Көлбаев көнгөн жерине биротоло кеттиби?
Кыргызстандын крим дүйнөсүнүн атасы Камчы Көлбаев кечээ жакында үй-бүлөсү менен Дубайга сапар тартканын Мелис Турганбаев билдирди. ИИМ башчылыгына жаңы барганда ЖК депутаты Ирина Карамушкина "Көлбаев жаштарды айланасына топтоп жатыптыр. Кандай чара көрөсүз?" - деген соболуна "С Кольбаевым я разберусь" - деп орус тилинде кыска-нуска жооп берген. Жаңы министрдин бул кебинин түпкү маанисин ошондо көпчүлүк жакшы түшүнө албай калган. Бир кезде качып жүргөн Камчынын кайра Дубайга кеткенин министр өзү жар салып жатканына караганда, "мыйзамдагы ууруга" чыныгы мыйзамдын күчүн көрсөткөн окшобойбу...


Чыңгызын баш, оптонгон отузун төш кылып иштен айдаш керек!
Мыкты инсандардын уулдары өз тилинде сүйлөй албай, "мыңкылдап" калганын көрүп эле жүрөбүз. Ошондойлордун арасында чыгаан киночу Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев дагы бар. Англисчени кыйратканы менен кыргыз тилинде кыйналып сүйлөгөн Чыңгыз Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын башкарып келген. Чикең ал жакка барганы орус тилдүүлөрдүн ооматы артып, эне тилибиз экинчи планда калганы буга чейин көп эле айтылган. Бирок өткөн айда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында бул окуу жайда сабактар жалаң орус тилинде өтүлүп жатканын, ал жакта кыргызча сүйлөгөндөрдү сүйбөй тургандыгын Айдарбек Көчкүнов деген окумуштуу президентке айтып даттанган. Президент дагы "Кыргызча сабак өтпөгөн окуу жайдын барынан жогу жакшы" - деп катуу айткан. Президенттин айтканы себеп болдубу же өз тилине болгон өгөй мамилесин өзгөртө албай койдубу ким билсин, Чыңгыз Шамшиев 24-ноябрда өз эрки менен иштен кетээрин айтып арызын жазыптыр. Шамшиевдин артынан арызын камдап, окуу жайдын 30дай кызматкери дагы ректорун колдоп, каршылык иретинде иштен кетүү ниетин билдирди. Кыргыз тилине чыйт түкүргөн Чыңгызын баш, обу жоктонгон отузун төш кылып токтоосуз түрдө иштен айдаш керек. Себеби эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт эмеспи...


Тыңчыларды "тындым" кылалы!
"Бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланууда. Аталган мыйзам долбоорунун тегерегинде 24-ноябрда парламенттик талкуу да өттү. Талкуу учурунда көпчүлүгү мыйзам долбоорун колдосо, айрымдары каршы чыгышты. Аталган маселеге орус Президенти Владимир Путин өтө кызыктуу бир кепти айтыптыр.
В.Путиндин айтымында, Россияда улуттук кызыкчылыкты коргош үчүн бейөкмөт уюмдарды "чет элдик тыңчы" катары таанып, чет элдик жарандардын россиялык маалымат каражаттарына ээлик кылуусуна мыйзам менен катуу тыюу салынган экен. "Бөтөн мамлекеттер бизди алсыз кылышына шарт түзүп бербешибиз керек. Өзүн сыйлаган бир дагы мамлекет сырттан келген акчалар өлкөнүн ички саясий күрөшүнө колдонулушуна жол бербейт. Мындай аракетти АКШда жасап көргүлөчү, дароо түрмөгө отурасыңар. Бизде алда канча либералдуу" - деген орус лидеринин ою өтө орундуу айтылыптыр. Себеби бизде бейөкмөт уюмдардан көп нерсе жок, алардын эмне менен алек болуп жатканы, кандай саясат жүргүзөрү коомчулукка анчейин белгисиз. Көпчүлүгү Батыштан каржыланары белгилүү, демек, кимдин акчасын алса ошонун ырын ырдары калетсиз. Андыктан кыргыз парламенти аталган мыйзам долбооруна добуш берээрде Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын ойлоп добуш береринен үмүт артып туралы.


Жумагулов КТРКнын директору болуп шайланды
КТРКнын башкы директору болуп 23-ноябрда Султан Жумагулов шайланды. Шайлоонун жүрүшүндө 8 талапкердин ичинен Султан Жумагулов менен Абдыкадыр Султанбаев 2-турга өткөн эле. Кийинки этабда Байкоочу кеңештин 12 мүчөсү Султан Жумагуловго добушун берди.
Коомчулук тарабынан ар дайым сын көп айтылган КТРКнын директору болуп шайланган Султан мырза: "Мен бул жеңишти, мага жүктөлгөн жоопкерчилик деп ойлойм. Буга чейин талапкерлер тарабынан айтылган бардык сунуштарды эске алам жана колумдан келишимче ишке ашырам. Жакынкы арада КТРКны өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгам. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жана мага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем" - деп билдирди.


Таласка барып өзү тактайт
Айтылуу бизнесмен аксакал Райкан Алкановдун бычакталганы коомчулуктун оозун бир ачырса, секелек кыздарды зордуктоого аракет кылган деп ИИМ айткан имиш оозубузду андан бетер аңырайткан. Эки - үч күндөн кийин эсине келген Райкан Алканов ал имиштерди угуп каары кайнап, "бакан ооз балакайларыңды тыйгының" - деген маанидеги катын ИИМ министри Мелис Турганбаевге жөнөткөн. Орчундуу бул окуяны ордунан иликтеп келейин деп дүйшөмбү күнү ИИМ башчысы Мелис Турганбаев Таласка жөнөдү. "Тиги кыздар бирди, Алканов башканы айтып жатат. Бул ишти жеке өзүм көзөмөлгө алып, иликтейм" - деген генерал-майор Мелис Турганбаев бул чууну өзү "чубап" баштады.