Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)
Ошентип жүрүп, бүт мектепти курутуп, анан өзү да сүйүнүп, ата-энеси менен мугалимдерин да жерге батпай сүйүнтүп окуусун бүттү. Анан жарым жыл көчө таптап, жөн таптабай шойкомдуу таптап жүрүп бир күнү аскерге кетти.
Ал кезде союзуң тарай элек кез, союздун аскер күчтөрү баралындагы кези. Канатбек аскер аба десантында кызмат өтөдү. Өтөгөнү кайсы дейсиң, эки жылдын ичинде жүз суткадан ашык гауптвахтада жатыптыр. Анткен менен парашюттан секирип, сууда сүзүп, баткак кечип, кросс чуркап, ыргытып бычак сайып, "душман" менен кармашып мушташып-тепкилешип, автомат атып, айтор, десант жоокеринин көп нерсесин үйрөнүп, сөөгү катып, акылы арбыгансып, айтор, жигиттик баралына келип кайтты. Мушташка жакын неме ошонусун жакшы үйрөнүп келди.
Кайтканы да курусун, жума өтпөй милийсага түшүп суралып, ата-энеси боздоп жатып, боздогонуна бир кара торпокту пулдап берип араңдан-зорго кутултуп алышты. Мындай болуп жатпайбы окуя…
Канатбектин айылында андан беш жаш улуу Сагынбек деген бир жигит бар эле. Аскерге небак барып келген. Жүз грамм ичине кирди болду, "мен деген армияда самбого катышкам, округдун чемпиону болгом" деп эле тели-теңтуштарын кууратып, колу-бутун толгой берчү. Кээде улуусун да, кичүүсүн да ошентчү. Өзү да бир топ олбурлуу неме эле, илгерки колхоздун зоот букасындай болгон. Анткен менен жанда жок боорукер неме эле, сугунуп бараткан нанын бирөөнө бере койчулардан болчу.
Мына ошол неме үч-төрт бөтөлкөлөшү менен дүкөндүн кара багында ичип олтурушкан. Бул бактын ичинде адам өксүбөйт, майда-барат жакшылыктар ушул жерде майланат. Кай бир жинди чалыш немелер убара болуп олтурбай эле, ушул жерден эле "жентек жедирип" жиберишет. Дал ошол учурда Канатбек бир жолдошу менен кетип баратат эле, тиги кыйкырат:
- Эй салапондор бери келгиле!
Экөө барат. Салам айтышат.
Тиги зекийт:
- Эмне өзүңөр келип салам айтпай-сыңар, ыя?! Же бу жерде ким олтурганын көргүңөр келбейби?!
- Айтпадыкпы,-деди Канатбек.
- Түштөн кийин айтканыңардын кереги жок, жанале өтүп баратканда айтыш керек болчу. Эскерттирбей эле. Давай, чоң күнөөңөр үчүн аз эле менен кутулгула, бир бөтөлкө апкеле койгула. Болбосо колу-бутуңарды жулуп туруп, көтүңөргө тыгып коем, тим койсо көр, эй!
Энеден келгенди Канатбек эч качан кечирчү эмес, каны кайнап кетти. Мурун "сиз" деп жүрчү немени "сенге" өтүп сөгүп турду:
- Эй, өгүз, эмне энеден келесиң, ыя?! Алдагы уятсыз оозуңду өзүңдүн көтүңө тыга тебейинби?! - Канатбектин бу сөзү баарынын жүрөгүн түшүрүп салды. Мындай сөздү Сагынбек жигит болгону укпаса керек эле, бир селт этип алды, каны кайнаганын сүрөттөп болбос, айтпа!
- Атаны энеңди ай-йе,- деп туруп келаткан Сагынбекти Канатбек бир тепти. Бутунан чече элек десант батиңке дал ээкке тийген экен, "карс" деп үн чыккандай да болду. Сагынбек онтогонго үлгүрбөй, оңкодон сайылып эси ооду. Жанындагылар болуша албай турушту. Бирөөсү чуркап машине айдатып келип, Сагынбекти райборбордогу ооруканага салып кетишти.
Ошол бир эле тебим менен Сагынбектин маңдайкы тиштери ыргып, жаагы сынып кетиптир. Тартип боюнча доктурлар дароо милийсага кабар беришет эмеспи. Кабарлашат.




ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Айлакер айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


Эки курбу кафеде төрт сааттай отурду. Ал учурда Айнурага Акын 4-5 жолу телефон чалды окшойт, мурда Акындын телефон чалганын күтүп, жол карап, санааркаган кыз бу саам такыр жооп бербей тултуйду. Ушу тагдырына Акынды күнөөлөдү. Же күйөөдөн, же башкадан жок жүргөнүнө арданды. Зарина стол үстүн жайната заказ кылып, арактын жакшысын алдырды. Өзү аз-аздан ууртап, Айнура көбүн алды окшойт. Кечинде Канат Темирбековичтин келээрин ойлогондо бу жерден батыраак кетүүгө шашылып, Айнураны такси менен дүкөндүн алдына алып келип таштады. Коштошуп атып "Айнура, ойлон бул кырдаалдан чыгыш үчүн сага да, мага да Акын жолтоо болуп турат. Бир айласын таап, таптакыр кол үз же..." деп сөзүнүн аягын табышмактанта коштошту.
Зарина үйгө келип пивонун кружкасына гинеколог берген дарыны майдалай эзип даярдады, жарма менен күнүгө депутатына берип, өзү да дарыланып жүргөн чагы. Тезирээк боюнда кылуу керек. Тезирээк! Кармап калбаса болбойт!
Сырттан акактап келген Канат Темирбекович Заринаны кыса кучактай жүзүнөн аймалап, андан соң ашканага өттү. Даяр кружкага куюлган жарманы жутуп ийип эс ала түштү.
- Өх, жармаң укмуш, "Шоронуку" шоона эшпей калыптыр. Мындай жасаганды кимден үйрөнгөнсүң?
- Апамдан, апам укмуш жасачу-деп айтып алып, көзүнө жаш тегеренди, анысын байкатпай ваннага кирди.
- Ох, көзүмө кирпигим кирип кетип, жаман айламды кетирди-деп ваннада бетин жууп атып үн салды.
- Негедир үйгө көңүлүм чаппай турат. Бүгүн да калам. Үйдөгүлөргө Токмокко кеттим деп койдум. Текшерип отурмак беле, жаныңдан карыш чыккым жок. Жүр, ресторанга барабыз. Шаардын сыртына чыгып сейилдеп келебиз-деди.
Тим эле романтик болуп кеткен Канатына ичи элжиреген Зарина шапа-шуп кийинип, заматта даяр болду.
Экөө сыртка чыгып эч нерседен бейкапар машинага отурду. Бир тууган инисиндей көрүп, каралашып, күнүгө акча-тыйындан үзбөй келген айдоочусу Азат алыстан шыпылдатып сүрөткө тартып жатканын сезбеди.
Сүйүшкөндөр "ресторандан тааныштар көрүп калбасын" деп шаар сыртында жол боюнда жайгашкан кафелердин бирине келишти да, окчунураак жерден орун алышты.
- Белгилүү адам болсоң да жаман тура, баскан-турганың аңдууда. Бизди көрүп калгандар ызы-чууга себеп болбосо экен дегенде эки көзүм төрт.
Депутаттын сөзүнө Зарина да муйуй түштү. Ага азыр ашыкча ызы-чуунун кереги жок эле. Эл, аялы билип калса өткөн өмүрү изилденсе кыйын болот. Андан көрө болгон тагдырын Канатына эртерээк айтып берүүнү ойлоду.
- Анда, не кафелеп жүрөбүз, үйдөн чыкпай эле койсок болмок-деп акырын үн сала, эркелей кетти.
- Экинчи эшикке чыкпайбыз, чыксак да эл бар жерге келбейбиз. Тоого чыгып, пикник жасайбыз, бүгүн акыркы жолу кафеден шашлык жейли!-деп тамашалады Канат.
Айнура дүкөндү жаап жаңы эле чыгайын деп атса так маңдайына Акындын "Аудиси" токтоду.
- Энең-с..., эмне кечке чалсам албайсың? Эмне көөп калдыңбы? Дүкөнгө эки келип кеттим. Кайда, ким менен жүрдүң, жалап!-деп эле кепке-сөзгө келбей жаакка бир салды.
Айнура жиндеп кетти. Акынды өзүнөн алыс түртө албууттанды.
- Сен эмне мени сөгөсүң? Алып алган катының белем? Мен деген эркин кушмун, кайда барам, ким менен жүрөм, өзүм билем. Мени аңдыганды коюп, катыныңды башкарып алчы. Эмне чабасың, колуң сынгыр! Жогол, көзүмө көрүнбөй, жолобо мага!
Айнурадан мындай ажаандыкты күт-пөгөн Акын сенек болуп катты да калды. Бир маалда эсине келе түшүп, кызды кучактай, бети-башынан өпкүлөп, кечирим сурап, жалынып-жалбарып кирди.
- Мени кечирчи, мен сени кызганып, ар кайсы ойду ойлоп. Сени өлө сүйөм да, билесиң, мени таштап кетеби деп ойлогондо жанымды коерго жер таппайм. Кечирчи эми, алдыңа түшөйүн, жүр, экөөбүз кафеге баралы. Шаардын сыртына, шашлык жейбиз, кечээ тойдо ырдап шабашка тапкам. Ме, мобуга өзүңө майда-чүйдө ал-деп 1000 сомду чөнтөгүнөн сууруду. Айнура да оңой жоо эмес да, акчаны алды да, сумкасына салып, көзүнүн жашын аарчыды.
- Мен деле сен деп жүрөм го, тишим ооруганынан тиш догдурга баргам, телефонум без звукада болчу. Анан дары сайып, тишимди дырылдатып тазалады, ошого го башым ооруп атып, телефонду да караганды унутуп коюпмун-деп калп эле актана сүйлөдү.
- Тишиң менен башың ооруганын азыр бат эле дарылай салабыз. Жүр, кеттик.
Бу маалда Акындын телефону шыңгырады, аялы экен.
- Качан келесиң, дагы жанагы Айнураңда жүрөсүңбү? Өзүңдү да, аны да кыйнабай, мени менен ажырашып үйлөнүп эле алсаңчы. Же пайдаң жок, тажаттың бизди. Үйгө агаларың келиптир, эмне дейин аларга? "Иниңер башка катындын артынан ээрчип, башы айланып калган, ошо катыныныкына баргыла" деп жанагы жатакананын дарегин берип кууп чыгайынбы?
- Энең-с, эр болсоң агаларыма бир нерсе деп айтып, кууп көр, башыңды жулуп алам. Тамак жасап сыйлап тур, мен 4-5 саатта барам. Иш менен жүрөм. Каяктагы катынды айтып башымды оорутпа, чалып да тынчымды алба, өлөсүң! Уктуңбу, анан шашпай сүйлөшөбүз!-деп сөгүнүп-сагына телефонун койду.
Катынына ызырынган менен ажыраша албайт эле. Үйүн кайната-кайнагалары салып берген, чыкса эле талаада калат, сыйдан да ажырайт. Айнура менен кеткенде жатаканалап, тентимек беле. Андан көрү аялын алдабаса болбойт.
Алма-Ата көчөсү менен удургута айдап, шаар сыртына чыгып, Айнура менен Акын да, так Канат менен Зарина отурган кафеге келип токтоду. Төртөө бир жерден жолугуп калат деп ким ойлоптур.
Алдыга жаңы эле шашлык келип, Канат чыныга көк чай куюп атканда кулагына тааныш үн жаңырды.
- Ооу, Канат Темирбекович, вот так встреча! Сени күндүз чырак жагып таппай жүрдүм эле.