Көзү ачыктын баяны...

КАРЫБЕКОВ Мелис Асан теги,
Белгилүү парапсихолог, көзү ачык:
"Жээндердин өлкөсү"
Ала-Тоодон кар кетет,
Эркектерден ал кетет,
Үч никелүү кыз чыгат,
Тоо титиреп муз жылат.
Жер жарылып туз чыгат.
Кыш ордуна жай болот,
Алаамат болуп басылат.
Эли тынчып бай болот,
Эли журтун байыткан,
Жерден чыккан май болот.
(Манас дүйнөсүнөн келген маалымат 1995-жыл Мелис Карыбеков )
Сырдуу биоталаа
Бала чагым Ак-Талаа районунда таята, таенемдин колунда өттү. Жээн эл болбойт дегендей, 9-классымда өз ата-энемдин колуна келип, Кара-Кол шаарындагы Киров атындагы мектепте билим алдым, ошол мектептин символу болгон Абид Ахмедов аттуу агайдын элеси өзгөчө эсимде калды. Айылдан келип орус тилин билбегендиктен, жалгыз кыргыз мектепке кирдим. Кыргыз мектеп болгону менен айылдагы мектепке салыштырмалуу сабактары гана кыргызча болбосо, орус мектеп десек болот. 29 кыз жана 2 эркек бала элек. Кыздар көптүгүнөн пайдаланып болушунча тийишет. Жаратылышымда тапан, тентек бала болсом да, Сүйлөйүн десем орусча билбейм, айла жок унчукпай мисирейгенден башка аргам жок. Ошондой мүнөзүмөн улам Мистекан атка кондум. Кандайдыр бир себеп менен бир жума сабакка келбей калдым. Ал убакта эки класстын кыздары мени сыртымдан талашып мушташып, ызы-чуу болушуптур. Мектепке келсем дос балдар "красавчик, сен аябай сулуу турбайсыңбы" дешсе. Улам-улам күзгүдөн каранып, сулуулугума суктанып, өзүмдү сулуу сезип, болбой калдым. Айылдын кара баласында кайдагы сулуулук, көрсө сулуулук, тунук, таза энергияда турбайбы. Кийин тажрыйбалуу парапсихолог болгонумда, ошол окуянын жандырмагын чечтим. Анткени, кыздарга тийишмек турсун, сүйлөгөндөн айбыгаар элем, бирок кыялымда күндө бир кыз менин сүйүктүүм болот. Ал кезде мен өз касиетимди кайдан билдим. Көрсө менин биоталаам күчтүүлүк кылып, ошол кыздардын биоталаасы менен чырмалышып, менин жүрөгүмдөгү купуя сыр ал кыздарды багындырган.
Менин ой-кыялым чындыкка айланып, махабаттын таза, тунук энергиясы жанданып кеткен. Кийин классташ кыздарым менен кезигишкенде "ошондо сенин эмнеңе биз ашык болдук экен" деп тамашалап калышат. Бирок, менин бул турмушумда, тажрыйбамда, тагдырымдагы негизги табышмак, негизги менин эмгегим бүтүндөй ушул биоталаанын сыры менен байланышта болду. Биоталаам булганганда азап чектим, биоталаам тазаланып, нурданып, күчүнө киргенде бактылуу болдум. Биоталаамдын күчү менен далай ооруларды багындырдым. Биоталаамдын айлампасын Манас дүйнөсүндөгү чексиз айлампага аралаштырып, адамдарга бата, тилек, жакшы ниет аркылуу Манастын энергиясын жеткирдим. Манас дүйнөсүнөн маалымат алып, эли - жеримдин келечегин көрдүм. Сырдуу биоталаа ар бир адамда бар. Биоталаанын тазалыгы же ыпластыгы адамдын тагдырын, келечегин чечет. Биздин элдин биоталаасынан жээндердин өлкөсүн көрдүм.
Кара далы кыздар
Бишкекте коңшу турган бир апа менин касиетимди тааныштарыбыздан угуп, турмушка чыкпай жүргөн үч кызынын жолун ачып, жардам берүүнү суранды. Мен үч кыздын биоталаасы аркылуу келечегин карап, чын дилимен жардам берүүгө көңүлдөнүп калдым. Ушул жерден коңшу апа, эне катары чоң катачылык кетирди. Мага ишенип-ишенбедиби же алгач сынап көрүүнү чечтиби, өз кызын эмес, кара далы 36 жаштагы коңшу кызды ээрчитип келиптир. Касиет менен этият мамиледе болуу керек. Менин ниетим апанын үч кызына бурулуп калган. Улуу адамдын бул кылыгына келген ачуумду ичиме катып, экинчиден касиетимдин күчүн апага көрсөтүш үчүн, унчукпастан ал кызды кабыл алдым. Кара далы кыздын тагдыры оор, бир бөлмөлүү үйдө сиңдиси, күйөө баласынын үстүндө күн кечирет экен. Келбети, жылдызы деле анча өзгөчөлөнбөгөн, тааныбагандар көрсө "турмуштун азабын тартып калган көп балалуу эне" деп ойломок. Апанын көз карашында бул кыздын багы ачылаары эч мүмкүн эмес эле. Бул окуя али да жакшы эсимде. Ошол кыздын биоталаасында үч күн эмгектендим. Коңшулардын арасында ачык асманда чагылган чартылдагандай эле окуя болду. Үч күндөн соң күтүлбөстөн бир жигит куда түшүп, жуучулар менен келип алып кетти. Бир айдан соң алган жубайы экөө мага келип батамды сурашты. Өңдүү-түстүү келбеттүү жигит экен, өзү Нарындык Молдовиядан жүзүм-шарап өндүрүү чеберчилигин үйрөнүп, билим алып келген экен. Кыз түштүктүн кызы эле. (Үч-төрт жылдан соң күйөө баласына кезигип, кайын эжесинин эркек уулду болгонун уктум.) Кара кыздын агынан эмес, багынан деген бекер сөз эмес да. Ошентип, апанын шаардык, илим-билимдүү улуу кызынын бактысы ушу кызга ооду. Кийинки эки кызынын тагдырын айтсам. Бир кызы турмушка чыгып, бала-чакалуу болду. Экинчи кызы чет элдик мырзага баш кошуп, үйлөнүү тою Бишкекте өтүп, ал тойго мен да катыштым. (Мелис Эшимканов жубайы менен белгилүү инсан Асылбек Өзүбеков да бул тойдо болгон. Бул адамдардан кечирим сурайм, себеби окурмандарда бул окуяны оюнан чыгарды деген ой калбасын. Ал карындашыма чын жүрөктөн бакыт каалайм. Манас элинин көптөгөн кыздары бизге жат, чоочун чет элдиктердин энергиясына бактыларын байлашты. Кыргыз Эл акыны, учурда манасчы Шайлообек Дүйшеев экөөбүз түзгөн Манас дүйнөсүнөн келген маалыматты 2030-жылга чейин айтып токтоткон себебибиз, элибиздин келечеги жээндердин өлкөсүнө айланып баратканы болгон. Ар бирибиздин биоталаабыз улуттун биоталаасы менен байланат, кичине жарака акыры чоң жаракага айланат.
Апалардын батасы
Ысык-Ата районундагы Өтөгөн олуянын Өтөгөн айылында Нурбек аттуу досум бар, аны теңтуштар тамашалап "Карадөө" деп айтышат, келбети да, пейили да дөөдөй кенен жигит. Учурунда мен да, ал да арактын акесин таанытканбыз. Кийин табыпчылык касиетимдин жардамы менен ичкиликтен сууруп чыктым досумду. Досумдун үйүнө мейманга барып, тамашалашып, баарлашып, айылдагы аркы-берки сөздөрдөн кеп уруп отурдук. Досумдун энеси апабыз "Мелис карындашыңдын келечегин бир карап көрчү" - деп кызын чакырды. Жашы отуздан өтсө да турмуш куруп, багы ачылбаган досумдун карындашын астыма чакырып, биоталаасын карап мындай кеңеш бердим "сенин бактыңды апалардын батасы ачат, айылдагы бала-бакыралуу, небере-чөбөрөлүү, пейили таза апаларды тандап, алардын батасын ал" дедим. (Алардын бири белгилүү саяпкер Кекендин апасы) Менин айтканымды айткандай аткарышыптыр. Кийинчерек досум Бишкекке келип, карындашын коңшу Кегети айылына жакшы жерге турмушка чыкканын айтып кубанды. Батанын күчүн, сыры мында ошол кыздын жалгыздыктан кыйналган, жардыланган биоталаасы мээрман апалардын биоталаасына аралашып, байып, күчүнө кирип, багы ачылды. Мен мазарга сыйынганы барбайм, мазардан күч кубат, энергия алганы жана мазардын ээси чакырганда барам. Мазарга барып, мазарга эмес, Аллага сыйынып, намаз окуйм. Мазардын кутун качырып, себепсиз тебелеген туура эмес. Ар бир айылда, ар бир көчөдө мазарга тете апалар бар. Апалардын батасынын касиетинде Манастын энергиясы бар. "Батадан эл көгөрөт, жамгырдан жер көгөрөт" деп бекер айтылбайт.
Казыбек казалчынын батасы
Чоң таенем Шайымбүбү жүз жаштан ашып калганда алыскы Ак-Талаадан Бишкекке небере-чөбөрөлөрүнө акыркы ирээт көрүшүп, коштошкону келиптир. Чоң таенем жүздөн ашып калса да, бизди таң калдырганы эс тутуму тунук, көзү курч, мээримдүү, дале кайраттуу. Чоң таенемдин көп жашаганынын сырын кийин мен жандырдым. Жашы жүздөн ашып калса да, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин келечеги бар эле. Кары адамдардын көпчүлүгүндө келечеги жок, учур чакты жек көрүп, келечектен коркушуп, өткөн чак менен жашашат. Ал эми жаштарда келечектин үмүтү жанып, учур чакты сезбей, өткөн чакты ойлоруна да алышпайт Ушул үч тең салмак бузулса тагдыр бузулат, өмүр кыскарат. Ал эми менин чоң таенемде ушул үч мезгилдин тең салмагы жайында болчу. Көзүнөн мээрим төгүп мени тиктегени дале көз алдымда, энемдин да, жубаймдын да, кызымдын да көз карашынан мындай мээримди али байкабадым. Белгилүү обончу, маркум Чубак Сатаев элдик ыр деп ырдаган
"Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөң сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем, жеңе,
Эрмегим деп ырдай жүр" - деген ыр көрсө Казыбек казалчынын ыры тура. Казыбек казалчы жаш кезинде Ат-Башыдан качып, Ак-Талаанын болушу чоң таятам Шыгай болуштун үйүндө жүрүп, анын карындашына үйлөнөт. Өз эли Ат-Башыга кайтып жатканда кайын жеңеси менин чоң таенем Шайымбүбүгө ыраазы болуп ырдаган экен. Бул касиеттүү казалчынын ыраазычылыгын менин чоң таенеме жана анын жети муунуна берген батасы деп эсептейм. Армандуу казалчы Казыбек менен армандуу ырлардын автору маркум Чубак Сатаевдин жан-дүйнөсү окшошуп кетет. Чоң таенем Бишкектеги небере-чөбөрөлөрүн түрө кыдырып, Ысык-Атага меникине келди. Үйүмө жети кыдыр келгендей эле болду. Бул умай эне "менин тукумуман да касиеттүү табып чыкты, күтүп жүргөм, эми өлсөм арманым жок" деп, акыркы керезин айтты "Эми экөөбүз көрүшпөйбүз, мени чоң таятаң Шыгай чакырып жатат, аны менен тиги дүйнөдө жакында кезигем. Чоң кайын атам Баатай мага боз үйүнүн түндүгүн берген, ошол үйдүн ууктары уул-кыздарым, керегеси небере-чөбөрөлөрүм, силерсиңер" деп ичинен дуба окуп оозума түкүрүп, батасын берди. "Айтылуу Байымбетти Баатай эркелетип, Тоголок Молдом деп, жанында катчы кылып алып жүрчү экен. Ошондон улам Тоголок Молдо аталып кеткен".
Мен кыргыз уулумун, кыргыз жээнимин, Манастын тукумумун. Ата-Журтум да, Тага-Журтум да менин мекеним. Казыбек казалчынын мекени Баба-мазар Чеч-Дөбө турган Ат-Башы эли таланттарга да бай, байларга да бай. Кыргыздын мазарлары экиге бөлүнөт. Ата-мазар, Баба-мазар, Ата-мазардын бири Ысык-Атанын сырын өткөндө бир аз ачтык. Орто Азия элинде Бабалардын бабасы Түркстандагы Мухаммед пайгамбардын сахабасы Арстан-Баба жаткан жер болсо, кыргыз мазарынын бабасы Чеч-Дөбө, ал жерде Алмамбет жатат. Чолпон-Ата, Манжылы-Ата, Кочкор-Ата, Таштар-Ата, Ысык-Ата, Шамшыкал-Ата сыяктуу мазарлар Манас дүйнөсү менен байланышат.
Муса Баетовдун батасы
Айтылуу "Агым" газетасынын редакциясында түз байланыш уюштуруп жатсак Асек Жумабаев аксакал келип калды. Жашы сексенге жакындап калса да күүлү-күчтүү, калемпир-мурчун аралаштыра сүйлөп, мага көрүнгөнү келиптир. Асек аксакалга өткөн-кеткендери, бала-чакасы жөнүндө айтып берип, маектешип отурдук. Бир учурда аксакалдын аркасында нур чачкан жагымдуу энергияга жуурулушуп, касиеттүү адамдын комузу көрүндү. "Сиз бир касиеттүү адамдан комуз алган экенсиз?" десем. Энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, баладай жүзү жылмайып "Мусакемдики" деди. Ал комузду баласынан да, жашоосунан да артык көрүп, кадырлаган тура. Жакында тай энем Бүбүкалыйдан "Муса Баетовдун батасын алганыңарды айтып жүрдүңүз эле" деп сурадым. "Илгери райондун борборуна Муса Баетов баш болгон артисттер концерт коюп келишти, ошондо Мусаке сенин тай атаң Карыбекке жолугат. Экөө ага-инилик мамиледе жүрүшкөн. Тай атаң Мусакеге жакында үйлөнгөнүн айтса "келинчегиңди мага тезинен ээрчитип кел" дептир. Сүрдөп, уялып тай атаңды ээрчип Мусакенин астына бардым. Экөөбүздүн колубуздан кармап "эч ажырашпагыла, бактылуу болгула, көп жашагыла"-деп батасын берди. Мусакенин батасы тийип тай атаң экөөбүз 56 жыл бирге жашадык. Канчалаган эр азаматтар согуштан кайтпай калды, кан күйгөн согуштан тай атаң аман келди. (Чоң атам Асан согуштан кайткан жок. Кийинки макалаларда Ата-Мекендик согушта шейит кеткен аталардын арбагы менен байланышканымды сөз кылам) Мусакенин батасы колдоду деп ойлойм" деди. Үчүнчү көздүн жардамы менен ошол өткөн тарыхка көз жүгүртсөм Мусаке кудай жараткан касиеттүү булбул тура, жанагы Асек аксакалдын артынан көрүнгөн комуздагы энергия, Манастын энергиясы. Мусакенин батасы аркылуу тай ата, тай энемдин ак никесине Манастын энергиясын өткөргөн экен. Кылымдардан кылым карытып, укумдан тукумга өтүп келаткан энергия-Манастын энергиясын урпактарыбызга дилибизде ыйык сактап, өткөрүп берүүбүз керек.
Куйручуктун батасы
Атактуу акын Мидин Алыбаевдин жубайы Жыпариса апабыз менен маектешкенибизде "Апа, сизге Куйручук батасын бергени чынбы?" деп сурадым. "Чын балам, бирок ал батага мен нааразымын" деди. Мен чочуп кетип "Эмнеге?" десем. "Куйручук "узун өмүр гана тилептир", бакты-таалайды айтпаптыр. Мидиндин арагынын азабы, мени жалгыз таштап өмүрдөн эрте кеткени бактысыздыгым да, балам" деди. Батанын күчүнө катуу ишенген апабыздын айтканы ушул болду. Жыпариса апанын жүрөгүнөн бир гана адамга, бир гана никеге өзүн арнаган махабаттын таза энергиясын сездим. Мидинден калган туяк Медер аттуу уулу менин досум, аны учурунда касиетимдин жардамы менен жамандыктын сазынан сууруп чыктым. Ошондо бизди атасы Мидиндин арбагы колдогон. Мидиндин энергиясы-Манастын энергиясы болгон. Манас дүйнөсүндө Бакай, Кошой олуялар түзгөн көчкө кийинкилерден Калыгул олуя, улуу манасчы Саякбай олуя, Өтөгөн олуя акыркылардан Чыңгыз Айтматов олуя катары кирсе, айтылуу Куйручук касиеттүү көзү ачыктардын көч башында турат. Куйручуктун батасынын күчү-Манас энергиясынын күчү.
Үч никелүү кыз
Биринчи никеси шайтан менен,
Арманы жок.
Экинчи никеси эркек менен,
Дарманы жок.
Үчүнчү никеси баласында,
Чындыктын жалганы жок.
Тагдырым деп,
Бирин да чанганы жок.
Үч никелүү кызыңар кайтып келет,
Жээн келгиче жети желмогуз келсин деген,
Жаңылыкты жашырбай айтып келет.
Жетим болуп, жериңден айдаласың,
Жээниңдин бийлигине байланасың.
Энеси аңги, атасы жок, батасы жок
Жээндердин өлкөсүнө айланасың.
(1995-жылы Манас дүйнөсүнөн
келген маалымат. 2030-жылдан кийинки биздин өлкөнүн көрүнүшү)
(Уландысы бар)
Маектешкен
Венера НАРКЕЕВА