Геннадий Павлюкту эскерүү

Окурмандарга Ибрагим Рустамбек тергеме ысмы менен таанымал таланттуу журналист Геннадий Павлюктун Алматыда канкорлордун колунан курман болгонунан бери бир ай убакыт өттү. Казакстандын укук коргоо органдары тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүп, анын өлүмүнө Кыргызстандын жарандарынын катышы бар экенин расмий түрдө билдиришти. Ал эми кошуна өлкөнүн маалымат агенттиги бул окуяга кыргызстандык чалгындоо кызматтарынын тиешеси бар экенин жарыялашты. Кантсе да бизде эле эмес, чет мамлекеттерде да чоң резонансты, тынчсызданууну пайда кылган бул окуяга тиешеси бар адамдар эртеби-кечпи ашкереленип, жазаланууга тийиш. Муну маркумдун кесиптештери эле эмес, Кыргызстандын бүт ыймандуу коомчулугу чыдамсыздык менен күтүүдө. Г. Павлюктун коомдук-саясий көйгөй темадагы курч, мазмундуу макалалары орус окурмандарынын чөйрөсүндө абдан кеңири белгилүү болгон менен, тилекке каршы, көпчүлүк кыргыз окурмандарына анча тааныш эмес. Ошондуктан анын чыгармачылык талантын жана саясий позиция, көз караштарын кыйла ачык чагылдырган акыркы макалаларынын бирин кыргыз окурмандарына сунуш кылуудабыз. Журналисттин чыгармалары менен кенен таанышкысы келген окурман Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Интернет сайтына баш бакса болот.

Ибрагим Рустамбек:
Макс Бакиев -
кыргыз саясатынын чыгаан мачосу катары
Алдыда чыныгы өзгөрүүлөрдүн жышааны барбы? Жакында эле Өнүктүрүү фондусунун (ӨФ) жыйынында Максим Бакиев КР ӨФнын ишине коомдук контролду, ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн "өнөктөштөрдү тандоо учурундагы баардык талкууларды ТҮЗ ЭФИРДЕ өткөрүүгө" ниеттенгенин билдирди.
Бул - социалдык жана кадр саясатындагы ыңкылаппы же адаттагы эле популизмби? Азырынча бул болгону пиар-жүрүш: ал иш жүзүнө ашырылабы, жокпу - алдыдагы жарым жылда маалым болот. Бул мөөнөт, албетте, абдан аз, бирок андан узартканга "реформачылар" командасынын чамасы чак. Ансыз буларды "салт улантуучулар" мертинтип коюшат, эң башкысы коом мындан ары чыдабайт. АНДАН АРЫ М. Бакиевге, анын командасына мындан да кыйын болот. Коомдун бийликке ишеними жокко эсе, мында Президенттин бийлик ыйгарым укуктарын менчикти жана финансыны өз адамдарынын ортосунда гана бөлүштүрүүгө негизделген өткөн төрт жылдык саясатынын "сиңирген эмгеги" абдан чоң. Ал эми өлкөнүн социалдык-экономикалык вектору жана "калган" калк эмнегедир четте калды.
"Аталардын күнөөлөрү балдарынын баштарына түшөт" деген накыл кеп бар эмеспи. Эгерде алдыларына кырдаалды бузуу максатын коюшса (эл айткандай көз боемочулукка барып жатпаса), М. Бакиевге, анын шериктерине коомдук пикирди өз пайдасына буруу оңойго турбайт. Себеби азыркы бийликке эч ким ишенбейт. Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруудагы реформаларды жарыялап жатса, ал эми белгиси бар "туз" Данияр Үсөнов башында турган өкмөт жыртылган картадай тамтыгы чыгып отурса, ага ким ишенет. Демек, кантсе да "жаш реформачылар" командасы эртеби-кечпи АЗЫРКЫ ЖУРТ БАШЧЫСЫНА КАРШЫ ЧЫГАТ. (Мисалы, Россияда деле Д. Медведев каалайбы-каалабайбы, бүгүн "насаатчы атасы" ВВПны, анын өкмөтүн социалдык-экономикалык прогрессти камсыздабаган үчүн сындап отурат. Турмуш менен саясаттын логикасы ушундай!).
Кыргызстанда демократиядан артка чегинүү - бул убактылуу көрүнүш экенин түшүнүү керек. Себеби биздин өлкө үчүн демократия көп жылдар бою бизге гранттар менен инвестициялар келип, биз менен дүйнөдөгү цивилизациялуу коомчулук алакалашкан "конверттелген ресурс". Муну, баса, алгачкы Президент Аскар Акаев абдан жакшы түшүнгөн (ал жасаган иштердин баарын четке кагуу акылсыздык болор эле). Дегеле бийликти мурас боюнча өткөрүп берүү идеясы үчүн азыркы бийлик ага чейинки режимге дагы "милдеттүү" (атасынын ордуна Бермет Акаеваны коет деген сөздөрдү эстейли).

Кырдаалды "бузууда" эми кандай кадамдар талап кылынат?
Абалы оорлоп кеткен ОППОЗИЦИЯНЫ ТУРМУШКА КАЙТАРЫП КЕЛҮҮ ЗАРЫЛ. Россияда буга "күч түзүмүнүн чеңгээлиндеги" В.Путин да жамандыр-жакшыдыр жол берген, б.а. ошол "Адилет Россия" түзүлүп, ага кошумча - коммунисттер өлкөнү башкарууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок бул да аздык кылды: Путиндин "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлдөрү "кадиксиз" жеңишке ээ болгон бийликтин жергиликтүү органдарына кийинки шайлоолорду Д. Медведевдин кыйла катуу "сынга" алганы кокустук эмес. Ал эми Кыргызстанда бийликке ишенүү кредити түгөнгөн. Ошондуктан эксперттер Президент өз ката-кемчиликтерин, күнөөсүн Жогорку Кеңешке "оодарып", эмки жылдын жазында парламентти таркатат деп болжолдошууда.
Кадр саясатында реалдуу жылыштар болушу керек, анткени Д.Үсөнов, А. Мадумаров, Ү. Сыдыков сыяктуулардан турган карталарды канча чапкыласаң да, алардан эч майнап чыкпайт. Албетте, ар түрдүү тармактарда сапаттуу жылыштар болушу зарыл. Маселен, ошол эле туризм тармагында Т. Мамашовду (анын биздин өлкө Санта Клаустун мекени деген таңуулама идеясы жана эс алуучулардын саны жөнүндө жалган отчеттору менен) кызматтан алып, туризм боюнча мамлекеттик агенттикти жаап, ишти бүткөрө албайсын. Өлкөгө ушул тармакта да, ошондой эле башка багыттарда да кырдаалды реалдуу өзгөртө ала турган инвесторлорду кайтарып келүү зарыл. Бул, маселен, Жогорку даражалуу принц Ага Хан-IV (Ысык-Көл курорттук зонасын өнүктүрүү боюнча генпланды кезегинде Жогорку даражалуу принц сунуштаганын, ошол мезгилде биздин өлкө эл аралык туристтик өнөр жай базарына кирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алганын эске салабыз. Бирок…ыңкылаптан кийин бул иш улантылган жок), көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында өнөр жай айнегин өндүрүү боюнча экспортко багытталган ишкананы (Токмок шаарындагы "Интергласс" заводу) биринчи жолу ишке киргизген "Steinert Industries" ишканасы ж.б. сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр. Электрондук өкмөт, маалыматтык-коммуникациялык жаңы технологиялар сыяктуу Ноу-хау долбоорлорун жигердүү түрдө киргизүү абзел. Себеби ал "түз эфирге" чыгууга жардам берет, Өнүктүрүү фондусуна тартуу пландаштырып жаткандардын эле эмес, чиновниктер менен башкаруучулардын бүтүндөй тобунун ишин ачыкка чыгарат.
Тышкы саясатта да биз Париж үстүндөгү фанерадай учуп жүрөбүз. Россия менен АКШнын региондо үстөмдүк кылуу үчүн "сүзүшкөндөрү", же сууну чогуу пайдалануу жана энергия берүү проблемаларынын айынан кошуналар менен мамилелерибизди бузгандыгыбыз - бул геосаясат эмес. Бул партизанчылык жана мурдунан алыс көрө албагандык, тигил же бул кырдаалдын түзүлүп калышы жана аларды пайда көрүү максатында өз кызыкчылыгына колдонгондук гана болуп саналат. Ал эми тышкы саясатты жүргүзүүчү мекеменин иши капиталдык текшерүүгө муктаж экени мурдатан эле белгилүү.
Сөз эркиндиги жана ЖМК туураалу, албетте, өзүнчө сөз кылгым келет.
Азыркы кезде Кыргызстандагы ЖМК- нын 90% ынын аты эле бар, алардын көбүнүн бийликтин, ошондой эле бүтүндөй өлкөнүн бедели үчүн бийликке акылсыздык менен "бел бүккөнүнөн" эч нерсе чыкпайт. Тагыраак айтканда, бул "тескери" жыйынтык берүүдө. Сөз эркиндиги бул да "конверттелген" ресурс, ал азыр баш аягы жок төгүлүп, чачылып, дээрлик жок болду. Көкөлөтүп көтөргөн өкмөттүк "Слова Кыргызстана", Улуттук ТК, "5-канал" - мыкты дегенде жергиликтүү маанидеги маалыматтык попса. Мындай ЖМКларды түшүнгөн адамдар сыйлабайт, аларга ишенбейт; анын үстүнө жергиликтүү көп басылмалардын маалыматтык продукциясы Кыргызстанды алга жетелебейт, себеби ал продукция эл аралык стандарттарга такыр ылайык келбейт.
Бийлик көз карандысыз басма сөз менен иштей башташы, чындыктан коркпошу, катаал жана жагымсыз суроолорго жооп берип турушу керек. Экинчиден, чет өлкөлөрдө өлкөбүздүн беделин калыптандырган чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү менен конструктивдүү байланыштарды түзүү зарыл (Кыргызстанда эл аралык маалымат кызматтарына ээлик кылган он бештей гана журналист бар). Үчүнчүдөн, - бул негизгиси - өлкөгө Кыргызстанды чет элдерге тааныткан, анын жаратылыш байлыктарын, тарых менен маданияты, туризм менен бизнес мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган ӨЗҮНҮН, кубаттуу ЭКСПОРТКО БАГЫТТАЛГАН БАСЫЛМАСЫ (андайдын бир нечеси болсо мындан да жакшы) болушу абзел. Кезегинде казактар ошол эле "Караваны" менен чет өлкөлүк базарга токтоосуз чыккан ишин жасоо керек. Мунун баары Кыргызстан үчүн ноу-хау болмокчу.
Азыркы менеджер-башкаруучулар социалдык-экономикалык чөйрөдөгү олуттуу өзгөртүүлөргө даярбы, өздөрүнүн амбицияларын жана демилге, саамалыктарын ишке ашырганга канчалык деңгээлде жарамдуу. Өлкөгө, коомго, ошондой эле бийликке реалдуу натыйжалар керек. Себеби "жаш реформаторлор" - башкаруучу режим жана жеке Президент үчүн акыркы мүмкүнчүлүк. Эгерде өзгөрүү, жылыштар болбосо - бул алардын заманынын бүтө баштаганы…
Кыргызчалаган
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,
www.sdpk.kg