Көйгөй

Кенебестиктин
кесириби, же…
"Суу сыйлаган зор болот,
Суу кордогон кор болот".
(Жеңижок)

Таза суу проблемасы жыл өткөн сайын дүйнө элин түйшөлтүүдө. Бейиштин жери болгон кыргыз жергесинде көп сандаган мөңгүлөр таза суунун башаты болорун, ичүүчү суунун куну алтындан да кымбатка турарын Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы тастыктап отурбайбы. Демек, табигат тартуулаган бул байлыгыбызды үнөмдүү пайдаланууну эмитен колго албасак, "жаратылыш бизден айыгышкан түрдө өч алып", суу дагы таңсык товарга айланары шексиз. "Колдо бар алтындын баркы жок" - дегендей сууну ыксыз ысырап жасалып келе жаткандыгын жашыруу мүмкүн эмес. Айрыкча, борбор калаабызда бул маселеге кайдыгер мамиледен улам, жайкысын ичүүчү суу чарбалык максатка колдонулса, көпчүлүк жаңы конуштарда суунун тартыштыгы ачык көрүнүүдө.
Бишкек калаасын суу менен камсыз кылууга Ала-Арча аймагындагы жер астындагы суулар пайдаланылат. Мындан тышкары, шаардын түштүк тарабында 10 километр аралыктагы Орто-Алыштын жер астындагы суусу шаар калкынын ичүүчү сууга муктаждыгын чечүүгө багытталган. Азыркы күндө Ала-Арчада суу дамбасынын 28 тобу түзүлүп, секундасына 9,55 куб метр, Орто-Алыш дамбасынан секундасына 6 куб метр суу берилип турары белгиленген. Элди суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу кыйынчылыктары билинүүдө, себеби суу 100-150 метр тереңдиктен сордурулуп чыгарылат.
Суу сордуруп чыгаруучу 177 жабдуулар 1956-жылдан башталып, ар кыл убакыттарда курулган. Ала-Арча суу дамбасынын техникалык абалы тууралуу маалымат акыркы жолу 1997-жылы даярдалган экен. Анда ичүүчү суу менен камсыз кылган 60 суу сордургуч, 17 чарбалык маанидеги суу жабдуулары катардан чыгып калуу коркунучунда турганы көргөзүлгөн. Ошону менен катар 23 ар кыл жабдуулар техникалык оңдоолорду талап кылынары белгилениптир. Тактап айтканда, дамбалардагы суу сордургуч жабдуулардын 56 пайызы жараксыз абалга дуушар болору тууралуу "Бишкексууканал" ПЭУсунун "Горводпровод" ишканасынын инженер-геологу К. Мейманов, Кыргызстандын комплекстүү Гидрогеологиялык экспедициясынын башкы геологу Г. М. Толстихин, КРнын эмгек сиңирген ирригатору, "Горводхоздун" мурдагы начальниги И. В. Миронов, "Ак-Булак" бургулоо бригадасынын өкүлү Э. Шейшекеев кол коюшкан бул билдирүү Бишкек шаарынын мэри Н. Т. Тулеевге да тапшырылган.
Жогорудагы маалыматтарды изилдеп-тактоо жүргүзүлгөндүгүнө 13 жыл өтүптүр. Акыркы жылдарда шаарда жаандан кийин жамырап өскөн козу карындай жаңы конуштар көбөйүп, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жыл өткөн сайын түйшүктүү зор маселеге айланып бара жатат. Учурда суу дамбаларындагы суу сордургуч жабдуулардын моралдык жактан эскириши, жер астындагы суулардын деңээлинин кескин төмөндөшү менен Орто-Алыштан секундасына 6 куб метр суунун ордуна 3,5 куб метрди түзүп калышы, же 1991-жылдын деңгээлине жетиши биздин көтөргөн коркунуч коңгурообуздун жүйөөлүү экендигин дагы бир ирет тастыктап отурбайбы. Бул ичүүчү суунун булганып, пайдаланууга жараксыз болушуна алып келүүдө. Ошол эле учурда 63 суу соргучтарды реконструкциялоо жана жаңы жабдууларды орнотууга бургулоо иштерин жүргүзүү талабын турмуш өзү талап кылып отурат.
Түзүлгөн кырдаалга ылайык аракет жүргүзүлүп, "Бишкексууканал" ПЭУсунун инженер-геологунун демилгеси менен жогорку кесиптик өзгөчөлүккө ээ болгон бургулоочулар отряды түзүлөт. Атап айтканда, "Ак-Булак", "Гидросервис" бургулоо бригадалары өндүрүмдүүлүгү секундасына 35-45 литрди түзгөн суу сордургучтары пайдаланууга беришкен жана ишке киргизүүгө даярдык абалына келтиришкен. Азыркы күндө бул бригадалар дагы 35 суу сордургучту Орто-Алыш дамбасына орнотууга күч үрөшүүдө. Тилекке каршы, бул бургулоо бригадасынын үзүрлүү аракети кимдир бирөөлөрдүн кычыгына тийген көрүнөт. Уккан сөздөргө ишенсек, "Бишкексууканал" башкармасы тарабынан, айрыкча башкы инженери В. Г. Игнатенко тарабынан бургулоо бригадаларынын иштерине бут тосулуп жаткан сыяктанат.
Азыркы күндө "Ак Булак" жоопкерчилиги чектелген коому "Көк-Жар" жана "Арча-Бешик" жаңы конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн бургулоо иштерин башташкан. Алар ишти жүргүзүүгө мыйзам чегинде 2009-жылы 14-октябрда тендерди утуп алышкан. Натыйжада заказ берүүчү Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы (УКС) бул коом менен жалпы наркы 2 миллион 616 миң сомдон ашык ишти алып барууга келишим түзүшкөн. Бургулоо аппараттарын жана жабдууларды сатып алууга, бургулоочуларга маяна төлөп турууга аванс катары көргөзүлгөн каражаттын 40 пайызын, тактап айтканда, 1 миллион сомду төлөп берүү жагы макулдашылган. Тилекке каршы, УКСтун (А. Чынгышев) ушул кезге чейин келишимди аткарууга "акча жок, жакын арада болбойт" - деген жооп менен чектелиши күмөн ойду пайда кылат.
Ал эми "Арча-Бешик" жаңы конушун жетиштүү өлчөмүндө ичүүчү суу менен камсыз кылууга каражатты ОГУКС (Ж. Рысбеков) бөлүп бермек. Проект боюнча суу 150 метр тереңдиктен алынмак, бирок улам бир бөлөк шартты коюп, бургулоо иштерин жүргүзүү үзгүлтүккө учурап жатканын "Бишкексууканал" ПЭУсунун инженер-геологу К. Мейманов каңырыгын түтөтүп белгилейт.
Орто-Алыш суу дамбасы стратегиялык маанидеги объект катары саналып, ал жер ИИМ тарабынан күзөткө алынган. Техникалык жана экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү "Горводпроводдун" башкы инженери В.Г Игнатенкого жүктөлгөн. Жер астындагы сууларды экологиялык жактан таза абалында сактоо калктын саламаттыгын сактоого өбөлгө түзмөк. Ошондуктан, бургулоо иштери бардык технологиялык эрежеге ылайык жүргүзүлүшү талап кылынат. Бургулоо эки ыкмада: механикалык жана ротордук жолдор менен жүргүзүлмөк. Ичүүчү сууну ротордук ыкмада бургулоого тыюу салынган. Себеби, бургулоо улам тереңдеген сайын күйүүчү майдан кыртыш булганып, көмүр-шелочь реагенти ишке киргизилүүчү аймакка таралат. Бургулоо иштеринде экологиялык тазалыкты сактап калууда механикалык ыкма ишенимдүү болуп саналат. Тилекке каршы, ушул өзгөчөлүктөрдү эң жакшы билсе да, "Горводпроводдун" башкы инженери В.Г . Игнатенко бургулоо иштерин ротордук ыкмада жүргүзүүгө келишим түзөт. Ошентип, ичүүчү сууну бургулоого тыюу салынган жолдун тандалып алышы элибиздин эртеңки келечегине жасалган кыянатчылык болуп жүрбөсүн деген күдүк ойду жаратат.
Учурда В.Г. Игнатенко өзү таап алып келген бөлөк мекеме менен "Ак-Булак" жоопкерчилиги чектелген коомдун бургулоочуларынын ортосунда өз ара тирешүүсүн күчөтүп, карама-каршылыктар өз апогейине жеткенде, "Горводпроводдун" администрациясы инженер-геолог К. Меймановго сиңирген эмгегине карата кошумча төлөнүп келген 2000 миң сомду кыскарткан көрүнөт. Албетте, ага "акчаны үнөмдөө багыты" шылтоо болоору анык. Бирок, ал үнөмдөлгөн акчанын "пайдасы" ротордук ыкмадагы бургулоодон улам, ошол сууну пайдаланган калкыбыздын бузулган ден соолугуна салыштырганда, океанга кошулган бир тамчы болуп каларын, кыргыз элинин эртеңки келечегин ойлогон жетекчилер чыгар бекен?
Дагы бир таң калыштуусу, шаардык суу чарба (Горводхоз) шаардын "Зеленхоздун" курамына киргизилгендигинде. Борборубуздун ичинде бак-дарактарды, парктарды, жаңы конуштардын жашоочуларынын жашылча-жемиш өстүрүүчү жер тилкелерине сугат иштерине суу бөлүштүрүүнү "Горводхоз" камсыз кылат. Ал эми суу өтүүчү арыктардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү жараксыз абалда экенин танууга болбойт. Натыйжада, сугат иштери ичүүчү суунун эсебинен жүргүзүлөрүнө эл өзү күбө. Ал эми шаар ичинде жүздөгөн автоунаа жуучу жайларда техникалык эмес, ичүүчү суулар колдонулуп жатканын ачык белгилесек болот. Бул маселеге "Горводхоздун" жетекчилеринин кайдыгер мамилеси өлкөбүзгө ири зыян алып келерин айтпасак да түшүнүктүү го! Акыркы он жылдын аралыгында ичүүчү сууну максатсыз багытка пайдаланган канча автожуугуч жайга айып пул салынды экен? Автожуучу жайлардын бейкапар иштеп жатышы - ичүүчү сууга көзөмөл жасоочу "Горводпроводдун" жана "Горводхоздун" жетекчилеринин кайдыгерлигиби, же булар коррупциянын очогуна айланганбы? - деген шектенүүнү гана пайда кылат.
Ырас, турак-жайларга киргизилген сууга эсептөөчү аппараттары коюлган, бирок жаңы конуштарга суу түтүгү тоңуп калбасын деп күндүр-түндүр агызылган чексиз суулардын чыгашасын ким эсепке алат? Чыгашанын орду кайсы каражаттар менен жабылат? Ысырапкорчулукка "Горводрповоддун" жана "Горводхоздун" жетекчилери эмне деп жооп берер болду экен? Бул жандырмагы жок табышмакка айланган көрүнүш десек жаңылыштык болбос…
Эртабылды АТТОКУРОВ