Кыргыз Республикасынын президенти
Курманбек Салиевич Бакиевге!
Урматтуу Курманбек Салиевич !
Сиздин Кыргыз мамлекети үчүн жасап жаткан саясатыңызды биз, базаркоргондуктар чын дилибизден колдойбуз. Бирок, Базар-Коргон районунун акими Ж. Асрановго окшогондор Сиздин саясатыңызга тескери иш-аракет жасап, бийликтин беделине доо кетирүүдө. Себеби, Кеңеш айылдык округунун "Мундуз" үрөнчүлүк чарбасындагы 54 гектар, Акман айыл округундагы Жалал-Абад университетинин окуу өндүрүштүк чарбасындагы 55,7 гектар жердин маселесин жыл бою чечпегенин, Базар-Коргондун борборундагы чоң базардагы баш аламандыктарды, өткөн жылдагы Соцциалисттик Эмгектин Баатырларына арналган марафондон түшкөн 1 миллион 400 миң сомдун тегерегиндеги мыйзамсыздыктарды, Могол айылдык округундагы Чкалов айылындагы көпүрөнүн бүтпөгөн чыры (классташы экөө курган), жеке буйругу менен муниципиалдык менчиктин жеринен жер тилкесин бергени жана башка ондогон мыйзамсыз аракеттерине каршы чыккан райондук Кеңештин депутаттарын куугунтукка алганына байланыштуу акимди тез арада иштен четтетүүнү көптөн-көп өтүнөбүз. Жогоруда айтылган маселелер боюнча райондук Кеңештин депутаттары 2009-жылы 25-декабрда Сизге, Жогорку Кеңешке, Генералдык прокурорго кайрылганын билебиз. Эмнегедир ушул күнгө чейин жыйынтык чыкпай жатат. Үмүтүбүз сизде калды.
Сизди терең урматтоо менен,
Базар-Коргон районунун элинин атынан кол коюучулар:
Сулайманов Турдаш
Шамурзаев Максат
Кошалиев Максат
Саматова Айчүрөк
Бардыгы 159 адам кол койгон.




Аким теске салынабы, же эл өтүнүчү четке кагылабы?
Райондун жетекчиси - ошол аймактын элинин мүдөөсүн көздөп, маселени акыйкат чечип, калыстыгы менен калк кадырлоосуна ээ болууга тийиш. Кадрларды жайгаштырууда мамлекет башчысы да бул кызматка көтөрүүдө, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коет - деген ишенимди көргөзсө керек. Бирок, "вазир жакшы, хан жакшы" болорун унутуп, "өмүрү бир күн болсо, түштүгүнө жорго минген" айрым жетекчилердин кызматты өз кызыкчылыгына пайдаланып, бийлик менен элдин биримдигине доо кетиргени далилдөөнү деле талап кылбас. Жогорку даражадагы кызматкерлерди мындай коелу, округдун (айылдын), же райондун администрациясынын айрым башчыларынын терс жоруктары бүтүндөй бийлик чөйрөсүнө элдин нааразы кыларын ойлобогону өкүнүчтүү экенин, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы аким Жаңыбай Асранов менен райондук Кеңешинин ыркы келишпей, тирешүү өз апогейине жеткени "Кылмыш кылтагында жүргөн аким" - деген ат менен келген катта ачык көргөзүлөт.


Калкыбызга белгилүү, айыл жергесинде чечилбеген маселелерди чечүүгө ири каражаттар талап кылынат. Экономикасы эңшерилген өлкөбүздүн казынасы куру калгандыгын пайдаланышкан айрым адамдар акча жасоонун жолун өз кызыкчылыктарына кызмат кылдырууга өтүшкөн. Акча жүргөн жерде, азезил да кошо жүрөт эмеспи. Катка караганда Базар-Коргон районунун акими Ж. Асранов да жогорудагы ыкманы терең өздөштүргөн сыяктанат. Ал үчүн каттагы, айрым мамлекеттик уюмдардын аныктамаларына кайрылалы.
Ж. Асранов 2008-жылы 6-октябрда Базар-Коргон районунда аким болуп келгенде, жергиликтүү калк "жаңы жетекчи мамлекет башчысынын көргөзмөлөрүн так аткарып, эл үчүн ак ниет менен иштейт" - деген үмүттө болушкан. Адегенде, анын иш-аракеттери элдин колдоосуна ээ болду. Ал 2009-жылы март айында райондук "Ыр кесе" марафонун уюштуруп, түшкөн каражатка Социалисттик Эмгектин Баатырларынын айкелин коюуга сарпталарын билдирген. Райондун эли "көп менен көргөн той" дешип, колдон келишкенин беришкен экен, комиссия түшкөн каражатты эсептеп, марафондон 1 миллион 400 миң сом түшкөнүн жарыялашат. Арадан аз убакыт өтпөй марафондо 1 миллион 274 миң 049 сом түшкөнүн комиссиянын төрайымы Н. Тажикова Базар-Коргон райондук Кеңешинин төрагасы А. Жолдошбаевге 2009-жылдын 22 - декабрында билдирет. Натыйжада, 126 миң сом айырмачылык чыккандыктан, комиссиядагы 9 адамдын төртөөсү бул документацияга кол коюудан баш тартышат. Бул маселе райондун акими Асрановго маалымдалып, натыйжада, аким менен райондук Кеңештин айрым депутаттарынын ортосунда карама-каршылыктар күчөйт. Албетте, акча мамлекеттики болбогон соң, аны мамлекеттик мекемелер, айрыкча, мыйзам коргоочулар гана териштирбесе, аны аныктоо мүмкүнчүлүгүс жок. Ошондой болсо да, мында кырдаалды райондун бийлик чөйрөлөрү пайдаланганы чындыкка жакын болбосун деген күмөн ойду жаратып отурбайбы?
Жазгы суу кирген учурда, жаан-чачын мезгилинде калктын өтүнүчү менен Чкалов айылындагы Кара-Үңкүр-Сай дарыясына көпүрө курулган. Буга сарпталуучу каражат 4 миллион 447 миң 649 сомго бааланган. Кубанычтары коюнуна батпаган эл райондук "Ыр кесе" марафонунун акчасынан 150 миң сом, 27 тонна цемент алууга макулдук беришкен. Ушул айылдын ар бир үй-бүлөсүнөн 2000 сом, коңшу айылдагылардан 1000 сомдон чогултулуп алынганы катта ачык белгиленет.
Албетте, көпүрө маанилүү объекти экендиги талашсыз, ошондуктан, курулуш мекемелерине тендер жарыялоо зарыл эле. "Укмуштуунун төөсү жорго" дегендей, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун аймагынан "көпүрө курууга" мекеме табылбай, "акимдин аргасы кеткен" көрүнбөйбү, акыры Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда катталган "Мамат" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси М. Саиповду таап келет. "Бармак басып, көз кысты" принцибиби, окурмандар өзү талдап алышар, М. Саиповдун Базар-Коргон райадминистрациясынын башчысы Ж. Асрановдун классташы экенин эске алсак, кокустукпу, же алдын-ала макулдашканбы, анын себебин аныктап айтуу кыйынчылыкты пайда кылбайт десек ката болбос.
Көпүрөнүн курулушунда айрым мыйзам бузуулар болгонун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 62-8 -1д-10 катар санындагы 2010-жылдын 2-февралында райондун депутаты А. Жолдошбаевге жөнөткөн катында, "Мамат" жоопкерчилиги чектелген коомунун (жетекчиси М. Саипов) "Энергетик ТББ" жоопкерчилиги чектелбеген коомунун лизенциясын пайдаланышканын белгилейт. Ошол эле учурда кызматтагы шалаакылык көрсөткөнү үчүн Базар-Коргон районундагы Могол айылдык округунун кызматкерлеринин үстүнөн райондук прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүгү, 315-беренеси жана 316-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козголот. Ал эми "Мамат" ЖЧКсынын жетекчиси М. Саипов Могол айылдык округундагы Чкалов айылынын эски көпүрөсүнүн курулуш материалдарын пайдаланат. Ошентип, көпүрөгө бөлүнгөн 4 447 549 сомдон 213 593 сомду өз чөнтөгүнө "сологон" көрүнөт. Бекитилген проектиден четтеп, сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн, комиссия 119 263 сомдук аткарылган жумуш жараксыз деп тапкан. Ошентип, Базар-Коргон райондук прокуратурасы М. Саиповдун үстүнөн КРнын КЖКсынын 171-беренесинен 3-бөлүгүнүн 1-пункутун, 180-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, кылмыш ишин козгогон. Эгерде "Мамат" ЖЧКсын М. Саиповдун аракеттерине баа берсек, аны "таап келген" классташы, райондун акими Ж. Асрановдун "буга катышы жок" дегенибизге акыл жүгүрткөн адамдар ишенер бекен?.. Болбосо, "тамагын ичкен кутулуп, аны жалаган тутулуп" отурат, ошондуктан жоопко айылдык округдун кызматкерлери гана эмес, райондун жетекчилери да жооп бериши зарыл эмеспи? - деген суроо туулат.
Өлкөбүз - агрардык мамлекет. Демек, айыл чарбасын көтөрүүгө райондун акими Ж. Асрановдун кызыкчылыгы да, жоопкерчилиги да жогору болууга тийиш. Тетирисинче, жетекчинин иш-ыкмасы учурдун талабына жооп бербегени анык көрүндү. Анын көзөмөлдүгүнүн жоктугунанбы, же ортодон түшөр "кирешеден" чогуу даам татабы, аны аныктоо биздин милдетибиз эмес, бирок райондун "Кеңеш" айылдык округундагы "Мундуз" мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасындагы одоно мыйзам бузуучулуктар, калктын чөнтөгүнө башкалардын кол салышына шарт түзгөн сыяктанбайбы? "Калктын аярлуу катмарын буудай үрөнү менен камсыз кылуу" долбоорунун негизинде үрөн сатып алууга чарбага 2132147 сом бөлүнөт. Ишенич акталбады. Чарбанын жетекчиси И. Айдаров өзү "кассирдик" милдетти аткарса, уулу А. Айдаровду кампа башчысы кылат. Ата-бала кыска мөөнөттө 136641 сомду "менчиктеп" калууга үлгүрөт. Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 27-8 - 1д-10 катар санындагы "Кош-Дөбө" айыл чарба кооперативинен 2008-жылдын 21-ноябрында буудайдын ар бир килограммын 21,50 сомдон алса, накладнойго 28 сомдон сатып алынды деп, жасалма документация толтурат. Ошол эле учурда Базар-Коргон районундагы "Бай тобу" айыл чарба кооперативинен үрөн сатып албаса да, ошол кооперативден 17 912 килограмм буудайды 30 сомдон сатып алгандыгын жасалма "накладнойдо" көргөзүп, 537 360 сомго "ээ болот". Ошол эле учурда Базар-Коргон районундагы "Кол өнөрчүлөр" көчөсүнө жардам катары 10 миң сомду чыгыштаган кассалык ордери да жасалма экендигин тастыктайт.
Отчеттук маалыматта 33 гектар жерге буудай себилсе, эгинден гектарына араң 15,8 центнерден түшүп алынган, ал эми айыл чарба адистери тарабынан апробациянын негизинде бул аймактан (33 га) гектарына 37 центнерден түшүм алынарын аныкташкан. Ошол эле учурда адистердин эсебинде үрөн 35, 46 гектар аянтка үрөн себилген. Ошентип, 2,46 гектар ашыкча жер менен эгиндин түшүмү араң 15,8 центнерден айланышында "Мундуз" мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасында сырдуу мандем бар экенин каңкуулап жаткан жокпу?
Албетте, райондогу мындай терс көрүнүштү жоюуга чечкиндүү аракет жасоо тууралуу райондук Кеңештин депутаттары сессияда карап, ата-бала Айдаровдорду кызматынан четтетүүгө аким Ж. Асрановго сунуштаган. Келген катта Ж. Асранов "Буга силердин ишиңер болбосун" - деп зекигендиги белгиленген. Натыйжада, бийликтин эки бутагынын өз ара тирешүүсү күч алып, райондук Кеңештин депутаттарынан 20 адам Ж. Асрановго жетекчи катары ишеним көргөзбөө чечимине кол коюшкан. Аким бюджеттик мекемелерде иштеген депутаттарды коркутуп, "иштен кетесиң, же мени колдойсуң!" деген да кеп-сөз эл арасына кеңири тараган. Ал түгүл 17 депутат акимдин каарын тоотпой, кошмо заседениеде Ж. Асрановго каршы жогорудагы пикирди протоколдоштурган экен. Райондук Кеңештин төрагасы командировкада жүргөндө, анын катыштырбай, башка төраганы шайлоонун өзүңдө мыйзам бузуулар жокпу? - деп элдин башы маң.
Ошентип, жогорудагы президент К. Бакиевге 159 адам кол койгон кайрылуусунун сырына токтолдук. Бийлик тиешелүү фактыларды эске алып, акимди теске салабы? Же "чындыкка күйгөн жетекчи бар экендигине" ишенген адамдардын өтүнүчү четке кагылабы? Мамлекет башчыбыз кандай чечим кабыл аларына күтүп туралы!..
Эртабылды Аттокуров