Ауу Атаханов!!!
Күзөт кызматынан акча күрөгөндөр...
"Вечерний Бишкек" гезитинин сайтында миллиондон ашык акча кымырган кызыл шапкечендердин кылыгы тууралуу кызык материал жарыяланыптыр. Андагы маалыматтарга үңүлсөк, 2010-жылдын 5-майында "Граунд" деп аталган ишкана Свердлов райондук күзөт бөлүмүнө кайрылып, ишкананын объектилерине милицияларды коюп берүүнү өтүнгөн экен. Аталган райондун күзөт бөлүмүнүн башчысы Максат Момунов өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегенчелик кылып, ИИМдин күзөт кызматынан каттоодон өткөрбөстөн, штаб башчысы Буканбаевге "Граунд" ишканасы менен келишим түзүүгө тапшырма берип, шымаланып ишти баштап салган экен. Келишим боюнча "Граунддун" объектилерине милиция күзөтчүлөрү тургузулуп, ишкана тиги экөөнө ай сайын 151 760 сом төлөп турган. Тиги экөөнө дегенибиздин себеби, бул келишим ИИМдин да, райондук да күзөт бөлүмүнүн кириштеме журналынан каттоодон өткөн эмес экен. Бул болсо мыйзамды одоно түрдө тебелеп-тепсегендикке жатат эмеспи. Ошентип 2010-жылдын 1-июнунан тартып бир жылга жакын убакыт ичинде Момунов жана Буканбаев баш болгондор "Граунд" төлөп берген 3 562 745 сомду айдап отко салышкан. Кийин бул былык иштердин бети ачылганда штаб башчы Буканбаев баарын ачыктап, өз көрсөтмөлөрүндө Момуновдун буйругу менен жогорудай иштерди жасагандыгын, счет-фактура, квитанция өңдүү бухгалтердик документтерди өзү жасап, начальниги Момунов өзү мөөр басып берип жүргөндүгүн тергөөчүлөргө кобурап берген. Бул иште Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн бухгалтери Г. Сыдыкакунованын дагы аралашканы айтылат. Анткени бул иш боюнча түшүнүк кат жазган 38 күзөтчү милийсанын 35и акча алаарда төлөм журналдарына эч кандай кол коюп бербегендигин айтышкан. Ошентип Максаттын мандемдүү иши ачыкталгандан кийин, Свердлов райондук күзөт кызматынын башчылыгынан айдалып, иши Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлгөн. Көп өтпөй шаардык прокуратурадагылар Максат Момуновго иш козгоодон баш тартып, артка кайтарышат. Буга каршы чыккан ички иштер министрлиги УКМКга өткөрүп, ал жак кылмыш ишин козгойт. Момуновдун ал жактагы дагы колдогон кожосу күчтүү белем, эки ай эрмектеп көрүп, УКМКдагылар да кылмыш ишин кыскартып салышкан. "Вечерний Бишкектин" сайтынын жазганына ишенсек, бул ишке мурдагы депутат Акылбек Арстанбеков катуу аралашкан экен. Көрсө Арстанбеков башкы чекист Атахановдун жардамчысы болуп, бир топ убакыт эриш-аркак иштеп келиптир. Арстанбековдун аралашуусуна эмне себеп болушу мүмкүн деп кызыгып көрсөк, аның жанагы суудан кургак чыгып жаткан Максат Момуновдор менен бирге 3 562 745 сомду курутуп салды деп шектелип аткан Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн бухгалтери Г. Сыдыкакунованын күйөөсү экен. Аялын арачалап калыш үчүн Акылбек Арстанбеков Атахановду ортого салып жаткан окшобойбу? Убагында Каржылык чалгындоо кызматын башкарып кеткен Акылбек Арстанбеков менен Максат Момунов Жаныш менен Максимдин айтканын так аткарган "азаматтардан" болушканы айтылып келет. Дегеле УКМК башчысы Шамиль Атаханов "эскилер" менен эрмектешип, элдин кыжырын келтирип жүрөт. Рустам Мамасадыковго окшогондорду орун басар кылып, жалаң Максим менен Жанышка жанашып, жармашып жүргөндөрдү жан жолдош кылып жатып эмненин башынан чыгаар экен?




Табылганы жакшы, жабылганы жаман...
Экс башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Акүйдөн алып чыккан акчалары боюнча актанып чыкпады беле, "бул ушак" таризинде. Ошол ушак эми тузакка айланыптыр. Ал ишти ички иштер министрлиги иликтеп-жиликтеп башкы прокуратурага өткөрүп бериптир. Элмурзанын эки эски жансакчысы 7-апрель күнү эки мүшөккө салынган 3 миллион 300 миңдей доллар акчаны эки ай бою бир орустун үйүндө кайтарып жатканын төкпөй-чачпай тергөөдө айтып бериптир. Эми башкы прокуратуранын башы катып жатат дейт, кайсы берене боюнча иш козгосок деп. Анткени, ал акчанын ээси ким экенин эмдигиче аныктай албай жатышыптыр. Анан калса, Элмурзанын эски кадрлары эски шефине иш козгогондон ийменип жаткан имиш. Эгер азыркы башкы прокурор Аида Жеңишбековна иш козгосо анын өзүн сотко беребиз дегендер дагы чыгып жатыптыр. Анткени, Аида айым бул кызматка мыйзам бузу жолу менен келген экен. Не дегенде, башкы прокурор болуш үчүн бул кесипте эң кеми 15 жылдан кем эмес иштеш керек болсо, Аида айымдын бир жылдык дагы тажрыйбасы жок болуп чыгыптыр. Ушул жерден суроо туулат, "Байболовдуку бар беле?" деген.





Губернатор ордуна өкмөт өкүлү
Өкмөт 17-июлда жыйын өткөзүп, анда "Облустардагы Кыргыз республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" тууралуу токтом кабыл алды. Мындан ары облустар административдик орган катары жоюлат, аны менен бирге губернатордук кызмат кыскарат. Мындан ары аймактык бирдик болуп калчу облустарда координация, мониторинг, көзөмөлдөөчү милдетти Өкмөттүн өкүлү аткарат жана ал премьер-министрге гана баш ийет. Токтомдун долбоору Жогорку Кеңеште иштелип чыгып, президент кол койгон. Ошентип, губернаторлор арасында ар кандай сезим…


Жантөрө Сатыбалдиев өз акчасынан берсе…
Президенттин аппарат башчысы айтылуу Жантөрө Сатыбалдиев башында турган комиссия Жогорку Кеңештин 80 депутатына генерал чинин берип, 1000 доллар айлык төлөгөнгө сунуш киргизген. Сатыбалдиевдин "акылы" боюнча 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи деген наам Феликс Куловго, Исмаил Исаковго, ал эми 3-класстагы кеңешчиге Талант Мамытов, Төрөбай Зулпукаров, Бөдөш Мамырова, Бакыт Төрөбаев, Асия Сасыкбаеваларга ыйгарылыш керек экен.
Болуптур дейли, ошондо 80 депутатка берилген чин калган 40 депутатка эмне үчүн берилбейт? Экинчиден, мамлекетибиздин бюджети эңшерилип эби-сынынан тайып турганда, ансыз деле жарылганча тоюнуп жүргөн немелерге 1000 доллардан айлык берүү элдин ачуусуна катуу тийип, "жинди" кылып таштабас бекен?! Сатыбалдиев андай эле колу ачык айкөл болсо, өзүнүн байлыгынан берип турбайбы мамлекетибиз оңолгончо. Анын байлыгы кенен жетип берет го… Ушул Сатыбалдиев дегенди "жылжыттырбай" пенсияга чыгарып салса далай иш оңолот эле…


Өзбекстан бизге карыз турбайбы
Энергетика жана өнөр жай министри Шадиев бул жылы Бишкек Жылуулук электростанциясында мазут менен көмүрдүн даярдалышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп олтурат… Ар дайым эле "карызыңарды төлөбөсөңөр газды кан буугандай токтотобуз, жалынганыңар кеп эмес" деп так кесе айтып турчу өзбектериң бизге электр энергиябыз үчүн 13 миллион доллар карыз экен. "Карызыңарды төлөбөсөңөр жарыгыңарда жалп эттиребиз, акелегениңерге карабайбыз" деп биз айта алмак белек. Бүжүрөп турсак керек… Министрдин айтуусу боюнча кышында жарык өчүрүлүп турат экен, Токтогул суу сактагычында суу аз экен. Ишин жөндөй албаган министр эмитеден эле анысын кабарлап жатат…


Чек арада жаңжал
Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында кыргыздар менен өзбектердин арасында чыр чыгып, ок атылганга чейин жетти. Анын натыйжасында эки тараптан бирден чек арачы курман болуп, бирден адам жарадар болду. Биздин мамлекеттин чек арасы такталып бүтө элек, далай жерибизди тарттырып да жибергенбиз, жөн эле берип салган фактыларды да баарыбыз билет эмеспизби… Бизге армиянын деле кереги жок, анткени, ал армиябыз эч кимден коргоп бере албайт деле. Мына ошолордун эсебинен чек ара кызматын аябай күчтөндүрсөк сонун болмок. Азыр бизде чек ара деген аты бар, бирок, заты ага шайкеш келбей турат, тешик-пешиги көп…