Тараза...
Нарынбек Молдобаев,
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Нарынбек ага, өкмөттүн иштегенине жүз күндөн ашты. Бул аралыкта өкмөт алдына койгон жүз күндүк программасын жүзөгө ашыра алдыбы?
- Азыркы өкмөт иштеген жүз күндүн ичинде экономикалык көрсөткүчтөр абдан төмөн түшүп кетти. Эмнеге мындай болду деп сурасак, Кумтөрдө алтын казуу төмөндөп кеткендиги менен байланыштырышты. Мындай болбойт да. Эмне үчүн биз Кыргызстандын экономикасын жалгыз Кумтөрдүн ишине карата баалашыбыз керек? Жалпы экономикалык абалды карап, ошого жараша аракеттерди көрүш зарыл. Бизде андай болбой жатпайбы. Өкмөт үч айдын ичинде эч кандай иш деле аткарган жок.
- Демек, оппозициянын өкмөттү кетсин деп коюп жаткан талаптары туура десек болобу?
- Мен калыс сүйлөчү куракка келдим. Азыр өкмөттү кетсин деген туура болбойт. Бизге саясий туруктуулук керек. Мен парламенттеги оппозициялык партиянын мүчөсүмүн. Бирок эгерим оппозициялык көз карашта болгон эмесмин. Мен ар дайым бала кезимден тартып бийликти колдоп келгем. Себеби мен ишкер адаммын. Чынын айтыш керек ишкерлердин баары, бийлик тарапта болот.
Эми оппозиционерлердин баарысы тең эле, митинг менен маселе чечебиз деп келишкен. Ошол эле Атамбаев, Текебаев, Бабановдор ар бир эки күн сайын митинг өткөзүп, бийликти алабыз деп жүрүшүп, акыры алышты. Бүгүнкү күндө бийлик "Ата-Журт" партиясын өздөрү оппозицияга айлантып алышты.
- Эми Акаев менен Бакиевдин учурундагы шарт башка болчу да. Оппозициянын Ак үйдө орду жок болчу. Аргасыздан көчөдө кыйкырышканга туура келчү. Ошол оппозиция көчөдө кыйкырышпасын, айтчу сөздөрүн парламентте айтышсын деп Конституцияга оппозициянын ордун мыйзам менен белгилеп, эки негизги комитетти беришти го...
- Туура, оппозицияны көчөдө кыйкырышпай, айтчу сөздөрүн парламентте деле айтышса болот. Ага шарт бар. Эми оппозиция десе эле, биздин чиновниктер көчөдө митинг өткөзүш керек деп көнүп калышкан. Азыркы оппозиция деле бийлик үчүн жанталашып жатышат. Андыктан, мен деле оппозициянын азыркы жасап жатышкан иштерин колдогум келбейт. Анткени мамлекетибиздин чайпалып, чачылып кетиши оор эмес. Ошондуктан, оппозициянын Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда митингдерди уюштуруп жаткандарын жактыра бербейм. Бийлик жок дегенде үч-беш жыл иштесин. Анан алардын аткарган ишине жараша баа берүү абзел. Негизи эле бийликке жетмейинче "кетсин" деген оппозициянын табияты экен. Азыркы өкмөттү "кетсин" деп жаткандарга деле бийлик берип коюшса унчукпай калышат. "Ата-Журт" фракциясын деле кеңейтилген коалицияга кошуп коюшканда, азыркыдай маселе болмок эмес.
- Анда Конституциянын маңызы бузулбайбы. Себеби, Конституцияда мыйзам менен оппозициянын орду көрсөтүлгөн да...
- Мына өткөндө "Ар-Намыс" менен "Ата Мекен" фракцияларын оппозицияга калтырып коюшту эле эмне кылышты? Унчукпай эле отурушту го. Көчөгө чыгып митинг жасашкан жок. Ушундай кылып жасалма жасап коюшса болот эле да.
- "Ар-Намыс", "Ата Мекен" оппозицияда калганда, алар көчөдө митинг кылышпай, Конституциядагы укуктарын колдонушуп, айтчу сөздөрүн парламентте айтып жатышты да туурабы?
- Кийинки коалицияда куралганда "Ата-Журт" фракциясын оппозицияда калтырып коюшту эле, азыр эмне болуп жатат? Парламентте дагы, көчөдө дагы кыйкырып жатышат. Албетте, бир нерсени белгилеп коюш керек, бизде максаттарына жетиш үчүн аймактык кызыкчылыкка басым койгон көрүнүштөр бар.
Мен таптакыр бөлүнгөнгө каршымын. Азыр эл бөлүнүп жатат деген сөздөр айтылып жатпайбы. Эл өзү бөлүнүп жаткан жок. Саясатчылар бөлүп жатышат. Жалпы элден колдоо таппай калышканда, айласы жок өздөрүнүн аймактарына барып элди митингге чыгарышууда. Бирок ал жактан деле жакшы колдоо ала алышкан жок.
- Коомчулукта депутаттардын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпаган, парламент тарасын деген көз карашты кармангандар арбыды. Мунун себеби эмнеде деп билесиз?
- Менин жеке оюмда болуп өткөн революциялар элдин аң-сезимине түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Жакпаган нерсе болсо эле кетирип, жок кылуу керек деген түшүнүк калыптанып баратат. Экинчиден, парламенттик шайлоодогу өтпөй калган партиялардын дагы кызыкчылыктары бар. Анткени баары эле бийликке келсек дешет. Парламенттик шайлоодо өтпөй калган партияларга 540 миң киши добуш беришкен. Демек, парламенттин тарашына кызыкдар болгон жарандар дагы бар десек болот. Бирок бир нерсени түшүнүшүбүз керек да, азыр парламент тарай турган болсо, азыр депутат болуп отургандар, болбосо Мадумаровдор кайра эле келишет. Картаны канча чалып аралаштырган менен валет, дама, кароль чыккан сыяктуу, баягы эле жүздөр депутат болуп келишет. Анан алар бөлөкчө иштешмек беле, абал азыркыдай эле болот. Бул жерде негизгиси элине жараша жетекчиси дегендей, коомдун деңгээлине жараша бийлик болуп жатат да.
Чынын айтыш керек, эгер ар бир бир-эки жылда парламент кетсин десек, ар бир үч айда өкмөт кетсин десек, ар бир 5 жылда президент кетсин десек, Кыргызстан миң жылда да оңолбойт. Жөнөкөй эле мисал, бир эле үй-бүлөдө ар үч ай сайын атасы, анан апасы, анан баласы, кызы бийлик талашып, менин сөзүмдү угушуңар керек болушуп тытыша берсе, ырыскы токтойбу? Албетте, жок. Мамлекет деле үй-бүлө сыяктуу. Ошол себептен, ким бийликке келсе дагы иштегенге убакыт бериш керек. Анан ишинин натыйжасына жараша баа берилиши кажет.
- Парламент өз ишмердүүлүгүн татыктуу аткарып жатабы?
- Татыктуу аткарып эле жатат. Башында депутаттар майда нерсеге чейин киришип, ар кандай окуяга баа беришип, саясатташтырып жатышкан. Маселен, Ош базарындагы окуяга чейин кийлигишип кеткен учурлар болду. Мыйзам чыгаруу милдетинен четтеп, башка иштерге аралашкан көрүнүштөр көп кайталанды. Эми ушул нерселерден аздап арыла баштадык.
Биз биринчи жолу парламенттик башкаруу системасын башыбыздан өткөрүп жаткандыктан изденүү жүрүп жатат. Ошону менен катар кемчиликтер, каталыктар да орун алууда. Ошондуктан мен дароо эле оңолуп кетебиз деп айта албайм. Анткени мурунку көз караштардан дале арыла элекпиз. Экинчиден, бөлүнүп-жарылуу, көралбастык сыяктуу көрүнүштөр дагы терс таасирин тийгизүүдө.
- Парламент комиссия түзүү менен гана алектенип калганы коомчулуктун көңүлүн кайт кылып жаткандай. Сиз буга кошуласызбы?
- Ооба, парламент ар кайсы нерсеге аралашып, комиссия түзүүнү адатка айлантып алганын тана албайбыз. Бул нерсени жоюш керек. Эми парламент өз ишин аткарууда жакшы эле аракеттерди көрүүдө. Бардык нерсе шыр эле оң жолго түшүп кетпейт экен. Менин баамымда комиссия түзүп, иликтей коёлу деген нерсе акырындык менен азайып жатат.
- Парламенттин кемчилдиги катары көпчүлүк депутаттардын пленардык жыйынга катышпагандыгы, 30-40 депутат эле мыйзам долбоорлорун кабыл ала беришээри дагы элдин нааразычылыгын жаратып келет...
- Туура, азыр ушундай көрүнүш дагы бар. Биз азыр элдин сынында гана эмес, түздөн-түз көз алдында текшерүүсүндө да болуп жатабыз. Эл саясатташып калышкан. Депутаттардын кимиси жыйынга келет, кимиси келбейт, эртеден кечке телевизордон тиктеп отургандар бар. Турмуш шарттын оңолбой жатышын, депутаттардын ишке чыкпай жатканына байланыштырышкандар бар. Эми депутаттардын жыйынга катыша алышпай калышкандарынын дагы бир нече себептери болот. Командировкага кетишет, шайлоочулар менен жолугушууга чыгышат, митинг-пикетке чыккандардын талабын угууга барышат, партиянын тапшырмалары болот, тегерек столдор өтөт, ооруп калат, ушунун баары дайым эле бир учурга шайкеш келе бербейт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу
Нарынбек Молдобаев,
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Ош базарындагы окуяга чейин кийлигишип кеткен учурлар болду"