Салянова санап берди
Акыркы күндөрү коррупцияга каршы күрөш солгундап калды, токтоп калды деп канча сындаганыбыз менен акыркы 3 жыл аралыгында бир топ чиновниктин "чимкириги" чубалыптыр. Башкы прокурор Аида Салянова маалымат жыйын өткөрүп, ичип-жегени үчүн иш козголгон "чоң курсактарды" санап берди. "Мамлекеттик кызматкерлердин арасында парламент депутаттарына - 12, министрликтердин жетекчилерине - 5, облус башчыларына - 3, мэрлерге - 3, акимдерге - 11, сот өкүлдөрүнө - 32, прокуратура кызматкерлерине - 19 кылмыш иш козголду" - дейт Аида айым. Чын эле Акаев дагы, Бакиев дагы "мителерге" каршы мынчалык күрөш жүргүзө алган эмес.

Жакшы адам, бирок иши жарабайт!
Өзбектер көгөрүп бербей жаткан көгүлтүр от көйгөйү азыркы Өкмөттү "ала жатканы" калды көрүнөт. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ташкенттен тажабай жооп күтүп жатса, айрым депутаттар чечкиндүү кадамга баралы деп жатышат. "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп" "эсил кайран" "Кыргызыбызды" орусташтырууда эбегейсиз эмгеги сиңген Тургунбек Кулмурзаев Сох анклавына кетүүчү газды орто жолдон бууп салалы дагы, өзбектердин ошентип акесин тааныталы деген оюн ортого салды. Ал ортодо "Ата-Журт" фракциясы азыркы Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыкты. Депутат Мыктыбек Абдылдаев "Жоомарт Оторбаев жакшы адам, бирок премьер-министрлик кызматты жөндөп кете албай жатат" - деп ачыгын айтты.

Боряча бой көтөрө албайбызбы?
Өзбекстанга карай акчу суубузду бууп салалы деген сунуш акыркы убактарда көп айтылды. Мурдагы күнү депутат Кантемир Мурзабеков ушундай сунушун кайра сунду. "Өкмөттө чечкиндүү адамдар жокпу? Чечкиндүү кадамга барып, сууну бууп салалы" - деди. Вице-премьер министр Валерий Диль "Мындай учур болгон. 1997-жылы Борис Силаевдин тушунда. Чагылгандай тездик менен реакция кылышкан. Сууну бууп салаар менен дароо учуп келишип, сүйлөшүү процесстерин башташкан. Бирок кийин Өзбекстан суу сактагыч куруп алган. Мурункудай кысым кыла албайбыз го. Бир жума күтөлү деп чечтик" - дейт.

Миллионер Жыргалбек итке минип калыптыр
Былтыр кышында 50 миң киши чакырып, улак тартыш уюштуруп, байлыгына мактанып, манчыркаган депутат Жыргалбек Саматов эл катары дүйнө мүлкүн каттаткан экен. Киреше булагы катары ЖКдагы ишинен тапкан 827 137 сомун көрсөтүп, жашаган үйү дагы, алдында айдаган унаасы да жок экенин уялбай этпей эле жазыптыр. Каратып туруп калп айткан Жыргалбекке окшогондор элди кантип жыргатмак эле?

Мамытов өзгөчө жанбы, же Бакиров боорукерби?
"Чынгызхан" болгусу келген Камчыбек Ташиевди жандай чаап, Ак үйдүн темир тосмосунан секирип түшүп, Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерин көзгө уруп, чокчоңдой коём деп абакка жатып чыккан "Ата Журт" фракциясынын мандатынан ажыраган экс-депутаты Талант Мамытов учурда дагы деле депутаттарга берилген үйдө эч нерсе болбогондой жашап жатыптыр. Көрсө партиялашы Өмүрбек Бакиров өзүнө тиешелүү кызматтык батирин жеке менчик квартирасындай кылып убактылуу жашап тургун деп Мамытовго берип салыптыр. Мына сага ушундай да болобу? Соттолуп, мандатынан ажыраган адам депутаттык үйдө каалагандай жашай берсе болобу? Андай болсо абактан чыккан Көлбаевге деле депутаттык бир үйдү бербейлиби? Деги бизде мыйзам иштейби же ким кааласа өз билгенин жасай береби? Же эмне соттолуп чыккан Мамытов өзгөчө жанбы? Эгер Мамытов эч жерде жашаганга мүмкүнчүлүгү жок көчөдө калып, ага Бакировдун боору ооруса өз үйүнө кийирип албайбы? Мамлекеттин эсебинен пайдаланып жакшы көрүнбөй… Эгер Мамытов калп десе өз оюн айтаар.

Оторбаев кимди качырган?
Николай Танаев Өкмөт башчысы болуп турганда Белковская Елена Теодоровна деген Өкмөттүн аппаратында юридикалык бөлүмдү жетектечү. Ошол Елена айым учурунда Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы "Кумтөргө" кол койгондордун бири экен. "Кумтөр" боюнча күнөөлүүлөргө Башкы прокуратура 20-январда издөө жарыялаганда А.Акаев, Н.Танаевдер менен кошо Белковскаянын да ысымы аталган. Ошол маалда Белковская Жоомарт Оторбаевдин (ал кезде биринчи вице-премьер министр кези) жардамчысы болчу. Анан эле ошол маалымат чыккан күндөн кийин 1-2 күндөн кийин эле Белковская Оторбаевдин кабинетине кирип чыккан экен акыркы жолу. Ошол боюнча жумушка келбейт. Анан эле 25-январда 73-рейс менен учуп кетет. Жумуштан бошотулду деген арыз 18-февралда чыгат. Ошондо ал Белковская шефи Оторбаев менен ачык сүйлөшүп качып кеткен болуп жатпайбы, аңдаган кишиге. Козголгон кылмыш иши болсо, 303-берене боюнча экен. Бул берене менен дароо камаш керек. А азыркы Өкмөт башчысы ошол кезде кол алдындагы кызматкерге кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билип туруп, Башкы прокуратурага билдирбей жашырып койгону кандай?.

Бул экөө элден өзгөчөбү?
Стратегиялык мааниси бар имарат Ак үйдүн жанына көп кабаттуу үй курмакчы болгондордун иши чатакка айланды. Башкы прокуратура мыйзамсыз курулуш ишти баштагандарга кылмыш ишин козгоду. Албетте Ак үйдүн жанына мыйзамсыз көп кабаттуу имарат курууга анча-мынча бизнесмендердин жүрөгү даабайт. Мансабына же мандатына таянгандар эле болбосо...Чын эле бул курулуштун кожоюндары бир эмес эки депутат экени интернет майданында кызуу талкууга алынды. Депутаттар Азамат Арапбаев менен Азиз Суракматовдорго таандык экенин да эшиттик. Бул эки эргулдун таянган тоосун, колдогон кожосун кийинки сандарда толук иликтеп чыгууга аракет кылабыз...

Эми Учкун Ташбаев эркиндикке чыгат…
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев жана лицензиялык комиссиянын 10 мүчөсүнүн иши боюнча сот өкүмү чыкты. Сот Абдуразак Боромбаев лицензиялык комиссиянын мүчөлөрү: Айбек Асанов, Базарбай Асанов, Мирлан Жээнчороев, Эмил Осмонбетов, Уланбек Рыскулов, Руслан Суванкулов, Канат Эрматов Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү боюнча актап, 316-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекеттин кирешесине 2 миң эсеп көрсөткүч өлчөмүндө айып салып, "Адам укугунун жалпы декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө" мыйзамына ылайык жазалоодон бошотту.
Ал эми Ташбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү боюнча актап, 304-беренесинин 2-бөлүмүнүн жана 316-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөлүү деп таап, мамлекеттин кирешесине 2 миң эсеп көрсөткүч өлчөмүндө айып салып, 5 жылга эркинен ажыратты. Ошону менен бирге 2012-жылдын 30-ноябрынан баштап СИЗОдо отурган бир күнү үч күнгө эсептелсин деген чечим кабыл алды. Жогорку эки инстанция деле биринчи инстанциянын кабыл алган чечиминен алыс кетпей турганын эске алганда, Ташбаев да эркиндикке чыга турган болду. Мына биздеги коррупциялык күрөштүн жыйынтыгы.

Жолдошеванын жолу таза бекен?
"Ата-Журт" фракциясынын "апасы" Жылдыз Жолдошова: "Азыр күч органдары "Ата-Журт" партиясынан чыккан саясатчыларга гана каршы күрөшүп жатат. Коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрбөй жатат" - деп бир айкырып алды. Анын ою боюнча коррупция менен кылмыш козголгон: У. Ташбаев, Д. Жапаров, Р.Сабиров, А. Мурзалиев, А. Абеков, Бообеков, Өмүркулов ж.б. баары "Ата-Журтчулар" экен. Бул депутат айымдын ушундай сөздөрүнө айласыздан күлөсүң. Коррупция жалаң эле "Ата-Журтка" козголуп жатканынын жөндүү себеби бар да. Неге дегенде, бул партиядагылардын көбү ошого жакын өскөн немелер турбайбы. Андан көрө коррупцияга каршы күрөш солгундап кетти десе жарашмак. Себеп дегенде, коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камала тургандардын катарында А. Жапаров, Бабанов, Ташиев сыяктуулар эчактан бери "кезек" күтүп турат. Негизи, Жолдошеванын басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алса, андан деле бир мандем чыкмак. Мисалы, "Курманжан" фонду Ысык-Көлдө канчалган жерди басып жатат?!

Алымкулов ачык айтканга жарабады
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кечээ өткөн бир жыйында:" Жыл сайын чет элдик жарандарга Кыргызстанда иштөө үчүн 13 миң квота бөлүнөт. Мен өз сөзүмө жооп берүүдөн коркпойм. Алардын көбүнө аткаминерлер "крыша" кылышат. Биз ИИМ, жарандык бирикмелер жана жергиликтүү бийлик менен рейддерди өткөрүп турабыз" - деп катуу бакылдады. Бирок Алиясбек мырза ал аткаминерлердин атын айта албай, оозуна талкан салып алгансыды. Кыйын болсо, эр болсо, тарс эле ачык айтса болмок. Биздин саясатчылардын көбү ушул министр мырзадай болуп, бир нерсенин башын башташат да, аягына чыга албай ойт берип кетишет. Анткени, аягына чыкса, өздөрүнүн да "былыктары" ачыкталып калабы деп абдан-абдан коркушат. Ошондуктан көбү, кур сөз менен алектенген, популисттер...