Бул күндөр да өтөөр...

Элдин жаман назарынан, Кудайдын каарынан коркуңуз
11 - январь күнү Бишкек гарнизондук соту генерал - лейтенант Исмаил Исаковду 8 жылдык эрки менен генерал-лейтенанттык наамын алып койду. Элдик генералдын тагдыры эчак эле чечилип калган белем, сот башталаардан бир саат мурун эле Бишкек гарнизондук сотунун алдына "спецназы" баш болгон милиция кызматкерлери жык жыйма толуп, тегерек четинин баарын курчоого алышты. Мамлекеттик айыптоочу, прокурор Тимур Карабаевдин (экс-тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин уулу) өтүнүчү боюнча судья Серик Абиев "Исаков Исмаил Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, 8 жылга эркинен ажыратылсын. Үй-мүлкү конфискацияланбай, күчөтүлгөн режимде абакта кармалсын. Исаков сот залынан камакка алынсын. Өкүм күчүнө киргенге чейин Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалсын. Кылмыш кодексинин 51-беренесине ылайык Исаков генерал-лейтенант наамынан ажыратылсын"-деген 12 барактан турган өкүмүн 2 сааттан ашык убакыт окуган соң, залга чогулган Исаковдун көптөгөн тарапкерлери ызы-чууга түшүп, адилетсиз бийликке, сотко наалат айтышып, көпчүлүгү аргасыз көзүнө жаш алышты.
Исмаил Исаков өзүнүн акыркы сөзүндө коюлган айыптардын бирөөсүн да моюнуна албасын дагы бир жолу билдирип, "40 жылдан берки маңдай терим, адилет, таза ишим менен офицердик өмүрүмдү арнап, тапкан кадыр-баркым генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда бүгүнкү байлыктары аз келгенсип Бакиевдерге менин аскердик ар-намысым, кадыр-баркым болгон генерал-лейтенанттык чиним жетпей жатса керек. "Байлык, бийлик колдун кири" - деп бекер айтышпаар. Бийлигин мурда өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле өз эрким менен генерал-лейтенанттык чинди да өткөрүп берейин"-деп, атайын ала келген генералдык погонун судья Серик Абиевдин алдына таштады эле Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаров "Абышкаевдин колу кан, арам. Ал сиздин погонуңуздан айланып кетсин"-деп, погонду чөнтөгүнө салып койду. Ошентип, "дат басакан" "темир генерал" Куловчосунан көзүнө жаш алып, бышактабастан, башын өйдө көтөрүп, жаны кейип, жер тепкилеп ыйлап жаткан жубайын, тарапкерлерин жооткотуп, кишенге колун өзү созуп берип, эркекче, чыныгы генералча басып кетти.
Ал ортодо БЭК И. Исаковду коргоо комитетин түзүп, Т.Тургуналиев, Д. Шадыбеков баш болгон тогуз адам мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Ал эми алайлык жердештери Сопу-Коргон кыштагында боз үйлөрдү тигишип, Ош-Эркечтам жолун тосууга алышты.
Төмөндө Исмаил Исаковдун сотто сүйлөгөн акыркы сөзүн айрым кыскартуулар менен бермекчибиз.

Айыпталуучу Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү
Урматтуу сот!
Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Акүйдүн жетинчи кабатында отурушуп "заказ" бергендер табаасы кана, бизге каршы чыккандар жана сындагандар, ушундай болот деп маашырланып отурушат.
Ушундай көрүнүш Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык-элдик бийликтин ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.
Прокуратура өкүлдөрү, ушул сотко катышып жаткан айыптоочулар мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнүн ордуна Бакиевдердин жеке кызыкчылыктарын коргогон, мыйзамга каршы келген буйруктарын, тапшырмаларын кынтыксыз аткарган, алардын саясатын сындаган, өз ой-пикирлерин ачык айткан жарандарды жазалоо, куралына айланып калганы өкүнүчтүү.
Алардын, мына ушундай жолго түшүп калганын оппозициялык күчтөрдүн, партиялардын мүчөлөрүнө алардын жетекчилерине болгон аракеттери, Ноокат, Балыкчы, Петровка окуялары, алар боюнча, соттун жыйынтыктары, азыркы Петровкадагы сот процесстери жана залда отурган айыптоочулардын мен тараптан мыйзам бузуулар жок экендигин билип, көздөрү менен көрүшүп ички дүйнөлөрү менен туюп туруп, соттук иликтөө учурунда күбөлөрдүн бардыгы Исаковдун кылмыш иштерине тиешеси жок, анын аракеттери мыйзам чегинде дегендерине карабай, мени 8 жылга жазалоону, үй-мүлкүмдү, генералдык чинимди алууну талап кылышкандары, жогоруда айткандарды тастыктайт. Жалпы элди да ушундай жыйынтыкка келүүгө аргасыз кылат. Исаковдун күнөөсү жок экендигин иш козгогон тергөөчүлөр билген эмеспи? Техникалардын бардыгын мен кеткенден алты ай өткөндөн кийин 2008-жылдын ноябрь айында аскер бөлүгүнүн эсебинен чыгарып коюшканын билишкен жок беле? Баарын билишкен. Алардын максаты техникаларга түз жооп бербеген, күнөөсү жок Каимовду атайын отургузуп, мени каралоо гана болгон. Ошондуктан, мага козголгон кылмыш иштин түбү ушул залда каралып жаткан маселелерде эмес, бийликтин жүргүзгөн саясатына болгон көз карашымда экендигин бир эле биз эмес, мамлекеттик айыптоочулар өздөрү техникалар боюнча күнөөнү менден алып коюшуп ачыктан ачык көрсөтүштү.
Күнөөнүн жоктугуна карабай айыптоочуларга тапшырма катуу берилсе керек, болбогон нерсе үчүн сизден, мени 8 жылга эркимден ажыратууга жана үй мүлкүмдү, генералдык чинимди алууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, маңдай терим, адилет, таза ишим менен офицердик өмүрүмдү арнап, тапкан кадыр-баркым генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда бүгүнкү байлыктары аз келгенсип Бакиевдерге менин аскердик ар-намысым, кадыр-баркым болгон генерал-лейтенанттык чиним жетпей жатса керек.
"Байлык, бийлик колдун кири" - деп бекер айтышпаар. Бийлигин мурда өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле өз эрким менен генерал-лейтенанттык чинди да өткөрүп берейин.
Мүмкүн ушундан кийин бийлик элди кордогонун, тентиткенин, күнөөсүз камаганын, кыргыз элинин байлыктарын, жерлерин саткандарын, башка өлкөлөргө бергендерин токтотоор. Сиз дагы адилет эмес өкүм чыгарып, элдин каргышына, Кудайдын каарына калбаңыз. Жөөттөр айткан экен "Кудай берди эле, кайра кудай өзү алды" -деп.
Кудайдын колдоосу, өз эмгегим менен алдым эле, ушул жерде отурган айыптоочуларга берип коюңуз, сүйүнчү кылышып, ай-гайлап алып барып беришсин, "буйругуңузду аткардык" - деп жүздөрү тамылжысын. Булар мага жалган күнөө коюшуп, аскердик ар-намысын булгашты, элге берген антын бузушту. Качан аскер адамдары мекенине, элине эмес, бийликте отургандардын үй-бүлөсүнө кызмат кылышкан? Биз бүгүн кулчулук же феодалдык коомдо жашап калдыкпы? Же ошондой заманга кетип бара жатабызбы?
Буйрукту ак үйдөгүлөр тымызын берип койушуп өздөрү билмексен болуп, "сот өзү чечет, биз ишине кирише албайбыз" дешип жылуу кабинеттеринде отурушат. Ал эми мобуреки айыптоочулар "айт" дегендерин айтышты. Азыр элдин көзүн карай албай отурушат, мага жалган күнөө коюшуп, элдин каргышына, кудайдын каарына калышты.
Биз терең ишенебиз, мыйзамга каршы келген буйруктарды бергендер жана аларды аткаргандар ким болбосун эртедир-кечтир эл алдында болбосо дагы Кудайдын алдында жооп беришет. Мындан кийин жалпы эл ушундай көрүнүштөргө кайдыгер мамиле кылбаса керек. Бүгүнкү зордука, өзүм билемдикке, өз элин кордогон, элдин ой-пикирин эске албаган саясатка бөгөт койбосок эртең кеч болуп калат. Бүгүн биздин, эртең силердин үстүңөрдөн иш козгоп кордой баштайт. Бүрсүгүнү силерди колдой турган бир дагы жаран калбай калат. Коркунуч ар бирибиздин үйүбүздүн босогосуна келди, террор жана репрессия күчөдү, улутубуздун жоголушуна бийлик шартты толук түздү.
Качан гана Кыргызстанда жалпы элдин кызыкчылыгын ойлогон, эл үчүн кулдай болуп кызмат кылган, мыйзамдуулукту ыйык туткан бийлик орномоюнча элдин турмушу эч качан оңолбойт, адилеттүүлүк болбойт, адам укугу дагы тебеленбейт, прокуратуранын өкүлдөрү азыркыдай мыйзам бузууга, үй-бүлөнүн буйругун аткарууга барбайт, балдар-кыздарыбыз башка өлкөлөргө жумушсуздуктун айынан ата-энелерин, тууган-уруктарын эң негизгиси ата-мекенин таштап кетпейт.
Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете "Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу" - болот деген экен. Ошондуктан биз дагы күн сайын аракеттенип, мыйзам чегинде күрөшөлү, мыйзамдарды бузганга жол бербейли. Ошондо гана мамлекет элге тиешелүү проблемаларды эффективдүү чечет, мамлекеттик органдар эл үчүн иштейт, өлкөдө, мыйзам бузуучуларга баш калкалаганга бир дагы сантиметр нейтралдык зона калтырылбайт, бүгүнкүдөй кордук, зомбулук, үстөмдүк жана өзүм билемдик болбойт, өлкөдө мыйзамдуулук орнойт.
Сөзүмдүн акырында, Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын, менин аракеттерим мыйзамдарда бекитилген жана мыйзамдарда мамлекеттик органдарына милдеттенилген иш-чараларды так аткаруу болгон. Мен тараптан мыйзам бузуулар болгон эмес, кызматымды өз кызыкчылыгым үчүн тыянак пайдаланган эмесмин, мага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" - деп эсептеймин. Сиз кандай өкүм чыгарасыз, ал сиздин ички дүйнөңүз жана моралдык-нравалык ынанымыңызга жараша болот. Эгерде бийликке көз каранды болсоңуз, албетте алар берген буйрукка жараша чечим чыгарасыз. Айып этпесеңиз, эсиңизге сала кетейин, орустардын жакшы сөзү бар "Не берите грех на душу" деген, жалган жалаага кошулуп, Кудай алдында күнөөгө батпаңыз. Сизди дагы бир жолу адилеттүүлүккө чакырсам, өзүңүздүн ыйык болгон аскер формаңызды сыйлап, абийириңизди, ар-намысыңызды булгабай мыйзамга гана баш ийиңиз. Элдин жаман назарынан, Кудайдын каарынан коркуңуз.

Исмаил ИСАКОВ