presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чабуулдун


мизи кайтпайт


Бүгүнкү күнү эгемен Кыргыз Республикасынын коомчулугу токсон жашка толгон мааракесин кеңири белгилеп жаткан атактуу академик Кайып Оторбаевдин өмүр сапарына көңүл бурган адамдын анын чабуулчу экенине көзү жетери бышык. Ушул баян аркылуу сизди да ошого ынандырганы олтурам, урматтуу окурман.

Кайып Оторбаевич 1922-жылы СССР деген мамлекет уюшулган ошол өлкөнүн уюшулушуна жол ачкан Улуу октябрь социалисттик Революциясынын жол башчысы Владимир Ильич Ленин төрөлгөн - 22-апрелде ал учурдагы Верный, азыркы Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Кайып агайдын биринчи чабуулу анын жарык дүйнөдө жашап калуусу. Андан мурда төрөлгөн алты баласы катары менен чарчап, жүрөктөрү үшүп калган Оторбай ата менен Данапия апа кичинекей наристенин атын да Кайып-Мухаммед коюшуп, беш жашка чейин ырымдап чоңойтушкан экен. Бул тууралуу Кайып Оторбаев агайыбыздын "На разломе эпохи" - деген Александр Иванов менен биргеликте жазган көлөмдүү китебинде кеңири айтылган.
Заманына жараша билим алууга умтулуп, мектепте, аны бүтүргөндөн кийин пединститутта (азыркы улуттук университет) окуп, тээ 1930-жылдары илимге баштаган чабуулу күнү бүгүн да уланып келет. Ал 1950-жылы СССР Илимдер Академиясынын география институтунун аспирантурасына өтүп, илимдин кандидаты деген даражасын ээ болгондон бери далай суулар акты. Суулар демекчи К. Оторбаев Кыргызстандын гидроэнергетика - суудан кубаттуулук (энергия) алуу тармагын өнүктүрүүнүн биздин өлкө үчүн өтө пайдалуу да, ыңгайлуу да экендигин илимий негизде далилдеп, азыр Нарын дайрасында кыркалекей курулуп, электр кубатын берип жаткан электр станцияларын пайдалануунун башатында турган . Азыркы кезде суунун күчү менен алынган электр кубаты Республикабыздагы эң орчундуу да, казнага пул түшүргөн да тармак болуп турбайбы.
Илимге болгон чабуул улана берип, агайыбыз илимдин доктору, Кыргыз улуттук Академиясынын академиги, СССРдин географиялык коомунун ардактуу профессору, илимге эмгеги сиңген ишмер, жана башка көптөгөн ардактуу наамдарга жеткирди. Анын акылы менен калеминен төрт жүздөн ашык илимий эмгек, кырктан ашык көлөмдүү монографиялар жазылган. Ал эмгектер мурдагы СССРдин союздун бардык Республикаларындагы улуттардын, англис, француз, немец жана башка чет өлкөлөрдүн тилдерине которулганы Т.Оторбаев агайдын илим көрөңгөсүнүн мол экендигинин айкын күбө эмеспи.
Кыргыз Республикасынын география илиминин негиздөөчүсү жана өнүктүрүүчүсү катары таанымал болгон Кайып агай дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлгөн илимий форумдарынын жөнөкөй катышуучусу эле болбостон, ал иш чараларда илимий дарс окуулары менен да чыгып келген. Ислам конференциясынын уюмунун алакалаш иштешүү Программасын түзүүгө чоң салым кошуп, катышкан.
Кайып Оторбаевичтин илимге чабуулу ийгиликтүү болгон сайын анын даража, аброю менен кызмат карьерасы да өсүп олтурганы табигый иш эмеспи. Бирок ал чоң стол же ири жетекчилик кызматка умтулуп бул багытта атайын чабуул жасаган эмес. Тек гана залкар окумуштуунун ак эмгегин заманасы баалагандыктан ал кызмат жагынан болобу, саясий жагынан болобу дайыма өсүш жолунда келген. Ал Кыргыз илимдер Академиясынын экономика институтунун директору, ИАнын Президиумунун башкы илимий секретары, Кыргыз СССРинин Мамлекеттик планынын алдындагы Пландоонун экономика жана экономикалык - математикалык усулдар институтунун деректири кызматтарын аркалаган.
1979-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин ректорлугуна дайындалган. Кайып Оторбаевич университеттин эмгек жамааты менен ийгиликтүү жүргүзгөн иштер өз натыйжасын берип, мурда союздагы университеттердин начарларынын арасында жүргөн бул окуу жай эң алдыңкы деген он университеттин катарынан орун алган. 1983-жылы "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланганы да агайдын ак эмгек менен багынткан бийиктиги эле. "Кандайдыр бир даражада бул жерде да футболдогудай. Атаандаштын дарбазасына топ киргизген команда манчыркап, аракетин төмөндөтүп жиберсе, утулуп калуусу мүмкүн. Жетишилген ийгиликтеринин бекемдөө үчүн аянбай аракет жасасаң гана жеңишке жетишесиң" -дейт агай аталган китептин университеттеги иштерин баяндаган бөлүмүндө.
1990-жылдан бери КИАнын Президиумуна караштуу өндүрүш күчтөрүн жана жаратылыш ресурстарын окуп - үйрөнүү комиссиясынын төрагасы кызматында эмгектенип келет.
Агайдын коомдук иштери да үлгү болорлук. Ал кыргыз СССРинин Жогорку Советине эки ирет депутаттыкка шайланган, көп жылдары тынчтыкты коргоонун республикалык Комитетин жетектеп келген.
Кайып Оторбаевич кайсыл орунда, кандай кызматта иштебесин анын алпейимдүүлүгүнө айкашкан талап коё билүүсү, адилеттүүлүгү менен ар кимдин эмгегине тийиштүү баа бере аралыгы кызматкерлерге жакчу да, аларды өзүнө тартып турчу.
Макаланын чабуулчуга байланышынын сырын эми ачайын. Кайып Оторбаевич кезегинде Кыргызстандын мыкты футболчусу болгон. Ал Москванын атактуу "Спартак" командасынын чабуулчусу катарында элүүнчү жылдары ойногондугун билебиз. Ошол жылдары "Спартак" командасы Советтер Союзундагы эң мыкты команда эле.
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, немецтик-фашисттик баскынчыларды жеңгендердин бири. Ал 1942-жылы кан майданга өз каалоосу менен аттанган. Согушту взводдун командири болуп аяктаган офицердин көкүрөгүн "Кызыл жылдыз" , "Ата мекендик согуш" ордендери " Каармандыгы үчүн", жана башка медалдар көркүнө чыгарып турган. Ушул жерден кошо кетсем К.Оторбаев тынчтык күндөрүндө да көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. СССР учурун айтпаганда да Эгемен Кыргыз Республикасынын "Манас" орденинин экинчи жана үчүнчү даражадагылары менен сыйлангандыгын айтсак жетиштүү болор.
1997-жылдан бери кичи футбол боюнча Кайып Оторбаевдин атындагы эл аралык мелдеш жыл сайын өтүп келет. Мелдештин тобун биринчи тээп баштап берүү вазиыйпасын Кайып агай өзү аткарат. Спорттогу эмгеги жогору бааланып 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөрүлгөн олимпиадалык оюндардын 100 жылдык маарекеси кошо белгиленген олимпиадага ардактуу конок катары чакырылганы, катышканы да агайдын спортко сиңирген эмгегин баалоо эмеспи.
Элибиздин вазир менен хан жөнүндөгү учкул сөзү Кайып Оторбаевич менен анын өмүрлүк жубайы Мария Токтогуловна Нанаева эжем экөөнө куп жарашат. Экөөнүн баш кошушкандарына 14-ноябрда 58 жыл болот: Экөө тең илимде өз издери бар окумуштуулар. Мария Токтогуловна медицина илимдеринин доктору, профессор. Бири-бирине болгон сый - урматтары менен сүйүүлөрү жылдар өткөн сайын бекемделип келет.
"Сүйүүдө бирөөсүнүн экинчиси менен болууну каалоосу, бири-биринин көздөрүн кароосу аздык кылат. Экөөнүн бир багытты кароосу эң маанилүү. Болгондо да экөөсүнө тең керектүү жалпы багытты кароолору абзел. Жараткандын парманы менен бул жагынан бизге оңдой берди болду"- дейт Кайып агай сөз болгон китебинде. Экөө тең жетилип, экөө тең илимдин кандидаттары болгуча, беш жыл сүйлөшүп жүрүп, үйлөнүшкөн чоң окумуштуулардын үй-бүлөлүк сапарлары мындан башкача болуучу мүмкүн эмес эле.
Буга алар багынткан бийиктиктер күбө.
Чабуулдун мизи кайтпайт. Ал улана берет. Алдыда дагы узак жол турат.
Жолдошбек Бузурманкулов,
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин коомчулук менен байланыш боюнча координатору.





fabula





??.??