Азимбек чоочулап жатат
Акыркы күндөрү Исмаил Исаков менен Эркин Булекбаевдин сотторунан согу чыккан Азимбек Бекназаровго Москва райондук сотунун судьясы Феликс Марлес 17-февраль күнү кечинде телефон чалып, Эркин Булекбаевдин иши эмдиги жумага которуларын билдириптир. "Мындай которуу Бишкекте Исмаил Исаковдун сотун тездетүү максатында жогорку бийлик тарабынан уюштурулууда. Анткени мен адвокат катары Петровка окуясы боюнча айыпталгандарды да, Исаковду да коргоп жатам. Петровкадагы сотко катышарымды уккан бийликтегилер, аны токтотуп, Исаковдун ишин тездетүүнү көздөп жатат",- дептир Бекназаров "Азаттыкка" берген маегинде. Демек, бийлик алдыдагы Курултайларга чейин абакта жатышкан Исаковду, Булекбаевди, Аргынбаевди, Рыскуловду же ары, же бери кылышканы жатышса керек.

Эркиндин экинчи иши жанданат
Он айдан бери абакта отурган экс-депутат Эркин Булекбаевге козголгон экинчи кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралмай болду. Эсиңиздерге сала кетсек, Эркин мырзага өзүнүн иш кабинетине ажобуз тууралуу тартылган карикатуралык сүрөттөрдү илип алганы үчүн Башкы прокуратура айып таккан. Учурда Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткан Эркин Булекбаевдин эки кылмыш ишин бириктирип кароого соттор макул болгону менен, айыптоочу тарап андайга макул болбой койгон. Эки күн мурун Жогорку Сот Эркиндин экинчи кылмыш иши өзүнчө каралсын деген бүтүмүн чыгарган. Ошентип, беш жыл мурун азыркы ажобузду бийлик башына алып келүүгө аябай аракет жасаган адам, анын карикатуралык сүрөтүн тартканы үчүн эмес, такканы үчүн эркинен ажыраганы отурат.

Исаковдун өтүнүчү өткөн жок
Сегиз жылга эркинен ажыратылган Исмаил Исаков аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитовдон президентибиз Курманбек Салиевичтин, "Ак жол" факциясынын депутаты Лейла Сыдыкованын сотко келип күбө катары суралышын өтүнгөн. Анткени, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана ал кездеги аскер прокурору Нурлан Турсункуловдор президентибизге Исмаил Исаковго батир боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок деген маалымат беришкен экен. Эми абактагы экс-коргоо министри ажобуздан баш мыйзамдын кепили катары тактагысы келип жатат, эмне себептен экинчи жолу кайра кылмыш ишинин ачылышын. Адаттагыдай эле, аскер соту айыпталуучунун өтүнүчүн четке кагып, ажобузду сотко чакыруунун кажети жок экенин билдирген. 10-февралдан бери улантылып жаткан аскер сотунун өкүмү бүгүн угузулмакчы.

Байбиченики алды, токолдуку калды
Мандатын маданият агенттигинин башчысына алмашкан Ибрагим Жунусовдун ордуна "Ак жол" фракциясынын депутаты болуп Гүлмира Базаркулова аттуу айым катталган. Ал айым кече күнү парламент депутаттары алдында ант бергенге жетишкен. Ал эми, андан мурун мандаттарынан ажыраган КСДП фракциясынын эки депутаты Бакыт Бешимов менен Кубаныч Кадыровдун ордуна КСДП фракциясынан катталган жаңы депутаттар ант бергенге эмес, мандат алганга жетпей турушат. Парламенттин жаңы спикери Зайнидин Курманов мындан бир жарым жыл мурун КСДП фракциясынын депутаттарын токолдун балдарына теңеп, аябай мазактабады беле. Андан бери айлар алмашса да, "акжолчу" парламенттин атасы ал айткандарынан кайтпаса керек. Мандат берүү маселеси баш мыйзамды өзгөртүү маселесинен алда канча оңой экенин эске алсак, "байбиченин балдары" токол катындын балдарын дале тоготпой жатканы байкалат.

Аликбектин акыркы сөзү калат
"Акыйкат үчүн" оппозициялык уюмунун лидери Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн болуп жаткан соттук отурумдар аяктап калды. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азиз Турдалиев эртең айыптоочулар менен айыпталуучунун адвокатынын жарыш сөздөрүнө кулак төшөгөндөн кийин, алардын акыркы сөзүн угат. Андан кийин өз өкүмүн (ишениш кыйын) чыгармакчы. Ал ортодо, экс-тышкы иштер министринин кочкорлук тарапкерлери "камап салбагай эле" дешип кооптонуп турушат. Аликбектин ишин караган судья Азиз мырзанын мынчалык шашып калганына караганда, Акүй тараптан атайын тапшырма болсо керек го дейм. Болбосо, алты айдан ашуун убакыттан бери улам артка жылдырылып жаткан отурумдар, мынчалык тездебесе керек эле. Ишемби күнү дагы иштегени жатышкандары, жакшылыктын жышааны эмес сыяктанат...

Токтомду тоготпогон Төрөбаев
Өткөн саныбызда жазбадык беле, Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги өзүнчө министрлик болуп калганбы кыязында. Анда биз жаңы барган министр Бакыт Төрөбаевдин башаламандык иштери боюнча аз-маз баяндаган элек. Эми бизге ошол министрдин куугунтугуна кабылып, иштеп жаткан ишканасы жабылып, эми соттон адилеттик издегенге аракет жасаган Мурзабеков Кантемир мырза келиптир. Анын алдыбызга таштаган материалдарын көргөндөн кийин, азыркы бийликтегилерди ашата сөккөнгө аргасыз болот экенсиң. Анан калса таң калат экенсиң, ушундай килейген министрликте бир жөндүү юрист болбогонуна. Тим эле укмуш. Кыскача айта турган болсок, жаңы министр бир адамды жумуштан бошото албай, бир килейген ишкананы мыйзамсыз жоюп жибериптир. Өкмөттүн токтомун "өзгөчө министр" өзүнчө эле токтотуп салыптыр. Кантемир мырза менен болгон маанилүү маекти гезитибиздин эмки санынан окусаңыздар болот. Анда эмесе ак чөп башта.

Жетим-Тоо жең ичинен сатылдыбы?
Дүйнөдөгү эң ири темир кени жайгашкан айтылуу Жетим-Тоосу кытайлыктарга сатылыптыр деген чуулуу кеп өткөн жылы элибиздин канын бир кайнатып алды эле. Бул чуулуу кепти иликтөөгө алган Нарындын ошол кездеги губернатору Өмүрбек Суваналиев Жетим-Тоодогу темирдин ири кенин казууга камынышкан кытайлыктар 10 миң тонна аммонит жардыргыч заттарын жүктөп келип, ири техникаларын эчак эле жайгаштырып алышканын айтып, бир топ былык иштерди чукуп чыккан. Жетим-Тоону казуу иштерине ошол кездеги Жети-Өгүз районунун акими Тынычбек Чекиев он айга "добро" берген деп айтылып келген. "Нарындын аймагындагы темир кенине Жети-Өгүздүн акиминин кандай тиешеси бар"-деп, Чекиевдин макулдугун жокко чыгарып, кытайлыктарды кууп чыккан экс-губернатор Каттани Жетим-Тоо аймагын мамлекеттик корукка айландыруу тууралуу атайын чечимин чыгарган эле. Арадан көп өтпөй Өмүрбек Суваналиев кызматынан кетип, ордуна толгон чиновниктердин арасынан экс-аким Тынычбек Чекиев тандалган. Кыраакы теңиртоолуктар Чекиевдин губернаторлукка дайындалышы бир гана максатты көздөөрүн ошондо эле айтып чыгышкан.
Чекиев мырза бийлик алдындагы "ак кызматын" эми баштаганбы, айтор редакциябызга Нарын жеринен телефон чалгандардын саны акыркы эки-үч күндө көбөйө түштү. Алардын айтымында, Нарын районуна караштуу Эки Нарын жана Калинин айылдарынын тургундарына губернатор өзү келип, коңшу Куланак айылына, же Чүй бооруна көчүп кетүүсүн талап кылып, элди бушайманга салып жатыптыр. Темир кени жайгашкан Жетим-Тоонун тегерегиндеги бул айылдарды көчүрүп салуу менен бийлик баягы эле өзүм билемдигине салып, тообузду кени менен кошо жүлжүгүй көздөргө пулдап жиберишкенби деп элдин башы маң. "Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт"-демекчи, Үзөңгү-Кууштун артынан Жетим-Тообуз да кытайлыктарга "жем" болуп кетпесе экен.
Айтмакчы, Кытай тарап биз менен чектешкен өз аймагына темир эритүүчү ири заводдорду эчак эле куруп, даярдап коюшкан имиш.