Майда, бирок маанилүү

Калк таламын ким коргойт?
Энергетикалык тармактардын кескин кымбатташы калкыбызга кыйынчылыктарды гана алып келбестен, коррупциянын кеңири таркашына да ыңгайлуу кыртыш түзүүдө десек жаңылбайбыз. Мамлекеттик баа өзүнчө, аны өздөрүнүн кошумча каражат топтоочу каражатына айландырышкандардын койгон баасын ооздуктоого мүмкүн болбойт деген адамдардын коопсуздануусу туура чыгарын акыркы мезгилдерде турмуш өзү тастыктап берүүдө.


Албетте, айрым жерлерде нааразылык чогулуштары өткөрүлүп жаткан менен бийликке алардын үнү жетпей, тиешелүү бийлик бутактарынын маселени жеринен чечүүгө элге жолугушуудан качышы акырындык менен элдин кубаттуу толкундоосуна алып келет көрүнбөйбү. Буга өзүм күбө болуп келген айрым окуялар айкын мисал болобу деп ойлойм.
Иш убактысында бизге Сокулук районунун аймагында жайгашкан "Лучь" дачасында үч күндөн бери электроэнергиясы берилбей жаткандыгы, дачаларда азыркы күндө жарыкты түздөн-түз трансформатордон ажыратуу менен өчүрүүнү адатка айланганы тууралуу маалымат берилди. Нааразы болгон эл менен Сокулук РЭСинин жооптуу кызматкерлеринин жолугушуусун талап кылышкан дачанын жашоочулары чогулушка катышып кетишибизди өтүнүшкөн эле.
Союздун учурунда шаардык ишканаларда жана мекемелерде иштегендер үчүн айыл чарбасына жараксыз жерлерди өздөштүрүүгө жолдоштук бакчачылык коомдору түзүлгөн. Жайкысын дем алуу күндөрүндө эс алууга ылайыкталып, ошол эле учурда жашылча-жемиштерди өз колдору менен өстүрүшкөн шаардыктар кошумча азык-түлүктөрдү даярдап алышкан. "Дача" деп аталган бул жерде кышкысын адамдар жашашчу эмес. Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондо өнөр жай ишканалары кыйратылса, айыл чарбасы да аксап, натыйжада, өлкөдө тышкы жана ички миграциянын толкуну башталган. Шаардан турак-жай сатып алууга кудурети жетпегендер борборубуздун чет жакаларындагы дачалардан үй сатып алууга аргасыз болушкан. Ошентип, "үңкүр да болсо үйүм бар" - дегендей, бул аймактар туруктуу жашоочу жайларга айланган.
Өкүнүчтүүсү, бийлик өкүлдөрү калктын оор турмушун эске алышкан жок. Дачада жашоочулар да Кыргыз Республикасынын жараны болсо да, алар "өкмөттүн өгөй балдарына" айлангандыгы жашыруун эмес. Мында жашагандар мамлекеттик каттоого алынбаган, эл каттоодо эсепке кирбеген, жарандык бардык укуктардан куру калгандар экендигин айта кетсек артыкпаш болбос. Ал гана эмес мектеп жашындагы балдарын мектептерге орнотуунун өзү да азап. Арга жок, тааныштан тааныш салып, эптекей жолу менен шаардык мектептин бирине киргизишет. Кокуй, мындан коррупцияны издебейли, бул бар болгону "жөн эле сүйлөшүү жолу" менен "ишке ашат" эмеспи.
Ушундай өгөй мамилеге дуушар болгон "Лучь" дачасынын жашоочуларынын жарыгы өчүшүнүн себептерин аныктоого саат 3 чендерде барган кезде, жолдоштук бакчанын төрайымы бул жердин туруктуу жашоочулары менен чогулуш өткөрүп жатыптыр. Дайынымды сураганда, келген себебимди айттым. Угары менен каш-кабагы бузулуп, бул жыйынга катышууга уруксат берилбейт деп чыкты. Ортодо талаш-тартыш чыкты. Коомдун төрайымы Лариса Антиповага Кыргыз Республикасынын ММК жөнүндө мыйзамы (1992-жылдын 2-июлу) жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" (1997-жылдын 5-декабры) мыйзамдары одоно бузулуп жаткандыгын түшүндүрүүгө аракетим текке кетти. Тетирисинче, элдин пикирин угууга тоскоолдук уюштурууга күч үрөп, колумдагы фотоаппараты, үн жасуучу аппаратты тартып алууга аракет жасады. Максаты ишке ашпаган соң, долулукка салып, тээп жиберген учурда, эл ортого түшүп, Л. Антипова кетип калды. Таң калыштуу ушул көрүнүштүн себеби топтолгон эл менен сүйлөшүүдөн кийин ачыкка чыкты.
Л. Антипова шаарда жашагандыктан, дачада жашагандардын көйгөйү менен эсептешпейт. Ал түгүл чогулуш-жыйындарда элдин суроо-талаптарын айттырбайт. Буга өзүңөр деле күбө болдуңар - дешти дачанын жашоочулары.
- Азыркы күндө биздин дачанын электроэнергияга карызы 113 миң сомдон ашык экен. Жолдоштук бакчачылыктын төрайымы Л. Антипованын бул маалыматынын канчасы чын, канчасы жалган экенин ким билет? Бирок туруктуу жашаган эл жарыкка акчасын өз учурунда эле төлөп турушат - дейт бакчачылыктын мүчөсү Байматов. -Бизден башка шаардыктар дачага үзгүлтүксүз катташат. Алар келгенде электр энергиясын пайдаланбай коюшпайт. Ушундан улам, кимде-ким пайдаланылган энергияга төлөбөсө, ошонун үйүнө киргизилген зымдарын кырктырып салууну да сунуштаганбыз. Бирок Л. Антипованын буга эмне үчүн иш-чара көрбөгөндүгү бизге түшүнүксүз калып отурат? Мына, февралдын аягында Сокулук РЭСинен келишкендер трансформаторго киргизилген зымды кыркып кетишиптир. Эми аны кайра кошууга бүтүндөй карызыбызды төлөп, андан тышкары электроэнергияга алдын-ала жарым-жартылай төлөөнү талап кылышыптыр. Ошондой эле трансформаторду иштетүүгө дагы 5000 сом да төлөшүбүз керек.
Дачада азыр 100дөн ашык үй-бүлө жашайт. Алар токту үзгүлтүксүз пайдаланган учурда да мынчалык ири суммада карыз болушу мүмкүн эмес деген пикириме, дачадагы дагы бир жашоочусу Ажыматов:
- Жайдыр-кыштыр мында жашагандар жакшы билишет. Дачадагы жалгыз трансформатор бакчачылык коомдун балансасында турат. Ушундан улам, техникалык жактан жоголгон электроэнергия 850 киловатт деп эсептелинет. Бул эл пайдаланган энергияга кошулат. Тактап айтканда, энергиялык жоготуулар дачадагылар үчүн 40 пайызды түзөт. Буга ишенүүгө болобу, же элдин жонунан кайыш тилип алууга жатабы? - деди.
Учурда электроэнергияны уурдоочулар да бар, үч фаза киргизилген жайлардын ээлеринин карыздары да жогору. Аларды катуу текшерүүгө алып, чара көрүү Л. Антипованын бир милдети болсо да, ал эл ишенимин актабай отурат. Ошондой эле дачанын көптөгөн көйгөйлүү маселелери чечилбей келет. Буга мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөгөндүгү да шылтоо болушу мүмкүн.
Тилекке каршы, каражат маселеси куру актанууга жатат десек жаңылыштык болбос. Коомдун мүчөлөрү мүчө акылыгына 480 сомдун тегерегинде төлөшөт. Бул каражат негизинен дачанын муктаждыгына сарпталууга тийиш. Бирок, ушул мезгилге чейин бул каражаттар өз максатына жумшалган эмес. Акча каякка сарпталганына отчёт берүү талабы коюлганда, электроэнергиянын карызына төлөнгөндүгүн шылтоо жасоо адатка айланган. Ага ишенели десек, "Луч" дачасынын 113 миң сом карыз болуп калышы көптөгөн күмөн ойду пайда кылат. Мүмкүн, дачанын төрайымы менен Сокулук РЭСи жең ичинен келишим түзүшкөнбү, айтор, азыркы күндө бул бакчачылыкта жашагандар электроэнергиянын ар бир киловаттына 2 сомдон төлөй тургандыгы, 5-6 күндөн бери жарыктын өчүрүлүшү чырдын жана нааразылыктын чыгышына себепкер болгон.
Маектешүүнүн жүрүшүндө дагы бир такталбаган маалымат айтылып кетти. Лариса Антиповага чейин ушул дачада төрайым болгон Таня деген кимдир бирөө ушул дачанын жашоочуларынан 80 миң сом чогултуп, өзүнө менчиктеп кеткендиги, бул боюнча бир топ убакытка созулган чыр-чатактан кийин 60 миң сомду кайрып беремин деп элге убада бергендиги, ошол каражатты эми жолду оңдоого эмес, энергиянын карызына сарптоо зарылдыгына токтолушту. Дачанын жашоочулары мындан башка оңтойлуу жол жок деп эсептешип отурушат.
Эң өкүнүчтүүсү, "Лучь" бакчачылык коомунун нааразылыгы Сокулук райондук администрациясына, Сокулук РЭСинин жетекчилерине белгилүү болсо дагы эл алдына келип, жолугушуп коюуга келбегендигинде болуп жатат. Эске алсак, айрым билдирүүлөрдө бул райондун аймагында миңден ашуун жолдоштук бакчачылык болсо, алар да мындай ызы-чуудан четте калышкан эмес. Дачанын төрага, төрайымдарын кимдер көзөмөлдөй тургандыгы көпчүлүккө белгисиз калып, анын эсесине алардын өзүм билемдиги, коомдун мүчөлөрүнө одоно мамилелери күчөгөндүгүн ачык айтууга туура келет.
Эсептеп көрөлү, бир эле дачада электроэнергиянын техникалык жоготуусу 850 киловатт болсо, миң дачаныкы 850 миң киловатты түзөт. Бул энергия бөлүштүрүү тармагынын негизги "ички резервинин" булагы көрүнөт. Ошол эле учурда, бир айда жыйырма трансформаторду өчүрүшүп, кайрадан кошкону 100 миң сомду түзөт. Мындай бекер каражаттардан РЭСтегилер кантип баш тартмак эле? Төлөбөгөн жеке адамдын жарыгын өчүрүп, кайра кошконуна 200 сомдон кем эмес кызмат акы алынат. Билинбей туруп, майдадан да ири суммада акча топтолот. Ошентип, калктын көзүнөн жаш ордуна, кан агызган бул тармакты "чыгашалуу" деңгээлге ким жеткирип жатканын гана тактап, акчанын агымын өзгөртүлүшү эле мамлекеттик казынага канча киреше киргизмек? Бул дачалар боюнча божомолдуу эсеп, ал эми Мекенибиз боюнча канча трансформаторлор бар? Жогоруда жол менен табылган кирешелер кайда кетип жатканын көзөмөлгө ким алары да табышмакка айланган.
Азыркы учурда "Лучь" дачасынын туруктуу жашоочулары бакчачылык коомуна айыл статусун алууга күрөшүп жатышат. Бул максатты көздөгөн Рустамов Абдивалинин аракети Л. Антипова тарабынан каршылыкка учураган менен керектүү документациялар топтолуп, тийиштүү уюмдарга тапшырылганы ошол күнү элге билдирди.
Жыйынга келишкен дачалыктардын бир талабы бакчачылык коомунун балансасындагы электрожабдууларды РЭСтин балансасына өткөрүүнү, эмне себептен энергиянын мамлекеттик баасы 1, 50 сом болсо, алар кайсы негизде 2 сомдон төлөөгө өтүшкөнүнө жооп берүү талабын коюушууда. Жогорудагы белгиленгендер боюнча бийлик калктын талабын аткарабы, же "өкмөт өгөйлөгөн" боюнча кайдыгер мамиле жасайбы? Буга жооп берүү биздин милдетибизге кирбейт. Бирок калктын биримдиги Ынтымак Курултайы аркылуу эмес, бийликтин элдин талабын аткаруусуна жараша болорун мансап ээлери эске алса болмок…
Эртабылды АТТОКУРОВ