Эрдиги эске алынды
Жогорку мамлекеттик чиновниктердин арасынан Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев былтыркы "Иштерман" жылынын урматына мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп, Ардак грамота менен сыйланды. Өмүрбек Текебаев очкарик атаган, Атамбаев ардактаган Заир Чокоев менен бирге УКМКнын төрагасынын орун басары Бектен Сыдыгалиев дагы жогорку мамлекеттик сыйлыкка татып, "Эрдик" орденин тагынды. Антикоррупциялык кызматты башкарып, башкалардан өзгөчө эрдик кылып, сол капчыгын кампайтып жаткан жеринен далай коррупционер чиновникти капканга түшүргөн. Бектен мырза бекемдигинен тайбай, паракорчулардын баарынын баарынын болбосо дагы, теңинин бет пардасын сыйрып берсе, "Ак Шумкарды" деле алып калаары ажеп эмес.


Жерибизди "жедирбейбиз"
Кыргыздын жерин талашып, биздин жоокерлерге ок чыгарып орто жолдон от менен ойномокчу болгон Тажикстандын учурда айласы куруп турган учуру. Кыргызстан чек араларын бир тараптуу жапкандан бери коңшуларыбызда кырдаал курчуп, азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы асманга чыгып турган кези. Жапканга жараша аба жолун кошо жаап салалы деп кечээ ЖК депутаты Ирина Карамушкина катуу айтса, вице-премьер Токон Мамытов "жосунсуз жоргу үчүн тажиктер кечирим сурамайын, сүйлөшүүгө барбайбыз" - деп көгөрүп турат.


Эрматов эске алса…
Бишкекте кыргыздын мыкты уулдарынын бири, белгилүү мамлекеттик - коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымын алып жүргөн чоң көчө бар. Айрым чала сабаттардын айынан көчөнүн аталышы жазылган тактада Султан Ибраимов аксакалдын жынысы өзгөрүп калган. "С.Ибраимова атындагы көчө" -деп бакырайып жазылып турат. Муну мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов байкабайт же Эсеп палатасын башкарган Элмира Ибраимова байкабайт. Башкасы болбосо дагы Элмира Султановна атасынын арбагын сыйлап, бул оркойгон катаны көзгө сая көрсөтүп, тийиштүү органдардын өпкөсүн үзүшү керек эле.


Табышмактуу өлүмдүн сыры ачылабы?
Учурда экстрасенс Кубанычбек Мурзаевдин өлүмүнө байланыштуу ар түрдүү версиялар айтылып, маалымат каражаттарында чоң талкуу жүрүүдө. Айрымдар киши колдуу болгон дешсе, кээлери жол кырсыгынан кайтыш болгон деген көз карашты айтышууда. Туугандары Кубанычбектин өлүмүндө табышмактуу жагдайлар бар экенин айтып келишет. Учурда Мурзаевдин өлүмүнө байланыштуу жол кырсыгы боюнча Жогорку Кеңештин белгилүү бир депутатынын Назар Орозбаев аттуу жардамчысы көрсөтмө берүүдө. Тергөө иштеринен соң, Орозбаевдин күнөөсү бары-жогу билинет. Андыктан тиешелүү органдар өз жыйынтыктарын чыгарганча кимдир бирөөлөрдү күнөөлөп, ак же көк деп айтыш кыйын.

Депутат Мурзабеков Турганбаевдин үстүнөн арызданды
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын 24-январдагы жыйынында фракциянын депутаты Кантемир Мурзабеков премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге Бишкек ШИИББдин башчысы Мелис Турганбаевге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды. Депутаттын айтымында, Турганбаевдин аны эл көзүнчө мазактаганы себеп болгон. Премьер-министр, бул маселени алдыда боло турган коллегиялык жыйында кароого убада берди. Минтип Кантемир мырзанын Өкмөт башчысына чейин арызданганына караганда Мелис мырза өтө эле катуу кетип калган го. "Эр чекишпей бекишпейт" демекчи, мындай маселелерди жекече эле сүйлөшүү, кечиришүү жолу менен эле бүтүрүп алышса болмок экен.


Туура маселени көтөрдү...
КСДП фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева республиканын аймагындагы мөңгүлөр боюнча эң орчундуу мыйзам долбору менен 27-январда тааныштырды. Учурда Кыргызстандын аймагынын 4,2 пайызын мөңгүлөр ээлейт. Эл өкүлү мыйзам долбоору республикадагы мөңгүлөрдүн биргелешкен реестрин жана мониторинг түзүүнү, ошондой эле гидролог, гляциолог, метролог сыяктуу адистердин билим алуусуна шарт түзөөрүн маалымдап: "Биздин мөңгүлөр таза суу менен Кыргызстанды эле эмес, Орто Азияны бүтүндөй камсыз кылат. Республиканын аймагында 6 миң 582 мөңгү бар жана анын ар биринде суунун чоң запасы сакталуу. Биз азыр аларга мониторинг жүргүзбөйбүз жана канча мөңгү ээригенин билбейбиз. Учурда дүйнөдө таза суу тартыш болуп жатат жана бир канча жылдан кийин анын баасы нефтиден дагы кымбат болот. Биз азыртадан мөңгүлөрдү сакташыбыз керек", - деп билдирди. Ошондой эле, "мыйзам кабыл алынып калса өндүрүш компанияларына дагы мөңгүлөрдү бузууга тыюу салынат" деп кошумчалады. Мыйзам экинчи окууда кабыл алынды.


Курманбек Осмонов ооруканага жатты
Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы "Кумтөр" келишимине кол койгондордун бири катары кылмыш иши козголгон "Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов инфаркт болуп ооруканага жатты. Ага алгач кардиологиялык борбордон медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң атайын ооруканага которулган. Депутат жакында эле Санкт-Петербургдан көзүн операция жасатып келип, жумушка чыга элек болчу. Оорусуна байланыштуу "Кумтөр" маселеси боюнча кылмыш иши убактылуу токтоп турат.