Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Равшан АКШнын "шпионубу?"
Кыргызстанды Украинадай кылып экиге бөлүү саясаты, биздин саясатчы сөрөй айрым адамдардын оозунан чыга баштады окшойт. Өткөн жумаларда Кыргызстандын атынан Украинага барып сөз сүйлөп келген Равшан Жээнбеков: "Түндүк-түштүк көйгөйү өтө курч мүнөзгө келди, бул бийликтин тандоо принциби менен камоо иштерине байланыштуу. Саясатчылар буга чейин өтүнүч менен кайрылып келсе, азыр баарыныкы радикалдаша баштады. Бул туура эмес саясат жүргүзгөндүн жыйынтыгы болду. Мунун кесепети болот, жакынкы айларда биздин мамлекетте олуттуу катаклизмдер, же конфликттер чыгып кетиши мүмкүн" деп басма булактарына маек куруп, жыландын башын кылтыйтууда. Ушундан улам, Равшан мырзаны АКШнын "шпиону" деген сөз чын окшобойбу деп турабыз.


Оторбаев ордунда калды
Акыркы күндөрү кабагы ачылбай, каардуу жүргөн КТРКнын башчысы Кубат Оторбаев өткөн жуманын акырында катуу кубанды. "Байкоочу кеңештегилердин Оторбаевге карата ою бузулуптур, кызматтан айдалат экен" деген кептер кеп боюнча калып, Оторбаев ордунда калды. Мындай чечимге Кубат мырза кубанганы менен Байкоочу кеңеште барандуу орду бар Эрнест Абдыжапаров тескерисинче каарданганын жашыра алган жок.
- Мындай кадамга барышыма, КТРК башчысынын ишмердүүлүгү боюнча принципиалдуу көз карашым түрткү болду. Ал коомдук каналдын ишин оңдоого эч нерсе кыла алган жок деп эсептейм. Мен бул кызматка журналист эмес, менеджердин келишин каалаган элем - дейт белгилүү кино режиссер.




ТИМди тинтишет
Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ЖК депутаттары Бахадур Сулейманов башында турган депутаттык жумушчу топ түзүлдү. Бахадур мырза көп сүйлөбөгөн депутаттардын катарын толуктаганы менен ТИМ тармагына келгенде тили тилине тийбей бакылдачу болду. Дипломатиялык академиядагы былыктар тууралуу баян этип, чет жактагы элчиликтегилер акчаны эпсиз чачып жатканын айтып, айтор "акыйкаттык үчүн" деп ач айкырыкты салып жатат. ТИМ тармагына эле тиш кайрап калганына караганда ала албаган аласасы же биз билбеген таарынычы бар барбы деген суроо туулуп атат.


Сатыбалдиев министрдин орун басары болобу?
Айрым маалымат каражаттары Зарылбек Рысалиевдин кызматтан кетишине байланыштуу ар түрдүү версияларды жоромолдошууда. Ошол эле кезде эми Зарылбек Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына барат экен деген маалымат кошо айтылууда. Келерки жаңы жылда өкмөттүн курамы өзгөртүлүп Зарылбек мырза эски орду ИИМге министр болот дешүүдө. Эгер Чүй ИИБсына барып кала турган болсо, азыркы жетекчиси Капар Батырканов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына келип, аталган кызматтын башчысы Калыбек Сатыбалдиев көптөн бери бош турган Ички иштер министринин орун басары Фурхад Үсөновдун ордун ээлери айтылууда.


Жалын каптаса жалындуу кебин айтаар бекен?
Бийликтеги айрым чиновниктер билип-билбей туруп эле, бирдемкелерди сүйлөп салмай адаты бар. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке келип алып, өрт өчүргүчтөрдүн көңүлүн сууткан кебин айтты. Тилсиз жоо менен күрөшкөндөрдүн маянасы тууралуу маселе козголуп жатканда, Жантөрө мырза "Өрт өчүргүчтөр уктаганды гана билишет, алардын айлыгын көтөрүштүн эч кандай кереги жок" - деди. "Кырсык каш кабактын ортосунда" дейт, Кудай анын бетин ары кылсын дейли, кокус башбакандын хан сарайын жалын каптаса ошол эле өрт өчүргүчтөргө жалдырайт.


Кулов туура айтат, бирок…
Жогорку Кеңеш депутаты Феликс Кулов аскердик наам берүү мыйзамын башкача түзүүгө чакырды. Ырасын айтканда, Кулов мырза аябай туура айтып жатат, генерал дегендер толуп кетти. Бирок, "молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" деген кеп бар, анын сыңары бир кезде "темир генерал" деген дымактуу атка ээ болгон Куловдун, кийин "темири" "жыгачка" айланып тынды. Ошол "темир генерал" аты бар болуп турганда Кулов далайды жалмап салган деген аты эми эч качан калбайт. Бу кишинин акылы, азыр кумга сиңген суудай болор…


Миллионерлер бул жакта
Бир катар маалымат булактарында депутаттардын байлыгы тууралуу маалыматтар жарыяланыптыр. Капчыктуулардын алдыңкы катарын Жогорку Кеңеш депутаттары ээлегени да жазылат. Андагы маалыматтарга ишенсек, "Ата-Журт" партиясынан шайланган Роман Шиндин тапканы - ташыганы 250-280 миллион доллар болсо, КСДПнын фракция лидери Чыныбай Турсунбековдуку 280-300 миллион доллар деп жүрсө, Нарынбек Молдобаевдики 70-80 миллион доллар, Кожобек Рыспаевдики 12 миллион доллар экени жазылган. Бул миллиондордун аныктыгы, анан адал жол менен табылганы азырынча белгисиз...


Кудай таразаладыбы?
Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кетти. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн. Буга чейин аталган тоок фабрикасы Кытайды жасалма жумурткаларды ташып келип, фабриканын атынан печать басып базарга чыгарары кеп болуп келген. Мындай көзбоемоочулуктун чындыгы барбы, Кудай таразаладыбы минтип тоок фабрикасы тоогу менен күйүп кетти. Арам оокат аш болбойт дечү беле...


Убакыт таап, улакка чык!
Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясынын президенти Канат Исаев депутаттык кызматынан тышкары кыргыздын кыраан жигиттерин ынтымакка чакырып, улак тартыш оюнун уюштуруу менен алек. Кечээ жакында Москва районунда ири улак тартыш уюштурулуп, баш байгесине деп белгилүү коомдук ишмер Искендер Кадыркулов өз чөнтөгүнөн 300 миң сом чыгарды. Мындай оюндар эми жазга чейин Чүйдүн ар бир райондорунда уюштурулуп, баш байгесине 300 миң сомдон коюлуп турмакчы.

"Фабула" ПРЕСС