Көзү ачыктын баяны

КАРЫБЕКОВ Мелис АСАН теги,
Парапсихолог, көзү ачык
Көк жалдын энергиясы
Ала-Тоодон кар кетет,
Эркектерден ал кетет.
Үч никелүү кыз чыгат,
Тоо титиреп муз жылат.
Жер жарылып туз чыгат,
Кыш ордуна жай болот.
Эли тынчып бай болот,
Эли журтун байыткан,
Жерден чыккан май болот.
(Манас дүйнөсүнөн
келген маалымат)

Ичкериянын көк жалдары
Россиянын бир шаарына келдим. Келген себебим, чечен улутундагы жаш кыз коркунучтуу рак оорусуна чалдыгат. Максатым ал кызды айыктыруу. Кыргызстандан эле ал кызды айыктырам, колумдан келет деп сөз бергем. Биринчи чечен согушу аяктап, ал шаарда турган чечен өкүлдөрү өздөрүн башка улуттун өкүлдөрүнөн бийик коюшуп, дымактары күч. Рак оорусуна чалдыккан чечен кыз бир үйдүн эркеси, көп бир туугандардын кенжеси экен. Оорусу коркунучтуу, чоң операциянын астында туруп, бир чечимге келе алышпай кыйналып турушкан учурда барып, мен аралаштым. Бойго жетип, никелешүүнүн алдында турган кыздын эки эмчегине коркунучтуу шишиктер пайда болот. Медицинада бул рак оорусу. Иса пайгамбардын өз Ата-Журтунан пайгамбар чыкпайт деген сөзү бар эмеспи, ошол сыяктуу кыргыздын бир айылдык баласы, мен ал кызды эки жумада айыктырдым. Чечендерге мен ошондо асмандан түшкөн адамдай эле болдум. Ал оорунун сыры менин табыпчылык тажрыйбамда катардагы окуя эле. Ал чечен кызы кавказ сулуулугунун сырын боюна кармаган, өң-келбети келишкен чечен улутуна тиешелүү, тайманбастыгы, чечкиндүүлүгү да бар экен. Адамдын көзүн жалтанбай карайт. Жалтанбай караган карагаттай каректин астында кандай сыр жатканы мага гана белгилүү болду. Жакындарына да, врачтарга да, жан адамга билгизбей каткан сырын мен ачтым. Оорунун дарысы да, сыры да ушул жерде катылган. Бул чечен кызы чоң, аруу, жашыруун махабаттын энергиясына кабылат. Бул махабат ал үчүн өмүр менен өлүмдүн сыноосу. Себеби, бул кыздын ашыгынын улуту башка. Ал кыздын мурунку сүрөттөрүн караганда тааныбай калдым. Кавказдыктарга тиешелүү мурду өзгөчө коңкоюп сулуулугуна жарашпайт. Ошол жигитке жагыш үчүн мурдун да медициналык жол менен операция кылып кичирейткен. Азыркы келбети өзгөчө сулуу. Махабаттын арзуу азабын тартып, кыйналган эки жаш жашыруун кездешип, бири-бирине болгон махабаттын тартылуу күчүнүн азгырыгына кабылышат. Махабаттын бийиктигин, ыйыктыгын баштан кечирген гана адамдар муну түшүнө алат. Эки жаш сырдашып, жытташып кумарга батат. Денелери дүүлүгүп, акыркы кызыл чекке барат, дене кумары канбай, ашыгына берилгиси келсе да, бериле албай кыздын назик денеси катуу чоочуганда шишик пайда болгон. Кыздын рак оорусунун негизги себеби ушул эле. Себеби, ашыгынын улуту башка, кыздын кыз белгиси өзүнүн гана улутташына арналган. Көп жыл мурун кыздын улуу эжеси тажик улутундагы жигитке турмушка чыгат, бир тууган агалары ал эжекесине өлүм жазасын жарыя кылышат. Ошо менен ал эжеси дарегин жашырып жок. Ошол учурларда кенже сиңдисин сагынган эжекеси кызга жашыруун кезигип, тагдырында чоң катачылыгын айтып өкүнөт. Табыпчылыктын сырын билген адамдар мени түшүнөт. Кызды айыктыруу максатында эки жума мен дагы махабаттын энергиясынын ысык-суугунда болдум. Ошол учурда чечен кызын айыктырып, чечендердин сый-урматын көрүп, өзүмө-өзүм ыраазы болгон болсом, азыр баары башкача. Анда мен махабаттын гана энергиясын байкап, дагы негизги күчтүү энергияга баа бербептирмин. Жакында бир тааныш эжеке кызынын чет элдикке турмушка чыгып, эки жээндүү болгонун айтып кубанып, күйөө баласы каражат жагына камсыз кылып тураарын айтты. Эненин кубанычын, кыздын бактысын мен түшүнөм. Мени өкүндүргөнү ошол эжекенин үй-бүлөсүнөн биоталаасынан көк жалдардын энергиясын көргөн жокмун. Манас элинде да, махабатты бийик коет. Тажик кызы Каныкей энебиз кыргыздардын запкысын жеп, Бухарада төркүнүндө жүргөндө да, аруу махабатын көк жал Манас бабабызга, анын элине, анын уулуна арнайт. Ал эми чечен кызы көк жал агаларынан коркуп, махабаттан кечип, өз улутунун намысын тандайт. Мен башка улутту, өз улутуман эч качан өйдө койбойм. Улутчул да эмесмин, уруучул элден улутчул чыкпайт, мен Манасчылмын. Манас дүйнөсүндө көк жалдык энергия махабаттын энергиясынан бийик тураарын айткым келди.
Замбиректин кожейкеси
Өткөн жылы казактын бир аулунда менин табыпчылык касиетимди жакшы билген боордошторумдун үйүндө бир айча мейманчыладым. Ал казак үй-бүлөнүн энеси небере-чөбөрөлүү кыргыз кызы. Менин табыпчылык касиетимден да, тагалык баркым жогору. Кыргыз ичинде жээн эл болбойт дейт, мен үчүн атасы кыргыз жээндерим эл болот, ал эми атасы казак жээндерим эл болбойт. Шешебиздин табып кыргыз төркүнү келиптир деп, аулдаштарынын көпчүлүгү мага кайрылды. Мындай бир кызык окуя болду, ошол аулдун бир өкүлү бизнесте жолу болбой, аракечтикке берилип бараткан жигитти келинчеги мага алып келди. Жубайынын алдында сырын ачпайын деп, "башка убакта кел, эркекче сүйлөшөбүз" - деп кетирдим. Ошо менен ал жигит менден качып келбеди. Кичинекей аул болгондуктан, ал жигиттин сыры башкаларга да маалим экен. Ошол аулдун бир Сауле аттуу келини менен ошол жигиттин ортосунда махабаттын оту жанып, экөөнүн ала жипти аттап жүргөндөрү аулдун негизги ушак темасы. Казак жээним менен маектешип отуруп, Сауленин жолдошу аулга аты чыккан жигит экен. Окуянын кызык мааниси ушул жерде, аулдун тарыхында эркектик куралынын зордугу менен астына адам чыгарбаптыр. (Кеп эркектик мүчөсү жөнүндө). Ал көйрөң казактын сыймыгы да, мактанычы да, даңкы да ушул экен. Мактап койсо курдаштарына жашырбай ачык эле алып чыгып "замбирегин" көрсөтөт экен. Аз убакыт өтүп, замбиректин кожейкеси ай чырайлуу Сауле да мага көрүнгөнү келип калды. Көзү ачыктыктын жардамы жок эле, көп сыры мага маалим болгондуктан, ичимден күлкүм келип билгизбей, уккан окуямды Саулеге төгүп салдым. Сауле менин билгичтигиме таңкалып, шалдырап отуруп калды. Мага күлкү, а бирок бул бир аялдын тагдыры эле. Замбирегинин күчүнө ишенген жолдошу Сауленин ала жипти аттап жүргөнүн кайдан билсин. Сауленин жан дүйнөсүнүн тереңинен аулдаштары билбеген жалгыз өзүнө гана маалим сырларын да ачтым. Сауленин бул никесинде беш жолу, беш эркек менен жолдошунун көзүнө чөп салып, ала жипти аттаганын айтып, ал эркектерди мүнөздөп, ар кимисинин ар башка сезимдерди сезгенинен бери так кесе айттым. Өзүнүн жеке менчиги замбиреги менен салыштырмалуу алардын кобурасында тапанча гана бар эле. Бирөөгө күлкү, бирөөгө ый, Сауле көз жашын көлдөттү. Жолдошу Саулени ала качып алган экен, ортолорунда эч сүйүү жок. Алган жубайынын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын жолдошу сезбейт, ичинде жалгыздык. Мен Саулени жаман да көрбөдүм, аяган да жокмун, ички жалгыздыгына алдырса ооруга чалдыгат. Сауленин жолдошун аядым, көк жалдык энергиясы жок, ак никеси эчак булганса да, аны сезбегенине, аулдаштары катары эле мен да аны жек көрүп калдым. Казак баурларымдын арасында жүрүп жалгыздыкты сезем. Анткени бул элде Манастын энергиясы жок, ошондуктан Ата-Журтума тез эле кайттым. Манас тукумунда ак никенин бекемдигинде, тазалыгында көк жалдык эркектин энергиясы өкүм сүргөн. Ооган кызы Айчүрөк периште энебиз аккуунун кейпин кийип, учуп келип Семетей бабабызды тандагандын сыры - көк жалдыктын энергиясы болгон. Манастын тукумдарынын канында азырынча уктап жаткан көк жалдык энергиясы күчтүү.
ВИП кызматчысы
Биздин элде кызды өтө урматтайт, жакшы кыз ата-эненин сыймыгы. Ошондой бир үй бүлөнүн сүймөнчүлүгү, сыймыгы болгон кыз келечегин билгени мага кайрылды. Апасынан башка эч ким өппөгөн, жүзү жылдыздуу, көзүнөн ыйман төгүлүп, назик үндүү, сөзү орундуу, бул кыздын жагымдуу көрүнүшү башкалар үчүн, а мен башканы көрдүм. Кайрылган себеби, мындай колуна келечекте жубайы боло турган жигиттин сүрөтүн кармап алган. "Келечекте сүйгөнү экөө бактылуу үй-бүлө курабызбы, бала чакалуу болобузбу" - деген ой-тилегин билгени келиптир. Кыздын жүрөгүнөн ошол жигитке болгон чыныгы сүйүүнү сездим. Маектешип жатып, жүрөгүм титиреп, сай сөөгүм сыздап кетти. Ал кызга, ата-энесине, сүйгөн жигитине жалган шылтоолорду айтып, жашырынып ВИП сойкуларга кошулуп, акча таап жүргөнүн бетине айттым. Ушул кызды кабыл алып, маектешкениме абдан өкүнүп калдым. Мен үчүн бул дагы бир жүрөк оору. Эмне себептен экенин билип турсам да, бул кадамдарга эмне себептен барганын сурадым. Бул сүйүүсүндө, келечегинде ошол жигитсиз элестете албаганын айтып, үйлөнүү тоюна ушундай жол менен каражат топтогон аракети экен. Бул кызыбыз никелешип, үй кура элек жатып ала жипти аттады. Сүйгөн жигитинин биоталаасын карасам эч кандай көк жалдык жок, энесинин эркеси экен. Атасынын көк жалдыгы энесинин өжөрлүк кыялынын тебелендисинде калган, ыйык гармониясы бузулган үй-бүлөлөрдөн экен. Айылда жашап жүргөнүмдө үйүмө чычкандын уюгу пайда болду. Кандай гана дарыларды чачсак дагы таасир бербеди. Коңшулардын чоң мышыктарын алып келсек үйгө токтобой качып кетишет. Бир коңшу орус кемпирдин мышыгын сурап барсам, жаңы туулган, араң жан мышыктын баласын берди. "Бул мышыктын баласынын жанынан чычкан чуркап өтсө кулап калат го" - деп күлдүм. А орус кемпир: "Балам үйүңдө бир аз бак, мышыктын жытынан чычкандар качып жок болот" - деди. Мышыкты бир-эки күн бакканда чычкандар жок болду. Араң жан мышыкта көк жалдыктын энергиясы бар экен. Кыздын сүйгөн жигитинде мышыктын баласыныкындай да көк жалдыктын жыты жок. Өз сүйүү бактысы үчүн ушундай жол менен күрөшкөн кызга эмне кеңеш бергеним мендеги сыр, бирок бул болочок үй-бүлө биздин элдин келечеги. Чыгыш элинде Цин-Янь деп ургаачы-эркек энергияны айтат, ушул эки энергия айкалышканда гармония түзүлөт. Манас дүйнөсүндө эркек энергиясын көк жалдык деп түшүнсө болот, биздин элдин келечекте сакталып калышына, жок болуп кетпешине көк жалдык энергиянын калыптанышы чечет. Кийинчерек мага бул кыздын үйлөнүү тоюна чакыруу кагаз келди, а мен барган жокмун.
Кара айгыр
Менин илимпоз Тынчыбек аттуу аба досум бар, маданияттуу, мүнөзү сылык качантан бери тааныш болсок да, "Меке, сиз" - деп сүйлөйт. Бул киши менин табыпчылык касиетим менен тааныштыгы бар. Өзү Ысык-Көлдүн Тоң районунан касиеттүү Манжылы-Ата мазарынан, карындашына бала сурап бергем. Алган жары эжекебиз Чолпон-Атанын Катагандардын кызы, СССР кулабаганда Тынчыкем чоң окумуштуу болмок. Кыргызча айтканда, Тынчыкем ветеринардык окумуштуу, кыскача айтканда, малдын уругун көбөйтүүнү изилдеген, топоздун бир уругунан төрт урук чыгарып, чоң илимий ачылыш жасап жатканында союз кулайт. Учурда кыргыздар мал эмес, өз уругубуздун айласын таппай калдык. Минтип айткан себебим жаш жигиттерибизде уруксуздук, тукумсуздук оорусу күч алган. А, Тынчыкем болсо айгыр топоздордун уругун изилдегендерди токтотуп, учурда Балыкчыдагы канаттуулар фермасында короздордун тукумун өндүрүп жүрөт. Тынчыкемдин бир тамашалуу окуясы эске түшөт. Жайлоодо илимий иштерин жүргүзүп, айгырлардан урук алат. Бээни бекем байлап, айгырларды коё берип, жасалма жол менен уругун агызып алат. Мындай тажрыйбасы бир жумага уланат. Бир улгайган аксакал киши илимпоздорду сыртынан бир жума унчукпай көз салып, байкап отурат. Тажрыйбаларын бир айга токтотуп, шаарга илимий иш канасына кайтаарында, Тынчыкеге баягы аксакал киши келип "балам, мен айгырлыгымды токтотконума көп болду, айгырларга берген дарыңдан мага да берсең" - дейт. Тынчыке ичинен күлкүсү келип, бир чети тамашалап: "Аксакал, эмики келгенибизде бир козу, бир чанач кымыз алып келесиң" - деп, жөн эле витаминдерди колуна карматып коет. Бир айдан соң илимпоздор жайлоого келгенде, аксакал козусун, кымызын алып келип жашыруун ыраазычылыгын айтат. Ал эми жаш илимпоздорго бул окуя жөн гана күлкү-тамаша болчу. Бул окуяга менин көз карашым башкача, улгайган адам ошол айгырларды бир жума карап отуруп, алардын энергиясына суктанып, өзүнүн жан дүйнөсүнүн тереңинде жаткан айгырды ойготконун өзү да сезбейт. Менин минтип чечкиндүү айтканым, табыпчылык тажрыйбамда көптөгөн алсыз эркектерге ички эркектик күчүн ойготконго жардам бергем. Ошол аксакал менен мен жардам берген жигиттерди салыштырсам, аксакалдын жан дүйнөсү тынч, нерви жайында, турмуштук запкысы жок, эң негизгиси байбичесине багынган эмес. Жөн гана улгайдым деп, эркектик ички байлыгы уктап калган. Айгыр менен атаандашып, аралашып кайрадан кара айгырга айланган. Манас дастанында мындай саптар бар
"Күндүзү кымыз, түнү кыз,
Сайран курган эр кыргыз"
- деген бул саптарды ар ким ар кандай түшүнөөр, эркектик алсыздык ооруга чалдыгып, канчалаган жигиттердин азап чеккенин өз өмүрлөрүн кыйганын көргөн мага бул ачуу акыйкат. Сайран курган кыргыздардын бийиктигине суктанам. Көп жылдык тажрыйбамда ушул оорулардын пайда болгон негизги тамыры көк жалдык энергиянын жоктугу, атасында жок көк жалдык баласына, небересине өтөт. Ал эми айгыр көк жал жаныбар эч качан өз ургаачысынын энергиясына багынбайт. Эми мындан ары биздин арабызда Элүүбек, Алтымыш, Жетимиш, Сексенбайлар кездешпейт. Эркектик алсыздык оорусу бар бир досум менин кеңешим менен жайлоого барып, кымыз ичип, үйүр айдаган айгырдын духун сезип, энергиясын алып, табият менен чырмалышып күчүнө кирген. Учурда мага абдан ыраазы. Мага бир - эки балалуу жаш үй бүлөнүн сыры белгилүү. Эки балалуу болгондон соң жолдошу эркектик алсыздыкка кабылат. Жубайы көз жашын көлдөтүп, менден кеп-кеңеш сураган. Жолдошунун биоталаасын караганымда бул алсыздыкка ата-энеси күнөөлүү. Ата-энесинин үй бүлөлүк гармониясынын тең салмактыгы бузулуп, ургаачы энергия бийлик жүргүзгөн. Атасында кайрат жок, багынып берген. Ошол катачылык үчүн баласы, неберелери азап чегип, акыры тукум үзүлөт. Бул көк жалдыгы өчкөн жигиттин шордуу жубайы да ала жипти аттап жүрөт. Ага кайын атасы күнөөлүү экенин билбейт. Манас тукумдары ат жалында өскөн. Саяпкер, көк бөрү тарткан жигиттерибизди карасаңар байкайсыңар, адам аргымакка, аргымак адамга энергия берип бир бүтүн болгондо гана жеңишке жетишет.
Улуттун бестселлери
"Жамбаштап жатсаң сонунда" - деген элибизде сөз бар эмеспи, кыргыз баласы жамбаштап жатканды жакшы көрөт. Мен да үйүмө жамбаштап жатып алып, сын алгыны карап жатам. Жубайым 13 жашаар уулумду үй жумуштарын жасатып, тарбиялап, оокат кылганды үйрөтүп жүрөт. Мен сыналгыны тиктейм, элибизде болуп жаткан чоң жаңылыкты көрсөтүп жатат. Кыргыз элитасынын каймактары бүт чогулган, арасында дүйнөгө даңкы чыккан Чыңгыз Айтматов атабыз да отурат. Жаңылык чоң, тунгуч президентибиздин жубайы Майрам Акаева чоң китеп жазыптыр, ошонун бет ачаарын тасмага тартуулаптыр. Китептин аты орусчасы "У надежды не бывает ночей", кыргызчасы "Үмүттүн шооласы үзүлбөйт". Манастын миң жылдыгындай эле жаңылык болуптур. Ушуга чейин бул китепти колума алып окуган жокмун. Окубасам деле мааниси белгилүү, мектеп окуучусунун деңгээлинде эле жазылган бир нерсе болсо керек. Менин айтайын дегеним башка, ушул китептин бет ачаарындагы чогулуштан, мен Кыргызстанды, өз мекенимди эмес Маңкуртстанды көрдүм. Менден көп сурашат "парапсихология эмне деген илим, муну кайдан үйрөнгөнсүң?" - деп. Менин жообум даяр "кыргыз парапсихологиясы Манастан башталат, кыргыз парапсихология илимин түшүнгүңөр келсе Ч. Айтматовдун чыгармаларын окугула" - дейм. Дүйнөгө белгилүү көзү ачык, парапсихолог, врач, олуя дагы бул Айтматов. Айтматовдой эч ким так диагноз кое алмак эмес. Ал диагноз "маңкурт" - деген оору. Бир кезде мен улутту аракечтиктен арылтам деп, жалаң гана аракечтер менен алышып, аракечтердин энергиясына аралашып, өзүм арак ичпеген аракеч болуп калгам. Ошондой эле Чыңгыз атабыз дагы маңкурттарга аралашып, бул күнү өзү дагы маңкурт болуп калгандай. Президент же эл башы, ошол элдин жан дүйнөсүнүн энергетикасынын символу жана күзгүсү, мисалы, дүйнөлүк державалардын бири Орусияда аракеч Елцин президент болгон, ошол мамлекеттин, ошол элдин жан дүйнөсүнүн күзгүсү, орус элинин тагдыры арак менен байланышкан. Ошондой эле жан дүйнөсүндө шовинисттик улутчул сезими терең орногон орус элине улутчул Путин келди, ошондой эле Путин өз Ата-Мекенинин көк жал уулу да, кулу да экен. Кандай гана мамлекетте улутчул эл башы келгенде, ошол улут өнүгөт, өсөт экен. Бизде андай болбойт. Себеби, уруучул эл, эч качан улутчул боло албайт. Биздин багыбызга жаралган эл башы Манасчыл болушу керек. Ал эми ошол учурда биздин жан дүйнөбүздүн энергетикабыздын күзгүсү, тунгуч президентибиз жан дүйнөсүнүн тереңинде көк жалдыгы жок, катын кул экени баарыбызга маалим. Мен ошол күнү Чыңгыз атабызга катуу таарынгам, азыр таарынычым жок. Атамдын арбагынан кечирим сурайм, себеби, мен Чыңгыз атабыздын акыркы керээзин уккам. (Кийинки макалаларда Чыңгыздын акыркы керээзин айтабыз). Сын алгыны карап жатып, мен маңкуртту ушул ойлор басты. Ал эми бул китептин бет ачаарында кыргыз элитасы ушул чыгарманы көкөлөтө макташты. Китептин автору өзү дагы чыгарманын күчүнө чын жүрөгүнөн ишенди. Кыргыздар өтө ишенчээкпиз, ишендирген талантыбыз да өтө өнүккөн эл экенбиз. Ошондо Майрам эжекебиз элдин астына чыгып, чын жүрөгүнөн кубанып, толкунданып, жүзү албырып, элине кайрылды "рахмат, сиздерге, чын жүрөгүмдөн ыраазымын, менин чыгармамды, менин китебимди улуттун бестселлери деп атадыңар" - деп кубанды. Менин түшүнүгүмдө улуттун бестселлери деген - улуттун байлыгы: Мусулмандарда - "Куран", Христиандарда -"Библия", Кыргыздарда -"Манас". Бул тасмага менин ачуум келип, жинимди кимден чыгараарымды билбей, энесине жардам кылып, үй оокатын жасап жүргөн уулума асылдым. "Сен деген эркексиң, эч качан аялдардын оокатын жасабагын, үй оокатын аялдар гана жасаш керек" - деп бакыра баштадым. Ансыз деле мени тартып, кежирлиги бар уулума бул жага бербей калды. Жубайым мага нааразы болуп, өз чындыгын талашты. Ошол күндөн тарта эне - баланын ортосунда тирешүү башталды. Мен ансайын экөөнүн ортосуна чагымчылык жасап, тирешүүнү күчөттүм. Жакынкы күндөрү жубайым бир эженин арманын угуп, мага айтып берди. Ал эженин сыймыгы болгон жалгыз уулу бар экен. Ошол эже эне катары уулунун тарбиясын, кулк - мүнөзүн көп кишиге мактачу. Уулу элпек, энесинин түйшүгүн сезген жароокер экен. Уулу жакында үйлөнүптүр. Энесине жакын өскөн уулу алган жубайына да ошол мамилени жасайт. Ал эми жубайы уулунун мээсине, жароокер жүрөгүнө өз бийлигин тез эле орнотуп коюптур. Берген тарбиясына эже арман кылат экен. Ушуну уккан жубайым "сен туура кылган экенсиң" - деди. Ар бир эл өз падышасына татыктуу деген сөз бар. Манас тукумдарындарынын жан дүйнөсүнүн тереңинде көк жалдык энергиясы кайрадан жанданганда, эл башына, элим, журтум деген көк жал келет.
Эркектерден ал кетет,
Айбат кетет, ар кетет.
Асманынан ай кетет,
Ак элечек жар кетет.
Каруусунан шай кетет,
Чучугунан май кетет.
Кыя-кыя кыядан,
Кырсык басып учкан ат.
Жатында эле жатканда,
Чоң атасы бычкан ат.
Көктөн түшкөн көлөкө,
Көлөкөнү көрүп алып,
Катыным деп кызганат.
Тизгини жок кара бээ,
Кадырына чычкан ат.
Атаң берген күч калат,
Энең берген үч талак.
Улуу үйүң кыйраган,
Көрүңдө атаң ыйлаган.
Башыңдагы багың жок,
Кызың душман сыйлаган.
Астыңдагы тагың жок,
Кичүү үйүң туйлаган.
Үркүп кетип жалт берет,
Учуп жүргөн чымындан.
Кишенебей тулпарча,
Жаны чыгып чыңырган.
Көк жал экен кыялы,
Миздүү канжар туягы.
Таза кандуу сыягы,
Чуркаймын деп жулунган.
Ат качырбас боз айгыр,
Желедеги кулундан.
(Манас дүйнөсүнөн келген маалымат)
(Уландысы бар)
Венера НАРКЕЕВА