Алгалай бер, жыргай бер, "эркиндиктин" торунда

Кош, Ала Тоо эгемендик кетти элиңден!
Эгемен эмесмин десең
этегиңди ачат
Эгеменмин, эркинмин деп эдиреңдебей эле кой кыргызым, эбиңди табышып, энеңди Үч коргондон көргөзүшөт булар. Эсебиңди так санап колго берет булар. Эсиңе келбесең, аңдып жүрүп этегиңди ачышат булар. Этегиң ачылбаса анда башың жарылып, бутуң сынат, ага да ыраазы болбосоң өзүң эле алтынчы кабаттан секирип түшүп өлөсүң. Өлбөсөң өлтүрүшөт. Көргүлүктү көргөзүшөт. Мына ушундай азыр эгемен Кыргызстандын абалы. Мышык эмес кумурска буркурагыдай жарга кептелдик. "Демократиялык мамлекетпиз" деп төш каккылап жүрсөк, эл аралык Фридом Хаус (Freedom House) деген уюм демибизиди суутту. 2009-жылдагы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча кезектеги отчетун жарыялады. Отчетто жарым-жартылай эркин эсептелген Кыргызстан бул жолу эркин эмес мамлекеттердин катарын толуктады. Уялганымды айт, аргасыз отчетту колум менен жаап жибердим, бирөө көрүп калбасын дегенсип. Бүт дүйнөгө шардана болгонубуз менен ишим жок десең.
Элдик төңкөрүш деп эреркегенибиз менен байкуш кыргыз 2005-жылдын 24-мартында эгемендигин да качырган, уурдаткан, тоноткон, абийирин төккөн. Ошондо эле демаралдан кемаралга айланганбыз, арамзаалардын камагында калганбыз. Минтип айтууга толук укугум бар. Себеби 2005-жылдан бери чындыкты айтып, оозун ачкан саясий ишмер, журналисттерибиз куугунтукталып, коркутулуп-үркүтүлүп, сабалып-тепкиленип, ал аз келгенсип өлтүрүлгөнү адатка айланды. Бул маселеге келгенде баягы эле оппозиция менен демократияны туу туткан укук коргоочулар ач айкырык салып чыкканы болбосо бийлик лам деп ооз ачтыбы. Өз өлкөсүндө болуп аткан, өз элинин өлтүрүлүп, камалып, кордолгонуна керек болсо президентибиз Бакиев да кайдыгер. "Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деген принципти туу туткандар адам укугуна түкүрүп да ойногон жок, каймана мааниде какшасам, толкунданып да коюшкан жок.
Албетте эркин эмес аталганыбыз Кыргызстан үчүн өтө эле зыян. Ансыз деле "топурак, таштын революциясы" атаган Батыш үчүн Кыргызстан дагы бир ирет кичирейет. Балким кичирейип, кичирейип отуруп жок да болуп кетет.
Бекеринен Бакиев бийлиги орногондон кийин эсил кайран ДОКЕМ, акылы, көрөгөчтүгү көсөм ДОКЕМ мага маек берип жатып мына минтип канкакшабаган экен да. "Доке, президентке импичмент деп кайра-кайра какшагандан корккон жоксузбу?" деп суроо узатсам, мына минтип агынан жарылган эле. "Эл аралык долбоорлор, адам укугун коргоо боюнча декларацияны буздук. Баш паанек сурап келген өзбек качкындарын ООН, ОБСЕнин чечимине каршы, ӨЭУлардын ботодой боздогонуна карабай, Каримовго кайра берип койдук. Эми алардын өлүү-тирүүсүнөн кабарыбыз жок. Матрешка операциясынан кийин кыргыз кыздарыбыз чет өлкөгө чыкса аларды жылаңачтап чечиндирип текшерсе, балдарыбызга каалаганы баңгизат салып камап коюшат. Дүйнөгө элибиздин ар-намысын, укугун тепселеп, келесоолукка жол бербедиби Бакиев бийлиги.
КТР керели кечке Бакиевди мактайт. Андан бөлөк Кыргызстандын жакшылыгы жокпу? Мени эң кейиткени - Акаевдин учурунда арамза, былгытма саясат күч алса, Бакиев учурунда - зөөкүрлүк, күчкө салмай күчөдү. Мамлекеттик КТР зордук-зомбулукту ачыктан-ачык жайылтып, "депутаттар кетпесе, аялдар армиясын түзүп, көчүккө тээп кууп чыгабыз" деп аялдар кыйкырып атса, "атыш, камаш керек" деп чалдар чаңырып, зөөкүрлүк мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүүдө. Бийлик элге кыянаттык жасап атат, мамлекет башчылыгы деп басып жүрүүгө, жетектөөгө акысы жок. Бакиев-Куловдун фундаменталдуу мамлекетте, демократияны өнүктүрүп, укуктук мамлекет деңгээлине жеткире турган интеллектуалдык даярдыгы жок экенин далилдеп коюшту."
Минтип ДОКЕМ Бакиев бийлиги орногондон аз өтпөй эле чындыкка көзү жетиптир да, "тойдум байдын кызына" дептир. Андан берки абал оңолдубу, эки эмес, жети эсе кургуйга түштүк. "Кың" эткенге кылыч суурушат, телефон чалып коркутушат, үйүңдү акмалашат, бутка тебишет, башка чабышат. Минтип отурсак жакында журналист журтунда, укук коргоо айдыңында жүргөн айымдарга да запкы көрсөтүүдөн кайра тартышпайт булар. Энени баалабаган бийликтин баш кесер бандиттери "энеңди ат" десе ага да даяр!
"Таажы кийсең деле баш оору айыкпайт" деген ажобуз чындыктан таптакыр качты, көргүсү, уккусу да жок. Чындыкты айткандар "алтын сарайдагы эшектер же бузуку, наадандар". Эх атаңгөрү, Акаев берген байталды Бакиев келип кайта алды дегенден башка аргабыз да жок! Же барбы?!
Тезек экологиялык жактан
таза, калдыгы жок отун
Эми кыргыз не кылабыз? Эркин болбой калдык деп алакан жайып отура берсек, баарыбызды кээ бирөөлөр "дүңүнөн" кулдукка сатып ийип, кулкунун кулкуйтуп, чыйт түкүрүп, чет өлкөгө баса берсе даана шорубуз куруду. Шордуубуз десем шору аздар мени сөгөт го чындап. Же биз чын эле Бакиев бийлигинин жакшы иштерин көргүбүз келбеген сокур болуп атабызбы? Келгиле, жакшы жагынан бир жолу үңүлүп карап көрөлү. Балким оппозиция калп эле элди удургутуш үчүн кур кыйкырык, куу сүрөөндүккө салып жүрбөсүн. Мына оппозиция президентибиздин "тезек тергиле" дегенин бекер сындап жүрүшөт, көрө албайт булар. Кыргыз илгертен бери эле тезек терип келген. Экологиялык жактан таза, калдыгы жок отун. Эми Курманбек Салиевичтин демилгесин колдоп, тезек өндүрүү боюнча фирмаларды ачыш керек. Эмгиче "ар бир үйгө тезек" ураанын колдобой аткан бийликтегилерге таң берем. Каап, тоо көрсө эле жол сала берген Тойчубек Касымовдой жолчу кошоматчылар аз болуп атат окшойт Бакиевде. Эмне карап турушат? Ар бир аким, губернатор ушул ишти лично колго алсын деп өнөктүк уюштуруп жиберишпейби десең. Чайнап, даярдап берип атса да аш кыла албаган борпоңбайларга күйбөгөн жериң күл болот. "Сууну сатып атат, суу жок бизде сивет жок" деп бекер айтып атышат, эч ким саткан жок, өзбек туугандарга жардам бербесек коңшулугубуз кайсы? Кең пейилдигибиз, меймандостугубуз кайда алат? Кылымдан кылымга келаткан наркыбызды унутсак кудай деле кечирбейт бизди. Аларга суу бербесек Кыргызстандын азыркы армиясы өзбек тургай боевиктен коргой албайт. Ошону түшүнүп жардам берип атпайбы Курманбек Салиевич. Каркыранын бизге эмне кереги бар эле, казактарга берип салып туура кылды. Төрт пансионатты кошо белек кылганы жакшы болду, анткени ал жер биздики эмес. Нуракең Каримов, Рахмонов сыяктуу жөнөкөй жетекчи эмес, ал деген бүтүндөй Орто Азиянын лидери да. Ошону түшүнбөй жөн эле ич күйдүлүк кылбагылачы ботом! Казактар келип эс алсын, туризмге шарт түзөт деген ушундай болот. "Ганси" авиабазасын ала чуркап, коркутуп, соодалашып атып, Кыргызстанга көп пайда түшүрдү. Эки жакка тен жакканга жетишти. Эми Өзбекстанга бир топ жерлерди берип биротоло кутулсак, чегара маселеси толук чечилип калат эле. Россиядан 2 млрд. карыз алып келди. Акаев андай акчаны араң 15 жылда тапкан. "Бандиттердин өлкөсүнө айландык" деп эле башыңарды ташка урасыңар, мына Рысбек ж. б. атылып жок болду. Акаев аларды жогото алган эмес. "Кыргызгазды" "Газпромго" сатканы эле эмне кеп? Кандай гана сонун иш болду. "Кыргызгаздан" качан пайда бар эле, жөн эле карыз болуп мойунга минип жүрүшчү. Биротоло эле орустар башкарсын. "Оппозицияны кызматка албады" деп ызылдайсыңар да тим эле, тигине Кабайыңар парламентте отурат. Бабановуңар вице-премьер болду, болгону Хон деген бирөө менен талашып-тартышып атып жакшы иштебей койду, өзүнөн көрсүн. Дагы силерге эмне керек?
"Улут аралык ынтымакты чыңдайлы" деп өзүңөр күн куру эмес сайрап атасыңар. Аны түшүнүп, Курманбек Салиевич өткөн Ноорузда өзү биринчи болуп андижанский полькага түшүп жиберди. Жубайы орус, мындан артык интернационалист болобу? Балдарга пирожки менен бир стакандан сүт берип атат. Пенсия, пособиени көбөйттү. "Көмүр кендери иштетилбей, кышында көмүр аз өтүп, мамлекеттин кампасы толбой атат" дедиңер эле, мына шаарда көп кабаттуу үйдө жашаган ар бир үйбүлө да жылуулук сезонунда жок дегенде 6 миң сом акча төлөп атат. Демек 2 тонна көмүрдүн баасы деген кеп. Шаардыктар да билсин айылдыктар кантип кыштан чыгып атканын, алар 5 тонна көмүрдү жылына 15 миң сомго сатып алып атпайбы, анан эмне алты миң да акчабы? "Куурадык эле, куурадык" дейсиңер, карагыла, өлкөдөгү ресторан-кафелерди чиновниктин баары тайтактап той-ашта жүрөт. "Кыргыз кедей деп кыздарыбызды эр албай атат" дейсиңер, азамат, мыкты жигиттерибиз бар экен, бир эмес 5-6дан кыргыз кызынын багын ачып, биринен сала бирин токолдукка алып жатат. Бул жагынан да биз социалдык жарышта биринчиликти эч кимге бере элекпиз, Ак Үйдүн 7-кабатындагы араң жашаган чиновниктен тартып, айыл өкмөт башчыларына чейин төшөк жаңыртуунун үстүндө. Дагы силерге не жакпайт түк түшүнбөйм. Колуңардан келеби, силер деле алгыла 6 аялды! Колуңардан келбейт да, келгендерди такыр көрө албайсыңар, ушу кантип болсун?! Кой, эй, кыргыз эми эгемен болбой калдык деп күйүткө батпайлы, андан көрө Бакиевдердин аманчылыгын тилегиле. Алар Фридом Хаустан да таасирдүү уюм түзө салып биздин эгемендигибизди Америкадан да ашып түшүрүшөт. Ошондо даана Америйкаң ичи күйүп жата берсин, "Кыргызстан бизден ашты, кыйын экен" деп шолоктоп ыйлап. Деги капа болбойлучу. Бактыбызга жараша айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар да эй!

Жылдыз МУСАБЕКОВА