Ак ийилет, бирок сынбайт!..

Заманың түлкү болсо, сен адам бол!
"Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол!"- деп айрымдар айтып калышат. Бирок, акылмандар бөрү да, түлкү да болбой, бул жарык дүйнөдө адам болуп өтүш керек деген ойду карманып келишет. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү адамдык асыл касиеттерди уруп ойнобой, керек жерден түлкү, керек жерден карышкырга кубулуп, же дагы башка жаныбардын кейпин кийүүгө даяр адамдардын бар экендиги ачуу чындык.
"Курсагы ач адамды тойгузсаң болот, ач көз адамды тойгуза албайсың"- деп жогорудагыдай адамдарга ата-бабаларыбыз илгери эле так мүнөздөмө берип коюшкан экен. Айтайын деген кебим, өздөрүнүн ырыскыларына шүгүр дебей, бирөөнүн мүлкүнө көзү түшүп, аны ар кандай айла-амал менен болсо да, өзүнө каратып алууга жан далбас уруп жаткандар тууралуу болмокчу.

Ар кимдин өз чындыгы бар
Окуянын башы 2004-жылдын жай мезгилине барып такалат. Улан жер участогуна муктаж болуп, 2004-жылдын август айында Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунан 22/78 номерлүү жер тилкесин бөлдүрүп алып, ага өз күчү жана өз каражаты менен 7x8 өлчөмүндөгү үй салып, 2009-жылдын август айына чейин жашап келген. Өткөн жылдын август айында үйүнүн төбөсүндөгү балкалардын ийилип кеткендигинен жана сокмо дубалдын кулап калуу коркунучунан улам, аны бышкан кирпич менен салууну чечип, шифер, жыгач, терезе, эшик сыяктуу курулуш материалдарын чечип, Ак-Өргө конушундагы атасынын бир тууган инисиникине алып барат. Улан арадан эки күн өткөн соң, бузулган үйүн көргөнү келгенде, кызыктын баары ушул жерден башталат...
Келсе эле, бузулган үйдө солдаттар иштеп жаткан болот. Эч нерсени түшүнбөй таң калып, "силер кимсиңер жана менин участогумда эмне кылып жүрөсүңөр?"- деп сураса, "мен жаңы үй алдым, мага жардамдашып койгула"- деп бизди бул жакка полковник Сыдык Курманбеков алып келди"- деген жообун узатып тим болушат. Полковниктин өзү жок болгондуктан, солдаттарга үйдүн өзүнө таандык экендигин жана курулуш иштерин токтотууну, жок жерден чыгым болуп калбасын деп эскертип кетет. Улан иштин чоо-жайын иликтеп киргенде, С.Курманбеков үйдү өзүнүн өкүл баласы Рустамдан 20 миң долларга сатып алгандыгын айтат. "Рустам деген ким жана үй Уланга таандык болсо, ал кантип башкага сатып жиберген?"- деген суроо туулат. Ушуга жооп берүү жана маселенин түйүнүн түшүнүү үчүн артка чегинүүгө туура келет.
Улан менен Рустам эки бир тууган Алтынбек менен Ашымбектин балдары, жөнөкөй сөз менен айтканда ага-ини. Рустам бир туугандардын улуусу Алтынбектин, Улан Ашымбектин баласы. Ашымбек уулдуу болгондо, тогуз баланы тарбиялап өстүргөн ата-энеси "агаңдын үйлөнгөнүнө бир топ жыл болсо да, балалуу боло элек. Туура көрсөң, уулуңдун атын Улан коюп, ырымдап Алтынбек менен Алымбүбүгө бер! Ушу менен уулдуу болуп, уланып кетсин!"- дешет. Ошентип, Уланды алар багып, өздөрүнүн наамына каттатып алат. Бир канча убакыт өткөн соң, алар Кудайдын буйругу менен эркек уулдуу болуп, бир жашка чыкканда, т.а. 1987-жылы атасы менен энеси ажырашып кетишет. Ошондо Уланды өз ата-энесине берүү зарылчылыгы пайда болот. Уланды өз атасы Ашымбек айылдан шаарга алып кетүүгө аргасыз болот.
Ал эми убакыт деген бир орунда турбай, учкан куш сымал зымырап өтө берет. Улан мектепти бүтөөрү менен университетке өз күчү менен өтүп, окуудан тышкары келечектеги кесибин аркалап иштей баштайт. Ошол маалда Алтынбек атасы "Улан сен Рустам менен катташып, аны туугандарга аралаштырышың керек. Биз урушсак анын энеси Алымбүбү менен уруштук, бала менен урушкан жокпуз да, туурабы?"- дегенинен, алар бири-бириникине келип-кетише башташат. Ажырашып кеткенине 15 жылдын жүзү болсо да, ортосундагы бала үчүн эски таарынычтарын унутуп, Рустамдын атасы (башка аял менен жашаса дагы) менен энеси тааныштарынын жакшылык-жамандыктарына бирге барганды адатка айлантышат.

"Немистердин киносу"
Улан 2004-жылы жер алып, үй салат. 2006-жылы үйлөнүп, 2009-жылга чейин эки эркек балалуу болгондо, анын турмушунда "немистердин киносу" башталат. Рустамдын атасы менен энесинин ортосун кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, айтор, экөө кайра дагы араздашып, жылуу мамилелери көпкө узабайт. Ал ортодо Уландын жубайы алгач үйүндө илинип турган пардадан 11 жолу түйүлүп дубаланган жипти, дагы эки айдан кийин паластардын астынан чачылган тузду таап алат. Бирок, мындай ыплас нерсени ким жасагандыгы билинбей калат. Апрель айларынын ортолорунда Рустам, апасы менен бир бейтааныш семиз аялды ээрчитип, таң атпай Уландын үйүнө кирип келишет. Бейтаныш аял бут кийими менен үйдүн төрүнө чейин кирип келгени аз келгенсип, ар бир бөлмөнү шыккаалап карап киргенине Уландын жини келип, анын ким экендигин жана үйгө эмнеге бут кийими менен кирип келгендигин сурап, анын тапичкелерин өзү чечип сыртка ыргытып жиберет. (Эмнеге келгендигин айтпай ак коелу, ал өзүнчө узун сөз). Ошондо, өз баласынын тоюна келбей койгондугу үчүн Рустамдын апасы жини келип, "сен эмнеге мени менен келгендерге мындай мамиле кыласың?"- деп оозуна келгендин баарын айтып (аны жазууга кол барбайт) "күн чыкканда күнгө, ай чыкканда айга чыгып каргайм"- деп басып кетет. Бирок, Улан бир кезде баккан энесинин минтип айткандарына "аялдардын сөзү бок, эркектердики ок"- деп көп деле маани бербейт (балдарын жерге кир, өлүп кал, жетим ж.б. деп аялдар көп айтат го).

Үй талаш
Ошол чырдан кийин Рустам менен да, анын апасы менен да мамиле үзүлөт. Бирок, арадан 3 ай өткөн соң, Улан үйүн бузуп, кайра салууну чечкенде, ага ат тезегин кургатпай, Рустамдын өкүл атасы С.Курманбеков келип, бүтүрүп кирүүгө жан далбас уруп жатканын баяндадык. Көрсө, Алтынбек атасынын ажырашып кеткен 1-аялы Алымбүбү Уланга билдирбестен, акчанын күчү менен жерге жасалма токтом жасатып, кызыл китепти өзүнүн баласы Рустамдын наамына чыгартып алат.
"Жашаганына 5 жыл болсо да, Улан эмнеге өз үйүнүн документтерин бүтүрбөй жүргөн?"- деген суроону ар бир адам кабыргасынан коеру турган иш. Арча-Бешик конушундагы 22 кварталында Уландан башка дагы 100дөй үй-бүлө 2009-жылга чейин өз участокторунун чечимин да, мамлекеттик актыларын да колдоруна албай келишкен. Себеби, Феликс Кулов Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп турган убагында, Арча-Бешик конушунун 22-кварталын өз алдынча ээлеп, үй куруп алган 100дөй үй-бүлөнүн үйлөрү фундаменттери менен кошо мэрия тарабынан сүздүрүлүп бузулган эле. Кийинчерээк, тагыраак айтканда, 2004-жылдын жай айында 22 кварталдагы жер участокторуна муктаж болгондорго айыл өкмөтү тарабынан жөн эле бөлүнүп берилген, бирок аталган аймак Бишкектин генпланына кирбегенине байланыштуу анын чечими чыкпай келгендигин айыл өкмөт башчылары билдирип келишкен. Улан "участоктун документтери качан даяр болот?"- деп квартал башчысы Рысбектен сураганда, ал "22-участок али Бишкектин генералдык планына кирбегенине байланыштуу кызыл китепти азырынча ала албай жатабыз. Бул жактагы маселе чечилсе эле өзүм кабарлайм"- деп 2009-жылга чейин жооп берип келген.
Бирөөнүн мүлкүн жасалма документтер менен тартып алып, оңой олжого муйтунгандар ушуну менен эле токтоп калбастан, "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт", же "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" болот. Тагыраак айтканда, Рустам Уланга телефон чалып, "Апам ооруп, бир табыпка барып жатты эле, сүйлөшө турган сөздөр бар, бир жерден жолукпайлыбы"- дегенине, ичинен "эсине келишсе керек"- деп эч жаман ойлобой машине менен 4-шаардык ооруканасынын жанынан жолугуша турган жерге келет. Бирок, өзүнүн иниси Ленин РИИБисинин опер кызматкерлери менен келип, анын колун кайрып, кармап кетишет. (Ага-ини соттошуп жатат десе кээ бирлердин төбө чачы тик турат, чындыгында Рустамдын мындай иш-аракеттерди кылууга мээси жетмек эмес, анын баарын далайды башынан өткөргөн апасы кылып жатканы баарына белгилүү эле). Көрсө, ал "менин мүлкүмдү бузуп кетти"- деген шылтоо менен Ленин РИИБисине арыз жазган имиш (тергөөчү алардын жакын таанышы экендиги кийин билинет). Нурадил аттуу тергөөчү негизсиз кылмыш ишин козгомуш этип, Уланды камоого аракет кылат, бирок анын тааныштары келип, дароо эле чыгарып кетет. Рустамдын бетке карманганы "үйдү мен алгам, аны мен салгам жана үй меники"- деген сөз. Эмне кылууну билбеген Рустамдын апасы Уландын кошуналарына кайдагы бир милиция формасындагы адамды ээрчитип барып, "Рустамдын үйүн Улан эмнеге бузуп кетти эле, күбө катары бир нерсе жазып бербейсиңерби?"- дегенде, кошуналарым "биз Рустам дегенди тааныбайбыз, үй Уландыкы, ал өзү салгандан кийин, бузабы-коебу өзү билет да, туурабы?"- деген жообун кайтаруудан башка эч нерсе жазып бербей коюшат. Ошондо, "эртең эле бир нерсе болуп могунун колуна түшүп калышыңар мүмкүн"- деп коркутуп кеткени дайын болот.

Тургула, сот келатат!
Ошентип, үй талаш башталат. Улан үйүн акчасынын күчү менен тартып алууга аракет кылып жаткандардан мүлкүн кайтарып алуу үчүн, Бишкек район аралык сотко берет. Ишти судья Мыктарбек Алымкулов карайт. Процесске Арча-Бешик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.Бакыбаев, азыркы квартал башчысы Р.Токомбаев жана кошуналардын баары бир ооздон Рустамды такыр көрүшпөгөндүгүн, үйдү Улан өз күчү менен салгандыгына күбө экендиктерин жана үй ага таандык экендигин айтышат. Бир топ аркан тартышуу болуп, жыйынтыгында процести карап жаткан судья Алымкулов өзүнүн адилеттүү чечимин чыгарат. Сот өкүлүнүн мындай чечими бир гана Уланды эмес, аны колдоп-коштоп келгендерди да сүйүнтүп, алар ичтеринен Мыктарбек мырзага чын дилинен ыраазычылык билдирип, алкап жатышты. Ал эми элдин алкоосунан өткөн нерсе барбы? "Жыгылган күрөшкө тойбойт"- дегендей, бирөөнүн мүлкүнө көз арткан тарап, ага Мыктарбек мырзанын айткандарына макул болбой, шаардык сотко аппеляциялык арыз ташташыптыр. Биз дагы аталган маселеге кайдыгер карабастан, сот процессинин жүрүшүнө баам салып турмакчыбыз.

Эртабылды Аттокуров
P.S. Жогорудагы материалдагы айрым каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.