Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шайдоот:
МЕЗГИЛ САБАКТАРЫ II
(Доор жаңылануу чегинде улуу рухтардын
кайып ааламындагы кыймылдары)
Мезгил сабагында адамзатына кайыптык катышта болгон сфералардагы улуу рухтардын, пирлердин доор жаңылануу чегиндеги ыйык миссиялары жана Саманчы Жолу галактикабыздын өзөк толтосунда жайгашкан нур спектрлеринин өзгөчө таасиринин негизинде адамдын генетикалык касиетинин эволюциялык жаңы деңгээлге көтөрүлүү кубулуштары тууралуу чечмеленип берилет.

(Башталашы өткөн сандарда)
Куюн ичиндеги ааламдар

ДНК жипчелеринде галактикалык өзөктү түзүп турган жети түс нурдун кубаты кайталанат. Улуулуктан жети түс нурдун кубаты турпатына камтылуу болуп жаралган адам баласы аалам сырларын ачууга генетикалык касиетиндеги үнөмдүк отторду ачкыч катары пайдаланат, мындай касиеттер ар бир адамда кайталангыс жалгыз даана болуп эсептелинет. Жакынкы келечекте галактикалык өзөктө жана ДНКда боло турган жаңылануу кубулушунан кийин адамдын генетикасындагы нурлардын касиети өзүнүн бир канча үнөмдүк (резервдик) жөндөмдүүлүктөрүн ишке киргизет. Бирок түпкүлүк терең сырларды камтыган негизги бөлүгү али купуя бойдон кала берип, кийинки эволюциялык өсүштөрдө ирети менен ачылып олтурат. Ушул күндөрү жер сферасына таасирин күчөткөн космостун энергетикалык активдешкен жука жыштыктагы илептерин жан дүйнөбүзгө улам кабылдоо менен генетикалык маанайда физикалык жана рухтук денелерибиздин синтезделүүсү жүрүп, анын негизинде ДНК формулабызда кармалып келе жаткан ата-тектерибиздин ыйык чеберчиликтери козголуп, сезимдерибиз өтө эле серпилгич касиетине көтөрүлөт. Келээр чекте адам балдары кайып сфералар кубулушуна улам жандашууга келип, аруу касиеттерибиз андан ары артып олтурмакчы. Ошентип кайып ааламдарынын үлгү башатын козголтпой кармап турган галактикалык өзөктүн уникалдуулугун кайталаган микромоделдин өзү ДНКбыз болгондугунан, сырдуу сфераларды кандайдыр бир деңгээлде тааный билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенбиз. Күнүмдүк жашообузда анча маани бербеген, бирок айрым учурларда биз кез келээр ушундай бир сырды карап көрсөк. Эки багыттагы шамалдын оролуусунда пайда болгон куюнда ар кыл дүйнөлөргө таандык стандарттык жыштыктагы бир нече энергиялардын күчү чогуу жатат. Куюнду туурасынан кесип караган элес менен алсак, анын тышкы, ортоңку жана борбордук кабаттарында энергиялар ар башкача жыштыктарда, мисалы тышкы кабаты солгун күчтөгү, ал эми өзөгү коюу жыштыкты кармайт. Ар кандай мүнөздөгү жыштыктарга ээ куюн катмарлары бизге кайыптык катышта болгон чектердин уңгу энергияларын пайда кылат. Кандайдыр бир шарттарда капысынан куюнга оролушкандын рухтук кубаты өңгө сфералардын жыштык күчүнөн таасирленип тутануу процессинен өтүп, ушунун негизинде болгон кубулуш башка стандарттагы чектер менен байланыштыруучу феномендүү мүмкүнчүлүккө адамды ээ кылат. Аруулукта болгон адам куюн ичинде пайда болгон энергиянын жыштыгын рух кубатына туура кабылдайт. Ал эми тескерисинче энергиялардын баш аламан топтолуусун чырмап алса, акыл-эстин күчү деформацияланат, психологиялык туруксуздукка чалдыгат. Карыя адамдардын куюн пайда болгондо аны жоюп жиберүүгө аракет кылуулары же дагы жаш балдарды куюндан алыс болуусун эскертүүлөрү көпчүлүгүбүздүн эле эсибизде болсо керек. Биздин улуу муундарыбыз не бир кайып сырларынын түпкүлүк маанисин билүү жана урматтоо менен ага аздек мамилесин сактап келишкен экен. Акыл эси менен рухтук сезимдери али кубатына толо элек жаш балдарды кокусунан кез келүүчү мындай кубулуштардан коргоп, адам өз дүйнөсүнүн гана стандарттык кубатында жашап келе жаткандыктан, мурда эч качан кезикпеген энергияга оролгондо кыска убакыттын аралыгында мындай заряддалуу кубулушунан ийгиликтүү чыгуусу күмөн иш экенин билип келишкен экен. Физикалык турпаты жана жан дүйнө кудурети, аруулугу туруштук берип куюндун ичиндеги энергиядан ийгиликтүү чыкса, андай учурларда рухтук жука сезимдердин ачылуусу болушу мүмкүн. Бирок куюнга түшкөндөрдүн чанда бирөөсү гана "олжолуу чыккан". Куюнга кабылган адам кайсы энергияны кармап турган кабатында айланууда болушуна карай анын рух кубаты чоочун энергиядан заряддалып, өңгө чектер менен байланышуучу порталды ачууга ыйык чеберчилиги ойгонот. Дербиштер же суфийлер денеси менен айланууда ички дүйнөлүк жука сезимдерин чайкап, аны өзгөчө вибрациялык күчкө кошуу аракетинде болушкан. Мындай медитацияларда физикалык дененин эмес, жука от дененин кубатын өңгө ааламдык күчтөрдүн күүсүнө салууга аракеттенишкен. Адамдын жука от денелери (чакралары) материалдык денеде тургандан кийин физикалык кыймылдын күчүн колдонуп, рухтук ыргактын күүсүн куюн кыймылы аркылуу толгошкон. Чыйралууга келген жука илептүү от денелеринин ааламдагы башка жыштыктардын кубатын кармоого жөндөмдүүлүгү ойгонуп, кайыптык байланыштарды ачуу менен ар кыл дүйнөлөрдүн биз үчүн ары табышмактуу, ары кызыктуу болгон терең сырларын рухтук көздөрү менен окууга мүмкүнчүлүк алышкан. Дербиштердин максаты өңгө ааламдарга жөн гана саякаттап келүү эмес, түпкүлүгү аруу ишке өздөрүн арноо болгондуктан, мындай уникалдуу байланышты таап алуулары менен ыйык кызматтарын таанууга келишкен жана эки, мүмкүн үч же андан арбын сфералардын кубаттарын кошуп кайыптык дүйнөлөргө таандык келген уникалдуу ачылыштарды жасашкан, ыйык иштерди жүргүзүшкөн. Сфералардын катуу мүнөздүү стандарттык күчү акыл эс цивилизацияларынын кадимки жашосу үчүн зарыл кызматтарды кылса, ал эми ошол эле сферада бар ыйык энергиялар аруу рухтарга гана кезигип купуя күтө билүүгө Улуулуктан арналган. Кол кармашып адамдардын айлануусу, дербиштердин (Мевлянанын мисалында) тегеренүүсү, куюндун чимирилиши - булардын баары аалам койнундагы бар нерселердин айлануу үлгүсүн кайталап, ылдамдык кубаттарына карай ар кыл ааламдарга таандык, мүнөздүү энергияларды пайда кылат. Саманчы Жолунун тулкусундагы эң кубаттуу нур болуп саналган галактикалык өзөктүк спектралдык аткаруу борборундагы - ГСАБ (орусча ГСИЦ -галактический спектральный исполнительный центр) Семетей оту тилкесиндеги кайыптык жыштыктар аркылуу дүйнөлөрдүн матрицалары (эне өзөгү, үлгү очогу) кармалып турушу, ал - галактикалык куюн өзөктүн айлануусу менен анын ичиндеги бардык болгондордун кубатын имерип тартып туруусу, энергиялардын ошол эле мезгилде кайрадан галактика койнуна б.а. асман телолорунан сырткы катмарын карай тебилүүсү менен тарап, жайылып олтуруусу аркылуу асман тоголоктору, акыл эс цивилизациялары, параллелдик дүйнөлөрдүн баарысынын тең бир гана галактикалык өзөктүн куюн мыйзамы аркылуу башкарылууда болоорун билдирет. Ал эми өз кезегинде ар бир галактика да "галактическая семейка" аталышындагы өзүнчө галактикалар аралык системадагы чакан топтомго кирип, алардын өзөгү болуп саналган алда канча чоңураак куюн күчүндө кармалып, анын айлануу ылдамдыгы менен орбиталдык кыймылдын мыйзамдуу башкаруусунда болуп турат. Куюн сырын уютуп турган Манас Күчү, Семетей оту аталышындагы өзөктүк нур болуп саналган өтө жогорку жыштыктагы коюуланышкан энергиялар бул кең ааламды чачыратпай кармап, козголгус Космос мыйзамына ээ Теңдиктин көзөмөлү эволюциялык жашообузду алдыга жылдырып, куюн кыймылынын кучагында тынбай айланып, учуп-сызып жашоо кечирип келет экенбиз.
(Уландысы бар)