Иранда Кыргызстандын учагын мажбурлап кондурду
23 - февралда Кыргызстан авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүн ташыган "Бишкек - Дубай", "Дубай - Бишкек" каттамындагы "Исток-Авиа" компаниясына тиешелүү "Боинг-737-300" учагын Ирандын аба күчтөрүнүн эки тез учагы Бандар-е-Аббас шаарынын аба майданына мажбурлап кондурган. Ал жерден Ирандын атайын кызматынын кызматкерлери учактан эки жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Алар Кыргызстандын жарандары эместиги айтылууда. Бул туурасында "Акипресс" маалымат агенттиги жазып чыкты. Иран ТВсы Кыргызстандын учагынан сунниттердин "Жундаллах" террордук уюмунун лидери Абдульмалик Риги кармалганын көрсөтүшкөн. Ирандын РressTV, MIGnews.com маалымат агентигинин билдиргенине караганда Риги кармалганга чейин 24 саат мурун Америкалык аскер базасынан чыкканы айтылган. (Бишкектеги АКШнын транзит борборун айтып жатат окшойт)


Какаганга муштаган
Өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан чет мамлекетте күн кечирүүгө аргасыз болгон жарандарыбыздын, оор күндү баштарынан кечирип иштеп жүрүшкөнү жалпыбызга маалым. "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, көр оокаттын кесепетинен Россияга, же Казакстанга барып иштөөгө мажбур болушкан кыргыз жарандарына бийлик жетекчилери да оңдуу көңүл буруп, жардам бергенге жарашпайт. Өкүнүчтүүсү, чет жерде тебеленген укуктарын коргой албай жүрүшкөн кыргыз жарандарын тескерисинче, өзүбүздүн атка минерлер шылдыңга алып, мазакташкан учурлар арбын экени акыркы учурда көп айтылууда. Өзгөчө мындай көрүнүш Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилигинде дамамат кайталанып турарын, Россияга барып иштеп келишкен мекендештерибиз кеп кылып жүрүшөт. Эл арасында жана интернет сайттарына чыккан маалыматтарга карганда, Москва шаарындагы кыргыз элчилигине кандайдыр бир маселе менен кайрылган кыргыз жарандары акча бере алышпаса, ал жерде иштегендер элчиликтин босогосуна да жолотушпайт. Арыз-муңун айтууга, же кайсы бир документ үчүн баргандардын көбү акчасы жок болсо, эч качан маселелерин чече алышпайт. Ал түгүл эртеден-кечке какыйып кезек күтүп тургандары аз келгенсип, "Москвага силерди бирөө чакырдыбы?" - деген шылдыңга кабылышат имиш. Бир документик кагаз үчүн 1000 рубль сурашканды адатка айлантышканы тууралуу да сөздөр арбын. Ушундан улам ойлойсуң, Райымкул Аттокуров элчилик орунга Россияда кулча иштеп жүрүшкөн кыргыз жарандарын тоноп, байысам деген максат менен барганбы деп. Албетте, аргасыздан ушундай ой келет экен...


Кулчулукка кабылгандар көбөйүүдө
Акыркы учурларда жумушсуздуктун айынан чет жерде жалданып иштеп жүршкөн жарандарыбыз кулчулукка кабылган урулур көп кездеше баштаганы айтылып келет. Мындай жагдайга өз укуктарын билбей, келишим түзбөй кайсы бир адамдардын айткандарына ишенип алданган туш болушарын укук коргоочулар, эксперттер белгилеп келишет. Чет жерге иштейм деп барып, аферисттерге алданып кулчулукка сатылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн, бүгүнкү күндө ар кандай коомдук бирикмелер түзүлүп аракеттене баштады. Ошолордун бири катары Жалал-Абад обласындагы "Лидер аялдар" бирикмеси алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Аталган бирикменин төрайымы Жанна Саралаеванын айтуусуна боюнча адам сатуунун курмандыгы болгон көптөгөн адамдар жардам сурап кайрылган учурлар арбыган. Жыл башынан бери эле кулчулук тагдырга туш болгон 12 адам кайрылган. Аларга Эл аралык миграция уюмунун эсебинен жардам берилген. Ошондой эле, Казакстанда 7 жыл кул болуп, облуска кур кол кайткан жигитке кийим-кече алып берилип, документтери калыбына келтирилген. Алдамчылардын тили менен Орусияда иштеген, акысын алалбай келген беш кишинин жер иштетүүсүнө өбөлгө түзүлгөн. Түркияда жыныстык зордук-зомбулукка туш болгон аялдын укугун талашууга адвокат жалданган.


Башканы коюп "Манасты" айт
"Манасчылык" өнөрдү өркүндөтүү жана жайылтуу максатында "Манас мурас" жана "Айтыш" коомдук фондулары биргелешип эң мыкты Манас айтуучуну тандоо үчүн конкурс жарыялады. Конкурстун шартына ылайык ага улутуна, атуулдугуна, жашына карабай бардык каалоочулар катыша алат. Мындай демилгенин көтөрүлүшүнө, акыркы учурларда "Манас" эпосуна жана кыргыздардын руханий мурастарына жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы себеп болгондугун коомдук ишмер Садык Шер-Нияз басма сөз жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө - учурдун приоритеттери бийлик жана акча болуп калгандыктан, маданий жана рухий мурастар экинчи планда калды. Эгер руханий жактан өнүкпөсөк өзүбүздү улут деп эсептей алабызбы?" - деген оюн айтып, элдик мурастарды аздектөө учурдун бирден-бир талабы экендигине токтолду.
Албетте, мындай демилге колдоого арзырлык жакшы жөрөлгө. Баш айланткан базар экономикасынын шартында, руханий дөөлөттөргө көңүл бурулбай, баарыбыз кара курсактын камын ойлоп, материалдык байлыктын артынан кууп калган чалкеш заманда, элибиздин көөнөрбөс асыл касиеттерине басым жасоо, кастарлап-барктоо, түбү түптүү улутубуздун улуулугун даңазалоого өбөлгө болот.
Эгемендүүлүк алганы маданият тармагына, элибиздин руханий баалуулуктарына болгон камкордук күчөгөндүн ордуна, солгун тарта түшкөн жагдайда, мындай жакшы саамалыктардын акыркы учурда кулач жая башташы көңүл сүйүнтпөй койбойт.


"Элибиздин келечеги - касиетинде"
18-19-февраль күндөрү филармонияда "Акындар акты сүйлөсө" аттуу өнөр-азем кечеси болуп өттү. Кечеде белгилүү манасчылар, төкмөлөр жана комузчулар кыргыз көркөм өнөрүн даңазалашты. "Элибиздин келечеги - касиетинде" нуктуу жүрүшүнүн алкагында өткөн "Акындар акты сүйлөсө" өнөр-азем кечесинде белгилүү өнөр ээлери - Табылды Актанов, Самара Токтакунова, Элмирбек Иманалиев, Нурак Абдракманов, Намазбек Уралиев, Талантаалы Бакчиев, Улан Мамбеталиев, Максат Кулуев ж.б. катышты. "Акындар акты сүйлөсө" өнөр-азем кечесинин максатын "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев - жашыруун эмес, глобалдашып жаткан бүгүнкү күндө өлкөбүздү Батыштын маданияты, дүйнө таанымы каптады. Жаштарыбыз улуттук каада-салттардан, улуттук дүйнө таанымдан алыстап баратат. Биздин максат - улуттук көөнө өнөрүбүз, көөнө маданиятыбыз менен жаштарыбыздын сезим-туюмун ойготуу - деп белгиледи. Ошондой эле, "Элибиздин келечеги - касиетинде" нуктуу жүрүш долбоорунун дагы бир негизги максаты - аймактарды кыдырып, ал жактагы элибизге да өнөр тартуулоо. Ошону менен бирге жаш таланттарды да таап, аларды Бишкекке алып келип окутуу жагын колго алуу, акындык өнөр мектебин ачуу экендигине токтолду. Кийинки учурларда кыргыз элинин нукура көркөм өнөрлөрү көбүнчө коомдук фонддор тарабынан колдоого алына баштады. Республикалык коомдук "Айтыш" фонду сыяктуу, Жалал-Абадда "Жез таңдай", Ошто "Ак таңдай" ж.б. аймактарда төкмөлөрдүн, комузчулардын, манасчылардын башын бириктирген бирикмелер түзүлүүдө.