Конституцияга өзгөртүүлөргө КСДП фракциясынын расмий позициясы
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна карата

КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП депутаттык фракциясынын
КОРУТУНДУСУ
КСДП депутаттык фракциясы мамлекеттик бийлик тутумун өркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо боюнча иштерде мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ бардык субъектер, саясий процесстин башка катышуучулары менен кызматташууга даяр экенин билдирет. Мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биздин көз карашыбызда, биздин коомубуздун жана жалпы өлкөбүздүн заманбап өнүгүшүнүн талаптарына толук даражада ылайык келбейт.
Мыйзам долбоору, Маалымдама-негиздемеде белгиленгендей Президенттин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын жөнгө салууга, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын уюштурууга багытталган жана кайталанма позицияларды жоюу, оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин кыйла кыска, так белгилөө максаттарын көздөйт. Мыйзам долбоорун изилдөө - сунушталып жаткан түзөтүүлөр көрсөтүлгөн максаттарга жетишүүгө алып келбесин көрсөттү.

52 - берене.
Президенттик кеңешме Мамлекеттик кеңеш менен алмаштырылат (ЖК профилдик комитетинин сунушу)
Долбоордо минтип жазылган: "Президент ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбогондо, анын ыйгарым укуктарын жаңы Президент шайланганга чейин Президенттик кеңешме тарабынан аныкталган адам аткарат", бирок Конституциялык соттун корутундусунун негизинде ЖК профилдик комитети Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш менен алмаштырууну сунуш кылган.
Биринчиден, биздин республикабызда Мамлекеттик кеңеш расмий түрдө бар, иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти 2006-жылдын 17-апрелинде "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Ушул Жарлыкта республиканын Президенти Конституциянын 42-жана 46-беренелерин жетекчиликке алуу менен жана мамлекеттик маанилүү көйгөйлөрдү, мамлекеттик түзүлүштүн жана республиканын өнүгүшүнүн маанилүү маселелерин кароодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашылган жана өз ара биргелешкен иш алып барууларын камсыз кылуу максаттарында Мамлекеттик кеңештин курамын аныктаган жана ал жөнүндө Жобону бекиткен. Мамлекеттик кеңештин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет: Президент; Жогорку Кеңештин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер - министри; Конституциялык соттун Төрагасы; Жогорку соттун Төрагасы; Коопсуздук Кеңешинин катчысы; Бишкек шаарынын мэри, ошондой эле мурдагы Мамлекеттик катчы, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси. Экинчиден, анын чечими Президенттин Жарлыгына ылайык сунуштама мүнөзүндө болгонуна байланыштуу бул институт Президенттик кеңешмени алмаштыруу маселесин таптакыр чечпейт.
Фракция аталган "Президенттик кеңешме", "Мамлекеттик кеңеш" институттарын Конституцияга киргизүүгө жана аларга (ага) Президенттин милдетин аткаруучу адамды аныктоо укугун берүүгө каршы. Президент тарабынан өз милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогон шарттардагы бийликтеги боштукту толтуруу аракети менен, мыйзам долбоорунун демилгечиси, эң өкүнүчтүүсү дүйнөнүн цивилизациялуу мамлекеттеринин тажрыйбасын жетекчиликке албастан, шектүү механизмдерди жана конструкцияларды табууда. Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо маселесинде белгисиздик, дайынсыздык жана ачык эместик болбошу керек. Анын ыйгарым укуктары, дайындоо механизми, иштөө мөөнөтү жана башка зарыл ченемдер Конституцияда так жана дайындуу жазылышы керек. Муну демократиялык өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүнүн укуктук жана саясий тажрыйбалары бышыктоодо.
68 - берене.
Өкмөттүн курамы
Сунуш кылынган "Өкмөттүн иштерин Премьер - министр башкарат. Өкмөт Премьер - министрден, вице - премьер-министрлерден жана башка Өкмөт мүчөлөрүнөн турат" деген аныктама мыйзам ченемдүү суроону жаратат: "жана башка Өкмөт мүчөлөрү" деген кимдер? Министрлер - Өкмөттүн аракеттеги башкы мүчөлөрү (премьер-министр - биринчи министр дегенди билдирет) болгон дүйнөлүк тажрыйбадан улам "жана башка Өкмөт мүчөлөрү" дегендин ордуна милдеттүү түрдө "министрлерди" деп так санап атоо зарыл.
73 - берене.
Өкмөттүн иш милдеттери жана ыйгарым укуктары
Бул берененин жаңы аныктамасында Өкмөттүн - республикадагы аткаруу бийлигинин жогорку органынын - иш милдеттери жана ыйгарым укуктары жалпы жонунан жана абдан шарттуу баяндалган. Анын иштеринин негизги чөйрөлөрү толугу менен алынып калган: "Ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөткө баш ийбеген башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына киргизилбеген маселелерди кошпогондо, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет". Бул беренеде контекст, мазмундуу бөлүк түшүп калган, Өкмөттүн иш милдеттери жана ыйгарым укуктары, анын тикелей милдеттеринин чеги белгисиз жана түшүнүксүз. Биз мындай так эместиктер, Өкмөттүн жана Президенттик институттун ыйгарым укуктарын так ажырымдоонун жоктугу түшүнүксүздүктү, ал турмак ар түрдүү чайкоочулуктарды пайда кылат деп эсептейбиз, ошол эле учурда бир жагынан Өкмөттүн жана экинчи жагынан Президенттик институттун (катчылык, ЦАРИИ, аппарат, мамлекеттик кеңешчилер) эмне менен алектенери жөнүндө маселе ар бир катардагы жаранга түшүнүктүү болушу керек.
46 - берене.
Класстык чендер
Админстрациялык мамлекеттик кызматкерлер үчүн класстык чендер - бул мезгил тарабынан жана иш тажрыйбада сыналган, чиновниктердин кесипкөй жана мансаптык өсүштөрүнө дем берүүчү механизм. Дүйнөлүк, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, класстык чендер админстрациялык мамкызматкерлердин мамлекеттик кызмат орундары мамлекеттик органдар, категориялар, топтор боюнча белгиленген, унификацияланган жана классификацияланган деңгээлдеринин тутумунда жүрүшкөнүн мүнөздөйт:
- администрациялык мамкызматкерди бир маморгандан башкасына которуштурууда алар кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктайт;
- администрациялык мамкызматкердин класстык чени администрациялык иерархия боюнча которуштурууда кандайдыр бир деңгээлде өзүм билемдиктен коргоону камсыз кылары өзгөчө маанилүү;
- чен админстрациялык мамкызматкерлерге кызмат орундарынын вертикалы боюнча көтөрүлүү мүмкүн болбогондо, кыйла жогорку класстык чендерди алуунун эсебинен өсүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Класстык чендер үчүн берилген кошумча акы мамлекеттик кызматкерлерге пенсияларды чектөөдө эсепке алынбайт деген жүйөөлөр жаңылыштык, анткени мамкызматкердин декларацияларында чагылдырылуучу, ошондой эле Соцфонддун бөлүмдөрүнө жиберилүүчү эмгек акы жөнүндө ар жылдык маалыматтарда алар эмгек акынын жалпы суммасына кирет.
Буга байланыштуу КСДП фракциясы жаш мамлекет үчүн мамлекеттик аппараттын өзөгү катары кесипкөй чиновниктердин түзүлүшү, калыптанышы жана өсүшү үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн эсепке алуу менен, админстрациялык мамкызматкерлер үчүн класстык чендерди калтырууну сунуш кылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундары үчүн класстык чендерди алып салууга каршылык жок.
Фракциянын лидери
Роза Отунбаева