ЖУМАБЕК Токтогазиев, жазуучу

Чаргын Молдо
(даректүү аңыз баян)

(Башы өткөн санда)
Чаргын аба бак кылып отургузуп кеткен дүпүйгөн кара бак, күнү бүгүн Шекер айылынын түштүк чыгыш тарабындагы Ак Үйдүн күн батыш ыптасында дале турат, ыйык жерге айланып...
..."Сыялы молдонун атасы кадимки Чаргын аалымдын көзүн көрүп калдым. Анын касиетинен айланайын" - деп тээ бала кезимде бир карыянын Чаргын аалым жөнүндө айткан шумдугу эсиме түштү.
Илгери-илгери... Кокон хандыгынын тушунда Чаргын абам бой жетип, жаңыдан үйлөнүп, анын аалымдыгы эл оозуна алынып турган кези болсо керек. Мындай илимди ал кайдан окуп, үйрөнүп, кимден таалим алганын балалык кылып, кызыга иликтеп, сурабапмын дагы. Ошол замандын тушунда түштүктүн Аксысынан эшен, калпалар: - "Бу, Чаргындын бизге каттабай калганына бир жарым жылча мезгил өтүп кетти. Тирлик - турмушу менен алпурушуп, колу бошобой жатса керек. Ал бизге келип кол бербесе, биз ага барып кол берип, ден - соолугунан, үй - бүлөсүнөн, жашоо-тиричилигинен кабар алып койбосок болбос"... - дешип, төрт - беш аалым абалар Чаргынга - Кара-Буурага бет алыша аттанып чыгышат.
Эшен, калпаларынын Аксы тараптан аттанып чыгышканын күнчүлүк мурда эле билип, ушул тапта алардын аттары арып, өздөрү чарчап-чаалыгып, ат үстүндө улам уйкуга алдыра мүргүп келе жатканын илиминин күчү менен сезген Чаргын молдо аларга эркелеп, сыр көрсөткүсү келет.
Күн - түн дебей жол жүрүшкөндөр, бир күн-түнчөлүк жол калганда кайсы бир коктунун имерилишинен аттарын үркүтүп ойноо үчүн талпакты дубалап жан киргизе куюндатып учуртат. Жолдо чаалыгып, илкип - калкып келаткан эшен - калпалардын аттарынын тумшук алдынан алиги талпак күтүүсүздөн куюн аралаш калдалактап чыга калганда, аттар кадимкидей ээлиге үркүп, бейкам келаткан эшен-калпалар ат үстүнөн бөрктөй учуп кете жаздап, ат тизгиндерин бекем кармай ооп барып оңолушкан экен. Ошондо эшен-калпалардын бири: - "Оп-паа, кызыганаталак, бул Чаргындын бизге кылып жаткан тамаша ишин караң" - дешип, анын аалымдыгынын ушунчалык жетилип калганына ыраазы боло, алар дагы күнчүлүк жол аралыгында өз илимдеринин күчү менен билип калып, бир чети кубаныша күлүп алышыптыр, касиеттери күч аалым эшен-калпалар..

* * *

... Чаргын абам кайсы бир жума күнү Олуя - Ата калаасына түшүп, мечиттен намаз окуп, дөө-шаа аалымдарына кол берип, эсенчилик сурашкандан кийин, күн кылкылдап батаар маалда кайра үйүнө тартат. Өзү жашаган айылы менен Олуя - Атанын аралыгы күнчүлүк ашык жол...
Ал калаадан жуп чыгып калган тушта куптан намазын окуу учуру шаштырып калат. Дааратын алып, жаңыдан гана куптанын окууга кирише берген ирең-бараңда кыбыла тарабынан бойго жеткен бир кыз анын бет маңдайынан кыя өтүп кетмек болот. Намаз окуп олтурган Чаргын аалымдын "артыңа кайт", деп колу менен кайра-кайра жаңсаган ишаратын көрүп туруп, тиги кыз анысын тоготпостон өтүп кетет. Чаргын молдо намазынын каза болгонунабы, же каза болбой эле алиги бойго жеткен кыз анын жаңсоосун көзүнө илбей өтүп кеткенине бир чети ачуусу келип, бир чети ызасына алдырыпбы, айтор кара дубасын окуп, аны турган турпатында эшекке айландырып, минип алып үйүн карай бет алат.
Үйүнө келери менен байбичеси Набатка: "- Буга булактын көк кашка таза суусунан берип, жаш беденин бүрүнөн жулуп алдына таштап кой" - деп буюра сүйлөп, өзү капа боло үйүнө кирип кетет. Чаргын менен узак жылдар бою бирге өмүр сүргөн Набат апа, бул эшек жөн эшек эмес экенин сезип, анын айтканындай орундатат...
Арадан апта мезгил өтүп, Чаргын молдо алиги эшегин минип, жума намазын окуу үчүн кайрадан Олуя - Ата калаасына бет алат. Баягы мерчемдүү жерге келгенде эшекти кызга айландырып, андан үйүн сурап алып, күтүүсүздөн изи жок болуп кеткен кызын бүгүн-эртеңден өзү келип калар бекен деген үмүттө кан жутушуп олтурган үй-бүлөсүнө жетелеп кирип келет. Бойго жетип калган кызын ары издеп, бери издеп, көргөн - билген бир жан жок жер сыйпалап, күдөр үзө албай каран түн түшүп турган бул үй-бүлөгө бир заматтын ичинде анын минтип күтүүсүздөн кирип келиши, өчкөн шам чырагы кайрадан жангандай, кубанычка бөлөп салат.
...Чаргын аба куптан намазын жаңыдан окуй баштаганда алардын кызы кол жаңсоосун көрүп-билип турса да, шайтан азгырып, чекилик кыла алдынан - кыбыла тараптан кесип өтө бергенинен, аны макулукка айландырып үйүнө алып кеткенин, сабак болсун дегенчелик учкай айтып берет.
Капилеттен бүлүк түшүп, карыпчылык баскан бул үй-бүлөнүн ата-энеси, бир туугандары Чаргын молдодон ыйлап-сыкташып, кечирим сурап, ага кайра - кайра топук кыла сыйынышып жүгүнүшөт. Жаңы гана эшикке чыгып кайра үйүнө киргендей болгон кызы бул көрүнүшкө түшүнүп, түшүнө албай, ортодон ошончо тозоктуу күндөр өткөнүн, качанкы бир кезде көргөн түшү сымал элес-булас эстеп барып, ал дагы кечирим сурап аалымдын бутуна жыгылган экен...

* * *
...Чаргын молдо жин-перилердин, шайтандардын, албарсты - улбарстылардын жети күн - бир аптанын ичинде кайсы бир тобунун башчысы, алардын кайсы күнү, кайсы жол менен оюн-тамаша куруп, шапар тээп, сапарга чыгарын билчү дешет. Кокус ээнчиликте ошол топтун алдынан чыккан жалгыз-жарымды илеби менен уруп, жин таарып кетсе, анын жакындарынан тиги акылынан ажыраганды күндүн кайсыл мезгилинде, кай жерден таап келишкенин сурап, тактап алып: - "О, тукуму кургурдуку, аларды кудай өзү эле ала койсун. Ошол тушта бул бечара баланча деген жин-перилердин башчысы үйүр-тобун алып өтүп бараткан жолуна тушугуп калган турбайбы"... - деп, ошолордун башчысына карата дубасын багыштап окуп, аны чакырып алып, "тиги жин-пери уруп кеткен жазыксыз бечарада силердин кандай жумушуңар бар? Мунун мойнуна бириңди мингизип калтырып кеткен турбайсыңарбы. Аны өзүң менен кошо тобуңа алып кет, мында калтырба!" - деп, ага буйра сүйлөп, жабыр тартканды дубасынын күчү менен тазалап, аруулап, акыл-эсин ордуна келтирип койчу дешет, Чаргын молдону көрүп билип, чогуу жүрүп калган замандаштары, ал жөнүндө кеп болуп калганда...
...Кайсы бир күнү Чаргын молдо муруттары менен ат бастырып Талас кырка тоосун карай - "Койлон", "Аташ-Чапкан" өңүрүнө бет алышат. Булбулу сайрап, күкүктөрү күкүктөшүп түрдүү түстөгү куштары өз тилдеринде үн алышкан "Өгүз-Коргондун" бак-шактуу көк жайыгы аркылуу өтө беришкенде коргондун үстүнөн ары-бери эбелетеп чуркап жүргөн чыканактай чал баркылдап, тигилерди мазактап жатканы Чаргын молдонун көзүнө урунуп, муруттарына карап:
- "Атыңарды чаалыктырып, өзүңөр да бир чай кайнатым аялдап отура тургула. Болбосо, мына бул жеситтей болгон неме, бириңердин жонуңарга минип алса, майып коюшу мүмкүн. Куруду дегенде шал, же жинди кылып тынат. Бул немеге тескери дубамды окуп салбасам болбос" - деп, күн батышка карап, дубасын окуп кирет. Ошол тушта жанагы эбелектей болгон жин-пери тукумунун Чаргын молдого жалдыраган аянычтуу, ары кудайга жеткен чыңырыгы чыгып, аны уламдан-улам ыйыктатып, кичирейтип отуруп, ошол коргондун кычыгына житире киргизип салат...
Чаргын молдо менен жол кезип баратышкан көзү ачык ошол муруттарынын айрымдары анын дубасынын, илиминин күчүнө таң калыша баамдарын салып отургандар күбө. Жин-перилерди чөк түшүргөн Чаргын молдо тигиге карата тескери дубасын окуп киргенде, жанагы эбелектей болгон жеситтей немени коргондун кычыгына житире киргизип жатканда тигинин онтоп, жансоогалап, осолдоп жатканын байкап отурушкан экен...
Көрсө, коргондун кычыгынан кайра чыкпас биротоло житип кеткен жин-перинин тукуму "алардын эч кимиси күчтүү дубаны билбеген, мени көрүшпөгөн жөнөкөй адамдар болсо керек" - деп ойлоп, тигилерди мазактап, шылдыңдап, анан дагы түпкү максаты - биринин желкесине минип алып, аны каалаган оорусуна тушуктуруп, кыйнамак тура...
Мына, Дөө түшүргөн Чаргын молдонун аалымдык керемет - илиминин күчү!
(Уландысы бар)