Саясатчылар кайсы жаш эстрада ырчыларынын талантына баа берет?
Абдыганы Эркебаев,
коомдук ишмер:
- Негизи, музыка угууда классикалык музыкаларды угам. Ошентсе да жаш эстрада ырчыларынан Мирбек Атабековдун мукам үнүн жана сахнада өзүн алып жүрүүсүнө көз карашым түз.


Эмил Каптагаев,
"Улуу Бримдик" партиясынын лидери:
- Жаш ырчылар ушунчалык көп, бирок ар бир нерсенин убагы келгенде чыныгы таланттуулар иргелип калат. Бул ырчынын таланттуу же тигиниси дебейм, бирок мага Америкага барып өз өнөрүн тартуулап, Алла Пугачеванын колунан сыйлык алып келген жаш ырчы жигит Омардын талантына баа берем.


Бегалы Наргозуев,
ЖК депутаты:
- Жаш эстрадалык ырчыларда таланттуу, үндөрү жакшы ырчылар көп. Алардын ичинен чыныгы таланту жана үнү да абдан жакшы деп Ома аттуу ырчынын талантына баа берем. Ал эми кыздардан Нелянын ырдаганы да абдан жакшы.


Асел Кодуранова,
ЖК депутаты:
- Негизи, жаш эстрада ырчыларынын бардыгы окшош. Бири-биринен өтө айырмаланып кеткен өзгөчөлүктөрү жок. Бирок, мага эски патриоттук ырлар жаккандыктан, учурда жаш ырчылар илгерки ырларды жаңы замандын талабына ылайык иштеп чыгып ырдап жатышат ошол ырчылар гана жагат. Мисалы, Мирбек Атабеков менен Сүездбек Искеналиевдин эски ырларды ырдагандары жагат, булардын үндөрү ырга дал келет, эски ырларды жеткиликтүү ырдашат. Булардан тышкары Темир Назаровдун "Туулган жер" аттуу ыры улуу муундун купулуна толгон ыр, бул ыр мага да абдан жагат.



Чолпон Жакупова,
"Адилет" укук клиникасынын жетекчиси:
- Учурдагы жаш ырчылардан Мирбек Атабековдун талантына баа берип, чыгармачылыгын сыйлайм. Анткени, жаш ырчыларыбыз башка тилдеги ырларды которуп ырдашат же эски ырларды жаңыртып ырдашат. Кандай гана сонун илгерки ырларды ырдап элге тартуулаганы кубанычтуу, бирок бузбай ырдашса. Ал эми Мирбек эски ырларды ырдаганы менен элге жеткиликтүү ырдаганын өзгөчө баа берем.


Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Учурдагы жаш ырчылардын талантын айырмалап баа берүү өтө кыйын. Анткени, биздин убактагы ырга болгон түшүнүк менен азыркы ырчылардын айырмасы асман менен жердей. Ошондуктан жаш ырчылардын ырлары жакшы дебесем да Гүлнур Сатылганова, Айбек Карымов, Салима Балтаева, Асылбек Өзүбеков сыяктуу ырчылардын талантына жогору баа берем.


Венера НАРКЕЕВА