Элек…
Дамира Ниязалиева,
КСДП фракциясынын депутаты:
"Музоо эмчек кайда экенин билет, бирок…"

- Дамира Абаскановна, сиз демилгелеп жаткан "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" аттуу мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратууда. Ушул жагдайга токтолуп кетсеңиз?
- Ооба, мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып жатканы чындык. Ар ким ар кандай чечмелеп, мыйзам долбоорунун маңызын тескери түшүндүргөндөр болууда. Ал түгүл, мыйзам долбоорун өткөрбөш үчүн атайын каралоо, ушак таратып жаткандар бар. Адамды Кудай жараткандан кийин, балалуу болуу, тукум улоо сыяктуу бардык функцияларды берди. Адам физиологиялык татаал түзүлүшкө ээ. Тилекке каршы, адамдын физиологиясы бардык учурда нормалдуу иштебеши мүмкүн. Кандайдыр бир жардамга, дарылоого муктаж болот. Кудай берген ден соолук жетет деп, балдарыбызга "сени капустанын арасынан таап алганбыз" деген жомоктун доору бүткөн. Азыр ааламдашуу процесси жүрүп жатат. Оң да, тескери да маалымат көп. Күн санап жаңы оорулар пайда болуп, жайылып жатат. Ушундай шартта келечегибиз болгон балдарыбыздын ден соолугун сактап, улут саламаттыгына кам көрүш үчүн кандайдыр бир чара колдонушубуз керек да. Алакан жайып отура берсек, бизге башка жактан бирөөлөр келип камкордук кылбайт. Улуттун саламаттыгын ойлосок, алгач балдардын ден соолугунун чың болушун, алардын кайсы бир жугуштуу ооруга чалдыгып калбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Мына ошондой профилактикалык ыкмалардын бири, мен демилгелеп жаткан "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" аттуу мыйзам долбоору. Мыйзам долбоорунун максаты - мектеп окуучуларына гинекология, анатомия, физиология боюнча туура билим берүү болуп саналат.
- Бирок мыйзам долбоору улуттук баалуулуктарга доо кетирет. Өспүрүмдөргө "төшөк кумарын" окутууга багытталып жатат деген сындар айтылып жатпайбы?
- Бул деген туура эмес. Ал түгүл сабатсыздык, көралбастык деп айтат элем. Макул, биз эч нерсе айтпай эле коёлу, ошондо баары оңолуп кетеби? Азыр технология өнүккөн заман. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун интернет аркылуу издешет. Ал жактан оң-тескери маалымат алышат. Ошондо даана психологиялары, ой-жүгүртүү кабылдоолору бузулуп, тескери жолго көбүрөөк түшүп кетиши ыктымал. Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясы курч кырдаалда. Мындан 2-3 жыл мурун эле Нарында ВИЧ менен ооруган адамдар жок болчу. Азыр 100дөн ашып кетиптир. Ошондуктан, мектепте жаш курагына ылайык, адам физиологиясынын функцияларын туура багытта окутуп, билим берсек, балдарыбыздын ден соолугуна камкордук көргөн болобуз. Бул мыйзамдын эң негизги таасири болуп, өспүрүмдөр ден соолуктарын туура сактап калыш керектигине жол ачат. Анткени бүгүн биздин өлкөбүздө бир топ мектеп жашындагы кыздардын (16 жашка чейин) боюна бүтүп, ичиндеги баланы алдырганга мажбур болушкан. Ушундай кырсыкка учураган кыздар кийин үй-бүлө курганда тукумсуз болуп калышы ыктымал. Өспүрүм эркек балдар да өзүнүн ден соолугун туура сактабагындыктан (сызга отурганда, суук тийгенде ж.б. себептери көп) жаш чагында барган ыпылас иштеринин негизинде тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бала өзүнүн физиологиясын, ден соолугунун өзгөчөлүгүн жана аны сактоонун ыкмаларын билиши керек. Айтып Жаткан "төшөк кумарын" окутуу жөнүндө эч кандай сөз да, үгүт да жок. "Төшөк кумарын" окутуу деген кайсы акмактын оюна келди билбейм.
- Карапайым калк кандай кабыл алып жатат? Эл менен жолугушууларды өткөрдүңүздөрбү?
- Албетте, өткөрдүк. Мыйзам долбоору боюнча Каракол шаарына, Ак-Суу районуна тегерек стол уюштуруп, ата-энелер, мугалимдер, студенттер, окуучулар менен жолугушууларды өткөрдүк. Радио, телевидение аркылуу да талкууладык. Мыйзам долбоору 99 пайыз керек экенин айтып, колдоп жатышат. Талкууда биология сабагынан сабак берген мугалимдер айтышты, алар "программада турган теманы түшүндүрүп бере албайбыз, эркек балдар менен кыздар чогуу отурганда түшүнүү менен кабыл алуу мүмкүн эмес, ошол себептен, үйдөн окуп келгиле деп коёбуз" деп айтышты. Окуучулар болсо суроолорун кимге барып берерин билбей турушканын, мындан улам, "Репродиктивдик ден соолук боюнча альянс" деген бейөкмөт уюмунан маалымат алып жатышканын билдиришти. Аталган уюм кандай маалымат менен камсыздап жатат биз билбейбиз. Бир 11-класстын окуучусу: "Бизге волонтёрлор тил үйрөтөбүз деп келишип, бир жыныстуулар үйлөнсө болот деп үгүттөшөт. Ушул туурабы? Туура эмес болсо эмнеге бөгөт койбойсуңар?" деп суроо берди. Мына ушундай шектүү, күмөндүү иштерге бөгөт коюп, мамлекеттик билим берүү стандарты аркылуу, мектеп окуучуларына гинекологиялык сактык, физиологиялык билим берели дегендин эмнеси жаман. Мыйзамда жазып жатабыз, "ар бир чыгарылган окуу куралы, программасы же маалымат китепчеси" мамлекеттин көзөмөлү аркылуу чыгарылат деп. Демек, өз алдынча кандайдыр бир тескери маалымат тараткан уюм болсо, жоопко тартылат. Ошого шарт түзүлөт. Азыр кыздар кандайдыр бир окуяга туш болгондо, кимге кайрылышты билбейт. Жылына миңдеген кыз-келиндер аборт жасатып жатышат. Булардын ичинде жана мен айткандай кичинекей 14 жаштагы окуучу кыздар да бар. Аборттун кесепетинен канчалаган кыздарыбыздын тагдыры бузулуп, канчалары төрөбөй калып жатат. Мындай трагедиялуу көрүнүштү токтотуш үчүн алдын алуу иш-чарасын көрүп, балдарды туура маалымат менен камсыз кылышыбыз абзел. Зордуктасаң кесилип кетесиң, бойдон алдырсаң төрөбөй каласың, оору жугузуп алсаң ден соолугуңдун азабын тартасың дегенди айтып, гинекологиялык тазалыкты тутуу, бойго бүтүп калуудан, башаламан жыныстык катнашка баруудан сактануу сыяктуу, анатомо-физиологиялык коопсуздук маселелерин түшүндүрүшүбүз күндүн күрөө тамыры болуп турат. Эгер биз мектеп окуучуларына сабак өтө турган болсок, алар кимге кайрылышты, кимден көмөк алышты билмек. Эң кур дегенде өзү окуткан догдурга кайрыла алышмак.
- Ошондо окуу куралы кандай ыкмада жазылышы шарт?
- Аны Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери биргелешип, мамлекеттик окуу стандартына жооп берген, туура багытта билим бергидей окуу куралын, программасын жазып чыгышат. Көчөдөн келген кимдир бирөө жаза койбойт, моминтип окутасыңар деп. Баары окуу стандартына жооп бергидей шартта, мамлекеттин көзөмөлүнүн астында жазылат.
- Сабакты кимдер окутат? Атайын адистер даярдалабы же догдурлар келип сабак өтүшөбү?
- Сабакты догдурлар берет. Бул боюнча маалыматты адистер бериши керек. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр боюнча гинеколог, андролог жок. Биз мыйзамга киргизип жатабыз, аталган тармак боюнча адистерди даярдап чыгуу зарылдыгын. Сабакты да мына ушулар өтсө болот. Кыздар менен балдарга эки бөлөк окутуш зарыл. Ошондо уялбай, кысынбай суроолорун берип, жооп алууга мүмкүн болот. Балдарыбыздын ден соолугуна камкордук көргөн мындай нерседен жамандык издеп, "бөйрөктөн, шыйрак чыгаргандын" эмне кереги бар? Болбосо, жаман көрүнүп, ар түрдүү сөз уккандын мага эмнеси кызык? Балдарыбыздын ден соолугун, келечегин ойлойлу дегенден да бир нерсе таап, чукулап турган жакшы эмес го.
- Сиз демилгелеп жаткан мыйзам долбоору улуттук менталитетке туура келбейт, батыштан таңууланган долбоор. Ал үчүн бир топ каражат бөлүнөт деген сөздөргө кандай карайсыз?
- Мунун баары жалган. Батыштын улутуңардын саламаттыгын ойлоп, ушул мыйзамды кабыл алгыла деп каражат бөлгүдөй, алардын башка кылаар иши жок бекен? Аларга биз аталган мыйзам долбоорун кабыл алабызбы же кабыл албайбызбы бир тыйындай кызыкчылыгы жок. Мыйзам долбоору батышка эмес, бизге керек.
- Сиздин мыйзам долбооруңуз парламентте талкууланып жатканда депутаттар тарабынан "музоо эмчек кайда экенин өзү эле билет" деген сөз айтылды. Муну кандай кабыл алдыңыз?
- Туура, "музоо эмчек кайда экенин өзү эле билет", биз эмне окуучуларга ошол нерсени окутушубуз керек бекен дегендей мыскыл менен сүйлөдү. Ооба, музоо билет эмчек кайда экенин. Аны тубаса инстинкт дейт. Жаңы төрөлгөн ымыркай деле эмчек кайда экенин билет. Ооба, өспүрүм курактагы балдар аялдын ролун, эркектин ролу кандай болорун, жыныстык катнаш тууралуу билишет. Бирок биз жыныстык катнашты үйрөтөлү дегенди айтып жаткан жокпуз да. Биз гигиена, анатомо-физиология боюнча билим берүү тууралуу айтып жатабыз. Билим тубаса берилбейт да. Ар бир нерсени туура кабылдап, туура түшүнүш керек. Жумурткадан кыр чыгарбай. Албетте, 120 депутаттын баары эле медицинаны түшүнө беришпейт.
- Мыйзам долбоору исламга каршы келбейби?
- Эч кандай каршы келбейт. Маалымат алуу, билимдүү болууга эч кандай чек коюлган эмес.
- Карын энелик келишим (договор суррогатного материнства) исламга туура келбейт деп жатышпайбы?
- Карын энелик боюнча түшүнүктү мен жаңы киргизип жаткан жокмун. Бул берене бар болчу. Депутаттар 2007-жылы эле кабыл алынган "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" деген мыйзамдын эски вариантында бар экенин билбегендиктен, жаңы норма деп кабыл алышып, ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Айрымдар карын энелик динге, исламга, шариятка туура келбейт деп чыгышты. Ошол эле учурда "Исламдагы үй-бүлөнү пландаштыруу" китебинин "Тукумсуздукту дарылоо ыкмасынын мыйзамдуулугу" (216- бет) деген бөлүгүндө кеңири жазылган. Анда тукумсуздукту дарылоого уруксат берилмек тургай сунуш кылынат. Химиялык же хирургиялык терапияны пайдалануунун, эгерде алар тажрыйбалуу, ишин жакшы билген адистер тарабынан жасалса, эч кандай оордугу жок. Жасалма жол менен уруктандыруу, же ген инженериясынын айрым методдорун колдонуу талаш-тартыштарга алып келет - деп жазылып, Шейх Джалел Хакка 1980-ж. Египеттин муфтийи болуп турганда адис дарыгер суроо берип, жооп алган. Шейхтин жалпыланган жообу бул: 1. Исламда укуктук көз караш боюнча ооруларды айыктыруу милдеттүү; жубайлардын биринин же экинчисинин тукумсуздугу жаңылык эмес.
2. Аялдын (башка адамдын уругу менен аралаштырылбаган) күйөөсүнүн уругу менен уруктандырылышына (in vivo) жол берилет.
3. Жасалма жол менен күйөөсүнүн гана уругун пайдаланып уруктандырууга in vitro (пробиркадагы бала) жол берилет.
Бизде бул медицинанын жетишкендиги өнүккөн эмес. Мамлекеттик деңгээлде эко-методу жасалбайт, анткени жабдуулар жок. Жеке бейтапканада гана жасалат, бирок өтө сейрек. Биздин жарандар көбүнчө Алматыга барышат. Бул абдан кымбат баалуу процедура жана жыйынтык дайыма оң болбойт. Мисалы, Казакстанда колунда жок үй-бүлөлөргө мамлекеттен акысыз берилет бул жардам. Тилекке каршы, бизде 15 пайыздан - 20 пайызга чейин жарандар тукумсуз болгондуктан, наристенин үнүн угуп, ата-эне болгонго мүмкүнчүлүгү жок. Албетте, алар бала асырап алса болот. Бирок көбүнчө аялдар айыпталып, үй-бүлөлөр бузулуп, ажырашканга чейин барышат. Кээ бирөөлөр экинчи аял алганга уруксат берилиши керек деп жатышпайбы. Ошондуктан үй-бүлөнү сактап калыш үчүн "карын эне" ыкмасын айласыздан, амалсыздан колдонууга мажбур болушат. Буга ар бир үй-бүлөнүн укугу бар. Бирок исламда бул жат көрүнүш деп каршы болуп жатышат. Кээ бирөөлөр тукумсуз болгон кандай трагедия экенин билбейт. Ошондуктан ар кандай пикирлерди айтып жатышат.
Маектешкен
Алмаз Темирбек уулу