Үч илтик

Саясий шоунун сыры,
бийлик талашынын чыры
Шам өчөрүндө жарык күйөт, добул басыларында бороон-чапкын күчөйт, долу катын да бир бууракандап, көрүнгөндү каргап-шилеп, чарчаганда жаны тынчыйт. Азыркы күндө бийлик да ушундай кырдаалда күн кечирип, элге иштеп жаткандай түр көрсөтүп, мамлекетти башкарууну "реформалоого" шымалана киришти.

Каяша айткандарды "окутуп - тарбиялап" коюуга бүтүндөй күч структураларын бир колго бириктирди. Бийликти катуу сынга алгандарга кылмышкер жарнагын тагып, оппозиция элге тынч оокат кылганга, бийликтин ишкердүү аракет жасоосуна "жолтоо жасагандыктан", калктын жашоо деңгээли төмөндөп, аргасыз "Ынтымак курултайын" чакырганга мажбур болгондой түшүнүктү жаратууда. Ушундан улам, кандай жол менен болсо да, үй-бүлөлүк башкарууну сактап калуу үчүн Кыргызстанда форс-мажор кырдаалы түзүлсө, мамлекет башчысынын портфелин өздөрүнө энчилеп алуу максатында интрига оюну башталганы тууралуу Д. Каримовдун пикирин "24.kg" маалымат агентчилиги жарыя кылды. Бул пикир бизди аргасыздан саясий шоунун сыры, бийлик талаштын чыры тууралуу сөз козгоого түрткү болду.
Кыргыз парламенти Конституцияга өзгөртүүнү өздөрү мыйзам бузуу менен кабыл алышты. Бул өзгөртүүнү алгач Консотко жөнөтүшүп, бирок мамлекет башчысынын президенттин милдетин убактылуу аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аныктоосу тууралуу сунушу аяктан колдоо тапкан жок. Жоопкерчиликти өзүнөн алыстаткан Консот бул маселени кароону ЖоКеге жөнөттү. Кол жоолукка айланган "Ак-Жол" фракциясы парламентте басымдуу күчкө ээ болгондугун пайдаланды. Экинчи ирет кайра жөнөтүлгөн бул маселе 3 айдан кийин гана каралышы керек эле. Эң кур дегенде формалдуулук үчүн болсо да, бул жалпы элдик референдум жолу менен ишке ашырылса болмок, бирок буга көп убакыт керектелмек. Запастагы №1 оюнчунун шашылыш даярдалышы коомчулуктун көптөгөн шектенүүсүнө негиз түздү. Аракеттеги президенттин ден-соолугу начар абалда болгондуктан, анын уулу жана бир туугандары бийликти өздөрүнө сактап калуу максатын көздөшүүдө деген пикир кеңири тарап отурат. Эл муну президенттин Германиядан дарылангандыгына байланыштырышат. Бийлик Мамлекеттик кеңеш коллегиялуу орган дегени менен анын артында жашыруун сыр катылып жатат.
Алып көрөлү. Мамлекеттик кеңеш "убактылуу президенттик кызматты" кимге ыроолойт? Жоромол жасап көрөлү. Буга ЖоКенин спикери да, премьер-министр да көргөзүлбөйт. Негизги мыйзамга өзгөртүү киргизилип, алар бул постко келер жолдор буулду. Демек, бул орунга эми президенттин уулу М. Бакиев, же анын бир тууганы Ж. Бакиевден башка ылайыктуу мамлекеттик аппараттан башка кадрлар жок болуп чыгат. Кимдир-бирөөлөр: "Эмне болуптур, кимиси келсе да, ал бийликке узакка тура албайт. Үч айдан кийин президенттик шайлоо өткөрүлөт да. Татыктууну эл өзү тандап шайлап алат" - деген каршы оюн айтышы мүмкүн. Ооба, бул ысык аптаптагы закым сыяктуу эле көрүнүш болуп каларын эске албагандардын пикири катары санасак болот.
Эмне үчүн азыр президенттин коопсуз турмушта жашап жаткан учурда ушул маселе көтөрүлүп жатат? Саясий шоунун сыры ушунда. Бийликтин алмашылышы үч жол менен ишке ашырылат эмеспи. Биринчисинде каршы тарапты карапайым калк колдоп, бийлик башындагылардын аргасыз кетиши, экинчисинде уюшкан кутумдардын бийликти ээлеп алышы, үчүнчүсүндө шартка жараша өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп бериши. Өлкөдөгү абалга жана постсоветтик мамлекеттердин тажрыйбаларына таянсак, кайрадан диктатордук бийликтин орношуна жасалган кадам катары бааласак болот. Эгерде менталитет боюнча талдоо жасасак, Орто Азия жана Казакстанда династиялык башкарууну калыбына келтирүү аракети жүргүзүлүүдө деген жыйынтык чыгарууга учур жана ар кыл аракеттер негиз берет. Болбосо, Негизги мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгы эмнеден чыккандыгы неге элге белгисиз калууда?
Жогоруда белгилеп өттүк, кокус форс-мажор кокустугу түзүлсө, бир гана үй-бүлө мүчөлөрү бийликти убактылуу колуна сактап калат, "убактылуу президент" үч ай аралыгында бүтүндөй мамлекеттик машинаны өзүнө каратат да, талапкер катары чыгат. Ачык айталы, мамлекеттик-административдик ресурстар пайдаланылат, шайлоодо элдин эрки менен эсептешпей, Мамлекет кеңеши сунуш кылган адам гана күч менен бийликке алынып келет. Ошентип, өлкөдө монархиялык бийликти орнотууга жасалган аракет жүзөгө ашырылат. Бул шектенүүнү бийлик өзү да четке кага албайт. Бар болгону бийлик бутактарынын тирешүүсүнө чек коюп, алардын укуктарын бирдей деңгээлде кармоо зарылдыгы катары көргөзүшүп, актанууга өтүшүүдө. Негизги мыйзамды өзгөртүүдө "президенттин милдетин убактылуу аткарган адам" мамлекеттин башчылыгына шайлоого катышууга укуктарына чек коюунун киргизилбегендиги биздин бул пикирибиздин тууралыгын тастыктап жатат.
"Президенттин милдетин аткаруучусун" алар кайсы жол менен тандайт, же ошол кеңештин мүчөсүнүн бири гана көргөзүлөбү? Бул суроо бекеринен жаралган жок. Ага ушул "кеңештегилерден" бирөөсү көргөзүлөт. Ал эми Мамлекеттик кеңешинин курамына көңүл бурсак, мында бакыйып үч Бакиевдин карааны барандуу көрүнөт. Демек, бул башкаларга жол жок, бийлик баары бир биздин колубуздан сырттагыларга чыгарылбасын мыйзамдаштырдык деген ишарат катары санасак болот. Ошол эле учурда, президент К, Бакиев мураскорун өзүнүн шакирттеринин арасынан эмес, үй-бүлөсүнөн издеп калганы, мамлекет башчысы бүтүндөй бийлигин уулунун жана инисинин колуна өткөрүп бергендей таасир берет. Бул пикир эл арасына кеңири тарагандыгын азыр эч ким ачык айта албай отурат. Бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушкан Максим жана Жаныш Бакиевдердин ортосунда азыр тымызын атаандашуу болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Президенттин уулу бүтүндөй каржы каражаттарына ээлик кылып, барымтасыз кредиттерди берүү менен элдин көңүлүн өзүнө бурдурду. Жаныш Бакиев көмүскөдө болсо да, бүтүндөй күч структурасына ээ болду. Мындан тышкары, түрдүү саясий оюндарда бай тажрыйба топтоду. Ошентип, Бакиевдердин шамы жарык күйө баштады. Бул таймашта ЦАРИИнин башчысы Максимдин мамлекетти башкарууда тажрыйба жана саясий упай топтоосуна жана элдин ишенимине ээ болушуна анын проектисинин кандай деңгээлде ишке ашышынын таасирине жараша болот, ага атаандаш катары Жаныш Бакиев чыкса, анын саясий капиталы башкача мүнөздө болгондуктан, күрөштүн формасы да өзгөрүлөт.
Эзелтеден эле бийлик талаштын арты катуу саясий кармашты, айрым учурда курал-жарактын колдонулушуна чейин жеткен кырдаалдар түзүлөрү дүйнөлүк тарыхтын барактарынан белгилүү. Негизги мыйзамдын өзгөрүлүшү өлкөбүздө кыйратуучу күчкө ээ болгон добулдун башталар учуру жакындагандыгынан да кабар бергенсийт. Добул каргашалуу кырсыкка дуушар кылабы, же тынч өтүп кетеби, аны алдын-ала айтуу кыйын.
Азыр бийликтин албууттанышы күчөгөндүгү жашыруун эмес. Революция (эгерде азыркы бийлик революциялык жол менен орнотулганы чын болсо), өзүнүн балдарын өзү жеген коёнго окшоп отурат. Башкарууну реформалоону жана өзгөртүүнү талап кылышкан кечеги өнөктөштөрүн азыркы бийлик курмандыкка чалып келет. И. Исаковдун, Э. Булекбаевдин, А. Жекшенкуловдун, С. Аргынбаевдин, У. Рыскуловдун жана башкалардын камакка алынышы, айрымдарынын чет өлкөлөрдө саясий баш маанек сурап кетиши, жүйөөлүү сын айткан журналисттердин өлтүрүлүшү, же запкы тартышы бийликти эл көзүнө бокочо катары гана көргөзбөстөн, долу катынга теңешине алып келүүдө. Жогорудагы үч белгилүү көрүнүштөрдү салыштырган карапайым калктын бийликке терс көз карашы калыптанып, ага бийликтин ойлонбой жасаган кадамдары себепкер десек жаңылыштык болбос.
Албетте, бийликтеги бул кемчиликтерге каршы оппозициянын күрөшү өз натыйжасын бере элек. Анын себеби, алардын айрым лидерлеринин өлкөдөгү кемчиликтерди жоюуга бирдиктүү күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, саясий интигра оюнуна өткөндүгүндө болуп отурат, башкача айтканда, орус тарыхындагы "солчулдардын коммунизмдеги балалык оорусуна" чалдыккандыгында. Алардын ыркы келишпегендигин бийлик билгичтик менен пайдаланып, четинен элдин ишенимине татыктуу болгондорду камакка алынышына шарт түзүлдү. Майда "княздыктарга" бөлүнгөн оппозиция бийликке 2006-2007-жылдардагыдай коркунучтуу күч болбой, алар Кыргызстандагы саясий климатка таасир берер кубатынан ажырады. Тыштагы оюнчулар байкоочу катары карап турушса, ички ресурстарында кубаттуу күч түзүлүп бүтпөгөндүктөн, алар калктын башын бириктирүүгө алсыздык кылууда. Ушул жерде тышкы оюнчулар тууралуу маалымат бере кетели.
Негизги тышкы оюнчулардын катарына мурдагы постсоветтик мамлекеттер, АКШ, Кытай өлкөлөрү болуп саналат. Коңшу мамлекеттер Кыргызстандагы кырдаалга кийлигишпейт. Кокус монархиялык бийлик бизде орносо, бул тажрыйбаны колдонуп, Казакстан жана Орто Азиядагы мамлекеттер ушул жолго барууга даяр. Кремль үчүн саясий өнөктөш ким болору кызыктыруучу маселе эмес, аларга Орусиянын геосаясат кызыкчылыгынын сакталышы маанилүү. АКШ деле өзүнө аскердик-согуштук плацдарм болуучу аймакты колунан чыгаргысы келбейт. Кытайга биздин өлкөдө стабилдүүлүктүн сакталышы зарыл. Ошентип, алар кайсы режимдеги бийлик болсо да кызматташууга даяр болушат. Демек, өлкөбүздөгү ар түрдүү кырдаалдын кыйынчылыгын кыргыз эли өзүнүн жон териси менен гана көтөрөт. Бийликтин саясий шоусунун сыры да, чыры жогорудагы биз баяндагандай көрүнүштөр менен өнүгө берет.

Эртабылды АТТОКУРОВ