Кандай эркектин жанында жубайы өзүн бактылуу сезет?
Жанетта Бобкова, ырчы:
- Албетте, аялзатын сыйлаган, урматтаган кандай кыйынчылык болбосун түшүнүү менен көтөрө билген, эрктүү, туруктуу мырзанын жанында ар бир айым өзүн бактылуу сезсе керек. Ал эми мен башыма кыйынчылык түшүп, кайгырып-капаланган убакта жолдошум мага түшүнүү менен кеп - кеңешин айтканда, мага жөлөк - таяк болгондо өзүмдү бактылуу сезип, жолдошума ыраазы болом.


Аялзаты, сен сулуусуң, сен улуусуң…
Жаз келди. Сулуулукту, улуулукту, назик-тикти, сүйүүнү ээрчите келди. Жаздын жылуу нуру эненин мээриминдей жаркырап тийип турса, секелек кыздын күлкүсүндөй мукам добуш угулуп, жаш баланын кыялындай ары таза, ары тунук көз жашындай жаз жамгыры төгүп турса, ошол нөшөрлөп жааган жамгырда кыз-жигит бак аралай бирге сейилдесе не деген ырахат. Ошондой керемет кыялдарга курчаган жаздын алгачкы майрамы 8-март аялдардын эл аралык майрамы эшик кагып турат. Бейиш эненин таманынын астында демекчи, дүйнөнү сулуулукка бөлөп, не деген кайталангыс таланттарды, эр азамат баатырларды энелер жарык дүйнөгө алып келген. Ак жоолукчан апалар. Сен сулуусуң, улуусуң, тунуксуң, күзгү сымал сага баары каранып, сенден үлгү, таалим-тарбия алышат. Энелерге кандай гана жылуу сөз арнап, ак сүтүн актоого канча аракет кылсак да колубуздан келбейт. Жаркыраган жаз менен бирге келген айымдардын 8-март майрамы менен куттуктайбыз? Белгилүү айымдарга майрамдык маанайда собол салып, кайсы айым кандай белек күтөрүн жана жаздын сулуулугун кандай даңазаларын билдик.


Себеленсе сезимдин нуру, аялзаты бөтөнчө сулуубу?
Бурул Сарыгулова, акын, журналист:
- Бардык тарабың төп келип, көңүлүндө кири жок айымдан сулуулукту байкаса болот. Анан албетте күндүн жылуу нуру, көз жоосун алган кооз гүлдөр, аялзатынын сулуулугу бири-бирин толуктап турган жаз мезгили да бөтөнчө сулуулук тартуулайт. Аялзатынын сулуулугунун нуру чачырап турса кандай гана мезгил болбосун, айлана-чөйрө болбосун кооздукка бөлөнөт.

Үй-бүлөдө никени бекем жана узак сакташ үчүн аялдардын тийгизген таасири кандай?
Каныкей Эралиева, КР эл артисти:
- Акылдуу, кандай кыйынчылык болбосун көтөрө билген, анча-мынча жаңжал болчу жерден билмексен болуп, сабырдуу болгондо үй-бүлө узакка сакталат. Албетте, турмушта ар кандай өйдө-ылдый, ачуу-таттуу күндөр кездешет, андай убакта жөн жерден ажылдай бербей, сабырдуу, чыдамкай болуусу зарыл. Үй-бүлөдө никенин бекем сакталышына аялзатынын тийгизген таасири абдан чоң, эң негизгиси аял чыдамкай болуп, чыр-чатактан алыс болуп, ошол эле убакта өмүрлүк жолдошун да түшүнүү менен көтөрмөлөй билиш керек.

Жаздын алгачкы күндөрү көпчүлүк адамды алсыратат эмеспи, сизге жаздын тийгизген таасири…
Асия Сасыкбаева,
"Интер билим" борборунун төрайымы:
- Жаздын келиши мага тийгизген таасири абдан жакшы. Мени алсыратпастан, тескерисинче, жаз келип, жер жашылданып, жаңылануу пайда болуп, көңүлүм жайдары болот. Жаздын келиши өзгөчө айымдарга жакшы таасирин тийгизсе керек. Жаз башталары менен аялдардын 8-март майрамы келет, жеңил кийинип, жаз келиши айымдарды сулуулукка бөлөчү мезгил эмеспи.
- Өзүңүз 8-март майрамын кандай белгилейсиз?
- Жылуулуктун, сулуулуктун майрамы болгон 8-мартта жакын адамдарыман куттуктоолорду алам. Бул майрамды албетте гүлсүз, тортсуз тоспойм.


Жаздын алгачкы майрамы 8-мартты кандай белгилейсиз?
Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акыны:
- 8-март майрамын бала кезден жакшы көйнөктөрдү кийип, жакындарыңдыкына конокко барып өзгөчө майрамдачу элек. Булактын көзү ачылып, жылуулуктун илеби согуп, чоң атам "өлбөгөн жанга жаз келет" деп көп айтчу эле. Бала кезде "жаз келди, өлбөйбүз, буйруса өмүрүбүз уланат" деп, жаз келгенде аябай сүйүнчү элем. Албетте, айымдардын майрамында айымдардын көңүлүнө жакын гүл эмеспи, мен жакындарыман гүлдү белекке алам. Канчалаган кымбат көйнөктөрдү белек кылып, гүлү жок болсо көңүлүм жылыбайт, гүлгө өзгөчө көңүл бөлүп, тюльпан, гвоздика гүлдөрү жүрөгүмө жакын. Чыгармачыл жоро-жолдоштор өзгөчө куттуктап, убагында Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Акбар Рыскулов ж.б. мырзалар ыр арнап куттукташчу. Айта кетсем Иркутскийлик Валентин Распутин аттуу досум туулган күнүмдө жана 8-март майрамында дайыма куттуктоо телеграммасын жөнөтүп турчу. Ал эми союз убагында казак улутунан, кавказ улутунан, мындан сырткары көптөгөн чет жерлерден куттуктоо каттары келип, каттардан башым айланчу эле. Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар демекчи, азыр анын баарын сагынып отурам. Бирок, жалгызмын деп тунжурап, жалгызсырап отуруп калбастан көктөм келгенде, табигаттын сулуулугуна суктанып, өзүмдү-өзүм алаксытып келем.


Март майрамы сиздин жүрөгүңүзгө кандай жылуулук тартуулайт?
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
- Негизи майрамдардан 8-март майрамын өзгөчө жакшы көрүп күтөм. Бул майрамда жакындарыңа, туугандарыңа, дегеле айымдарга жакшы сөздөрүңдү арноо менен белектериңди берүүгө жакшы шарт түзүлгөн. Ошондой эле мен да кимдир бирөөлөрдөн ушундай нерселерди күтөм.

Венера НАРКЕЕВА