Садык Шер-Нияз,
коомдук ишмер:
"Манастан" артык кыргызга
ыйык эч нерсе жок"
"Манас" эпосун ЮНЕСКО уюму Кытай мамлекетинин мурасы катары каттагандан кийин, коомчулукта чоң нааразычылык жаралды. Андан бери "Манас" кыргыз элине гана таандык экенин тастыктап, кайрып алууга болгон талкуулар жүрүп, "Манасты" коргоо аракети күч алды. "Манас Эл" кыймылы түзүлдү. Бийликке кайрылуу жолдонуп, "Манасты" кайрып алуу аракетин көрүүгө чечкиндүү чара колдонуу жагына басым жасалды. Бирок, бийлик тараптан азырынча жигердүү иш-аракеттер байкалбайт. Элибизди убайга салып, курч көйгөйгө айланган бул маселенин тегерегинде сөз кылсак түгөнчүдөй эмес.


- "Манас" эпосун ЮНЕСКО уюму Кытай мамлекетинин мурасы катары каттаганына бир топ убакыт өтсө да, бийлик негедир чара көрбөй жаткандай. Мунун өзү "Манастын" бизге кереги жок дегенди туюндурбайбы?
- Аракет таптакыр болбой жатат дегенден алысмын. Бул тууралуу Маданият агентигинин жетекчиси менен сүйлөшүп көргөнүмдө, "Манас" боюнча документалдуу тасма тартылып, аракеттер болуп жатканын айтышты. Бирок, сенин сөзүңө да кошулат элем. Анткени, ошол жасалып жаткан аракеттер жөнүндө элге жеткиликтүү эч нерсе айтпай жатышат. Мамлекеттин атайын өкүлү эл алдына чыгып, пресс-конференция өткөрүп, "Манас" боюнча мындай иштер бүтүп жатат, документтерин баланчасында жибергени жатабыз, баланчанчы убакка чейин бүтүрөбүз деген, ачык-айкын жооп берген киши болбой, ушул жагынан кемчиликтер кетип жатат.
- Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин кайсы бир чиновниги "кеч болуп калыптыр, Кытай менен ортоктош каттата берели" - деген көз карашты билдирген эле. Мындай көрүнүш чыккынчылыкка барабар эмеспи?
- Албетте, мен буга кошулбайм. Кытайдан макулдук сураш керек деген элдин духун түшүрө турган да сөздөр чыгып кетти. Арийне, эпос кайсы өлкөдө бар болсо, ошол мамлекеттин да акысы бар. Бирок, бир гана Кыргыз мамлекетинин атынан кыргыздардыкы деп киргизгенге аракет кылыш керек. Ал эми дипломатиялык жана эл аралык укук жагынан карасак, күдүк маселелер туулуп калышы ыктымал. Ошого карабастан ЮНЕСКОго кыргыздардын эпосу "Манас" деп кашкайта жазылышы зарыл. Себеби, "Манасты" алып жүргөн кыргыз эли болсо жана Кыргызстан деген мамлекет болгондон кийин, анын титулдук улуту да кыргыз эли болгондуктан, албетте, Кыргызстандын атынан кыргыз элиники деп жазылышы абзел.
- Бул жерде Кытай өлкөсү Кыргызстандын алсыздыгынан пайдаланып жаткан жокпу?
- Алсыздык деген сөз да туура чыгар. Негизинен, көбүнчө шалаакылык, тоңмоюндук, жопкерчиликсиздик болду. Улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү сактап, бапестеп багып, аяр мамиле кылбасак, мындай көрүнүштөргө дуушар боло беребиз. Ошондуктан, сак болушубуз керек.
- "Манасты" кайрып берүүгө бийлик чара көрбөсө, Таласка боз үй тигип, митинг уюштуруп, эл өзүбүз кайтарып алууга аракет көрөбүз деген сөздөр болду эле?
- Андай сөздөр болгон. Бирок, биз маданий, руханий байлык жөнүндө сүйлөшүп жаткандан кийин, митинг сыяктуу иш-чара ишибизге кандайдыр бир көлөкөсүн түшүрүп койбосун дедик. Ансыз да көп ачуу сөздөр айтылып кетти. Бизде көбүнчө кызуу кандуулукка алдырып, ачуу сөздөрдү айтып алып, анын азабын көрүп калган учурлар жок эмес. Мунун баары дипломатиялык жол менен чечиле турган маселе. Албетте, "Манасты" сактап калууга бийлик тарабынан чечкиндүү чара көрүлбөй, көңүл коштукка берилүү күч болсо, коомчулук муну көз жаздымда калтырбайт. Анткени, "Манастан" артык кыргызга ыйык эч нерсе жок.
- Кыргызстанда 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдыгын өткөрүүгө көмөктөш болгон ЮНЕСКО уюму, "Манас" кыргыз элиники экенин жакшы билип туруп, эмне үчүн Кытай мамлекетинин атынан каттап коёт? Бул маселени Эл аралык сотко берип, чечиш керек деген көз караштарга кошуласызбы?
- Туура айтып жатасыз. Антип да чечсе болот. Айсбергдин чоң бөлүгү астында дегендей, бул жерде кызык нерселер бар. Биз ЮНЕСКОго толук ыйгарымдуу мүчө болгон менен, өзүбүзгө тийиштүү төлөмдөрдү төлөй албай келебиз. Анан, азыр ЮНЕСКОго каршы кандайдыр бир чечкиндүү иш-чара баштап жибере турган болсок, мамлекетке тескери таасири тийип калышы мүмкүн. Ошол жагын да ойлойт экенсиң. Болбосо, биринчи күндөн тартып эле Эл аралык сотко берсек болмок. Ансыз да биздин билдирүүлөрдөн кийин эл аралык чоң резонанстар болду. Казакстандын, Россиянын ж.б. өлкөлөрдүн сайттары басып чыкты. ЮНЕСКО мунун баарынан кабардар болду болуш керек. Ошондуктан каршылыктар болбойт деп ойлойм. Эгерде, бөлүнгөн төлөмдөрүбүз төлөнүп, баарысы жайында болсо сотко берип чечсе болот эле. Ал эми азыркы учурда дипломатиялык жагы оң болуп турат. Бирок, дипломатиялык дегенде фактыны жашырып-жаап, элге билгизбей эмес, ачыктан-ачык уят болгонубузду айтып, ошону оңдойлу деген таризде ачык-айкын иш жүргүзүлүүгө тийиш.
- Буга чейин эле"Манасты" Кыргызстандын атынан каттатып коюуга мүмкүнчүлүгүбүз бар беле?
- Бар болчу. Ошондой да жиберилген. Бирок, ошол учурда кандайдыр бир саясатка байланыштуубуу, айтор туура келбей калган. Анткени, ЮНЕСКО деле уюм да, кайсы бир жаңы багыттар пайда болуп турат. Ошондой болсо да, бул маселени көз жаздымда калтырбай, улам-улам карап туруш керек болчу. Себеби, Кытай мамлекети тарабынан эки күндө даярдалып, каралып калчу нерсе эмес. Бул жылдап каралат. Биз деле быйыл берели десек, кийинки жыл карайбыз деп жатышпайбы. Бирок, эмне үчүн Кытай өлкөсү тарабынан даярдалып жатканда ЮНЕСКО бизге билдирген эмес? Биздин өкүлчүлүк мындан кабарсыз калганы мен үчүн чоң табышмак. Ар бир жакшы иш күдүк ой жаратпай ачык, так, даана бүтүш керек. Ал эми ЮНЕСКОнун бул чечими ар түрдүү күдүк ой жараткан чечим болду.
- "Манасты" кыргыз элиники гана экенин дагы бир жолу тастыктап, кайрып алууга кудуретибиз жетеби?
- Албетте, жетет жана кайрып алабыз. Ошондуктан, мүмкүнчүлүгүбүз, кудуретибиз жетет деген ой менен жашашыбыз абзел. Болгону убакыт гана талап кылынат. Тарыхый чындыктан, акыйкаттыктан ЮНЕСКО уюму четтеп кетпесе керек. Алар да кылган ишин тастыктап туруулары кажет. Болбосо, башка да абройлуу калыстык кылчу чоң уюмдар бар. Кимге кайрылбасын, кыргыз эли өзүнүн "Манасын" кайрып алууга кудурети жетээрине менин күмөнүм жок.
- Кеп кылып жаткан темага эле үндөш, маегибизди багытын бир аз өзгөртсөк. Кыргыз элинин дагы бир көөнөрбөс болгон, акындардын төкмөлүк өнөрүн Бексултан Жакиев экөөңүздөр ЮНЕСКОГО Кыргызстандын атынан каттаткан элеңиздер. Бирок, сыйлык Бексултан Жакиевге гана берилип, сизге эмне себептен берилбей калды?
- Төкмө акындык өнөрдү ЮНЕСКОго киргизүү боюнча долбоорду Бексултан Жакиев жазып, бирок, "Айтыштын" практикалык иш-аракети менен жүзөгө ашкан. Негизгиси төкмөлүк өнөрдү Кыргызстандын атынан киргизип алганыбыз чоң олжо болду. Ал эми сыйлыкка келгенде, ал кездеги мамкатчы Осмонакун Ибраимов деле "Манас" орденинин ээси болуп калды. Бирок, кандайдыр бир саясаттан уламбы, же дагы бир башка нерселер болдубу, айтор, ошол учурда менин эмгегимди басмырлап жок кылуу аракети болду. Кыргызда кылган эмгекти көрсөтпөгөнгө далаалат кылуу күч эмеспи. Ошентсе да, ошол учурда мен үчүн сыйлык эмес, акындык өнөрдү өстүрүп, өркүндөтүү иши биринчи планда турган. Ошондуктан, сыйлык маселесин көтөрүп чыгууну жөнсүз көрдүм. "Айтыш" коомдук фонду түзүлгөндөн бери, төкмө акындык өнөрдүн деңгээлинин өскөнүн эл билип, эмгегибизди баалап жатат. Залкарларыбыз: Ашыкем, Эстекем, Тукамдын көзү өткөндөн кийин, куржалак калбай канчалаган мыкты акындарыбыз чыкты.
- Сыйлыкты албай калганыңызга агаңыз Болот Шерниязовдун оппозицияда жүргөнү себеп болгон жокпу?
- Себеп жок деп айтканга болбойт экен. Эми ошол нерсе, ишти карап жаткан кишинин аң-сезимине, деңгээлине улуттук патриоттук көз карашына жараша болот тура. Албетте, агамдын мурун да, азыр да оппозицияда экенин танбайм. Ошол эле учурда агам менен чексиз сыймыктанарымды да танбайм. Ал киши да кыргызга чоң эмгек кылды деген ойдомун. Бирок, саясат боюнча пикирибиз келишпейт экен. Бул өзүбүздүн жеке көз карашыбыз. Ошого карабастан, бардык нерсени бир чынжырга байлап, саясий упай топтоо максатында далаалат жасагандар болбой койбойт экен. Бирок, эмгекти эл баалайт, таразалайт.
- Боз үйдү, бозону, калпагыбызды казак боордоштор өзүлөрүнүкү кылып патенттештерип алыптыр деген сөздөр бар. Жерлерибизди, маданий баалуулуктарыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү коңшуларга тартырып жиберип жатканыбыз, өзөгүбүздүн соолуп, рухубуздун жоголуп баратканынан кабар бербейби?
- Ушул суроонун өзүн көтөрүп жат-каныңыздын өзү - биздин рухубуздун жоголбосун далилдейт. Азыркы техникалык прогресске байланыштуу көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Албетте, экономиканын начардыгынанбы, же геосаясий абалга байланыштуубу, азыркыдай абал, өткөөл мезгил өкүм сүрүп турат. Ошого карабастан кыргыздын руху бийик. Бул тастыкталган. Болгону, маданий мурастарыбызды бирөөгө тартырып жиберип, оозду ачып отура бербей, иштеш керек. Мамлекетти эле карап отурбай, коомдук уюмдар да аракет кылышы зарыл. Коомчулук активдүү болушуу кажет. Маселен, төкмөлүк өнөрдү сактоодо жана даңазалоодо "Айтыш" коомдук фонду өзгөчө ролду ойноду десем жаңылышпайм. Ошондуктан, мурастарды сактоодо коомчулук да жардам берип, күч үрөсө, бардык нерсени жеңебиз.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу