө жерлер берилбестен өз кызыкчылыктарын жогору койгондуктан көңүл бөлүнбөй, тааныш билиштик менен бөлүштүрүшкөн. Мына эмне деген туура эмес иштер.
- Бул айылда сиз көтөрүп чыккан фактылардан сырткары, бир топ коррупциялык элементтер элдер тарабынан көтөрүлүп жаткан турбайбы?
- "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей азыркы күндө да Б.Чынтемиров карындашынын наамына 2009-жылы котортуп койгон 0,60 га жерди ээлеп турган үйдө жашайт. 15 киши там куруп жашай турган ал жердеги үйгө квартирант катары жашаганда эле, айына алган маянасы жетет болду бекен? Чындап келгенде документтерин фамилиясы бөлөк бир тууган карындашына жаздыртып койсом эле, эл билбей калат деп ойлоп жатат. Элден эч нерсенин жашыра албайт. Эл жерге жетпей жатканда кызматынан пайдаланып дыйкан чарба түзүп, 1,5 гектар жерди өз менчигине чыгарган. Убагында райондук администрация мыйзамсыз иш жасаганын далилдеп сотко кайрылышып, эч нерсе кыла албай коюшкан. Анткени крышасы мурдагы Жогорку соттун төрагасы, жездеси Курманбек Осмонов болгон. Мына өзүңүз карасаңыз, элибиз 0,4 га жерге жетпей жүрүшсө Чынтемировго окшогондор гектарлаган жерлерди бөлүп сатышты, ортомчулар бир топ кишилерди сыздатып кетишти.
- Сиз менен чогуу айылдык жыйынга барган кесиптештериңиз эмне деп жатышат?
- Баары эле нааразы. Президент, Премьер-министр коррупцияга каршы күрөшүп жатышса райондук күч структуралары билмексен болушу бизди ойлонтууда. Ошол себептен ички иштер министри З.Рысалиевге, Башкы Прокурор А.Саляновага, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Ш.Атахановго кайрылуу жөнөтүштү. Президенттин кичи мекенинде ушундай иштер болуп жаткандан кийин, алыскы Нарын, Баткенде эмне болуп жатканын ким билет? Эми жообун күтө туралы…
- Элдик жыйындан кийин таптакыр жылыш болбоптур да?
- Такыр эч нерсе болгон жок деп айтууга болбойт. Жакшы жагы да болду. Өзүмдү эле айтсам айыл өкмөткө караштуу №42 бала-бакчага уулум барат. Элдик жыйын өткөнгө чейин ата-энелер айына 1300 сом төлөп келсек, 900 сомуна квитанция беришчү. Ал каражаттан сырткары бир жолу төлөнүүчү акчасын 3000-8000 сомго чейин алышчу. Айына эле 400 сом ашык эле төлөчүбүз. Элестетсеңиз, 6 группада 30 баладан болгондо эле 72 000 сом ай сайын документи жок чогултуп турушкан. Аким эл менен жолугушкандан кийин ал ашыкча төлөмдөр токтоду. Жыйында 3-үй комитетинин башчысы Л. Комиссарованын канча жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери акимдин кийлигишүүсүнүн аркасында чечилди.
Мына окурман, борбор шаарыбыздын түбүндө турган Аламүдүн районунун бир эле айылындагы көрүнүш. Ага да райондук күч түзүмдөрү чара колдонушпаганы эмнени каңкуулап турат. Же мындай аракеттери менен өлкө башчыларын дагы деле алдасак болот деп жатышабы?
Бетти даярдаган
Тиленбек Азык

P.S. Лебединовка айылынын айыл башчысы Чынтемировдун канча жылдан берки өзүм билемдик иштери тууралуу былыктар 13-марттагы район акими, күч структураларынын чоңдору жана жалпы лебединовкалыктардын катышуусундагы айылдык чоң жыйналышта айтылган. Бул боюнча айыл тургундары Башкы прокуратурага атайын арыз менен кайрылышкан. "Чынтемиров жеңеби же элдин чындыгы жеңеби" -деп дагы деле акыйкаттык күтүп акыйып отурушат.