Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы
Кан жолдогу "Кара Жорго"
Акматбек Келдибековдун ага-туугандары Ош-Эркештам кан жолун бууп, боз үйлөрдү тигип алгандан бери бир апта өттү. Ары-бери өтө албагандардын саны күн сайын көбөйүп, акчасы түгөнүп айласы куругандардын кыжырында чек жок. Ар күн сайын 100дөн ашык жүк ташуучу унаалар топтолуп, жол тоскондорду жоопко тартуу арызы менен ондогон адам кайрылды.

ИИМ министри
Абдылда Суранчиев:
- Биз кылмыш иштерин козгоп жатабыз. Учурда 15 протокол түзүлдү. Биз жол тоскондор менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз, бирок аларга карата күч колдонбойбуз. Акция болгон жерде алгач барганыбызда 40тай адам күйүүчү май толтурулган бөтөлкөлөр менен болчу. Биз аларды камасак болмок, бирок анткен жокпуз - деди.
Кан жолдо учурда 7 боз үй тигилген. Казан-казан эт кайнап, эриккендер менен зериккендер "Кара Жорго" бийин бийлеп, маанайлары тойдогудай. Бирок эл эзилди. "Акматбегиңердин дагы, бийлигиңердин дагы бизге бир тыйын пайдасы жок, жолубузду ачып бергиле" деп көзүн жашылданткан карапайым калкка эле убал болду. Жол тосулуп, жолу болбой калгандар бери жагы 20 миллион сомго чыгаша болгонун ИИМдегилер эсептеп чыгышты. Акчаны го тапса болот, бирок тилекке каршы адам өмүрү дагы кыйылып жатпайбы. Кечээ эле жарык дүйнөгө келген 3 айлык ымыркай бейтапканага жетпей чарчап калыптыр.

Наристенин чоң апасы
Шами Топчубаева:
- Сыркоолоп калган 3 айлык наристебизди Үч-Коргондон Сопуга алып бара жатканбыз. Орто жолдо тигилер жолду бууп салышыптыр. Аларды көпкө көндүрө албай, ооруп жаткан ымыркайыбызды көрсөтүп, оорусу чын эле катуу экенине араң дегенде аларды ишендирип жатып жолдон өттүк. Бирок баары кеч болуп калыптыр. Бейтапканага жетээрибиз менен ымыркайыбыз чарчап калды. Азыр бизде күйүтүбүз күч болуп турат. Мен жол тоскондордун баарын жазага тартылышын каалайм. Ошолордун айынан балабыздан айрылдык" - деп ызага буулугуп жаткан эненин арманын Кyrtag.kg маалымат булагы жазып чыкты.




Маматалиев "мактанба" деди
Өткөн жумада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы 4 айдагы жасаган иштерине арналган чоң жыйын болду. Ага вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев дагы катышты. Бороон болоорун алдын ала эскертүү менен алектенген ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов 4 айда "тоону томкоруп, ойду омкоргонун" айтып, министрликтеги жетишкендиктерди жетине албай кобурап жаткан. Ал күнү вице-премьер Маматалиевдин маанайы пас беле ким билсин, министрлик башчыларын өз ишине көбүрөөк сын көз караш менен кароого чакырды. "Республиканын" заманы, Бабановдун бакырыгы "таш жарып" турганда министр болгон Боронов Өкмөтүң канча өзгөрсө да өз ордунда отуруп, ишинде катуу сын уга элек болчу.

"Алайдын эли өзгөчө эл. Ар биринин курал-жарагы бар"
Акматбек Келдибековдун маселесин талкуулоо максатында 30-май күнү" Ата-Журт" фракциясы ИИМ министри Абдылда Суранчиев, Башкы прокурордун орун басары Темирбек Осмоновду чакырып, мээлерине "чай кайнатты". Фракция лидери Жылдызкан Жолдошева:
- Батукаевдин маселеси башка маселе, Келдибековдуку башка деп, Алайдагы элге барып түшүндүрүп бергиле. Бир нерсени унутуп жатабыз, урматтуу Абдылда Шергазиевич, Темирбек Бекмаматович. Силер күч органдарысыңар. Алайдын эли өзгөчө эл. Ар биринин колунда курал-жарак бар. Азыр бир ок атылса, кесепети кандай болот, аны эч ким айта албайт - деп күч органдарын коркутту. Жолдошева бияктын эли, тияктын эли дегенди көп айткандардын бири. Алайдын эли эмес, кыргыздын эли деп айтса болмок. Анын үстүнө бүтүндөй Алай Акматбектин артынан ээрчийт деп айткан да туура эмес. Жол тоскондор ашып кетсе миңге жетиптир. Бирок алар жалпы Алай эмес. Анан дагы депутат башы менен "Ар биринде курал-жарагы бар өзгөчө эл" - дегени болгон-толгон деңгээлин көрсөтүп койду.

Оңой оокат аш болбойт
Ошентип Кыргызстан Орусияга биротоло ооп, Бажы уюмун көздөй ишенимдүү бара жатат. Евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда атайын келишимге кол коюлуп, 1 миллиард 200 миллион долларлык Өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бул акчалардын артында чоң кызыкчылык, чоң саясат жатканын дагы эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Орусия акчасын ой келди сапыргандай өзү деле жыргап кеткен жери жок.

Жараныбыз жардырууга жардамдашканбы?
Мындан бир жыл мурун, 15-апрелде АКШнын Бостон шаарында марафондук жарышка чыгышкандарга террористтик чабуул жасалып, аны биздин эле токмоктук чечендер Тамерлан жана Жохар Царнаевдер жасагандыгы аныкталган. Кечээ жакында Царнаевдерге көмөктөшкөн деген айып менен дагы бир кыргызстандык, Куинси шаарында таксист болуп иштеген Хайрулложон Матанов деген камакка алынды. Жардыруудан кийин ал Царнаевдер менен дос экендигин жашырууга аракет кылып, компьютериндеги маалыматтарды жок кылган. Далил фактыларды атайылап жок кылды деген айып тагылып жаткан Матанов, АКШ мыйзамдарына ылайык 20 жылдан 30 жылга чейин абакка айдалып кетиши мүмкүн.

Кырсык баскан Кыргызстанда
Жаздын акыркы күнү менен жайдын алгачкы күнүндө Кыргызстанда өтө кайгылуу жол кырсыктары катталды. 30-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 8-километринде, Ысык-Ата аймагында "Ауди-100" жана "Хюндай" автоунаалары кагышып, 7 адам оо дүйнөгө сапар алышты. Арадан эки күн өтпөй, 1-июнь күнү Ош-Исфана жолунун 12-километринде "Мерседес-Бенц-311" унаасы менен "Опель-Вектра" унаалары сүзүшүп, 10дон ашык адам ар кандай жаракат алып, кош бойлуу бир келин бул дүйнө менен кош айтышты.