Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жетимге көк жөтөлдүн эмне кереги бар?

Неоколониализмдин классикалык түрү



Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы жакынкы учурларда Кыргызстандын отун-энергетикалык кризистен башы чыгып кетери арсар болуп калды. Жергиликтүү маалымат агенттиктерде элдин үшүн алып кооптондура турган кабар тарады. Коңшу Казакстандан "КазТрансГаз" АК нан дүмөктүү билдирүү келгени айтылат. Эгер "Кыргызгаз" АКсы моюнунда илинип турган 7,5 млн. доллардык карызын тезинен төлөп бербей турган болсо, 1-майдан баштап Кыргызстанга келип жаткан газ түтүгүнүн чоргосун жабабыз да коёбуз деген эскертүү жиберишиптир. Эскертүүнү "Кыргызгаздын" мыкчыгери Тургунбек Кулмурзаев өз оозу менен атайы чакырылган пресс-конференция жарыялап жатканына караганда казактардын айткандары оюнчук эмес. Олуттуу эскертүү. Энергетикалык эксперттердин айтымдарында эки ишкананын карым-катыштары коммерциялык негизде тургузулган, ошондуктан газдын оозу жабылып биздин "көгүлтүр отундан" кур жалак калышыбыз толук мүмкүн.

Кызыгы "Кыргызгазга" карызын төлөбөй качып жүргөндөр эл ичиндеги кадыресе кардарлар эмес, ири өндүрүш ишканалары экен. Мисалы, "Кыргызжилкоммунсоюз" ГП сынын карызы 160 миллион сомго, "Бишкектеплоэнерго КП" - 200 млн сом, "Токмок жылуулук" КПсыныкы 20 млн. сомго туура келет. Мындан сырткары Бишкек шаарынын мэриясынын төлөмдөрү боюнча проблемалар бар экени белгиленет пресс-конференцияда. Элдин карызы салыштырмалуу анча көп эмес дейт Т. Кулмурзаев. Элдин насыясы 90 миллион сомду түзөт экен.
1-майдан баштап Кыргызстанга газ келбей турган болсо шордуу элге кыйын болору шексиз. Ай караган текенин кейпин кийери туурулуу иш. Өкмөт К.Бакиевдей болуп "эмне кылайын, тезек тергиле, эмесе" деп чыйт түкүрүп туруп этегин чаңын күүп четке чыга береби? Ошону менен кыйналган элге артын салып тоотпой коёр бекен? Анысы азырынча белгисиз. Газдын чукактыгын толтуруу үчүн эл бар күчүн электроприборлого салары айкын. Ал эми мындай чакта ыргалып араң турган энергетика системасы чыдай алары кыйын. Жогорку чыңалууларга туруштук бере албай ишпалтайы чыгып эскирип калган трансформаторлор иштен чыгат эмеспи. Баягы өнөкөт оору болуп калган веерлик өчүрүүлөр дегениң кайрадан башталат. Ошентип кайрадан баштап эле терең отун-энергетикалык кризис баштан кечирүүгө аргасыз болорубуз алаканга салгандай белгилүү. Мындай оор кризистен азыркы кезде кайрадан келип ордуна минген энергетика министри А.Шадиев миң Шадиев болсо да кризистен чыгып кетүүгө жардамы болбостугун чөнтөгүндөй эле көрө берсең болот. Натыйжада араң турган элдин ичинде нааразычылык пайда болору талаш туудурбайт.
"КазТрансГаз" жиберген эскертүүсүнө оро-пара жергиликтүү информагенстволор көңүлдүн сыртынан калтырган дагы бир олуттуу маалымат пайда болду. "Россиянын энергетика жана өнөр жайы" маалымат агентчилиги "Кыргызгазды" реконструкциялоо максаты менен "Газпром" тарабынан алдыдагы 5 жыл аралыгында 500 млн. доллар көлөмүндөгү каражат бөлүнөөрү айтылат. Албетте, "Газпром" өлкөнүн газ системасынын эскирип кеткен жабдууларын жаңыртуу үчүн 500млн.доллорды бекер эле "ме" деп кармата коюп жатпаганы түшүнүктүү дечи, Инвестициялоонун акысы үчүн "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын талап кылып жатат. Маселе ушу 2012-жылдын сентябрь айында биротоло чечилиши мүмкүн. Ошентип активи 20 млн. долларга барабар "Кыргызгаздын" көзөмөл пакети "Газпромдун" карамагына өтүшү керек.
Сыртынан бир караганда казак тараптын эскертүүсү менен "Газпромдун" "Кыргызгаздын" баалуу кагазынын 75 пайызын өткөрүп берүү талабынын ортосунда эч байланыш жоктой сезилет. Асыресе, баам салып көргөндө "КазТрансГаздын" капысынан маселени кабыргасын койгон опузасы бекеринен болбогонуна көз жетээр эле. Казактар "Газпром" ОАОсунун башкармасынын төрагасы Алексей Миллердин кебин кептеп, сөзүн сүйлөп, шыкактоосу менен кескин дооматтарды коюп жатканы байкалбай койбойт. Болбосо өзүңүздөр калыс болуңуздар -эмне үчүн "КазТрансГаз" карызын өткөн 2011-жылдын этегинде, же кур эле баш жагында доолап газдын чоргосун өчүрөбүз деп кескин талап кылган жок? Жыл кап ортолоп калганда маселени көбүртүп көтөрүп чыгышты? Карыз өткөн жылдын аягында эле $7 миллионго чаап чыгып кеткен болчу. Анан да "Коммерсанть" гезитинде берген интервьюсунда премьер-министр Ө.Бабанов "Кыргызгаз" менен "Кыргызнефтини" "Газпромго" сатуу маселесине токтолуп "Мы договорились о том, что "Газпром" найдет компанию, которая должна провести оценку и аудит "Кыргызгаза" и "Кыргызнефти". В июне-июле вопрос должен быть решен окончательно. По этим объектам у нас разногласий нет" -деп билдирген болчу. Бирок ага карабай "Газпром" "Кыргызгазды" сатып алуу үчүн өз алдынча активдүү иш аракетин баштап жиберип жатпайбы? Сыягы, канткен күндө да, "Газпром" менен "Кыргызгаз" өкмөттү сыртынан бычып туруп өз ара жең ичинен макулдашып алган түрү бар. Т.Кулмурзаевдин Москвага ат тезегин кургатпай чапкылап калганында мандем бар болчу. Тилекке каршы, "Кыргызгазды" ээлеп алуу аракеттери көрүп тургандай кыргыз тарапка кысым жасоо, мажбурлоо ыкмасы менен жүргүзүлүп жатканы көрүнөт. Мындан соң Россиялык "Газпромду" геосаясый "жумшак куралдуу күч" деп бекеринин айтылбаганына ишенбей койбойсуң.
Кийинки кездери Россия Кыргызстандын стратегиялык объектилерин өз көзөмөлүнө алуу үчүн азылуу кампания баштаганы белгилүү. Атап айтсак Кыргызстандын $180 млн. карызы үчүн "Дастан" торпедо заводунун мурда макулдашылган 48 пайыз акциясынын ордуна 75 пайызын Россиянын карамагына өткөрүп берүү боюнча жаңы шарт коюшу, "Интер РАО" тарабынан курула турган "Камбар Ата-1" ГЭСинин жана Нарын дарыясынын баш агымына жайгашмакчы болуп жаткан төрт ГЭСтин 75 пайыз акцияларын берүү талаптары менен чыгышы айтканыбызга ачык далил. Арийне, Кыргызстан "Дастан" боюнча, ошондой эле $2 млрд. инвестиция салуу болжолдонуп жаткан "Камбар Ата-1" ГЭСнин курулушу эки тарап теңме тең 50 пайыз акциядан бөлүп алуу жөнүндө 2008-жылы түзүлгөн келишимдин аткарылышын талап кылып Россиянын жаңы шартына макул болбой турат. Ал эми, кыргыз өкмөтү Нарындын баш агымына курула турган төрт ГЭСтин тагдырынын азырынча башы ачыла элек деп эсептейт. Кыргызстан тиешелүү документтерди даярдап сүйлөшүүлөрдү мындан ары улатууну талап кылууда.
Россиянын стратегиялык объектилер менен ири инфраструктуралык долбоорлорго суугун артып жатышын эксперттер ар кандай ыңтайдан алып түшүндүрүп жатышат. Бири Россиянын келечекте курула турган ГЭСтердин акцияларынын аз кеми жок түз эле 75 пайызын доолап жатышын кийин алда кандай болуп кетет деп кооптонуп тиешелүү кепилдик алууну көздөп жатканын алдыга тартышат. Кай бир эксперттер, атап айтканда белгилүү политолог, глобализация жана социалдык кыймыл Институтунун директору Борис Кагарлицкий Россиянын Кыргызстандагы стратегиялык мааниси чоң гидроэнергетикалык аппетитин неоколониализмдин классикалык көрүнүшү деп кескин баа берип чыкты. Кыргызстандын азыркы карманып турган позиция урматтоого татый алат дейт Кагарлицкий. Көп эксперттер Россиянын убадага турбай мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп гидроэнергетикалык долбоорлордун баалуу кагаздарынын 75 пайыз талап кылышы менен Кыргызстанды башка инвесторлорду издөөгө мажбурлап жатат дешет. Неси болсо Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөшү болгон Россиянын ортосунда отун-энергетикалык комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдө түйүнү оңой менен чечилип кете турбагандай келишпестиктер, атүгүл чыңалуулар пайда болгону кажетсиз. Сыягы Кыргызстандын отун-энергетикалык системасынын тагдыры Россия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө эмес жең ичинен макулдашып алган Т. Кулмурзаев сыяктанган "газоэнерго барондордун" аракеттерине жараша чечилчүдөй.
Үсөн Касыбеков