Барс секирик

Араанын ачкан кымбатчылык, көтөрүлгөн кан басым
Жаңырган 2010-жыл эгемендүүлүктөн берки тарыхыбыздагы жаңы баалардын, кымбаттоонун жылы катары тарыхыбызга кирмей болду. Алгач ысык сууга, жылуулукка, светке, газга болгон баалар жыл жаңырары менен барс секирикке сала асманды чапчыды. Буга байланыштуу азык-түлүктүн да баасы кескин жогорулады. Мындай кымбаттоого эл эсин жыйып үлгүрө электе, уюлдук байланышка болгон баа да 60 тыйынга көтөрүлдү. Кыязы, бардык нерсенин баасы көтөрүүлүү менен башталган барс жылы, элдин көтөрүлүшү менен аяктайт өңдөнүп калды. Себеби, бир гана эл көтөрүлө элек, башкасынын баары көтөрүлдү.

Жуунганыңды, жылынганыңды, жары-гыңды, ичкен - жегениңди, жалпылап айтканда Кыргызстанда жашаганыңдын кунун көтөрүп жиберген Данияр Үсөнов жетектеген Өкмөт, эми сүйлөшкөнүңдүн да акысын асмандатып салды. Аз күндө дем алган абага төлөп баштайт окшойбуз. "Аты улук, супарасы курук" Өкмөттү жетектеп калган Данияр Үсөнов, өзүнө тиешелүү акча каражатынын баарын Өнүктүрүү фондуна тартырып жиберип, кайдан каражат табарын билбей, акча чыкчу булактарды алкымдан алганды адатка айлантты. Кезек "Beeline", "Megacom", "Фонекс" компанияларына жетти. Аталган компаниялар Өкмөт менен биргеликте ар бир звонокко 60 тыйындан төлөө тууралуу жаңы бааны ойлоп табышты. Анысын Жогорку Кеңеш карап чыкканча, "Beeline", "Megacom", "Фонекс" компаниялары карапайым элге билдирбей, эскертүүсүз эле 1-февралдан тарта уюлдук байланыш кызматынын акысын 60 тыйынга жогорулатышты. Ошондо, 60 тыйындын арты менен күнүнө бери дегенде он жолу телефон чалган адам 6 сом, бир аптада 42 сом, айына 180 сомго кошумча чыгым болот. Уюлдук байланышты колдонгон 4 миллион кардарга 180 сомду көбөйткөндө, 720 миллион сомго чыгат. Аны кайра он эки айга көбөйтсөңүз, бир жылда 8 миллиард 640 миллион сомго жетет. Өлкөбүздүн бир жылдык бюджеттин төрттөн бир бөлүгү, башкача айтканда, 200 миллион доллардын тегерегиндеги каражат, 60 тыйындын эсебинен түшүп калат. Бюджетти кантип толтуруунун айласын таппай жаткан Данияр мырза, каражат таңсыктыгын элдин эсебинен жабуунун жолун ушинтип тапкан. Бирок, мунун канчасы сол чөнтөккө солонуп кетет, айтуу кыйын. Анткени, уюлдук байланыштын кымбаттоосунун артында жең ичинен сүйлөшкөн жеке кызыкчылыктар бар экени айтылууда. Муну Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева, "алкымы чоң бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жасаганы" катары баалады.
Шылтоого шыноо табылбай турганбы, жылдык кирешелери 250 миллиондон ашуун долларды түзүп, жылдан-жылга кирешеси арбып бараткан уюлдук байланыш компаниялары "бөрк ал десе баш алган" абалга өтүштү. Маселен, "Beeline" уюлдук компаниясынын "Укмуш" аталыштагы тарифи тармак ичинде 50 тыйын болсо, эми ал 1 сомго жогорулап, андан тышкары ар бир чалуу үчүн 60 тыйын кошулуп, ошондо 1 сом 60 тыйынга чыгып кетти. Көз көрүнөө көз боёмочулук кылып элдин жонунан кайыш тилүүдө. Керектөөчүлөрдүн укуктары бузулуп, кызыкчылыгына каршы иш жүрүүдө. Демейде бир ай мурун алдын-ала sms жиберип кабарлган компаниялар, бул жолу баа көтөрүлгөнгө чейин дымын чыгарган жок. Ал түгүл шаардын көчөлөрүндөгү чоң жарнак такталарында илинген "Укмуш" тарифи, тармак ичинде 50 тыйын деп дагы деле илинип турат. Аны көргөн адамдар арзан экен деп "Укмуш" тарифине туташып алса, анан эле сүйлөшө келгенде 1сом 60 тыйындан алып жатса, көз боёмочулук эмей эмне? Бул үчүн аталаган компания мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.
Кыргызстандын 4 миллиондон ашуун калкы уюлдук телефон байланышын пайдаланат. Ошондо канчалаган адамдардын укугу бузулуп, кызыкчылыгы тебелендиде калып жатат. Көпчүлүктү нааразы кылган тариф боюнча "Beeline" компаниясы менен байланышып көргөнүбүздө, "тарифтин көтөрүлүшүнө Өкмөттүн тиешеси жок, "Укмуш" тарифи чыкканда элдин баары арзан деп өтүп алышып, биз техникалык жаткан тейлегенге жетишпей жатабыз. Техникалык жабдуулар эскирип, бузулуп жатат. Ошондуктан, сүйлөшүүнүн сапатын жакшыртыш үчүн бааны көтөргөнгө туура келди. Ал эми жарнактарды жакында алмаштырабыз" - деп билдирди. Жакындасы бир айбы, же эки айбы, анысын тактап айтканга жараган жок. Ошондой эле, экономикалык кризиске карабастан иши өзгөчө жүрүшкөн компания, кымбаттоонун дагы бир себебин Кыргызстандагы экономикалык кризиске байланыштырды. Аргасыз жакаңды карматат.
Көз-көрүнө мындай "көз боёмочулук" кадамдардын жасалышы, айрым талдоочулардын айтымында, уюлдук компаниялардын аркасында өтө таасирлүү адамдар турганында. Анткени, уюлдук байланыш - Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына "Sky Mobile" жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен "Альфа Телеком" жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча "Beeline" компаниясы үчүнчү орунда, "Кумтөр" менен "Газпром нефть Азия" компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми "MegaCom" компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча "Кыргыз темир жолу", "Түндүкэлектро", "Кыргызгаз" сыяктуу лөктөрдү артка таштаган. Ал эми мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү боюнча "Beeline" компаниясы "Кумтөрдөн" кийинки экинчи орунга чыгып, былтыркы жылы казынага 942 миллион 200 миң сом төгүшкөн.
Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат. Айрым серепчилер өлкөдөгү ири уюлдук компанияларынын аркасында президенттин үй-бүлөсү турарын айтышат. Маселен, "MegaCom" деген ат менен белгилүү уюлдук операторунун көзөмөлдөөчү акциясы мурда орусиялык "БиМоКом Лтд" ЖЧКсында болчу. Былтыр күзүндө Орусиялык маалымат каражаттары президенттин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн "Альфа Телеком" компаниясы "БиМоКом Лтд" компаниясынан акцияларынын бардыгын тартып алганын жазып чыгышкан. "Sky Mobile" компаниясынын аркасында да бийликтеги өтө таасирлүү адамдар турушканы жазылган. Бирок, Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев "24.kg" агенттигине интервью берип, ага байланыштуу айтылгандарды ушак, ойдон чыгарылган нерселер катары баалаган.
Айтор, Баш мыйзам буйлаланган өлкөдө баарысы боло берерин, акчалуулар каалаганын жасай аларын жеке компаниялар да тастыктап жатат. Дегеним, уюлдук байланыш компаниялары көтөргөн баага карата Улуттук байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев "бул кымбаттатуу алардын ички иши" деп алакан жайса, Монополияга каршы агенттик да конкреттүү чара көрө албай кылчактоодо. Себеби, мындай кымбаттатуу жогорку жактын көрсөтмөсү болсо, аталган агенттиктердин колунан эч нерсе келбестиги айтылууда. Ал эми "Beeline", "Megacom", "Фонекс" компаниялары кымбаттоонун келип чыгышына электрге, жылуулукка, ысык сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү себепчи болгонун билдиришүдө. Айтмакчы, ар бир кагылган звонок үчүн 60 тыйындан төлөөнү, аталган компаниялар кайрадан алып таштабаса, алардын лицензияларын кайтарып алуу менен кайрадан тендер жарыялоо маселесин "Ак жол" фракциясынын депутаты Алишер Сабиров көтөрүп чыкты. Албетте, тарифтерге болгон бааны мурункудай калтыруу демилгеси көпчүлүктү сүйүнтсө, бир четинен айрымдарын бүдөмүк ойго түртүүдө. Анткени, көтөрүлгөн баага шылтоолоп, ажонун уулу Максимге байланышы бар делген уюлдук байланыш компаниясына атаандаш болгон компаниялардын лицензиялары гана чакыртылып алынып, көтөргөн баанын курмандыгына айланып калышы мүмкүн. Тендер жарыялоо жагы да "көзүрдүн" көңүлүнө жараша жүрөт.
Бүгүнкү күндө Кытай инвесторлорунун өлкөбүздө уюлдук тармагын ачууга кызыкдар. Болгону андай мүмкүнчүлүккө ээ боло албай келишет. Эгер жаза тайып, Алишер Сабиров көтөргөн пикир ишке аша турган болсо, Кытайлык инвесторлорго даңгыр жол ачылат. Себеби, Максим Бакиев Кытай мамлекети менен тыгыз кызматташуу жагына оогонун серепчилер белгилеп келүүдө. Мындай мүмкүнчүлүктү кытайлар колдон чыгарып жибербейт. Буга чейин Кытай инвесторлору өздөрүнүн уюлдук байланыш тармагын ачууну көздөп, бирок, жолдору болбогону айтылган. Баса, белгилей кетчү жагдай, ар бир звонок үчүн 60 тыйындан алчу байланыш кызматынын акысын "Nexi", "Katel", "Нур Телеком" (О) компаниялары гана көтөрүү жагын чече элек. Кыскасы, баарысы эле көтөрүлүп, элибиздин жашоо шарты гана көтөрүлбөй койду. Бир гана кан басымы көтөрүлүүдө. Алдыда дагы эмнеси көтөрүлөт болду экен?..
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу