Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…

Баарын кылып жаткан соттордун


"ички ишеними" турбайбы!


Конституциянын, анын негизинде келип чыккан мыйзамдардын диктатурасы менен иштеп жатабызбы, же "ал болбосо, бул болот" принциби менен кыргызча "ж?н эле" кетип баратабызбы, билип болбой калды. Ошол тарапты ойлогондо мээ тескери тегеренет да турат…Кебибизди четинен "кемирели"…

Апрель окуясы боюнча сот жүрүп жатат. Эк-үч күн мурун күнөөлөнүп жаткан тараптын дагы бир "аппагы" сүйлөп, "биртоп куралды митингчилер тартып алган, ошолор биринчи болуп биз тарапка ок аткан…" дегенди айтып түз эле апрель баатырларын күнөөлөп жатпайбы. Тили менен тилеги ташка тийсин!
Ошол 7-апрель күнү митингчилер тараптан 86 адам окко учкан! Ал эми Бакиевин жаны менен коргогондордон канча адам өлдү? Ошол бийликтин айбанчылыгынан милийсанын эки курсанты өмүрүн кыйды. 86 кырчындай жаш өмүрдү кыйып, эми сотто олтуруп алып ошол тарапты күнөөлөп жатпайбы Бакиев бийлигинин дөбөттөрү! Бул кайсы мыйзамга туура келет?! Адамзаттын кайсы моралына туура келет?! Бул деген айбанчылык! Анан дагы кийинки бийликтин ашкере гуммандуулугу. Бийлик деген анча-мынча каталыраак болгондо, күнөөлөнүп жаткан тарап күнөсүн сезип, башын жерге салып кечирим сурап олтурмак, булар эмне кылып жиберет деп титиреп олтурмак! Азырчы? Азыр болсо, отурган стулун ала коюп жабыр тарткан тарапты уруп жатпайбы! Айбандык деген дал ушул жерде!
Эми Садыркуловду жана Слепченко менен Сулаймановду мыкаачылык менен, ооба, мыкаачылык менен өлтүргөндөрдүн үстүнөн сот процесси башталды. Ошол ишке катышы барлар да, өлүмдү колдору менен жасагандардар да анча тоотпой турат. Дале болсо, бул жагдайды алып келген азыркы бийликтин "ачыбаган камырдай" болуп турган кебетесинен ошентип жатат. Кылмышкерлердин жазасын накта бере албагандан кийин сот ишин баштагандан кетемби?!
Канчасы жазылып, канчасы жазылбаган мыйзам боюнча жашап келерин азыр тактай албай турам, бирок, мамлекеттеги бардык чоң-кичине бийлик бутактары, анын ичинде укук коргоо органдары синхрондуу иштөөсү зарыл го. А биздин укук коргоо органдары синхрондуу ишегенди кой, кээ учурда бири-бирине тымызын бут тосо иштеп жаткандай да сезилип кетет. Прокуратура, коопсуздук кызматы, милиция үчөө бир адамдын денесиндей аракет кылганда, коррупцияң да, кылмыштуулугуң да жердин жети катар түбүнө кирип кетмек. Азырынча андай абалга жетпей турабыз, жакынкы келечекте жетебизби же жокпу, "Марста жашоо барбы же жокпу?" деген суроо менен теңтайлашып турат…
Өткөн кылымдын 30-жылдарында Америкада Сицилиядан барган италиялыктардын "Коза нострасы" бүтүндөй мафиянын башында туруп, анын лидерлеринин бири Аль Капоне дегени килейген сигарасын оозунан түшүрбөй, ошол кездеги лимузиндерге минип ээн-эркин эле шапар тээп жүргөн экен. Анын жигиттери кимди да болбосун жайлап салышчу тура… Анын сыңары, биздин кенедей мамлекетте кылмышкерлер ээн-эркин эле басып жүргөндөй, соттосо, сотуңду шылдың кылып турушат, ошол сотторуңду жарылганча тойгузуп жатканы канча?!
Мына, накта кылмышкерлердин бири Акмат Бакиев биздин укук коргоочу органдарды шылдың кылды да "ме" деп туруп баса берди. Эми эр болсо аны кармап келишсин. Кармап келе албайт!
Аталган кылмышкердин качып кетүүсү боюнча ондогон божомол-жоромолдор айтылды, айтылып жатат. "Акмат Бакиев качып кетүү үчүн 5 млн доллар жумшаптыр" деген өтө коркунучтуу кеп да журт аралап кетти! Эми "…элек жок" болгондон кийин кептин аягы бүтпөс. Бирок, бир чындык чыркырап жатпайбы: Акмат Бакиевди бирөөлөр качырды да! Ким качырды деп күнү-түнү издеген болушат, анан убакыт деген нерсе бар баарын унутта калтырчу, мына ошол ишке жарап берет да ким качырганын иликтенбей да калат. Мындай окуялар биздин мамлекетте болчу типтүү көрүнүш болуп калды, трафарет окуялардан болуп калды!
3-мартта качкан Акмат Бакиевди "Манас" аэропортуна келип конгон "Гольфстрим" деген жеке менчик самолет олтургузуп учуп кетти деген да имиш тарады. Эгерде анысы чын болсо "Манас" аэропортунун жетекчилиги, ошол жердеги чек ара кызматы мыйзам алдында катуу жазасы менен жооп бериши керек! Чек ара кызматы демекчи, коопсуздук кызматтын Бакиев тушундагы жетекчиси, Бакиев үчүн бүтүндөй элине "абийирин колу менен койкоктоткон" жетекчиси Мурат Суталинов да асмандан түшкөндөй болду. Алматыда жүрөт деп биздин күч структуралары кайра-кайра бышыктап жатпады беле. Анан Суталинов чек арадан кантип өттү?! Жаныш Бакиев дегени кааласа Кыргызстанга келет, кааласа кайра кетет дейт, бул учурда чек ара кызматы кайда?! Түшкү тамакка кетсе, ордуна башкасы азга туруп бербейби дейм да…Чек ара кызматы тарапта казчу иштер арбын.
"Манас" аэропортунун делегацияларды тосуучу жайга чейин машина менен барууга президенттин, спикердин, вице-спикерлердин, премьер-министрдин, анын вицелеринин, Жогорку Соттун, Генпрокурордун, тышкы иштер министринин ж.б. жогорку кызматтагы 18 адамдын укугу бар экен. Ал эми жогоруда айтылган имиш чын балсо, анда аталган самолетко Акмат Бакиев кимдин машинасы менен келди экен, болбосо, кимдин жардамы менен келип учуп кетти экен?! Бакиевдерге акча кошулса жан койбочу күч болот. Бул коркунучтуу чындыкты унутпачу кызматтагылар аны таптакыр унутуп коюп жатышпайбы…
Аз күн мурун парламенттин коррупцияга каршы күрөш комитетинин чогулушунда депутат Туратбек Мадылбеков соттордун акесин таанытты го: эгерде соттор сатылбай, ашкере "боорукер" болбой мыйзамдын чеги менен соттогондо Акмат Бакиев дегениң максимум 103 жылга, эң аз болгондо 63 жылга соттолмок экен! Ага коюлган оор статьяларды алып салып жеңил-желписин калпып алып чечим чыгарышкан тура.
Акмат Бакиевди кесимиш болуп ырымдаган Ленин районунун судьясы айтып жатпайбы: "Мага Акмат Бакиевби, башкасыбы баары бир, (биринчи калпыдыр), мен аны кескенде "ички ишенимим" менен чечим чыгаргам (экинчи калпы)" деп. Эки калптын жанында "эңгезердей акча" турган жокпу?! Анан ушундай соттор адам тагдырын чечет ээ?! Кыргыз сотторунун өңү ушул судьянын өңүндөй эмеспи?!
Ушундай да болот экен, э?! Маселен, бир баш кесер соттолуп жатат. Ал кылмышкер бир үйдү тонойм деп үй ээси менен аялын өлтүргөн, мындай окуялар биздин кийинки турмушта көп эле бар. Ошентип, кылмышы тергөө тарабынан толугу менен мойнуна коюлган, өзү да мойнуна алган. Анан сот процессинде соттун "ички ишеними" тыбырчылай кетип тиги баш кесерге беш жыл берип койсо, болбосо, бир балакетин таап туруп шарттуу түрдө кесип таштаса, акыйкаттык деген кайда калат?! Сотто "ички ишенимге" эмес, мыйзамга таянуу деген бар го. Же соттордун мыйзамында "ички ишенимге" таянууга мыйзам жол берет деп жазылган жери барбы?!
Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева "түштөн кийин" болсо да кызматтык териштирүү жүргүзүүгө убадасын бергенсиди…андан не тыянак чыгат эле деп угуп тургандар ойлоп жибергендир…Эмне тыянак чыкса да Жогорку Сот судьялардын "ички ишеними" жөнүндөгү маселеге тыкыр саресеп салышы керек.
Күч структуралары кылмышкерлерди жакшы эле кармап келип, күнөөсүн далдилдеп сотко өткөзүп жатат. Анан эле ал жерден иштин баары тескери тегеренип жатпайбы. Күнөөсү башынан ашкандардын кээ бири бошонуп кетет, кай бири шарттуу кесилет, үчүнчүсүн ырымдап кескен болот. Бирок, алар акчасы барлар. Ал эми карапайым жарандарды сот акең мыйзамдын чеги менен кесет, канча күнөө кылганын шашпай эсептеп-чоттоп туруп анан кесет… экэ-эн дейинчи, мага деле анча-мынча жан керек…
Акмат Бакиевдин качышын депутаттар, криминалдар асылып алып түшүрө албай жаткан генерал Байзаковдун кызматтан кетишин шарттап берди. Бул иште анын күнөөсү барбы-жокпу билбейбиз, азырынча тактала элек, бирок, Байзаков жазаларды өтөтүү мекемелерин "ирик-чириктен" тазалап дурус иш жасап жаткан.
Канткен күндө да уюшкан кылмыш дүйнөсү Байзаковду кызматынан алып түшөбүз дегени Акмат Бакиевдин шылтоосу менен ишке ашты окшойт. Алар жеңишке жеттик деп тургандыр. Бул жаман. Баса, Байзаковдун ордуна болгон генерал Алик Мамыралиев пара албаган, таза иштеген адам катары айтылганын уктум. Болсун дейли!
Ошентип, кылмышкерлер менен, бул маанини ушул тапта "бакиевчилер" деп түшүнсөк айырмасы аз болор, кармаш жолунда ит жыгылыш болгонсуп турат.
Күч структураларынын жетекчилери: Аида Салянова, Шамил Атаханов, Зарылбек Рысалиевдер уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы бар күчүн аябай күрөш жүргүзүп жатканы дааналанып эле турат. Бирок, өз мекемелеринде иштегендерди "тактеке" кыла албай жатат, антүүгө чарк-чамасы да жетпейт. Дал ошондуктан аталган структураларда эмгектенгендердин кээ бири милдетин мыйзам чегинде аткарбай, "акча" деген азезилди көрө сала "көкмээ койдой" тегеренип кеткен учурлары болуп жатат. Аталган жетекчилер кол астындагыларды кенедей да көз жаздымда калтырбоого аракет кылышы керек экендиги тапталган бүтүм, антсе да, бөтөнчө, кыргызда, кайра-кайра кулака куюп, какшап турчу бүтүм…
Баратбай Аракеев