Жан дүйнө жаңырыгы...

Сомго качан өкүм эле
сум, тенге...

Өзөк өртү жулуп чыгып колкодон,
Кимдин үнү узун сыздап онтогон.
Өз уулунан кордук көргөн ушул эл,
Эки айрылып бир жүрөгү ортодон.

Түштүк, Түндүк кайдан чыкты бул бороон,
Кубалаган кутубузду короодон.
Өз күчүгүн өчү күчтүү өгөйдөй,
Тагдырыңдын оту менен ойногон.

Өз калбады эртенкиңди болжогон,
Бөтөн жүрөт үмүт кылып олжодон.
Оо, кыргызым, эмне болуп калгансың ...
Абал жасап тарыхыңда болбогон.

Жериң кана атаң Манас тойлогон?
Оюң кана бабаң Бакай ойлогон?
Үнсүз калсаң эркиндигиң сатышат,
Башыңдагы кулундарың тойбогон.

Жетет! Токтот! Болуп бүттүк шерменде,
Карап турган коңшу - колоң элдерге.
Эмне айтабыз эртең жаш муун сураса,
Сомго качан өкүм эле сум, тенге.

Уят, уят, азыр турам уялып,
Өтөбүзбү өмүр бою суранып.
Учур келди сабак алып бул күндөн,
Эртең үчүн бир жыйынтык кылалык.

Кайсалактап карай бербе башканы,
Сенин каның эң үлгүлүү, эң жаңы,
Өзгөлөрдө маданият делинген,
Жети атаңдын жомок болуп калганы.

Атың - кыргыз, затың - ордо кырылгыз.
Жараткандан төшүңдөгү бул жылдыз.
Тарых көчкөн эрдигиңди тууй албай,
Сен - эр Манас, Сен - Каныкей, Сен - Кыргыз!!!





Кечир, тилим!
Эне тилим, узун сенин арманың,
Өгөй чыкты өз деп тапкан балдарың.
Өзөк өртөйт бөтөн тилдин жанында,
Өз уулуңа шылдың болуп калганың.

Көңүл үчүн келбейт сени алдагым,
Сени билдим, бирок сүйлөй албадым.
Күн талабы - андан улам сени эмес...
Тар чөйрөмдүн түшүнүгүн тандадым.

Акыл - жука, а бет болсо - эң калың,
Эне тилим, таарына алсаң, сен таарын.
Урматыңды атам Манас туу туткан,
Бурмаладым, бузуп алдым, булгадым...

Кечир, тилим, кечире алсаң мен дайын,
Көтөрүүгө намысыңдын байрагын.
Сени билип, сени сүйлөп, сени угуп,
Кадырыңа келет канат байлагым.

Жакшы жооруп жарыгыңдын жанганын,
Өлчөй албай турам бакыт салмагын.
Башка тилге сүйүүм чексиз болсо да,
Чын сүйүүмдү жалгыз сага арнадым.




Жан досуна
ачык кыргыз эшиги

Аз болсоң да Ала-Тоодой айбатың,
Жоортул менен сайдың жердин саймасын.
Кызыл кандан, чеке терден чеп курду,
Калган кезде кытай таппай айласын.

Эл түшүнөт кыргыз-кытай таймашын,
Тарых билет анын зыян - пайдасын.
Бирок, азыр мүмкүн эмес түшүнүү...
Өзбек тууган түртсө кыргыз кандашын.

Кандай арык, кандай чуңкур казбасын,
Кандай дубал, кандай тосмо салбасын,
Жан досуна ачык кыргыз эшиги,
Жан досуна сунат кыргыз жармасын.


Күчүң сенин бирдикте !!!

Орус айтат: "Жуталбасаң, бөлүп жут",
Жөөт айтат: "Бүтүн күчтү бөлүп ут".
Муну билген Европа элдери,
Күчү пилдей бирдик алды курушуп.

Аркы өйүздө байлык көп деп угушуп,
Америка келип калды тез учуп.
Өргө чапты уулум - зордук өнөрүн,
Байкуштарды баса калып, кан ичип.

Амал менен айланасын курутуп,
Абал жасап, бирде жылуу, бирде суук.
Ушул Кытай - өпкөсүндө дүйнөнүн,
Акырындап өсүп жатат чоң учук.

Бул бирдиктер, бул өлкөлөр- мите курт,
Башкалардын канын соргон курутуп.
Көңүлүнө күндөй жаккан көрүнүш,
Эки момун турса тынбай урушуп.

Эй, момундар! Эй, түрк эли, мени ук,
Ыдырадык ынтымакты унутуп.
Бөтөн илди төрүбүзгө өтүгүн,
Үнсүз көчүп, үйүңдөгү улуу кут.

Биз турганда, иттер сымал урушуп,
Чоочун күчтөр мыскыл кылды күлүшүп.
Чоң чүчкүрүк чокуп койсо демиңди,
Ооруп калдың ысык күндө бүрүшүп.

Миң толгонуп, түшүнө албайм муну түк,
Бирдик үчүн кимди жүрөт ким күтүп?
Учур келди унут калар акыл-эс,
Мүйүздөрдүн тобу менен сүзүшүп.

Тарых сенин эрдигиңден жазылды,
Дүйнө сенин бийлигиңди сагынды.
Эй, момундар! Эй, түрк эли, кайдасың?
Чындык үчүн аябагын жаныңды.

Үмүт - улуу... Күчүң сенин бирдикте!!!
Кайтарып ал олжого кеткен тагыңды !!!