Өлкөдө кооптуу кырдаал түзүлдүбү?
Ошентип, кыргыз элинин таанымал бир генералынын уулуна башка бирөөлөр жашоого турак-жай берсе, аны атасы И. Исаков туура эмес таап, ал үйдү бир прапоршикке бошоттуруп бергени үчүн "кылмыш иши" козголуп, аскердик соттун 8 жылга чыгарган өкүмү жөн эле парадокс экенин юридикалык билимге ээ болбогон адамдар деле түшүнүп калышты. Бул азыркы бийликтин зордук-зомбулугунун күчөгөндүгүн дагы бир ирет тастыктап койду. Ал эми мыйзамдын гаранты болуучу мамлекет башчысы К. Бакиев бул маселе боюнча соттун бул өкүмүнө саясий баа берүүгө батына алган жок. Ушундан улам, эл арасында азыркы күндө анын ыйгарым укугун башка бирөөлөр аткарып жаткандыгы тууралуу ушактар пайда болду.

Өлкөдө Негизги мыйзамга өзгөр-түүлөрдүн киргизилиши да элди коозутуда. Кокус президент өз милдетин аткара албай калса, мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучуну тандоо жана бекитүү укугу Мамлекет кеңешке өткөрүлүп берилиши азыркы күндүн актуалдуу маселесине айланды. Натыйжада, президент К. Бакиевдин ден соолугунда бир мандем бар окшойт деген жоромолдор пайда болду. Ал гана эмес анын өмүрүнө коркунуч түзүлбөсүн деген кооптонуу тар чөйрөдө күч алууда. Тактап айтканда, президенттин мамлекеттик резиденциясында жакында 3 лампочка күйбөй калгандыгына байланыштуу жооптуу кызматтагы бир адам иштен бошотулгандыгы да бир кыйла шектүү мүнөз катары бааланган сыяктанат.
"Сактыкка кордук жок". Мындан чымындан пилди жараткандай болбойлу, бирок андан ашкан коркунуч 2010-жылдын 5-февралында болгон сыяктуу сезимди пайда кылат. Ушул күнү мамлекеттик резиденциясында иштөөгө жөнөтүлгөн автокран №4 постту ыргыта коюп өтөт. Кокус ошол учурда президент автоунаасы менен астынан чыкса, же таза абага дем алууга чыкса эмне болмок? Бул маселе боюнча 13-30да УСМдин жамааты шашылыш чогулуш өткөрөт.(Чогулуштун протоколу бар). Күнөөлүү автокрандын айдоочусу болуп табылат. Ушул жерде дагы бир эске алынуучу нерсе, автокранды айдоочу тажрыйбасыз, анын үстүнө анын кранда иштөөгө уруксаты (допуск) жок тура. Транспортту жөнөткөн жетекчи жооптуу участоккко атайын даярдыгы жок айдоочуну жөнөтүшү кокустукпу, же атайын жасалганбы? "Жабылуу аяк жабылуу калтырылып", окуя тийиштүү тарапка билдирилбегендигин кандайча түшүнүүгө болот? Үч лампочка күйбөй калгандыгы үчүн бирөө иштен алынса, авариялык кырдаалдын президенттин күзөт кызматына билдирилбей жашырылышын кандай түшүнсөк болот? Мына ушунун өзү "президент өз милдетин аткара албай калган учурда" өзгөртүүлөрү менен айкалышып жаткан жок бекен? Ушундан улам, президенттин өмүрүнө чын эле коркунуч түзүлүп жаткан сыяктанат…
Жогорудагы маалыматтарга таянсак, биздин өлкөдө кырдаалдардын оордошуна төмөнкү жана ортоңку бийлик өкүлдөрүнүн, тергөөчүлөрдүн жана соттордун билип-билбей жогорку инстанцияга атайын жасаган кыянатчылыгы, жоопкерчиликсиз мамилеси күч алгандыгын, бийликтин жогорку бутактары саясий куугунтукка жол ачкандыгын тастыктап тургансыйт. Салыштырып көрөлү, И. Исаков бийликтин иш-аракеттерине ыраазы эместигин билдиргени менен, кимдир-бирөөнүн өмүрүнө коркунуч түзгөн жок да. Ал эми калган эки окуяда президенттин өмүрүнө кимисиники коркунучтуу болгонун окурман өзү ой жүгүртүп көрөр.
Бүтүндөй күч структуранын Ж. Бакиевдин жетекчилигине өткөрүлүп берилиши жана атайын даярдыктагы "Пантерага" кошумча "Арстандын" түзүлүшү өлкөдө кооптуу кырдаал түзүлгөндөй таасир калтырууда. Бийликтин эмнеге мынчалык шаштысы кеткендигин алдын-ала айтууга мүмкүн болбой калды. Же генерал И. Исаковдун жалпы кыргыз элинин колдоосуна ээ болгондугу жана оппозициянын кайрадан калк арасында кадыр-баркы жогорулап бара жатканы бийликти чоочуркатып койдубу? Кокус, калкыбыз бүтүндөй энергетикалык тармактарда баанын кескин көтөрүлүшүнө, жада калса табият берген жаратылыш байлыгыбыз болгон таза суунун баасына чейин кымбаттатып, ал эми коңшулаш мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанга ошол сууларыбыз бекер берилип жатканына нааразылык билдирип, бийликке ачуу сын айткан генералыбызды, камакка алынган жана тергөөлөрү улам узартылып жаткан оппозициянын лидерлерин бошотууну талап кылып, митинг-пикеттерге чыкса, даярдык абалына келтирилген аскер күчтөрү элге каршы иш-аракеттерин баштабайбы?
Оппозиция да, нааразылык митингдердин катышуучулары да Кыргыз республикасынын жарандары. Алар бийликке түрдүү жолдор менен өз талаптарын коюуга мыйзамдуу укукка ээ. Эгерде элдин толкунун күч менен сындырууну бийлик максат кылса, алар жаңылышат. Ойлонулбай жасалган мындай кадамдын арты орду толбос зор зыянды гана алып келет. Тарыхка кайрылалы. Орусиядагы 1905-жылдагы революция да тынч жүрүштөгү элге каршы ок чыгарганынан улам чыккан. Ал эми 2005-жылдагы сарай төңкөрүшү да Аксыдагы кан төгүүдөн башталып, аягы зкс-президент А. Акаевдин качышы менен жыйынтыкталган. Бийлик ушундай окуяларды кайталабоого тийиш эле.
Айрымдар тарых кайталанбайт деген кепти көп айтышат. Аксыдан бийлик А. Бекназаровду камакка алса, азыр Алайдан генерал И. Исаков түрмөдө жатат. Элдин толкундоолору стихиялык мүнөздө башталууда. Бирок, бийлик алардын үнүн укпай, тоготпой жатат. Эске алалык, эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылуусу керек. Ушул милдетин аткара албагандыктан, бийлик элден аскердик-согуштук күчтөр менен коргонууга мажбур болуп жатпасын? Бийликтин саясий технологдору мына ушуну эске албай отурушат.
Эртабылды Аттокуров




  Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!..

Улут биримдигин уруулардын курултайы чыңайбы?
Б а ш т а л ы ш ы 7 - б е т т е
Акыркы убактарда Курултай маселеси - номур биринчи көйгөйгө айланды. Бийлиги деле, оппозициясы деле, мундузу, сарыбагышы, саруусу ж.б. уруулар деле "Курултай" көйгөйү менен "ооруп" башташты. Ар кимисинин көйгөйү, көздөгөнү ар бөлөк. Баарысы эле өздөрүнүкүн туура деп санашат.

Быйылкы жаз - тарых барактарында "Курултайлардын жазы" деген ат менен калат өңдөнүп калды. Бийлик "Ынтымак Курултайын" өткөзүп, элдин башын айлантып, учурдагы социалдык, экономикалык, саясий оор кырдаалды жаап-жашырып, жасап жаткан иштеринин "өзгөчөлүгүн" даңазалагысы келип, түшүп кеткен кадыр-баркын көтөрүү айла-амалын издеп, бүгүнкү абалды көкөлөтүп мактаган "дүжүрлөргө" муктаж болуп жатса, оппозиция болсо, бийликтин беткабын сыйрып, анык жүзүн көргөзүү аркылуу, жүргүзүп жаткан "былык" иштеринин ичегисин чубап, улутубуздун уңгусуна доо кетчү ар түрдүү көрүнүштөргө жол бербей, бөгөт коюу максатын көздөп, чыныгы "Элдик Курултай" өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Эми бул эки курултайдын тегерегинде ар кандай макалалар, көз караштар көп эле айтылды. Кайталап жадатпайын. Менин айтайын дегеним такыр башка. Ток этерин айтканда, улуттун эмес, уруунун ураанын чакырган курултай тууралуу болмокчу.
Бийлик менен оппозициянын курултай өткөрүүгө жандалбастаган максаттары жалпыга белгилүү. Ал эми мундуз, сарыбагыш, саруу сыяктуу уруулардын курултай өткөзүп жатышы эмнени каңкуулайт? Мындай уруулук ураандын артында кандай саясат жатат? Кыргыз улутун уруу-урууга бөлүп-жаруубу, же улут биримдигин көздөөбү? Эгер улут биримдигин көздөө болсо, анда эмнеге уруу-уруу болуп, курултай өткөзүп, бөлүнүп жатабыз? Урууга бөлүнүп курултай өткөрүү менен улут биримдиги чыңалабы? Айта берсең ушул сыяктуу жакшылыктын жышаанын бербеген суроолор көөдөнгө батпайт. Ал түгүл сай-сөөктү сыздатат.
Ырасында, бийлик "Ынтымак Курултайы" деп кайдагы жорукту ойлоп тапканын билбейм. Араң эле турушканбы, "эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт" дегендер, уруунун ураанын чакырып, "айгай" сала башташты. Эгемендүүлүккө ээ болгонубузуга карабай, улут болуп уюй албай убара тартып турганда, уруунун ураанын чакырып, улутубуздун уңгусуна доо кетирчү жосунду баштап жатабыз. Уруунун ураанын чакырган мындай көрүнүштү, 20-февралда Бишкектеги "Достук" мейманканасында өткөн "сарыбагыш уруусунун 1-курултайын" чагылдырган "Аалам" гезити "уруулар биримдиги аркылуу кыргыз улутунун биримдигин" чыңдаган барандуу көрүнүш катары баалап жиберди. Жакаңды кармайсың. Бир эле сарыбагыш уруусунун курултайы өттүп жатканын эске албай, кайдагы "уруулар биримдигин" айтып жатат, түшүнбөйсүң. Бүтүндөй уруулардын башын бириктирген курултайы болуп жатса бир жөн эле. Таң каласың. Уяласың. Эми саруу уруусу курултай өткөзүүгө чакырык таштоодо. Буга чейин мундуз, кытай, кушчу, жетиген, басыз уруулары курултай өткөргөн. Минтип уруу ураанын чакырып, улут биримдигин кантип чыңайбыз? Балким менде улуттук сезим күчтүү болгон менен уруулук сезим жок болуп жатабы, билбейм. Антейин десем, тарых барактарынан уруу-урууга бөлүнүп келген кыргыздардын жарып кеткенин кездештире албадым. Урууга бөлүнүп жүрүп, кай муратка жеттик?!. Күчтүү уруу алсызына үстөмдүк кылып, басынтып, башыбыз бирикпей кокту-колотто сай-сайлап жүргөнүбүздү айтабызбы? Же, 19-кылымдагы сарыбагыш-бугу, солто-сарыбагыш болуп чабышып, кырылышканыбызга мактанабызбы? Айтор, кайсы жетишкендигибизди айтып, урууга бөлүнүү аркылуу улуттун биримдигин сактайбыз деп төш кагабыз? Кечеги эле Кокон хандыгынын тушундагы абалды эске алганда, (Фергана өрөөнүн айтпаганда да) Кетмен-Төбө, Аксыдан бери өтө албай койгон Кокон аскерлери, кыргыздарды уруу-урууга бөлүп-жаруу аркылуу басып алды эле го… Бир уруунун башчысына ат мингизип, бирине чапан жаап, бири-бирине тукуруп дегендей…
Эмне эле улут болуп уюгандын ордуна, урууга бөлүнүүнү көксөп калдык? Уруу-уруунун ураанын чакырып, курултай өткөрүү зарылбы? Бизге мындай майдаланып, бөлүнүүнүн кандай кажети бар? Ар ким өзүнүн ата-тегин, уруусун билгиси келсе, сөзсүз эле ураан чакырып, кыргыз улутун салаа-салаа кылып бөлүп-жарыш керекпи? Кыргыздын башын бириктирбей ичкилик, оң канат, сол канат, түштүк-түндүк деп бөлгөн, тымызын бир бүтүн элдин ортосуна жик салган бөтөн да, өз да шылуундардан кутулуунун жолун таппай карайлап турганда, бир муштумдай биригүүнүн ордуна, котур ташын койнуна катып, кыргыз улутунун жок болушун самагандардын чырагына май тамызып, уруунун туусунун алдында айкырык салып, майдаланып жатканыбыз кантип акылга сыйсын? Мындай жосун менен эч качан алыска бара албайбыз. Керек болсо, мамлекетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Андыктан, мамлекеттин кызыкчылыгын, бакубаттуулугун көздөгөн азаматтар уруунун эмес, кыргыз улутунун келечегин ойлоп иш жүргүзүш керек.
Биз болсо улутту урууга бөлгөн итчилигибизиди курултайдын атын жамынып жашыргыбыз келет. Бир уруунун жыйыны качан КУРУЛТАЙ аталчу эле? Болбосо, бийлик айтып жаткан "Ынтымак Курултайы" деген бар беле? Ата-бабаларыбыз Элдик Курултай өткөрүшкөн. Курултайда уруунун эмес, улуттун көйгөйү көтөрүлгөн. Нарктуулук, салттуулук, ыймандуулук, биримдик, эл-жердин бүтүндүгү тууралуу сөз болчу. Азырчы, ар ким эле чогула калып, баланча уруунун, түкүнчө уруунун курултайы, "Ынтымак Курултайы" деп эле өткөрө беришип, курултайдын кадыр-баркын түшүрүп, ашмалтайын чыгармай болушту. Натыйжада, курултайда козголчу нарктуулук, биримдик, улуттун мүдөөсү сыяктуу көйгөйлүү маселелер көз жаздымда калып, уруунун, мансаптын кызыкчылыгынын көмүскөсүндө калып жатканы өкүндүрөт.
Ааламдашуунун алкагында дүйнө элдери башка чоң улутка сиңип кетпеш үчүн өздөрүнүн нарк-насилин, каада-салтын, рухий дөөлөттөрүн, улуттук жүзүн сактап калууга жан үрөп жандалбастап жатышат. Биз тескерисинче, БУУ кыргыздарды жакынкы элүү жылда жок болуучу элдердин катарына кошуп, коңгуроо кагып жатканына карабастан, уруунун ураанын чакырып, улуттун ыркын кетирүүдөбүз. Ушинтип айтуудан башка арга жок. Дегеним, уруу ураанын чакырып, улуттун биримдигин чыңайбыз дегенге такыр көзүм жетпейт. Дастан Сарыгулов аксакал айткандай "уруучулук кыргызды аман сактап келди" дегенге ишенүү кыйын. Тескерисинче, урууга бөлүнүп, ыркы кеткен кыргыздар эчендеген жылдар мамлекеттүүлүгүн кура албай, ар коктуда буюгуп жан сактап келди го… Ырас, Дастан ага айткан уруучулук түзүлүштөгү ата-энесин, тууганын карабай таштап коюу деген көрүнүштүн болбогонун, коңшуларына болгон кайрымдуулук, боорукерлик мыкты өөрчүгөнүн моюнга алуу зарыл. Мындай жакшы касиет кыргыз элинин жок болбой сакталып келишине өбөлгө болгондур. Бирок, башы бирикпеген уруулардын улут катары мамлекет кура албастыгын тарых далилдеди го. Ошондон улам, кыргыз улуттунун келечегин ойлогон, кийинки эле Атаке, Бердике баатырлар, Ормон хан сыяктуу көсөм уруу башчылары улуттун башын бириктирүүнүн жолун издеп, баш катырып келишти го… Ошондо да башка урууларга менин уруум жетекчилик кылса деген, уруулук сезимден толук айыга алышкан эмес. Азыр деле ошондой көрүнүш өкүм сүрүүдө. Бийликтеги адамдардын кайсы уруудан, кайсы жерден экенин иликтеп, жиликтеп, кокуй баланча, түкүнчө уруу бийликти басып алыптыр деп ызы-чуу салып жиберебиз. Жалпы кыргыз улуттун бүтүндүгү экинчи орунга сүрүлүп калат. Чындыгында, ким бийликке келсе, өзүнүн жакындарын, туугандарын айланасына топтоп алат. Билим деңгээли, иш билгилик дарамети эсепке алынбайт. Тажрыйбасы мол, иштин көзүн билген билимдүүлөр ишке орношо албай калган учурлар арбын. Анан кантип, уруулук улутубуздун өркүндөп-өсүшүн камсыз кылат. Андыктан, уруунун ураанын чакырып, улутубуздун биримдигин чыңайбыз, мамлекетибизди өнүктөрөбүз деген түшүнүк азыркы заманга шайкеш келбестигин моюнга алышыбыз абзел. Дастан ага айткан уруулук түзүлүш тарыхый миссиясын аткарып бүткөн. Азыр заман, талап башка. Уруунун кызыкчылыгын көздөп майдаланбай, улуттун мүдөөсүн коргоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн ойлошубуз кажет.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу