Ижара жерлери анклавга айланбайбы?
Элүү жылда эл жаңы…
Орусиядагы капчыктуулардын уюгу болгон Москванын Рублевкасында чартаңбай тээп жүргөн качкын ажобуз Аскар Акаевдин "Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз"-деген кеби күн өткөн сайын ачыкталып бараткандай. Ошол "жалпы үйдөн" өз үлүшүн алып калууга чамынган коңшуларыбыз да жөн жатпай, кыргыздын жөнөкөй эмес, керемет жерлерин четинен кертип ала баштады. Эки-үч жылдык жашоосунда көлдөгү төрт пансионатты, касиеттүү Каркырабызга кошуп туруп казактарга белекке берген "ляппайчы" "акжолчулар", ушул жылдын 22-январында дагы бир жолу өздөрүнүн ашыкча берешендигин көргөзүп, көлдөгү казактардын пансионаттары жайгашкан 58,8 гектар жерди казак "туышкандарыбызга" алеки саатта кармата салышты. "Казактан өзбек кем бекен"-деп, өткөн жылдын акырында көгүлтүр от маселесин чечүүгө барган кыргыз өкүлдөрүнө өзбек тарап да, "совет мезгилинен калган пансионаттарыбызды качан бересиңер"-дегендей жыландын башын кылтыйтты. "Өмүрүң күндүк болсо, түштүгүнө жорго мин"-дегенди туу тутунушкан эл башчыларыбыз утурумдук жыргалчылыгы үчүн баарына даяр экендигин эске алсак, ала допучандарыбыз 15 жылдан бери каалагандай иштетип келе жатышкан "Алтын кум", "Диларом", "Рохат" пансионаттары тегерек-четиндеги жерлери менен кошо өзбек тарапка өтөөр күн да алыс эместей болуп калды. Албетте, "49 жылга ижара иретинде"-деген элдин башын айланткан шылтоосу менен.
Бирок, "элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" - демекчи, жарым кылымдан кийин Кыргызстандын ичиндеги анклавдардан башыбыз айланып, казак, өзбектериң "каяктагы ижараны айтасыңар, бул жерлер ата-бабаларыбыздан калган"-деп, моюн толгобоосуна кыргыз жерлерин, мамлекеттин байлыктарын оңду-солду чачып жаткан эл башчыларыбыз кепилдик бере алышаар бекен?
Ошол эле Шахимардан, Сох анклавдарынын кандайча пайда болуп калгандыгы, бир табак плов менен арак-шарапка кандайча алмашылып кеткендиги жөнүндөгү кептер тарыхтын көмүскө барактарында жазылып калган эмеспи. 49 жылдык мөөнөткө ижарага кетип жаткан кыргыз жерлери билинбегени менен, эртеби-кечпи кыргыз мамлекеттүүлүгүнө чоң жарака кетириши мүмкүн.
Сөздүн кыскасы, биздин бир боор коңшуларыбыз кыргыз жерлерин ачык да, жабык да басып ала баштады.

Казакка кеткен кыргыз байлыгы муну менен эле чектелбейт
Ошентип, 22-январь күнү "акжолчулардын" агымына каршы сүзгөн өз ою, өз позициясы бар айрым депутаттарыбыздын акыйкат пикири эске алынбай, бийликтин "ат кошчулары" 58,8 гектар жерди 49 жылга казактарга ижарага берүү жөнүндөгү эки өлкөнүн өкмөт жетекчилеринин өткөн жылдын аягында кол коюшкан келишимин бир ооздон колдоп берди. Бирок, Казакстанга кетип жаткан кыргыз байлыгы 58,8 гектар жер жана төрт пансионат менен эле чектелбесин "Коммунисттер" фракциясынын депутаты Бейшебек Акунов айтып чыкты. Талкуу учурунда буга чейин айтылбаган ошол сырды Бейшебек аксакал Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго эскертип, аны бир сыйра такалап өткөн экен, ошол диалогду "Азаттык" үн алгысынын өздүк сайты сөзмө сөз бериптир. Биз дагы мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдын жупуну жообун окурмандардын таразасына коюуну эп көрдүк.
Бейшебек Акунов: - Төрт объектти азыр берип атабыз. Бу бешинчи объект. Казак президентинин Комсомолдун жанындагы Пришибдеги резиденциясы. Бул каякта катылып калды?
Турсун Турдумамбетов: - А бул, бул, эмеге кирген эмес, башынан эле. 2008-жылы каралганда деле ошол Пришибдеги ...
Бейшебек Акунов: - Ошол кайда, кайда эми, бизде, эмне анклав болуп калдыбы?
Турсун Турдумамбетов: - Анклав эмес, ал приватизация болуп, 2000-жылыбы, 1999-жылыбы кеткен. Бул боюнча кызыксаңыз, азыр эми менде даяр информация жок, мен кийинчерээк берейин.
Бейшебек Акунов: - Мага бербей эле коюңуз. Мен аны жакшы билем. Мынабу элдер уксун да. Бул баягы чатактын баары, кийин чыга турган маселе ошол болот. Экинчи маселем, өзбек туугандар эмне деп жатышат? Алардын да пансионаты бар да, биздин Көлдө. Эгер алар коюп койсо, сиздер ушул казак туугандарга чечкендей эле чечип бересиңерби? Же башкача чечесиңерби?
Турсун Турдумамбетов: - Мен аны айта албайм. Анткени, ал маселе биздин өкмөттүн астында коюла элек.
Бейшебек Акунов: - Алдын-ала коюлат да.
Турсун Турдумамбетов: - Коюлса, ошол убагында көрөбүз. Мен азыр айта албайм...





Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз
Өзөгүбүздү соолутпай,
рухубузду сактайлы
Сөз багып, сөз кадырлаган уюткулуу элибиздин көөнөрбөс маданий мурасынын, жан-дүйнө рухунун туу чокусу, дүйнөлүк шедевр болгон "Манас" эпосу, маданият тармагын тейлеген абройлуу уюм ЮНЕСКО тарабынан Кытай мамлекетинин мурасы катары катталганына бир топ убакыт өттү. Андан бери, "Манас" менен бекем чырмалышкан рухубузду түп-тамырынан жок кылууга жасалган мындай акыйкатсыз, баскынчы мамилеге ажобуз баш болгон, бийлик сересиндеги төбөлдөрүбүз кабагым-кашым дебеди. Улуттук рухубуз, баа жеткис асыл мурасыбыз "Манасты" элибизге кайтаруу тууралуу эч кимиси аракет жасабады. Байлык менен бийликтин кулуна айланып калышкан төбөлдөрдү элибиздин руху кызыктырбасы айдан-ачык көрүндү.
Бийлик кумарына мас болуп, манчыркаган эл башкарган жетекчи сөрөйлөрдү элибиздин "Манас" деген улуу рухий дайрасы ойлонтуп-толгонтпосо да, өлгөн сайын өөрчүгүн, түгөнгөн сайын түтөгөн уюткулуу кыргыздардын уучу кур эмес экенин, 23-январда Тарых музейинде өткөн "Улутум кыргыз, урааным Манас" аттуу "Манас" маселесине арналган иш-чара дагы бир ирээт тастыктады. Улуттун улуулугуна таазим этип, кутун учурбай, рухун сыйлаган эр-азаматтарыбыз бар экени кубандырды. "Манасты" кайрып бериңиз деп, ажобузга кайрыла берип чарчашкан аттуу-баштуу патриот, мекенчил инсандарыбыз, бийликтен ылаажы болбогон соң, кыбыраган кыр ашат дегендей "Манасты" коргоо, даңазалоо, манасчылык өнөрдү өркүндөтүү жана анын кыргыз элинин улуттук символу, рухий дөөлөтү экендигин жалпы эл аралык коомчулукка жеткирүү максатында "Манас Эл" кыймылын түзүштү. Кантсе да түптүү журттун түпкүлүгүн көздөгөн, намыстуу инсандарыбыздын мындай демилгеси ич жылытып, жүрөк сүйүнтөт экен. "Манаска" эл башкарган ажобуз маани бербей, көңүл кош болсо да, "Манас" - кыргыз элинин рухунун туу чокусу, күчтүү энергия, акыл-эстин таалим алуучу таасирдүү дил бешиги экенин айкын түшүнгөн жарандарыбыз турганда, "Манасты" кайта кайтарып алууга кудуретибиз жетет деп ишенич арталы.
1995 - жылы БУУнун чечими менен "Манас" эпосунун 1000 жылдык тоюн өткөргөнгө көмөктөшкөн ЮНЕСКО уюму, ошол эле "Манасты" Кытай мамлекетинин атынан катташы акылга сыйбаган иш болсо, бир жагынан өзүбүздүн шалаакы жөндөмсүздүгүбүздү, кадыгер мажүрөөлүгүбүздү, улутубуздун асыл, рухий дөөлөттөрүнүн баркын билбеген "итчилигибизди" ачыкка чыгарды. Ошого карабастан, дале болсо өзбүздүн кемчилигибизди моюндагыбыз жок. Колунда байлыгы, бийлиги бар адамдарды бөйпөңдөп, кошомат кылып сыйласак кыйынбыз, ал эми элибиздин касиетин, Манас дүйнөсүн боюна сиңирип, алып жүргөн манасчыларга кайдыгер, салкын мамиле кылабыз. Кадырлап, барктабайбыз. Кытмыр саясат жүргүзсө да кытайлар кыйын, тың экен, 1 жарым миллиард элинен бирөө да Манас айтканды билбесе да, кытайлык боордош кыргыз туугандарга жамынып алышып, эзелтеден келаткан элибиздин рухий дөөлөтү болгон "Манасыбызды" энчилеп алып, эми бекитип берүүнү суранып жатышат. Биздин жетекчи төбөлдөр болсо "кеч болуп калыптыр, Кытай менен ортоктош каттата берели"-деген чыккынчылыкка барабар көз карашты айтып, эсти оодаргандарына күйөсүң. Президентибиз Курманбек Бакиев алигиче ЮНЕСКОго улут таламын талашып кат жолдоп койбоду. Аргасыз ушундайда тунгуч ажобуз Аскар Акаев эске түшөт экен. Эгер А. Акаев болгондо эмгиче бул маселе жолго коюлуп, "Манасты" элибизге кайрып бермек беле?- деп, каңырыгың түтөйт, ачык айтканда. Дегеним, "Манас" кыргыз элинин дөөлөтү экенин дүйнөгө таанытып, 1000 жылдыгын өткөргөндөн кийин, бүгүнкү маселеге кайдыгер карамак эмес…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу