Эл байлыгын
уурдоо качан токтойт?
Урматтуу президент, жергиликтүү атка минерлердин айрым өзүм билемдик иштери карапайым калктын кыжырын кайнатып, Сизге кайрылууга мажбур болуп отурабыз. Чүй областына караштуу, Чүй районундагы Сайлык айыл өкмөтүнүн аймагынан, Токмок шаарынан Кемин өрөөнүн көздөй өтүүчү жаратылыш газынын жогорку басымдагы магистралдык газ түтүкчөсү, тээ совет мезгилинде эле курулган болчу. Бирок, 2009-жылдын октябрь айында ошол газ түтүкчөлөрү кимдир-бирөөлөр тарабынан казылып, кесилип кетер мезгилде Жаңы-Чек айылынын тургундары жана райондук Кеңештин бир катар депуттарынын каршылыгынын аркасында бул ишке жол берилген эмес. Бирок, ошол газ түтүктөрүн казып алуу боюнча Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөнов Мелис тарабынан ооз эки жүзүндө уруксаат берилген экен. Анысы аз келгенсип, сакталуучу жайда жаткан ошол төрт түтүктү Чүй районунун прокурору элден сатып алып, алып кетип бара жаткан жеринен Сайлык айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы Султанов Токтогул жана райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Турдалиев Акималы тарабынан кармалган.
Ошентип, ошол газ түтүкчөлөрү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн короосуна автоунаасы менен токтотулган. Бирок, бир жумадан кийин Чүй районунун прокурору газ түтүктөрүн РИИБдин короосунан алып чыгып кеткен. Мындай өз кызыкчылыгы үчүн коомдук байлыкка кол салган жергиликтүү чиновниктерге тез арада чара көрүүңүздү суранабыз. Эгер ошол газ түтүктөрү өз ордуна коюлбаса, бүтүндөй Кемин районунун калкы жана Чүй районунун айылдары, Чүй райондук Карылар үйү жана канаттуулар фабрикасы көгүлтүр оту жок калуу коркунучунда калат...
Токтогул Султанов
Сайлык айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы
Асан Карымшаков
Чүй райондук Кеңешинин депутаты




Чындыкты чыркыраткан ар бир саныңарды чыдамсыздык менен күтөбүз!
Урматтуу "Форум" гезитинин жетекчилиги жана эмгек жамааты!
"Күндө туусам, күндө жок, күндө жылан жеп коет"-дегендей, мен билгенден гезитиңердин бул жаңы аталышы төртүнчүсү болсо керек. Бирок, гезитиңер кандай гана аталбасын, Сиздердин курч калемиңер, ачык, таамай жазган мурч кебиңер ошол эле бойдон калды. Сиздердин мен сыяктуу он миңдеген туруктуу окурмандарыңар да аты алмашса да, заты алмашпаган гезитиңер менен биргебиз! Жаңы "Форумуңарга" да зор ийгиликтерди каалоо менен буга чейинки калыбыңардан жазбай, эл үчүн ак эмгегиңерди кыла беришиңиздерге тилектешмин.
Жаңыдан гана чыкканына карабастан окурмандардын зарыгып күткөн элдик гезитине айланган "Форумуңарга" да асылгандар четинен чыга баштаптыр. Гезит жетекчилигине коркутуп-үркүтүүлөр болгонун окуп алып биз дагы кабатырланып, катуу тынчысыздандык. Силерди коркутуп жаткандар деле бизге окшогон пенделер. Бүгүн болбосо эртең сөзсүз жазасын алышат. Кимиси коркутса да, эч качан моюн сунбагыла. Артыңарда калдайган кыргыз калкы, он миңдеген окурмандарыңар турат. Алардын силерди коркутканы - бүткүл кыргыз элин коркутканы. Мындай жүзү каралык ишти ИИМ министри Молдомуса Конгантиев баштаган тийиштүү күч органдары сөзсүз түрдө акырына чыгып, кылмышкерлерди колго түшүрүп, ушуларга окшогон ээн баш жүзү каралардын тизгинин тартыш керек. Муну эл карап турат.
"Чегирткеден корккон эгин экпейт"-болбой өз ишиңерди уланта бергиле. Ишиңер ийгиликтүү болсун! Он миңдеген окурмандарыңар силердин чындыкты чыркыраткан ар бир саныңарды чыдамсыздык менен күтөт. Бар болгула!
Азимкан Маделиев,
Журналист. Сокулук району, Орок айыл өкмөтү, Жал айылы




Таластыктар да Исаков менен!
- Алгач, аты-жөнүздү, эмне максатта келдиңиз, кыскача айтып өтсөңүз?
Аты-жөнүм Тургуналиев Анарбек, Талас областынын Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынан келдим. Өзүм СДПК партиясынын активдүү мүчөсүмүн.
Ушул жылдын башында камакка алынган Исмаил Исаковду жана буга чейин бийликтин буйругу менен камакка алынган саясий камактагыларды эркиндикке чыгаруу талабы менен ачкачылык кармап отургандарга кошулуу ниети бар Талас аймагынын калкынын атынан келдим. Бүгүн бияктагы ал-абалды байкап, ачкачылык кармоонун жол-жоболорун билүү максатында келгем. Жакында Таластан булардын катарына кошулууну каалаган бир нече улан-кыздарыбыз даяр турушат.
Убагында Феликс Куловду да камап салышканда, Талас эли, өзгөчө карабууралыктар түп көтөрүлүп, Акаевдик бийликтин кулашына чоң салым кошкон. Тарых кайталанат деп бекеринен айтылбаса керек, бүгүн да дал ушундай эле окуя кайталанып отурат. Бирок, биз ошондо Куловду Кара-Буура элинин күйөө баласы, тууганы катары эмес, жүзү кара бийликти жок кылуу үчүн, патриоттук сезим менен чыкканбыз. Бүгүн да таластыктар Исмаил Исаковдун жана башка мекендештерибиздин адилетсиз камалышына каршылык билдирип, адилетсиз бул бийликке катуу нааразы. Бүгүн Исаковду камашса, эртең башкабызды да камабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан "алты саның аманда, жер караган жаман да"-демекчи, өзүбүздүн адамдык укуктарыбызды кор кылбашыбыз керек. Талас эли Исаковдун кыргыз армиясы үчүн, кыргыз эли үчүн жасаган ак эмгегин жакшы билет. Анын эч күнөөсү жок экенин жүрөгүм сезип турат.
- Убагында генерал Феликс Куловго карабууралыктар жакшы эле колдоо көрсөтүштү эле. Куловдун азыркы учурдагы жүрүм-турумуна таластыктар кандай баа беришүүдө?
- Өтө терс баа беришүүдө. Учурунда "темир генерал" деп ат коюп, жерге-сууга тийгизбей, жакшы эле көкөлөткөнбүз. Бирок, жеке кызыкчылыгы үчүн эл ишенимине түкүрүп туруп басып кетти. Темир генералыбыз дат баскан генералга айланып калды. Ал эми эч качан мурункудай эл колдоосуна ээ боло албайт. Ал биз үчүн саясий өлүккө айланды. Бирок, ошол учурда биз жалгыз эле Кулов үчүн эмес, ошол кездеги адилетсиздикке, бийликтин туура эмес саясатына каршы чыкканбыз.
- Бүгүнкү күндө таластык туугандардын азыркы бийликке болгон маанайы кандай?
- Дээрлик бардыгы нааразы. Талас элинин бирден-бир жалгыз киреше булагы болгон төө буурчактын арзандыгы, суунун тартыштыгы, электр жарыгына болгон баалардын кымбатташы менен азык-түлүктөрдүн баасынын асмандашы ж.б орчундуу маселелер элдин бул бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүүдө. Баарынан да адилетсиздик элдин кыжырын кайнатууда. Аким, айыл өкмөттөрүнө окшогон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүмдүүлүгү мыкты, суусу кенен айдоо жерлерден 50-60 гектардан ээлеп алышкан. Малдарыбызды казактарга арзыбаган баада сатууга аргасыз болуп отурабыз. Сөздүн кыскасы, карапайым калктын жашоосу күндөн-күнгө начарлоодо.
- Жакында Манас эпосу дүйнөлүк баалуулук катары ЮНЕСКОго Кытайдын атынан кирип калыптыр. Манас атабыздын жердештери буга кандай карап жатышат?
- Башкасы жетишпей жаткансып, ушул эле калды эле деп, бул кабарды укканда эл катуу толкуду. Манастын Кароол чокусу, Манастын күмбөзү, Манас району, Манас айылы бизде болсо, кантип эле улуу Манасыбызды дүйнө эли кытайдыкы деп таанып калсын деп жинибиз келип атат. Бул да болсо бийликтин кетирген өтө чоң чекилиги, катасы деп эсептейбиз. Эгер Манастан айрылсак, жашообуз гана жакыр болбостон, жан дүйнөбүз да жакыр, байкушка айланабыз.
Тиленбек АЗЫК