Шыбыргак…

Байкабай "балп" этти, баралбай "талп" этти



Бийлик оппозицияны "ийри отуруп, түз кеңешүү" үчүн 18-апрелде саат бешке "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жолугушууга чакырды. Бирок оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахам Мадумаров, Ахматбек Келдибековдор барбай коюшту. Бийлик тараптан өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Адилет министри Алманбет Шыкмаматов, Каржы министри Акылбек Жапаров, Маданият министри Ибрагим Жунусовдор келишкен болчу. Мындан сырткары 50дөн ашык журналисттер барышкан.
Ошентип бийлик менен оппозициянын тегерек үстөл форматында өтчү жолугушуусу оңунан чыкпай калды. Мындай жагдайды бийлик буга чейинки оппозициянын өкмөттү отставкага кетирүү боюнча коюп келишкен талаптары ушак деңгээлинде болуп, конкреттүү негиз кылчу фактылары жоктугунан конструктивдүү диалогдон качкандыгы катары жоромолдосо, оппозиция болсо, жолугушуу телекөрсөтүү аркылуу түз эфирден өтпөгөндүгү менен байланыштырды.
Буга дейре "бийлик оппозициянын талаптарын укпай жатат" деген дооматтарды коюп, өкмөттүн отставкасын талап кылып келишкен оппозиция, бийлик менен жолугушууга даяр экендиктерин билдиришип, бирок түз эфирге шылтоолоп келбей коюшканы, алардын дарамет-деңгээли чектелүү экендигин, мамлекетти өнүктүрүү багытында стратегиялык программаларынын жоктугун айгинелеп, болгон максаттары эптеп эле бийликти алыш керек болуп жаткандыгын далилдесе, бийликтин (Бабановдун) "жазгы-талаачылык иштер жүрүп жатканда, түз эфирде оппозиция менен пиар же телешоу жүргүзө албайбыз" деп түз эфирден качышы, өздөрүнө анча ишене албагандыгын көрсөтүп койду. Анын үстүнө өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өткөндө жаңы конуштарды кыдырып жүрүп, отсавкасын талап кылып, адыраңдап аткан оппозицияны байкабай оозунан жаңылып УТРКга түз эфирге чакырып алган. Оппозициясы макул болуп баралы десе, түз эфирден эмес, үйдөн (резиденциядан) жолугалы деп чыкты. Мындан улам, эки тарап тең өздөрүнүн пикирлерин жүйөлүү деп эсептешүүдө.
Канткен менен түз эфир болобу, жабык эшик артындабы, оппозицияга өкмөт өзү сүйлөшүүнү сунуштап жаткандан кийин, Ош, Баткен, Жалал-Абадда митинг өткөзүшүп, элди козуткан ар түрдүү сөздөрдү таратышып, бир нече талап коюп жатышкан Мадумаров, Ташиев, Келдибековдор жолугушууга келишип, өздөрүнүн талаптарын конкреттүү фактылар менен негиздеп, бийликтин каталык-кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп, мамлекетти, элдин жашоо-турмушун жакшырта турган программалырын сунушташ керек эле. Эгер ага бийлик көнбөсө, ошондо гана "мына бийликтин жүзү, бул бийликти кетириш керек" деген талаптарды койгондо орундуу болмок. Дегенибиз, бийлик менен оппозициянын диалогун чагылдырууга барган элүүдөн ашык журналисттердин баардыгы, оппозиция ойлогондой, "жалаң оппозициянын сөздөрүн кескилеп салмак" деген такыр мүмкүн эмес. Демек, оппозициянын түз эфирди шылтоолоп, "ийри отуруп, түз кеңешүүгө" келбей коюшканы, көчө деңгээлинен, тар аймактык кызыкчылыктан көтөрүлө албаган, интеллектуалдык дарамети, ой-жүгүртүү логикасы чектелүү, куру кыйкырык популист экендиктерин айгинелегендей болду. Сыягы, өкмөт оппозициянын дал ушундай абалын туюп-билгендиктен, түз эфирден фактысы жок эле бет тырмарлык кыла беришпесин деп чочулашты көрүнөт.
Кыскасы, оппозиция менен бийликтин жолугуп сүйлөшүүгө карата жасаган аракетинен олуттуу майнап чыкпаганы менен, оппозицияга минус, бийлик үчүн плюс болду. Эми бийликке "сүйлөшөлү десек, оппозиция жолугушууга келбей койду" деп айтканга негиз болот. Ал эми эки тарап жолугушканда деле эч нерсе өзгөрбөй турганын эске алсак, оппозициянын жолугушкан, жолугушпаганынын мааниси деле жок. Анткени, алар жолугуп сүйлөшсө эле элдин турмушу оңолуп, же төмөндөп кетпейт. Эмне жыйырма жыл бою оппозиция менен бийлик жолугушуп, сүйлөшпөй жүрүштү беле? Акаевдин, Бакиевдин учурунда дагы жолугушуу, сүйлөшүү болгон. Бирок элдин турмушу өзгөрүп кеткен эмес. Мындан ары деле бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү боло берет. Себеби, оппозиция бийликке жетүүгө аракет кылып, өз кызыкчылыгын көздөп талап коёт, бийлик аларды өз ыктыярына көндүрүүнүн камын кылат. Эки тараптын тең бетине кармаганы - элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги болуп чыгат. Бул азыр эле чыга калган жок. Жыйырма жылдан бери ошондой…
Атмакчы, оппозиция бийлик менен жолугушуудан качпай бара берсе деле болмок экен. Анткени ал жерде Алманбет Шыкмаматов менен Зарылбек Рысалиевден башкасынын баары тең, Бакиевдин бийлигинин тушунда үлкөн кызматтарды кучактап отурган эски табакташтары болгондуктан, оңой эле тил табышмак…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу



fabula
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!