Көзү ачыктын баяны

Мелис КАРЫБЕКОВ АСАН теги, парапсихолог
Кут кармаган адам
Менин гезит бетине чыккан макалаларымды окугандар албетте, ар кандай ойдо болосуңар. Араңарда мени түшүнгөндөр, ишенгендер да, мактагандар да бар. Мени көрө албай, ичи тарып, шарлатан дегендер, жөн гана түшүнбөгөндөр, ишенбегендер да бар. Газетанын редакциясына келген сайын жүздөгөн адамдар телефон чалып, кээ бири телефон номерлерин таштап, байланышууну суранышканын айтышат.

Азырынча дарегимди айтпай, жолукпай жаткан себебимди, сырымды айтайын, менин астымда чоң максатым бар. Сырткы сырдуу күчтөрдүн алдында чоң милдетим бар. Ал Манас дүйнөсүнөн келген маалымат. Аны көпчүлүккө жеткизүү милдети, менде башка максат жок. Оппозициялык маанайдагы газетага чыгып жатканымды мени саясатчы деп түшүнүп алгандар бар экен. Мен саясаттан алысмын, менин өз саясатым бар, өз ханым бар. Ал Манас, оппозицияга да, бийликке да тиешем жок. Мен үчүн баарыңар Манастын тукумусуңар. Мен өз касиетимдин сырын 1995-жылдан бери жандырмагын издеп, өткөн жылдын күз айларында гана толук жандырмагын чечтим. Мени таанып билгендерден кечирим сурайм жана ачык эле айтайын мен азыр башка адаммын, баягы Мелис эмесмин. Табыпчылык кылганды абдан сагынып калыптырмын, бирок менин азыркы жан дүйнөмдө бир гана Манас дүйнөсүнөн келген маалыматтын сырын ачып берүү. Астыдагы айта турган чоң маалыматтарыбыз Зилзала "жер титирөө", Улуттун биоталаасы, Кара дуба, Улуттун трагедиясы, Кыргыз элинин келечеги, Нукура кыргыз парапсихологиясы, Манастын урааны, Манастын кенч казынасы, табыпчылыктын керемети, диндердин айырмасы, Куттун сыры, Манасчылардын касиети, Айтматовдун керээзи, Өтөгөн олуя ж. б. макалалар. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мени мактанчаак деп түшүнгөндөргө менин жеке мактана турган эч нерсем жок. Мен бир кыргыздын кара баласымын, бирок мен касиетим аркылуу Манас бабабызды мактайм, даңазалайм. Аны жеке мактаныч деп түшүнүп албаңыздар. Өткөн сандардагы "Кут кармаган адам, же Үч каректүү карыя" деген макалабызда кийин эл ичинде кыдыр, кызыр карыяга жолуккандар жана короосуна кут түшкөндөр көп экени маалим болду. Ар кандай кызыгууну жаратып, телефон чалгандар болду. Мен мурунку жылдары короосуна кут түшкөн эл ичинде үч-төрт адамга кезигип, кут белгисин колума кармап, энергиясын сырын жандыргам. Аларга түшкөн кут жөн гана космостон түшкөн метеорит же кометанын сыныктары гана болгон. Кыргызча жылдыздын сыныктары эч кандай сыр каткан эмес, жөн гана физикалык кубулуш. Ал эми бизге белгилүү болгон мен кызыккан кутта чоң сыр, өзгөчө программа бар. Ал кутта Манас дүйнөсүнөн келген кабар, же белги бекем сырын жашырып жатат. Менин жазган макаламды окуп, кут кармаган адам ошол сырдуу куттун жандырмагын чечүүгө мага макулдугун берди. Ошол себептен мен бир аз тыныгууга убакыт алдым.




- Белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековго жана анын жазгандарына ой-пикириңиз.
Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз эл акыны, Б. Сарногоев атындагы
адабий сыйлыктын лауреаты
- Бул кылым да, мындан кийинки кезикчү кылымдар да парапсихологиясыз жашай албайт. Мелистин "жабык талаасы" бүгүн өз элине жаңыдан ачыла баштады. Ага кирүү оңой болбойт. Андан чыккан адамдар өзүнүн ким экенин түшүнөт. Бизде азыр туулгандан өлгөнгө чейин чоңое албай жүрүп жашы өткөн адамдар көбөйдү. Мен бүгүн кыргызды Мелистин ааламы аркылуу бир сыйра "филтрленип" алышын чын жүрөктөн калаар элем.
Кыргызда Кошой, Бакай баштаган, Калыгул, Арстанбек, Санчы сынчы, Көз сынчы, Кет Бука өңдүү олуялардын жолу, андан кийинки Өтөгөн олуя, Жуманаалынын, азыркы Мелистин тамыры, өзөгү бир. Жашоодо "Бир чымчык" деген чымчык болгон. Ал бир эле күн жашап, таңдан кечке сайрап, кечинде жан кыйган. Бирок, ушунчалык узак жашаткан үчүн кудайга ыраазы болуп кеткен. Жашоодо мындан башка "Өгөрөк" деген эки баштуу куш болгон, бир денедеги эки баш, бир денени көтөрүп уча албай тытышып, бирин-бири жеп кое жаздаарда теңир тең ортосунан бөлө чаап таштаган. Ошондо бир башы, бир канаты менен бирөө бир жакта, экинчиси экинчи жакта калган. Алар кечке муңдап-зарлап бирин-бири тапканда гана биригип асманга көтөрүлүп учкан. Күүгүм кирээри менен кайра экөө эки бөлүнүп, бирин-бири билген жакка келип түшкөн. Мелис экөөбүздүн жаза турган китебибизде ушулар бар. Мелистин ушуларды айтып берүүгө гезиттин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ал келечектин иши. Манассыз адамдардын баары азыр Мелиске келет. Мен буга ишенем.


Рыспай Исаков
манасчы
- Мелис байкенин касиети жөнүндө айтсам. Аркасында кандайдыр бир зор күч тургандай. Манасты ыйык жана бийик туткан адам. Манасты кастарлаган, Манастын чыныгы тукуму. Мелис байкенин Манастын энергиясы деп айтканы, Манастын өзүнчө бир турмуштагы вариантындай, Манасты эпос катары кабыл албастан, ыйык жана тирүү деп кабыл алыш керек. Мелис байке жана радио угуучулар менен бирге "Манастын керемети" деп түз байланышка чыктык. Мен Манас айттым, Мелис байке эл менен баарлашып, Манастын энергиясын, касиетин элге көрсөтүп келдик "телепатия" касиети аркылуу жеткизди. Манаста баардык касиеттер камтылат. Олуялык, табыпчылдык, көзү ачыктык, касиетин көрүп келдик Манас чексиз окаен. Анын касиетин айтып түгөтө албайсың. Мелис байкенин ак никелүү тойлордо жаштарга нике окулган учурда манасчыны чакырып, манас айттырса, никеси бекем жана адал болот дегенин колдойм. Балдардын сүннөт жана тушоо тойлорунда Манас айттырып, бата берсек ошол балдар чыныгы элдин көк жал кыраандары болот деп айтканына ишенем. Аз эле убакта Мелис байке гезит бетиндеги макалалары аркылуу, радиодогу түз байланыш аркылуу элибиздин жан дүйнөсүндөгү Манастын духун ойготкондой болду. Элибиздин Манас бабабызга болгон кызыгуусун күчөттү. Мага да манасчы катары элдин кызыгуу суроосу көбөйдү. Кыргыздын парапсихология илими Манастан башталат дегени туура. Мелис байкенин элибизден дагы улуу манасчыбыз Саякбай бабабыздай залкар манасчылар чыгат деп аларды улут символу катары колдоого алабыз дегенине кошулам жана биргелешип иш алып барабыз.


Темир Бирназаров,
кино жана
театр режиссеру
- Мелис Карыбеков биздин коомдун күрөө тамырын кармап турат. Өзүнүн касиети аркылуу Манас атабыздын духун, энергиясын, Манастан келген маалыматтарды элге жеткирип жатканы келечек муундарыбызга көрсөткөн жол. Мелис кыргыздын улутуна, келечегине, тагдырына жол көрсөтүүдө. Гезитте көзү ачык деп жатышат, бирок парапсихолог дегенибиз туура. Манас ааламынын негизинде өз касиети менен келечегибизге жарык чачып, бизден кийинки муундарга сакталып калышы зарыл. Жөн адамдардан айырмаланган парасихологдун жан дүйнөсүнөн, ички сезиминен, жаратылышынан чоң айырманы байкайсың. Мелистин жаратылышы мен үчүн аябай кызык болгондуктан, документалдуу фильм тартууну максат кылып, учурда материал топтоодомун. Мелистин жазгандарынан 2030-жылы жээндердин өлкөсүнө айланабыз дегени, өтө чоң көйгөй, мен да абдан тынчсыздандым. Ал эми көк жалдын энергиясы туурасында да кеңири баяндады, учурда бизге Манастын энергиясы жетишпейт, көк жалдык энергия жок. Орусча айтканда "дух" жок, моторубуз алсыз. Ошонун баарын Манастын касиети аркылуу ал энергияларды сезүүбүз зарыл. Кыргыздын келечегине күйүп, Мелис Манастын ааламын сезип, билип бизге айтып жеткирип жатат. Жөн гана Манас деп айтпастан, Манастын айкөлдүгүн, энергиясын талдап жазып жатат. Кийинки муундарыбызга айтылып, сакталып калуу үчүн Мелистей касиеттүү адам жөнүндө документалдык фильмди сөзсүз тартуубуз зарыл.
Венера НАРКЕЕВА