Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановго
Нарын облусунун губернатору Канат Муратбековго
Кайрылуу кат

Урматту Өмүрбек Токтогулович,
Урматту Канат Камбарбекович!
Силерге кайрылуубуздун себеби: биздин айылдык округ Кочкор районунун түндүк-батыш тарабында деңиз денгээлинен 2700м бийиктикте, республиканын борборунан 310 км, облустун борборунан 180км,райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты өтө оор, дан эгиндери толук бышып жетилбейт. 9 ай суук болот. Климаттын оордугуна жараша жашаган калктын 61% өтө жакыр жашайт. Айыл ичиндеги трансформаторлор эскирип, свет көп-көп өчөт. Райондун борборунан алыс болгондуктан, райондук ооруканага ооруган адамдарды жеткирүү кыйын, боюнда бар аялдарды төрөт бөлүмүнө жеткирүү өзүнчө эле оор түйшүк тартып келет.
Ошонун кесепетинен аялдардын төрөт боюнча жабыр тарткандары бар. Ошондуктан сиздерден көптөн көп суранычыбыз, өтүнүчүбүз эки айылга, жаңы түшкөн конуштарга эки трансформатор жана тез жардам автомашинасын берүүгө жардам кылууңуздарды көптөн көп өтүнөбүз.
Сиздерди урматтоо менен.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Жакыпбаев. Айылдык кеңештин депутаттары: Т. Карасартов, С. Аденов, М. Жолдошалиев, А. Бейшекеев, К.Сарматов, Ш.Сыдыков. А. Абдиева, Ж. Абыкешова, Э.Султанова, К. Табалдиева, П. Багышева, Н. Ыбышов.





Акал
Илгери айтылуу, раматылык совет доорунда, коммунисттик партия бийликти узурпациялап, элди кыңк эттирбестен басмырлап ГУЛАГдын коркунучтуу элеси менен башкарып турганда да, кыргыз коомчулугунда тайманбас, чындык сөздү бетке айткан, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан, элдин кызыкчылыгын өйдө койгон атуулдар болгон. Алардын арасында эң көрүнүктүү адамдардын бири деп Молдаалы уулу Абдыкалил же болбосо элдин арасында Акал деген ат менен белгилүү болуп калган инсанды айтсак болот. Учурунда ВПШны (высшая партийная школа) бүтсө да жумушунан, тайманбай чындыкты бетке сүйлөгөнүнөн, өтө өсүп кете алган эмес. Ал киши көзү өтүп кетсе дагы, таамай айткан сөздөрү, кызыктуу окуялары эл арасында айтылып, элдик фольклорго кошулуп кетти. Эмесе ошол кишинин башынан өткөн окуялардан бирөөнү окурмандардын сынына коёлу.
СӨГҮШ
Акал "Чаек" колхозунун парторгу болуп иштеп турганда, Сатарбек деген колхоздун башкармасы, запойго кирип кетип үч күн жумушка чыкпай коёт. Күн күзгө таяп, айыл чарба жумуштары күчөп турган мезгилде, колхоз жетекчиси жумушка чыкпай койгону чарба үчүн эң эле кыйын болду. Ошондо Акал колхоздун партбюросун чогултуп, Сатарбекти үйүнөн алдырып келип, өздүк карточкага жазылуусу менен катуу сөгүш жарыялап, аны бекитүү үчүн тийиштүү кагаздарын коммунисттик партиянын Жумгал райондук комитетине жиберип ийет. Ал жерден кагаздарды алганда бомба жарылгандай эле болду. Эми аларды да түшүнсө болот; жетекчилерге партиялык сөгүштү райкомдун же обкомдун бюросунда берилчү, партиялык бюрократиялык принциптерди бузган Кыргызстан эмес бүткүл Союзда болгон эмес, анан эле элестетиңиз колхоздун парторгу башкармасына катуу сөгүш берип жатса. Ошол эле замат райкомдун биринчи секретары Нарын обкомунун биринчи секретарына кабарлайт, болгон окуя жөнүндө. Обкомдун бюросу тез арада чогулуп, болгон окуяны талдап, баары бирдей жыйынтыкка келишет. Партиянын ичинде мындай башаламандыкка жол берүүгө болбойт, минтип отурса анархияга жол берилип, партиялык тартип жоголот. Ошондуктан Молдалиевди тезинен тартипке салып кел деп обкомдун бюросунун мүчөсү, облисполкомдун председателинин биринчи орун басары Халимовду, Жумгалга жиберишет. Халимов Жумгалдан түз эле "Чаек колхозунун конторуна барып Акалга жолугат:
- Акал Молдалиевич, бул сиздин партиялык тартипти бузуп, партиялык иерархияда , сизден жогорку орунда турган партиянын мүчөсүнө сөгүш берип салыпсыз, муну кандай түшүндүрөсүз? -деп маселени кабыргасынан коюптур, Акал жайбаракат кана мындай деген экен:
- Рим Сабирович, коммунисттик партиянын негизги уюштуруу принциби;
демократиялык централизм, партиянын негизи; баштапкы партиялык уюм, Сиз байкасаңыз, демократия деген сөз, централизм деген сөздөн мурун турат, мындайча айтканда биз өзүбүздүн партиялык уюмдун мүчөлөрүн, иштеген жумушунун деңгээлине карабай тартипке чакыра алабыз, жана чакырып турмакчыбыз, эгерде бул принципиалдуу маселеде сиз мени колдобосоңуз ЦК КПССке кайрылып бизге демократиялык централизм иш жүзүндө кандай болот деп түшүндүрмө берүүсүн сурап көрөлү, кандай дейсиз?- десе, Халимовдун жүрөгү түшүп, кой айланайын, аман-соомдо кетип калайын деп жолго түшкөн экен. Башкармага болсо райкомдун бюросунда сөгүштү бекитип кийин жумуштан алууга мажбур болушуптур. Ким билет , балким учурунда коммунисттик партиянын ичинде принципиалдуу таза адамдар көбүрөөк болгондо партия чачырап тарабай Союз да аман калмак беле?
Баяман Омар





Иффат өз элинен жардам күтөт



Адам өмүрүндө кандай гана татаалдыктар күтүп тураарын биз билбейт экенбиз. Бирине уу сунган, бирине бал сунган тагдырлар турмуш өзөгүн түзөт эмеспи. Мына ушунусун пенделер тагдыр деп билебизда. Ал эми биз менен баарлашкан мекендешибиздин жана ошо менен бирге "Эне" деген үч тамганын артындагы турмуш мерчемдерин бизге далилдеген Замира эженин жана кызы Эсенкожоева Иффат аттуу мекендешибиздин аянычтуу оор күндөрүн элибизге маалым кылып, жумурай журттан жардам сурайт. Жаныбек мырза менен Замира айымдын Иффат аттуу он төрт жаштагы ал мончоктой кызы бар. Иффат бүгүнкү күндө абдан оор акыбалда тынымы жок кыймылда жатат . Биз менен баарлашуу учурунда кызынын ден соолугуна тагдырына жүрөгү сыздап көзүнөн мөлт-мөлт жаш куюлуп эне жүрөгү муңканып жатты...


- Замира эже кызыңыз Иффат жөнүндө айтып берсеңиз?
- Ушул менин кызым тууралуу угуп келгенинерге,кайдыгер карабаган адамдарыбыз кыргыз элинде бар экенине ишендим. Эми кызым Иффат 1998-жылы төрөлгөн. Өз салмагында ден-соолугу жакшы эле болчу. Эч нерсе капарыбызда жок эле жүргөнбүз. Мен болсо өз жумушум менен алек, Түптүн базарында жашылча жемиш сатып иштеп жүрчүмүн кызым бош убактысында жардам кылышчу мага.
- Кызыңыз бул дартты качан, кандайча белгилер менен билинди?
- Айланайын, (ыйлап) азыркы биз өткөрүп жаткан күндү эч кимге каалабас элем. Мейли тирүү жанбы, айтор айбанга да каалабас элем. Алгач кызым 2009-жылы мектепке 1-класска барды. Окуусу мыкты болчу. Анан бир күнү эле апа оң бутум менен колум ооруп жатат деди. Бир аз күн өткөндөн кийин сол капталы да ооруп баштады. Биздин алып барбаган жагыбыз калган жок. Бирок кызым ошол учурда балдак менен басып окуйм дегенинен мектепке өзүбүз алып барып, алып кетип жүрчүбүз. Ошентип 4-классты бүттүк. Анан күн өткөн сайын кызымдын акыбалы оорлоп кашык, ручка кармай албай, колунан ыргып жатты. Дарыгерлерге кайрылганыбызда Мээсиндеги башкаруучу клеткалары жабыркап калганын билдиришти. Алар дагы колунан келишинче дары-дармектери менен күн өткөрүп келе жатабыз. Өзүбүз Көлдүн Түп районунда турчубуз. Кызыбыздын ден-соолугуна байланыштуу медиктердин көзөмөлүндө болуу үчүн ушул батирге тууган - уруктун жардамы менен көчүп келгенбиз. Ай сайын батирди туугандарыбыз төлөп турат. Эт- жүрөгүм эзилет. Бала бир ата-эне үчүн башка болот экен да. Эмне кылам күнү-түнү жанындамын кареги менен айланам.
- Кызыңызга эмне тамак бересиз, кызыңыз эмнеге кызыгат сизге сырын бөлүшсө керек?
- Кызым жүрөгүмдү эзип ийет. Кызымдын өтө сезимталдыгын аябай билем окууга кызыгат. Каралдым, Модель жагына абдан кызыгат. Ал эми каалаган тамагын жасап берүүгө аракет жасайм. Көбүн эсе таттуу нерселерди жегиси келет, жасап берем. Айланайын бир мүнөтүмдү дагы кызыма арнайм. Кызым байкуш мени эс алчы "апа " дейт. Кээде бук болуп ыйлаганда кызымды көрүп жүрөгүм ыйлайт.
Баса кызымдын алгачкы ысымы Аяна эле, кур пендебизде ар нерсе эсиңе түшөт экен. Балким ушул ысымды көтөрө албай калдыбы деп да ойлоп кетем. Бир күнү эле айтып калды апа менин атымды өзгөртчү деп , мен ушул ат менен жүрүп ооруп калдым деп , анан баарыбыз кеңешип кызыбыздын ысымын Иффат деп өзгөрттүк.
- Азыр медициналык жактан жеңилдиктер барбы Иффатка эмне колдоносуз, мамлекеттик мекемелерге кайрылып көрдүңүзбү?
- Кызыма КАРБОМАЗИН, ДИАПАЗОН даарыларын колдоном. Дары менен эс алат. Капельница койдуралы десек, кызым тынымсыз кыймылда болгондуктан болбойт экен. Ал эми өткөн жылы экс-президентибиз Роза Отунбаевадан Россияда жасала турган бир операциясына жеңилдик берилген. Келээрки операциясы Кытайда же Россияда болот. Ошого каражат болсо эле, бир мүнөт убактымды текке кетирбей ден-соолугу үчүн кам көрүүгө эки көзүм төрт.
Элимен айланайын боорукер адамдарыбыз бар экен, колдорунан келген жардамдарын берип жатышат. Жок дегенде телефон чалышып жакшы сөздөрүн аяшпаган адамдарыбызда бар экенине кудайыма шүгүр.
Өз элиме кайрылат элем. Кайдыгер карабаган кыргыз журтуман жардам сурайм. Кагылайын кыргыз журтум, кызымдын азыр акыбалы өтө оор. Ошол себептүү операция кылуу үчүн каражат жетишпегендиктен жалпыңыздардан жардам күтөм. Меникиндей тагдырды эч кимге каалабас элем.

Биз сүйлөшүп жаткан учурда эшиктен Карлыгач Сейдалиева деген айым кирип келди. Ал эжени да Кепке тарттым
- Карлыгач эже кандайча келип калдыныз?
- Мындай нерсе менин да башыман өткөн. 2-3 жыл болуп калды мен дагы кызымдын өмүрү үчүн абдан чуркадым, бирок кудайыма керек экен алып кете берди. Кызымдын диогнозу билинбей койду баардык жерге алып бардык. Биз жолдошум экөөбүз кече күнү жаңылыктардан көрдүк Иффатты. Анан кеңешип жардам берели дедик. Аз болсо да ушул он миң сомду кудайдын соопчулугу үчүн. Иффаттын керегине жарап кетээр деген үмүт менен келип олтурам- деп, биздин мээримдүү энелерибиздин бири минтип өз сөзүн жыйынтыктады.
Ооба мекендеш ар адамдын башына бул жашоонун кандай гана сыноолору келет. Адамдар ошол кыйынчылыктан чыгууга аракетин жазап келишет. Биздин кызыбыз Иффатка кайдыгер карабаган кыргыз журтчулугу кызыбыздын оор акыбалына кош көңүл карабаган мекендештерибизди жардамыңыздарды берүүгө чакырабыз. Иффат өз элинин жардамына муктаж!!!
Төмөнкү даректер боюнча:
Счёт Иффат; 1030120202018902
БИК 103001 ОАО ГОПУ
Коммерциялык Банк "Кыргызстан"
ИНН 02712199110068
Шаршеева Замира Бейшембаевна
(0778) 38-10-26, (0543) 21-64-72
Мээрим
Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы






fabula
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!