Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Сапар Эркебаев, ырчы:
"Кызымды сагынганда бала бакчадан жолугуп турам"
Өзүм
Ар бир адам өзүнүн жаман, же жакшы сапаттарына сын айта албаса керек. Мен да өзүмдү мактагандан, жамандагандан алысмын, кандай адам экенимди жанымдагылар жана күйөрмандарым гана айтышат деп ойлойм. Бирок, арыла албай жүргөн жаман сапатым-уйкучулугум, ал эми жакшы сапатым-бул шайырлыгым, досторумдун арасында өз ордумду билген адаммын. Учурда өтө чоң жаңылыктарым болбосо да, чыгармачылыктын үстүндө иштеп, бир топ жаңы ырларды жаздырып атам.

Үй-бүлөдө
Үй-бүлөдө бир кыздын атасымын. Кызымдын аты Мээрим. Быйыл үч жашта. Турмуш сен ойлогондой болбойт экен, жубайым экөөбүз эки башка жолго түштүк. Биздин ажырашуубуз кызганычтын айынан болду окшойт. Кызым болсо апасы менен бирге кетти. Бирок, кызымды сагынганда, бала бакчадан гана жолугуп турам.

Мода
Ар кимдин табити ар кандай болот эмеспи, менимче, мырзаларга мода кууп, көйрөңдөнгөн жарашпайт. Ошондуктан, эч качан мода куубайм, кандай гана кийим болбосун кийип кете берем. Ал эми келбетиме да өзгөчө кам көрбөйм, жараткан кандай келбет берсе, ошол бойдон жүрөм. Бирок, сахна адамы болгон соң эл алдына чыгаарда гана бир аз бетиме кам көрөм. Негизи фирмалык косметикаларды алып, эркек башың менен бетиңе ар кайсы боекту сыйпаган туура эмес.

Достукта
Достукка абдан туруктуумун деп мактана алам. Ата-энем, бир туугандарым алыс болгондуктан, ушул убакка чейин досторум гана жардам берип келатат. Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсун демекчи, досторум да көп. Чыгармачылыкта да оорумду колдон, жеңилимди жерден алган сырдаш досторум Алишер Тоотаев, Замир Мырза, ал эми калган кесиптештеримди баары менен саламым түз.

Сүйүүдө
Сүйүү бар экенине ишенем, бирок чыныгы сүйүүнү элестете албайм. Окуп жүргөндө алгачкы сүйүүгө кезигип, сүйүүнүн азабын тарттым. Ал сүйүүмдүн артынан жүрүп акыры жеттим. Бирок, тилекке каршы, "ашып" да кеттим окшойт. Анткени, сүйүүмдү арнаган ошол кыз жубайым эле, бирок канчалык сүйсөң да, бул жашоодо бардыгы биз ойлогондой боло бербейт экен. Турмуштун ачуу-таттуусуна туруштук бере албай ажырышууга аргасыз болдук.

Кызганыч
Сүйүү болгон жерде кызганыч болот дешет эмеспи, сүйүүдөгү кызгануу - башкача сезим. Негизи мен кызганачаактардын катарын толуктабайм. Кызганыч-бул эки адамдын ортосуна ызы-чуу чыгаруу гана болсо керек.

Ашканада
Бойдокчулук жашоодо ашканага тың болбосоң болбойт. Каалаган тамагымды жасоо колуман келет. Өзүм даамдуу тамакты баса калам, ошондуктан кандай гана тамак болбосун жасагандан эринбейм.

Күтүү
Күтүүгө чыдамым жок, ал эми өзүм кырдаалга жараша кимдир бирөөлөрдү күттүрүп, кечиккен убактарым көп болот. Мени күтүп аткан кишини өзүмө салыштырып, кечиккениме аябай кыжаалат болом.

Ыза жана күлкү
Ызаланып, маанайым чөккөн абалда сырымды бирөөгө айтып, же капаланып отуруп калууну анча жактыра бербейм. Кээде күчүмдү пиводон чыгарып коем. Бирок, арактан алысмын. Мүнөзүм шайыр болгондуктан, күлкүчүлөрдүн да катарын толуктайм.

Эс алууда
Бош убактымды досторум менен өткөзөм. Кайгы-муңумду тең бөлүшкөн достор менен аш басып жеп, чер жазып сүйлөшүп отургандан ырахат алам. Ал эми кыялымда чет өлкөлөрдө эс алууну каалайм, өзгөчө Дубайда эс алуу абдан жагат.

Кинодо
Эмнегедир акыркы күндөрү ырчылыкка караганда, актерлук кесип жүрөгүмө жакын болуп калды. Ырчы катары эмес, актер катары көбүрөөк таанылгым келет. Буга чейин "Кайып булак", "Сүйүү зары" тасмаларына тартылгам. Алгач өзүңдү тасмадан көргөндө, жалаң гана кемчиликтериңди издеп, баскан-турганың күндөкүдөй болсо да, көрүүчү катары караганда жаман көрүнөт экен. Учурда "Атанын чокусу" аттуу тасмага даярдануудабыз, жакынкы арада күйөрмандарым жаңы ырларыма жана менин катышуумдагы жаңы кино тасмага да күбө болуп калышат.
Венера НАРКЕЕВА