60 тыйынга араанын ачкан ким?
1-февралдан 2010
"Арманың аттын башындай" демекчи, армандан башыбыз арылбай калды. Өткөндө жазган элем, "баалардын баарысы эле көтөрүлүп жатат, байкуш эл гана көтөрүлбөй карап жатат"-деп. Оптомунан токтом токуган Токтогулдун баласынын өкмөтү токтобой койду. Жарыкты жакканды, жаныңды бакканды азайткыла деген өкмөт, эми сүйлөшкөнүңдү дагы азайткыла деп кирди. Байланыш агенттиги уюлдук телефон(сотка) аркылуу байланыш акысын 1-февралдан тарта 60 тыйынга көтөрдү. "Укмуш" тарифине кирип алып "укмуш арзан" дегендер, укмушун ушундан көрүшөт. Ар бир чакырыгы үчүн 60 тыйындан кагылганда, кантип калтасы кагылганын байкабай калат.

Чын - төгүнүн ким билет, өзүнө тиешелүү болгон акчасын Өнүктүрүү Фондунан ала албаган өкмөтүбүз, аргасы кеткенден "Билайн", "Мегаком", "Фонекс" компанияларын алкымдан алыптыр. Аларга ачыгын эле айтышса керек, "баланча сумма бересиңер" деп. Анан алар албетте айтышат да, "андай болсо бааны өзүңөр көтөргүлө" - дешип. Ошентип отурушуп ортодон оокат кылганга жаңы бааны ойлоп табышат. Анысын дагы алдын ала карапайым калкка кабарлабай туруп, жоругу түгөнбөгөн Жогорку Кеңешке жолдоп жиберишет. Мамлекеттин акчасына бекер сүйлөшкөн мандаты барлар маалкатмак беле, маш болуп калышкан "макул" деген кнопкасын басышат. Каршы чыккандар болсо, "ит талаган татардай" кылышат. Токуму жок атка басмайыл тарткандай эле, Токтогулдун баласынын токтомдорун токтоосуз жолго салышат. Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Кубат Кыдыралиев кыйкырымыш болбодубу, "Бул-Байланыш агенттигинин демилгеси же буйругу эмес, Бул - уюлдук операторлордун өздөрүнүн чечими. Алар өз функцияларын киргизип атышат. Жанагы 0.09 цент деген бул тармактар аралык график боюнча. Алар байланыштырууга кетет. Бул жерде биз ушул боюнча гана буйрук чыгарганбыз"-деп.
Анын артынан эле "Мегаком" компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Оксана Бедаш "агенттиктин мобу буйругу , бул-байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлордун бири"-деп, Кубат мырзанын сөзүн кубаттап эмес, кургактап салбадыбы! Анан дагы 0.09 цент дебей эле ачыгын айтышса болмок, "40 тыйынга кымбаттады" дешип. Же биздин бийлик башындагылардын баарысы эле "бакс" менен сүйлөп калышканбы? Болуптур, 40 тыйынга кымбаттатканын Кыдыралиев моюнга алыптыр. Калган 20 тыйын кайдан чыкты? "Тыйындан сом чыгат, кыйындан чоң чыгат" демекчи, 60 тыйын деп айтылганы менен ал аябагандай чоң акча. Билинбей отуруп бир эле күндө бир нече миллион чогулуп калат. Эки адамдын пикиринен эле, уюлдук байланышка болгон жаңы баанын артында кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгы турганын байкасак болот. Шашылыш кабыл алынып жатканынын өзү эле көрсөтүп турбайбы, кимдир бирөөнүн шаштырып жатканы. Баса, баалардын өсүшүн көзөмөлдөй турган мамлекеттик антимонополия деген агенттик бар эмес беле. Ошол агенттиктин директорунун орун басары Усеналиева Назира деген айым "Акипресс" маалымат агенттигине маек куруп, уюлдук операторлор менен мамлекеттик байланыш агенттигинин жаңы тариф боюнча чыгарган буйруктары мыйзамга карама-каршы келерин кашкайта билгизиптир. Анын айтымында, бул деген кадимки эле "сговор" болуп, керектөөчүлөрдүн укугун коргой турган мыйзамга каршы келип калат экен. 60 тыйынга араанын ачкандар алдын ала бул агенттик менен макулдашуусу керек болсо, аны дагы аткарышпаптыр. Баалардын өсүшүнө байкоо сала турган агентик бир нече жолу уюлдук операторлор менен байланыш агенттигине кат жазып кайрылса да, алар жооп бербептир. Акырында өкмөт башчыбыз Данияр Токтогуловичке кат менен кайрылышса, "бир жуманын ичинде тиешелүү документтерди өткөрүп бергиле" деген буйругун 26-январда чыгарыптыр. Мындайча айтканда, жаңы тарифтин баасы бычылгандан кийин бердиртип жатат.
Эгер СДПК фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева болбогондо, бул жаңы тариф жөнүндөгү жаңылык жаңы жаңжалды жаратат беле, ким билет? Балким башында анча-мынча башаламандык болуп, аягында айтылбай деле калса керек эле. Оболу ошол Отунбаева айым кыйкырып чыкты, "эми мына уюлдук байланышка келди кезек. Уюлдук байланышта ар бир чалуу үчүн силер дагы 60 тыйындан төлөйсүңөр. Ар бир телефон чалуу үчүн. Ушунчалык тариф көтөрүлүп атат. Алкымы тойбой атат булардын. Бир жагынан бюджетти жабыш керек. Экинчи жагынан жанагы бизнес топтору менен биздин өкмөт биригип алып, пулду бөлүшүп аткандагысы"-деп. Айым депутат билген маалыматты башка "акжолчулар" билбей калмак беле? Билишкен. Болгону алардын тили кыска болуп жаткандыктан, ачыкка чыгарыша алышкан эмес. Баарынан да, жанагы "Мегакомдун" өкүлүнүн айткан сөзү кызык болуп жатат. Анысы айтып жатпайбы, "негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет"-деп. Ар бир уюлдук телефону бар адам өзүнүн телефонуна өзү бирдик салып, өзү электр энергиясын толтуруп жатса, анан алар кантип эле чыгашага учурап калат? Кара майдын карапайым элге кандай тиешеси бар? Ансыз деле алар акчага муюп жатышпайбы! Бүгүнкү күндө биздин бир дагы завод-фабрикабыз алардыкындай киреше таба алышпайт экен. Эң эле салыкты көп төлөгөндөрдүн башында ушул уюлдук операторлор компаниялары болуп жатат. Демек, алардын кирешеси азырынча эң алдыңкы орундарда экенин эч ким тана албайт.
Айрым саясат талдоочуларыбыз, азыркы күндө Кыргызстанда иштеп жаткан уюлдук операторлордун бир тобу Орусиялык ишкерлерге таандык болсо, дагы бир-экөөсү ажобуздун уулу Максим мырзага таандык дешет. Атаандашуу болгон жерде ар кандай оюндар ойнолуп кетет эмеспи. Анын сыңарындай эле, азыркы 60 тыйындык көтөрүү Орусиялык ишкерлерге каршы багытталган атайын чара экени айтылууда. Ошентип отуруп Орусиялык ишкерлерди кетирип, ордуна Кытай ишкерлерин тартуу жагы каралып жаткан имиш. Айтор, уга берсең ушак көп, айта берсең арман көп. Каза берсең, жаза берсең калем чак келбейт. Каршы чыккандар камалып, каяша айткандар сабалып эле жатышат. Баарысынын эле баасы көтөрүлүп жатат, элибиз эле калгандай, алардын жашоо шарты көтөрүлгөндүн ордуна, артын көздөй кетти. Эми дагы эмнеси көтөрүлөр болду экен.
Рыскелди МОМБЕКОВ