Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери п»ї

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 2
п»ї
Медалдын экинчи жагы
Ал деле
эл дегендерден...
Редакциябызга Н.Сулайманов деле элге кызмат кылам деген жигит экенин айтып, телефон каккандар пайда болду. Алардын бири Сулайманов элге-журтка эмне кылганы туурасында маалымат жөнөтүптүр. Транспорт жана жол тармагын жакшы билген неме көрүнөт. Айткан-дегендеринин угуту бар экен, ошон үчүн жарыялап коюуну ылайык көрдүк. Айтса-айтпаса төгүнбү дедик да окурмандардын сынына коёлу дедик.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулайманов 2005-жылдан кечээги эле апрель революциясына чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри болуп отурган. Чынын айтканда Бакиевдин командасында иштеп калганы анын андан кийинки саясий беделине доо кетирип турган чагы. Министр кезинде анткен-минткен деген ар кандай терс маалыматтар гезит беттерине маал-маалы менен чыгып калууда. Анын министр кезиндеги жакшы жактарын айтайын деген эч ким жок. Эмнеге? Саясий жагдайы туура келбей жатабы? Кыскасы мындай суроо жаралбай койбойт. Бирок, калыстык үчүн ал министр болуп турганда эмне иштер жасалганын да айтып коюш керек да.
2005-жылкы Кыргызстандагы жолдун ахвалы кандай эле? Сырткаркы жолдор эмес Бишкек шаарынын жолдорунда машина жүрө албай калганын эл жакшы эле билет болуш керек. Эл аралык, республикалык маанидеги жолдордун ишпалдасы чыгып кетпеди беле. Жолчулар эмгек акы албай ДЭУлардын эшигин кайтарып калышканын башкалар билбесе да өздөрү унутуша элек. Бишкек-Ош жолу курулбады беле дешиңер мүмкүн, ага да Сулаймановдун түздөн-түз жетекчилик кылганын эмнеге айтпайбыз. 2004-жылдын жыйынтыгы менен 200 км жолго асфальт төшөлгөн, 2009-жылдын жыйынтыгы менен 240 км жолго асфальт төшөлдү. Союз мезгилинде эң мыкты болгон жылдары араң 100 км асфальт салынчу экен. Салыштырмалуу өсүш канча эсе болот?
Эл аралык транспорттук коридорлорду ачалы, жолдорду калыбына келтирели деген демилге Н.Сулаймановдон чыккан. Н.Сулайманов министр болгон 5 жылдын ичинде 2242 км түзгөн Эл аралык коридор аталган жолдордун 800 чакырымы толук реаблитациядан өткөн. Дагы 600 км 2010-жылы бүткөрүү белгиленген. Эл аралык коридорлордун калганынын долбоорлору менен финансылоосу толук чечилген. Жол тармагында аткарылган, аткарылып жаткан жана курулушу башталган долбоорлордун бардыгы Н.Сулаймановдун тушунда даяр болгон. Эл аралык, республикалык деңгээлдеги маселелеринин бардыгы макулдашылган. Сулайманов жаман иштеген болсо, ал кызматтан кеткени 3 жыл болду, анда эмне андан бери Сулаймановдукунан башка бир дагы долбоор ишке киришкен жок.
Жол тармагына жаңы жол-курулуш техникалырын гранттык негизде да, бюджеттин эсебинен да алып келип, жол тейлөө ишканаларын сактап калганын бардыгы эле айтып жүрүшөт. Ошол жылдары 200дөн ашык ар кандай техникалар, асфальт заводдору алынып келинген. Жол транспорт тармагына мурда болуп көрбөгөндөй инвестиция тартылган. Тартылган инвестициянын көлөмү 1 млрд. доллардан ашкан. Дал мына ушул жылдары Кыргызстан транспорт, байланыш, жол тармагы боюнча Эл аралык уюмдар менен кеңири кызматташып, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация тармагы алыс-жакындагы өлкөлөргө таанылган. Байланыш тармагындагы азыркы жетишкендиктердин бардыгы ошол учурда түптөлгөнүн адистер жакшы билишет. Байланыш тармагынын бюджетке кошкон салымы айтарлык экенин салыкчылардан сураса айтып беришет.
Ооба мунун бардыгын айта койгонго оңой, бирок аткара келгенде канчалык түйшүктү жаратканын таразалап көргөн киши Н.Сулаймановдун Транспорт жана коммуникация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор болгонун айттырбай түшүнөт.
Туратбек Усубалиев,
Бишкек шары




Боромбай Менмурат уулу кыргыздын кыраан уулу,
чыгаан саясий ишмери
Тарыхтан бир үзүм...
XIX кылымдагы саясий ишмер, бугу уруусунун манабы Боромбай Меңмурат уулу кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда көрүнүктүү роль ойногон. Боромбай бий өз элин ички уруулук согуштардан жана тышкы коркунучтардан сактап калууну көздөгөн. XIX кылымдын 50-жылдарында бугу уруусу менен сарыбагыш уруусунун ортосундагы чыр-чатактын күчөп кетиши, Кокон хандыгынын ачык кысымы Боромбай бийдин чечкиндүү кадамдарга барышын тездеткен. Боромбай бий Россиянын курамына кирүү менен элинин коопсуздугун сактоо максатын көздөп, бул тууралуу эл менен кеңешип, Россияга элчилик жөнөткөн. 1855-жылы 17-январда, Боромбайдын элчиси Качыбек Шералин бугу уруусунун он эки бийинин мөөрү басылган атайын грамота менен барып, Омскиде куран кармап, ант берген.
Боромбай бий башында турган бугу уруусунун Россиянын букаралыгын кабыл алышы, ошол доордогу татаал тарыхый кырдаал менен шартталган, аргасыздан кабыл алынган чечим болгон.

Инсандын аты көчөгө берилди
Жакында Боромбай Меңмурат уулунун аты Каракол шаарынын Октябрь көчөсүнө ыйгарылды. Кыргыздын келечеги үчүн эмгек кылган тарыхый инсан Боромбай бийдей улуу инсандарыбыздын аттары көчөгө эми араң берилип жатканы абдан өкүнүчтүү. Бирок аты көчөгө бериле электери канча дейсиз... Алардын аттарына караганда Покровка, Петровка, Новопавловка деген сыяктуу орус аттары биздин өкмөт башындагыларга көбүрөөк жакса керек. Ансыз да СССР мезгилде Боромбай бий сыяктуу инсандарыбыздын ысымын атоодон чочулап, мындай инсандарыбыз тарых бүктөмүндө калып келгени ачуу чындык эмеспи. Бирок, эгемендик алгандан кийин жарык көргөн окуу китептерде улуу инсандарыбыздын ишмердүүлүгү, ысмы орун ала баштады. Эми кезек, ата-бабабыз тааныбаган орус аттарын алып жүргөн көчөлөрдүн, жерлердин аттарын улуу инсандарыбыздын аттарына же мурдагы эски аттарына алмаштырууга кезек келди көрүнөт. Бирок, жогору жактагы чиновниктерибиз дагы эле уктап жаткан сыяктуу. Боромбай бийдин атын деле Боромбай бийди изилдөөчү Жангороз Каниметов Каракол шаардык Кеңешине кайрылып жатып, макул кылгандыгы ырас. Эмнеси болсо дагы мындай иш-чара, бүгүнкү элдин өзүнүн тарыхына, ата-бабаларына баа берүү багытында жасаган баа жеткис эмгек.

Боромбай бийдин бейити табылды
Ушул иш-чаранын уландысы, Боромбай бийдин коюлган жери Жети-Өгүздөгү Кичи Кызыл-Суу капчыгайында уланды.
Буга чейин Боромбай бийдин жаткан жери Жууку өрөөнүндө деп келишкен. Мурда жоокерчилик заманда баатырлардын, белгилүү адамдардын сөөктөрү жашырылып коюлган. Боромбай бий өлгөндө да, эл көзүнө Жууку өрөөнүнө коюлуп, түн ичинде эң жакын адамдары анын сөөгүн башка жерге которушкан.
86 жаштагы Ысмайыл аксакалдын атасынынан укканы боюнча, Боромбайды кызыл жардын боорунда үңкүргө коюшкан. Балбай баатыр, Сарт аке, Тилекмат төрт нөөкөр менен келип коюшуп, нөөкөрлөрдү ууландырып өлтүрүп, Боромбай бийдин коюлган жерин сыр бойдон калтырышкан. Ал эми Назгүл деген кыз Боромбай бий жаткан жерди аян аркылуу көргөн. Ал 2009-жылдын май айынан бери Боромбай бий жана анын жигиттери менен аян аркылуу сүйлөшүп келген. Эң алгач аян боюнча Боромбай бийдин жигиттеринин жаткан жайларын тапкан. Акырында Боромбай бийдин өзүнүн жаткан жерин аян аркылуу Кичи Кызыл-Суудан көргөн.
Кийин Ысмайыл аксакал менен Назгүл жолугуп, Боромбай бий жаткан жер деп, Жети-Өгүздөгү Кичи Кызыл-Суу капчыгайына келишкен. Эң эле кызыгы экөө тең бир жерди көргөзүшкөн.
Ушуга байланыштуу Кичи Кызыл-Суу капчыгайында Боромбай бийге арналып эстелик ачылды. Ак боз бээ союлуп Боромбай Меңмурат уулуна куран окутулду.
Бул иш-чаранын башынан аягына чейин катышкан Кененсариев Т., ӨмүрбековТ., Чоротегин Т., Алымкулов Н. сыяктуу тарыхчылардын жоон тобу, Боромбай бийдин жаткан жерин дагы да болсо тарыхый фактылардын негизинде тактоо керек экенин айтышты.
Кандай болгон күндө да, улуу инсандарыбызга арнап жасаган иш-чаралар, кыргыз элинин бай тарыхы бар эл экенин даңазалайт.

Өмүрбек
Алымкожоев,
КУУнун аспиранты






Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/12/0720_10.htm on line 50




а ­е¦Є.НҐй«