Атып кетишти, алып кетишти

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан "Момбеков" чек ара заставасынын аймагында эки өлкөнүн чегарачыларынын ортосунда чатак чыгып, өзбек чек ара кызматкери кыргыз чек ара кызматкерине куралдан ок чыгарып, жарадар болгон кыргыз жаранын өз өлкөсүн көздөй сүйрөп кеткен. Бул окуя жекшемби күнү түшкү саат 13: 30да орун алган. Маалыматтарга караганда, өзбек чегарачылары Чек айылына кирип кеткен жерден биздин чегарачылар кармап алышып, ортодон чатак чыгып кетет. Ошол убакта ойдон-жайдан пайда боло калган он чакты өзбектер кыргыз чегарчыларына таш ыргыта башташкан. Каршылык көргөзгөн биздин кызматкерге өзбек өнөктөшү ок чыгарган. Азырынча жарадар болгон биздин жоокердин эмне болгону белгисиз. Атайын комиссия түзүлүп иштеп жатканы айтылат. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, мындан аз убакыт мурун өзбек чегарачылары биздин эки жоокерди туткундап кетишип, араң дегенде коё беришкен.

Айкөл Манас керекпи же аттестациябы?
Маданият министрлигинен агенттик башчысына түшүп калган Султан Раев маданиятыбызда башка иштер калбай калгансып, маданият кызматкерлерин кайрадан аттестациядан өткөргөнгө киришиптир. Арзыбаган акчага иштеген аларды аттестациядан өткөргүчө, "Манас" эпосубузду ЮНЕСКОдон кайра өткөргөнгө аракет жасаса болбойт беле? Мен кыргызмын дегендин барысы кыжырданып жүрүшсө, агенттик башчысынын аттестация дегени эмнеси? "Манасыбызды кайтарып бергиле"-деп, аттуу-баштуу аксакалдарыбыздын барысы ажобузга кайрылуу жасап жиберишти. Кинорежиссёр Садык Шер-Нияз, "Эгер бул иш бийликтин колунан келбесе, мен элге кайрылуу менен чыгам"-деп, чыдамсыздык менен күтүп отурат.


Саакашвилинин саммити өттү
"Роза революциясы" жолу менен грузиндердин жол башчысы болуп калган Михаил Саакашвили өткөн аптада Батуми шаарында энергетика боюнча саммит өткөрмөк болгон. Кашайып катыша турган 8 президенттин бириси дагы барбай коюп, Саакашвилинин саммити конференцияга айланып калган. Ал саммитте негизги маселе болуп, Каспийдин мунайы менен газын Орусиядан тышкары алып өтүү жолу каралмак. Азербайжандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын ажолорунун барбагандыгы белгилүү дечи, бирок, Польша, Латвия, Литванын президенттерин барбай койгондору табышмак. Алтургай, АКШнын өкүлү дагы баргандан баш тартыптыр.

Ющенконун ооматы бүттү
17-январь күнү Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. "Саргылт революция" жолу менен бийликке келген Виктор Ющенко ажолук ат салышууда аласалып кетти. Бет териси быдырала болгон президент 5 пайыздын тегерегиндеги добушу менен 5-орунда калды. Экинчи турга эң көп добуш алган мурдагы премьер, азыркы оппозиционер Виктор Янукович менен андан 10 пайыз азыраак добуш алган акыркы премьер Юлия Тимошенко чыкты. Ошентип, Орусия менен Американын ортосуна оюн салган Ющенконун ооматы бүтүп, ордо хандыгын кимге берерин күтүп турган чагы.

Алманбет акцияга кошулду
Ачкачылык акциясында отургандарга "Ата мекен" партиясы дагы кошулду. Аталган партиянын аппарат жетекчиси Алманбет Шыкмаматов кече күндөн баштап Топчуке баштаган топко кошулду. Саясий камактагыларды бошотуу жана реперссияны токтотуу талабы менен ачкачылык кармап жаткандарды колдоо иретинде "Ата мекен" партиясынын Таластагы комитети дагы жыйынга чогулуп, бийлик өкүлдөрүнө билдирүү жасашкан. Азыркы тапта Бишкек шаарында ачкачылык акциясында отургандардын саны 20 адамдан ашты.




Алың жетсе -
ар бириң
Манас болгун!
Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү, эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшуга жем болчудай
Мекенибиз өксүүдө, тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип, эл-жердин таланышы,
Көздөн учту, Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым.
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес -
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң жүктөй бербей
Алың жетсе - ар бириң Манас болгун!

Жыргалбек Касаболотов