Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)
Эки күндөн кийин үйүндө чай ичип олтурган Канатбекти эки милийса машинага салып кетти. Эне-атасы эмне болгонун билбей, далайга эси оой отурушту. Анан атасы бир билсе достору билет деп, аларды кыдырды. Жанында жүргөн Канатбектин классташы болгон ишти толугу менен айтып берди.
Сагынбекке милийсалар келип сураганда "Канатбек деген балага байкоостон тептирип алдым, анда күнөө жок, өзүм териштирип алам"-деп жаз деген арызын жазбай койгон. Ишти тергөөгө алган милийса ага карайбы, бир нерсе өндүрүш керек эмеспи. Сагынбек доом жок дегенине болбой эле Канатбекти да, арга издеп келген эне-атасын да бир топко сурап эзип, "бери дегенде алты жылга кетет" дегенди баса айтып, башта айтылгандай бир торпогун жутуп, анан ишти токтотту. Атасы деле эмне берерди, кантип берерди билмек эмес, айылдагы бир мугалимдин кеңеши менен торпоктун акчасын тергөөчүгө карматары менен Канатбеги он мүнөттүн ичинде чыгып жатпайбы. Сагынбек арыз жазбагандан кийин, өзүм күнөөлүмүн дегенден кийин уулуң бекер эле чыкмак деп айылдын дагы бир билерманы Канатбектин атасына айткан. "Мейли, баштан-көздөн садага" деп кара торпогуна кол шилтеп койгон атасы.
Кандай шок болсо да Канатбек түпкүлүгүндө дили таза эле. Элге зыяны жок ата-энесинин тукуму да.
Адегенде Сагынбекти сооп кана кылдым деген оюнан кайтып, өкүнүп, а тургай уялып да калган. Сагынбектин милийса тилине кирип арыз жазбай койгонун доом жок дегенин угуп ого бетер уялды. Анан бир күнү ата-энесине кеңешип, бир семиз койду сойдуруп, ичкилигин кенен алып туруп, Сагынбекти ата-энеси анан, беш-алты жолдошу менен чакырып алдына түштү. Костюм-шым, көйнөк кийгизди. Ошондо биртоп кызыган Сагынбек "байкатпай тептирип алганын, болбосо, колу-бутун жулуп алмактыгын" дагы айтып жатпайбы. Бу жолу Канатбек анын кучактагандан башка жооп берген жок. Анысы дагы Канатбекти карылуу кучагына алып, кетээринде.
* * *
Ошо кезде ким көрдү болуп аткан заман эмес беле. Дааналап айтсак, бөрү заман болубаткан. Далай жыл элдики деп келген байлыктарды эл башкаран шылуундар, мурунку компартия жетекчилери, бандиттер тартып алып жаткан. Рекет деген балээси бат эле ачыкка чыкты, бандиттик топтор биринин артынан экинчиси жаралып жатты. Кыргыздардыкы, орустардыкы, өзүбектердики, чечендердики, казактардыкы, корейлердики, татарлардыкы болуп бөлүндү, анан да түрдүү улуттан турган бандалар да жок эмес эле. Муну менен бирге жердештик боюнча да уюшулган бандалар бар болчу. Адегенде ким кимисине баш ийери билинчү эмес, бара-бара күчтүүлөрү суурулуп үстөмдүк кылып аты чыга баштады…
Канатбектин районунда Хасан деген атасы өзүбек, энеси кыргыз бир жигит чыкты. Кыргыз болуп калган атасындай эле. Өзбек тилин да билбейт, орусча, кыргызча суудай сүйлөйт. Райборбордогу спортмектепте бокс боюнча машыктыруучу болуп иштейт экен. Мына ошол Хасан мурун эле шойкомдуу жүрчү неме го, банда уюштурат. Жалаң олбурлуу, бирок мээси чала иштеген кыргыздар, өзбек менен орустар кирет, эки азербайжан болот. Баары Хасанга кынк этпей баш ийет. Ошол он бештей немеден турган банданы (а кезде кримтоп деп маданияттуу атай элек кез) эл бат эле тааныды, аларды "хасанчылар" деп коюшчу. Мына ошол Хасан баш болгон "хасанчылар" Канатбектин турмушун кескин өзгөрттү. Адамдын басчу жолун чекесине жазып коет дейт, балким Канатбектин чекесине да жазгандыр ушундай өзгөрт деп, эмнеси болсо да ага себепкер Хасан, "хасанчылар" болду…





ТОБОЛ ӨРӨМКАН
Айлакер айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...



Үн чыккан тарапты жалт карай салып, Канат Темирбекович Акынды көрүп, бир чети чочуп, бир чети апкаарыдыбы, колундагы чайнекти түшүрүп, анысы экиге бөлүнүп, чай чамасы депутаттын шымына жаба төгүлдү. Калдастаганын сездирбеске:
- Ой, Акынбай, Акынбай, адамды чочутпай жөн жүрсөң не болот? Уурудай болуп артымдан кыйкырбай, бет маңдайымдан чыкпайт белең. Кел, эми кучакташып көрүшөлү-деп кара күчкө каткырып күлдү. Айнура болсо Заринаны көрө сала качантан бери көрүшпөгөнсүп, кучактап, өпкүлөп, "бүгүн жолукканыбызды эч ким билбеши керек"-деп кулагына шыбырады.
Акын Заринаны баштан-аяк карады да "оо, баягы балыктан бери көрүшпөй кеттик, сен тим эле ачылып укмуш красавица болуп кеткенсиң го. Канатик, молодес, негизи сен бир эмес бир нече аялдын багын аччу жигитсиң. Каалайсыңбы, сени Заринадан да сулуу кыздар менен тааныштырайын"-деп кекерлеп сүйлөп алып, тамашасы орунсуз болуп калганына оңтойсузданды. Канат Акындын бул сунушуна лам деп ооз ачкан жок, укпагандай түр көргөзүп, кулагынын сыртынан кетирди. Ичинен "каап, бу жерге келбей эле койбой, сааттай болуп жолугуп калганыбызды кара, эми кантип кутулабыз?" деп ойлонду. Канчалык өкүнсө да кеч болуп калганын сезип, официант кызды чакырып, оголе көп тамак заказ кылды, аракты да аяган жок.
Салат, тамактын түрү менен дасторкон титиреп, төртөө телегейи тегиз адамдардай узун сөзгө киришти. Депутаттын негедир аракты ууртап-татып атканын көрүп Акын:
- Омей, дос, бул эмнең, давай, давай ич. Мага шерик бол, жалгыз мунун баарын кантип ичем?
- Жок, мен бүгүн рулдамын, иче албайм, анын үстүнө бул жинди сууң жакпай, ооруп да жүрөм. Аракты сөссүз эле баарын ичиш керекпи, болушунча ичели, артып калса эчтеке эмес-деп өктөм жооп берди.
Акын каяша сөз айта албады. Эмнегедир төртөө кепке, сөзгө келе албай, бири-бири менен камыр-жумур аралаша албай аткан ыңгайсыздыкты бузуп, Канат Темирбековичтин телефону шыңгырады. Караса, аялы. Дагы албууттанаррын сезип столдон тура элден окчундап трубканы көтөрдү.
- Кеч болуп калды, качан келесиң, кайда жүрөсүң?
- Токмокко келгенбиз, анан балдар болбой Кеминге алып келишти. Бир маанилүү маселебиз бар эле. Бүгүн үйгө барбайм, мени күтпөй жата бергиле.
- Билем, мен сенин маанилүү маселеңди, дагы катындар менен жүрөсүң да-деп келатканда телефонду таптакыр өчүрүп салган депутат ордуна келди.
- Акын дос, кой, сен бу сулууң менен шашпай отура бер. Столго болсо төлөп койдум. Менин зарыл жумуштарым чыгып калды. Заринаны калтырып кетет элем, бирок мени чакыргандар, именно Заринаны көрөбүз деп атышпайбы. Бизге руксат бергиле.
Аракка кызый түшкөн Акын:
- Ой, ал жагың деле ушундай тамак, сый да. Чогуу эле барбайлыкпы? Мурда менсиз силердин кече өтчү эмес эле. Акыркы күндөрү алыстап да кеттик. Ырдап чериңерди жазмакмын-деди ыктытата.
- Акынбай, таарынба эми. Ал жакка болбойт. Маанилүү маселе деп чакырып атышат-деди да коштошуп алып, Заринаны жетелей машинага жөнөдү.
Кафеде калган Акын бир топко тишин кычыратып, жинденди.
- Энеңдуррайын десе, тим эле мени кемсинтет. Маанилүү маселе деп. Маанилүү маселени ушу шуркуя менен чечеби? Шашпа, көөп кетипсиң. Сенин бу катының жөнүндөгү кабарды төкпөй-чачпай катыныңа жеткирбесем элеби. Майнакенин таз катыны болоюн. Шашпа, ал тажаал сенин көзүңдү оет. Ошондо көрөм ушинтип кыйын болгонуңду. Тим эле "столду төлөп койдум" дейт, мен ачка калгансып. Арам акчаларыңа кимдин көзү түшүп атыптыр. Карап тур, сага көргөзбөсөм элеби...
Айнура Акындын жинденип атканын көрүп чочуп кетти. Ушу азыр Акын тура калып, депутаттын аялына жетип барчудай болуп туюлду. Кырдаалды колго алды да, ойношун жошутууга киришти.
- Эй, эмне жиндеп атасың? Кайра сүйүн да, бир ок менен эки коен атып, менин да көңүлүмдү алып, өзүңдүн чөнтөгүңөн бир тыйын корогон жок. Эмне болуп атасың, мурда эле "жеп-ичкенибизди дайым Канат төлөйт" деп жүрчү эмес белең. Бүгүн арданып калдыңбы, ал сени шылдыңдаган жок. Тескерисинче, кечирим сурап кетпедиби. Жумуштары чыгып калды да, ал деген депутат. Иши бөлөк, оор. Макул, катынына барып айттың, эмне мүйүз чыгабы? Ошондо эле мунуң катындарга барбай калабы? Зарина болбосо башкасын табат. Андан көрө кошомат кылып, Заринаны мактап-жактап, пайдаланыш керек. Аялына айткандан пайда жок. Тескерисинче Канат менен мамилеңди үзбө, үзүлүп түшүп сыйла, кошомат айт. Анан акырын Зарина аркылуу иштериңди бүтүрө бер. Кел, андан көрө ден -соолук үчүн ичели. Сен менин алдыма түшүп келгениңди унутуп калдыңбы. Токтотчу бүгүн Канат манатыңды. Давай, ичебиз да, жыргайбыз.
- Аялдын чачы узун болгон менен акылы кыска дегендер чоң жаңылышат. Давай, сенин алтын башың, анан супер идеяң үчүн ичели. Эртең Заринаны таап, шантаж кылам. Мен болбосом жүрмөк да арзан катын болуп. Карачы, тим эле кычырап алыптыр, депутаттын койнуна жеткени. Каап, телефонун алып калбай. Сен билесиңби номерин?
- Жок, кайдан, билбейм, айткан жок, анын үстүнө сен кергиштеп атып бүгүн жакшы да сүйлөштүрбөй койдуң го-деп калп айтты Айнура. Билсе да билмексенге салып. Зарина экөөнүн планы башка да, аны Акын сезбесин, кокуй. Эптеп мындан кутулуп, жаңы жашоонун эшигин ачыш керек. Ал үчүн ылдамдоо зарыл. Бирок Акындан кантип кутулат? Ушул ой мээсин эзчү болду. Калп күлүп, койнунда жаткан менен, Акынды көрөйүн деген көзү жок. Заринанын алтындары, кийген кийими небак эле мээсин тумандатып салган да.