Кыргызстан экономикалык курчоодо калды
Кыргыз-өзбек чегарасынын Кара - Суу районунун аймагындагы "Кара-Суу бекети" 1- марттан баштап жабылды. Мунун себебин Кыргызстандын чегара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков, "Кара - Суу" бекети аркылуу элдин аз өткөндүгүнөн улам, чек ара бекетин жабуу тууралуу Өзбекстандын чегара кызматынын расмий кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу макулдашуунун негизинде жабылды" деп түшүндүрдү. Аталган бекеттин жабылганына байланыштуу чегаралаш эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары эми 80 чакырым жол басып, "Достук" бекети аркылуу гана каттай алышат. Өзбекстандын мындай кадамга барышынын себебин, айрым эксперттер "Кара-Суу" бекетинин Фергана өрөөнүндөгү ири базарлардын катарында турган Кара-Суу базарына чукул жайгашканына байланыштырды. Анткени, Кара-Суу базарынан мыйзамдуу да, мыйзамсыз да ташылган товарлардын жолун буу максатында "Кара-Суу" бекетин болбогон шылтоо менен жаап салууга туура келген. Мындай куулук жол менен Өзбек бийлиги Кыргызстан аркылуу Кытайдан ташылган товарларды, Кара-Суу базарына түшүртпөй, түз өз өлкөсүнө алып өтүү жагын көздөөдө. Себеби, Кара-Суу базарына түшкөн товарларды сатып алып ташыганга караганда, Кыргызстандын эсебинен кирген товарларды түз Өзбекстанга алып кирүү алар үчүн ыңгайлуу да, пайдалуу да. Ал эми биздин Ата Мекендик соодагерлер үчүн оор жоготуу. Мурдагыдай чоң өлчөмдө сатылган товарынын көлөмү кыскарат, дүң да, чекене да сатып алган кардарларынын көбүнөн кол жууйт. Какаганга муштаган болуп, Казакстан да Кыргызстанга кирүүчү жана өлкөдөн чыгуучу товарларды бажы бекетинен өткөзбөй жатат. Мындай көрүнүш Кыргызстандын экономикалык курчоодо (блокадада) калганын туюндурат. Бул өз кезегинде Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө оор залакасын тийгизип, өлкөдө кризистин тереңдешине өбөлгө болот. Албетте, мунун баары Кырыгызстандын тышкы саясатындагы алака-катыштын начарлап кетишинен чыгууда. Буга учурдагы бийликтин куйтулук, эки жүздүү мамилеси кедергисин тийгизип жатканын оппозиция ачык эле айтып келет.

Кочкордо эки жолу жер силкинди
Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында 2-март күнү саат 7:55те жана 10:17де эки ирээт жер титирөө орун алды. Биринчи жер титирөөнүн очогу Оро-Башы айылынын түштүк чыгышынан 10 чакырым алыстыкта болуп, 6,3 баллды түзсө, Чолпон, Эпкин, Ак жол айылында 6, Кочкор, Жаңы-Жол, Кара-Саз айылдарында 5, Жумгал, Кызарт айылдарында 4-5, Токмокто 3,5-4, Бишкекте 3 баллга жеткен. Ал эми экинчи силкинүүнүн Кочкор айылынын батыш тарабында 20 чакырым жерде болуп, күчү 4 баллга чукулдаган. Жер титирөөнүн кесепети 381 турак-жайга залакасын тийгизген. Айрымдарынын шыптарынын шыбактары түшкөн, кээ бир үйлөрдө жаракалар пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Эмнегедир, жаз башталганы Нарын аймагынан тынчтык кетүүдө. Митинг, жер-титирөө… Алдыда дагы эмнеси күтүп турат болду экен?.. Негизгиси бөөдө кырсыктан Кудай сактаса болду.

Токтомду токтоткон Төлөйкан айым
Конституциялык сот "Жарандык коом коррупцияга каршы" укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын "Тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү" Баш мыйзамдын 1-беренесине, Бишкек мэриясынын 2009-жылдын 24-июлунда "Жыйындарды өткөрүү жайларын аныктоо" жөнүндөгү №401 токтому каршы келет" - деп кайрылган арызын канааттандырды. Сот Бишкек мэриясынын "Лев Толстой, Термечиков, М.Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген сейил бактын аймагы жарандар тарабынан элдик иш-чараларды өткөрүү орду" деген токтомун жокко чыгарды. Былтыр "Кылым шамы" укук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова дагы Конституциялык сотко 2007-жылы 30-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин " митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, "Жаштык" паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген" чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылган. Конституциялык сот 1-июнда Азиза Абдырасулованын арызын канааттандырган.

Каракулжалыктар каршылыкка чыгышты
Өлкөдө абал барган сайын курчуп жатканын жер-жерлерде көтөрүлүп жаткан митинг-пикеттер ачыкка чыгарууда. Өткөндө Нарында, Бишкектин Военно-Антоновкасында элдери көтөрүлдү эле, эми Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жашоочулары 1-март күнү митингге чыгышты. Ажону "ойда" колдойт деген түштүктүн эли да, азыркы бийликтин "ойт" берме саясатына тоюп бүтүшкөн көрүнөт. Митингге чыккан эл, азыркы бийликтин системасынан жадаганын, өлкөнү президент башкарбай калганын айтышып, тоолуу жогорку аймак Алай-Кууга керек болсо, оокат-аш жетпей, эч ким үндөрүн укпай жаткандарына токтолушту. Ал түгүл митинге чыкккан Кара-Кулжалыктар революциялык комитет түзүп, анын жетекчилигин да шайлап жиберишти. Жаңы түзүлгөн Ревкомдун максаты - бир үй-бүлөгө кызмат кылбоо.


Кызыл кулактык…
Энергетика министрлиги март айында калк газ үчүн канча сомдон төлөй тургандыгын эсептеп чыкты. Өлкөнүн түндүк райондору бир кубметр газга 13 сом 70 тыйын, үйүндө эсептегичи жок, ысык суусу бар жер тамдын тургундары киши башына бир айга 136 сом 96 тыйын төлөйт. "Кыргызгаз" ишканасынын маалыматына карганда үйүндө эсептегичи жок көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары 150 сом 65 тыйындан төлөшөт. Ал эми республиканын түштүк райондору 1 куб метр көгүлтүр от үчүн 13 сом 8 тыйын төлөмөй болушту. Бирок, бул дагы чек эмес. Себеби, "Кыргызгаз" бул баалар доллардын курсуна карап өзгөрүп тураарын билдирген. Былтыр Кыргызстан Өзбекстандан 1000 куб газды 240 долардан алып, элге 13-14 сомдун тегерегинде берген. Быйыл, түзүлгөн келишимге ылайык, 2010-жылы 250 миллион кубметр газды, былтыркыдан 20 долларага арзан 220 доллардан алып жаткандарына карабастан, карапайым элге дагы деле ошол баада сатууда. Мунун себебин, "Кыргызгаз" ишканасы, жоготуулардын көп болуп жатышына шылтоодо. Айтмакчы, Өзбекстан газдын миң кубун бизге 220 доллардан берсе, Казакстанга 85 доллардан берерин СДПК фракциясынын лидери Роза Отунбаева айтып чыкты. Ушунун өзү эле эмнени каңкуулайт?..


Медиктерге болгон ишеним жоголууда…
Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынында 2009-жылы төрөттөн каза болгон 97 эне жана жаңы төрөлгөн балдар аз кандуулуктан жабыр тартышканы айтылып, буга тамак-аштын, витаминдин жетишсиздиги өз таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Ошол эле учурда, медициналык кызматкерлердин да шалаакы, кайдыгер мамилеси да жаш энелердин өмүрүнүн кыйылышына себепкер болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда былтыркы жылы төрөттөн каза болгон 27 эненин өмүрүн сактап калууга болмок. Эгерде, медицина кызматкерлери алардын ден-соолугуна алдын-ала чара көрүп, туура дарылаганда өмүрлөрү кыйылбайт эле. Баса белгилей кетчү жагдай, энелердин төрөттөн каза болуп жатышынын дагы бир себеби, медицина тармагындагы коррупциянын күчтүүлүгү да өбөлгө түзүүдө. Анткени, төрөт жайларында акчасы жок кош бойлуу энелерге камкордук жок болуп, төрөт учурунда да көңүл кош, кайдыгер мамиле жасалып, жыйынтыгы өлүм менен аяктаган учурлар аз эмес экенин, көз жарган энелер баса белгилеп келишет. Ошондуктан, медиктерге болгон ишеним барган сайын сууп баратат. Айтмакчы, былтыр төрөттөн каза болгон 97 эненин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери али аягына чыга элек. Оорукана жетекчилеринин айрымдары гана ээлеген кызматтарынан четтетилген.