ТОБОЛ ӨРӨМКАН

Айлакер айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...

Зарина Акындар менен коштошкон соң, эки-үч сыйра чыштай кийинип алууну көздөп, "Караванга" кирген. Кашайып Канат Темирбековичи чалып, "анда мен үйгө кете берейин, эртең келем"-дебедиби. Бир чети жакшы болду, Акын менен сүйлөшкөн соң маанайы чөгө түшкөн. Анысын байкатып алса жаман. Фигурасына жараштырып ак, көк, кызыл костюм алды, юбкелери менен. Баалары да жакшы. Эми өзүн караш керек да, бекер акча турганда не? "Каравандан" чыгып, көчө бойлой жөө келатып, бир имараттагы кулактандырууну окуду. Компьютер, англис курстары жөнүндө. Шыр эле кирип жазылды. Мектепте жакшы окуган да, англис тамгаларын аз да болсо тааныйт. Жумасына 4 күн сабак. Үйгө кечирээк келип, жумуртка кууруп жеп, жатып алды.
Эртеси кычырап алып келди сабакка. Өзүн бир башкача сезип, канаты болсо учкусу келет десең. Тез эле таанылгыстай өзгөрөөрү үч уктаса түшүнө кирген эмес. Айылдагы инисине чалса, "үйдүн дубалы көтөрүлүп калды" деп кубанып, эжесине алкышы миң. Компьютер менен англис тилине удаа-удаа жазылган, эки саат убакыт кетет. Сабактан чыгып, китеп дүкөнүнөн англис китептерин алды. Мына эми алаксый турган иши, алдыга койгон максаты бар. Эмдиги жылы окууга тапшырат. Качанкы ишке ашпай калган ой-тилектерине жетет. Зарина Канат Темирбековичке жолукканы күнүгө "кудай ушуну кут кылса, эч ким көз артпаса экен" деп ичинен миң мертебе кудайга жалынганды унутпайт. Үйгө келип, казанга эт салды, бүгүн Канатына бешбармак жасап берүүнү чечти. Байкаса, жүрөгү бир башкача согуп, күн сайын депутатка арбалып, сүйүп бараткандай. Баягы "пайдаланып, пайдаланып таштап кетем" деген ою туманга сиңгендей жок. Тескерисинче, өз бактысы үчүн жандалбастап күрөшүүнү чечти. Ага тоскоолдук кылгандар Акын менен курбусу Айнура. Экөөнөн эптеп кутулуу керек. Бирок кантип? Ошо кантип деген ой эми Заринанын күнү-түнү мээсин жечү болду.
Ал маалда Канат Темирбековичтин аялы Салыйканын да "кантип?" деген сурого жооп таппай алты айласы түгөндү. "Күйөөм алтындарды кимге алперип атканын кантип табам? Ойношубу же башкабы, мунун баарын кантип билем?" - дегенде эки көзү төрт. Күйөөсү болсо зымпыйып сыр билгизбейт. Үйгө кеч келгени болбосо, бейчеки басып, мурдагыдай балык уулап, сауна, казино деген балакеттерин да токтотту. Болгону анда-санда тамеки түтөтүп калганын байкап таң калат. "Ой, тобоо, 45ке чыкканча чылымды оозуна албаганды кайсы кара теке сүздү, же күйүтү күчтүүбү?"-деп Салыйканын ичи да уйгу-туйгу.
- Качантан бери күчүңдү тамекиден чыгарып калгансың-деген аялынын күтүүсүз сурооосуна буйдала түштү. Чын эле чычайта тамеки кармап алыптыр. Качан, кайдан сатып алганын да билбейт. Какап-чакай түштү.
- Мен деле тамекинин даамын байкап көрөйүн дегем жана балдар чегип атканынан мен да чөнтөгүмө салып койгом. Азыр көйнөгүмдү чечип жатып байкадым. Тобоо, сынбаганын карасаң.
- Билбейм, кийинки күндөрү мени абдан таң калтырчу болдуң. Мурдагыдай шарактап басып-турбай калдың. Ушу сен депутат элесиңби же партиядан чыгарып, ордуңду бирөөгө бериштиби? Сессиядан деле көрүнбөйсүң, сырыңды деле айтпайсың.
Канат Темирбекович ичинен "сырымды айтчу сен белең, кайра ажылдап беттен аласың да" деп ойлогонго үлгүрүп, бирок "койчу алтыным, мени кетирип өлө албай жүрүшүппү. Баары жакшы, просто ызы-чуудан тажадым. Үйдө отурса да көрө албайсың, деги сага не жагат?" деп кабагын чытып, иш бөлмөсүнө кирип кетти.
Эртеси Салыйка күйөөсүнүн айдоочусуна телефон чалып, "үйгө келчи, бирок менин чакырганымды шефиңе такыр айтпа, сүйлөшө турган сөз бар" деди. Азат көп күттүрбөй, тез эле жетип келсе, шефинясы дасторкон жайып күтүп атыптыр. Бала-чакасын, аялынын ден-соолугунан бери сурап жиберди. Ушуга чейин көзүнүн төбөсү менен карап, ооз учунан араң учурашкан аялдын заматта кубулганына бир чети таң калды. "Теңине албайт"- деп ичинен жаман көрчү. Себеби Канат Темирбековичке айдоочу болгону Салыйка Азатты "нан ооз тий" дегени болбосо, такыр үйүнө киргизчү эмес. Экөөнүн ортосундагы чыр-чатакты көп байкап, "аялы жаман"-деп шефине боор толгочу. Шефи үйүнө барбай казино, сауналап жүргөндө ичинен Салыйканы табалачу.
Шефинясы Азатка кызыл чай берди, беш бармак тартты да узун сөздүн учугун улады.
- Азат, чакырганым мындай, билем үй-бүлөң бар, аз айлык аласың, батирде турасың, анын баарын Канат айтып калчу. Сени бир тууган инисиндей эле көрөт. Анан мен да сага жардам берейин деп чечтим, мен сага айына 7 миң акча берип турам. Андан сырткары күн алыс үйдөн азык-түлүк, эт-аш, бал, конфет алып кет, такыр тартынба. Бирок бир шарт менен. Жумушуң опоңой. Мага агент болосуң. Болгону Канат Темирбекович кайда барды, кимдер менен жолукту, айтып турасың. Айрыкча, жанында коштоп жүргөн кыз-келин болсо, дароо кабарла. Каерде отурганынан бери айт. Мага бул абдан керек. Билесиң да, мен үй-бүлөнү сактап калгым келет. А бул акча жөн гана жардам, мына бул баштыктарды келин балага берип кой. Макулсуңбу?
Азат Салыйка эжесинин колун караса, жалаң миң сомдуктар, эки килейген баштыктын үй бурчунда турганын эми байкады. Акча кимди гана азгырбайт? Анын үстүнө кылмыш жасап атты беле? Ансыз деле шефинин кайда жүргөнүн аялы дайым сурачу эмес беле, айтып бере берет да. Айлыгынан сырткары акчаларды чогултса, эптеп жер алып, үй тургузуп алса. Анын үстүнө Канат Темирбекович да жардам берем дебеди беле. "Макул" деп башын ийкеди.