Мелис Карыбек Асан теги

Курултай эмес кара дуба
Баш сөз
Бул макаланы кагаз бетине түшүрүш мен үчүн абдан оор болду. Башым ооруп, чыңалып, алым кетип, кандайдыр бир чыңалган энергия мени кысып турду. Бул улуттун кара дубасы. Кунт коюп окуган адам да, менин ахыбалымда болот, кара дубанын энергиясын сезет, анткени баарыбыз ошол улуттун биоталаасында жашайбыз.

Кытай падышасы
Түрк учагы асманга көтөрүлдү. Стамбулдан Гонконг аралына сапар уладым. Түнкү асман, көңүлүм ачык. Мекенимден алыста жүргөнүмдө өзүмдү эркин бактылуу сезем, ойлорум тунук, изденүүм күч алат. Мекениме же тагыраак айтканда, өз улутумдун биоталаасына киргенде бул эркиндик, бул тазалык дайым жок болот. Биздин улуттун биоталаасы кир, энергетикасы карарып турат, биздин улутка кара дуба окулган.
Өткөндө Роза Айтматова эжекебиз менен Чыңгыз Айтматов атабыз жөнүндө маектешип жатканыбызда мындай кеп айтты... Чыңгыз өмүрүнүн акыркы күндөрү катуу капаланып, сыртта жүргөндө баары жакшы, мекениме келгенде балээнин баары башталат деп айтыптыр... Мындай капалануу жан-дүйнөсүндө бийиктиги бар улуу агабыздын сабырдуу мүнөзүндө сейрек көрүнүш экен. Дагы бир мындай мисал, Темир Бирназаров деген белгилүү кинорежиссерубуз мага телефон чалып, менин макалаларымды окуп жатканын айтып... "Мелис, сен жөнүндө документалдуу тасма тартсам деген оюм бар" деп, мени менен телефон аркылуу таанышып, суроолорду бере баштады. Мен келечекте баарын таштап Кубатбек Жусубалиев акебизге окшоп элден алыс, улуу тоонун арасына барып, жалгыз жашаганды кааларымды айттым. Мени мурун таанып билбеген Темир мырза телефондон ачууланып, элден качкан адамдар эгоист, мекенчилдик сезимдери жок, деген сыяктуу сөздөрдү айтып, мага катуу сүйлөй баштады. Мындай учурларда мен көп ойлонбой эле мага катуу сүйлөгөн адамдарга орустун үч тамгасын колдоно коем. Бул жолу анте албадым... Темирдин жан-дүйнөсүнөн мекенчилдикти, улутчулдукту, биримдикти сездим, ачуулангандын ордуна ичимден жактырып, сыйлап калдым. Кубат акенин элден алыс кеткенин себебин мен билем, ал себеп-улуттун кара дубасы.
Алгач табыпчылык кылып, тажрыйбам аз кезинде эле кара дуба деген азаптуу трагедия менен кармаша баштадым. Манастын энергетикасынын, касиеттүү күчү менен улуттун каргашалуу кара дубасынын жандырмагын чечтим... Манас дүйнөсүндөгү сырдуу күчтөрдүн, Ата-Журтумдун, мекендештеримдин келечекте урпактардын астында Манас элинин уулу катары менин негизги аткара турган милдетим ушул... Улутту кара дубадан куткаруу. Манас дүйнөсүнөн келген бир маалыматты же биздин улутка окулган каргашалуу алгачкы кара дубаны айтып берейин. Байыркы заманда Кытай падышасы Манас элин багындыра албасына көзү жетип, акылмандары менен кеңеш курат. Ошондо акылмандары бир ооздон саны аз болсо да, дүйнөдө мындай күч-кубаттуу эл жок, согуш жолу менен багындыра албайбыз, булардын күчү биримдикте, ынтымакта, бири-бирине болгон нукура таза урмат сыйда, Манас деген күчтүү колдоочусу бар эл экен дешет. Бул элди алсыратуунун бир гана жолу бар, кара дубанын гана күчү менен алсырата алабыз, бирок багындыра албайбыз... Көп кылымдар өткөндөн кийин биздин урпактарыбыз Манастын элин багындырышы мүмкүн дешет. Ошондо кытай падышасы кытай элиндеги бүкүл карадубакечтерин чогултуп дуба окутушат, ал дуба азыркы учурда биздин улуттун биоталаасынын айлампасында улам күчүнө кирип сакталып турат. Кара дуба тийген улут биримдиги бузулуп, майдачыл, кекчил, ичи таар, таарынчак арамза, бири-бирине жакшылык каалабай башы айланып Маңкуртка айланат. Улуттун кара дубасын Чыкем өз бийиктигинде түшүнүп "маңкурт" деп атаган тура... Кубатбек аке элден алыстаган себеби да ушул... Бул улуу адамдар гана эмес, көптөгөн мекендештерибиз эли-журтунан качып, өз эли-жерин жек көрүп, башка элге кул болуп кетүүгө да даяр болушат. Тарыхты карап көрсөк, байыркы замандан бери көптөгөн элдер жок болуп кетишкен, биринчи себеби-кара дуба. Эки карышылашкан элдин ортосунда алгач энергетикалык согуш болот, андан кийин маалымат согушу болот, үчүнчү согуш жоокердик согуш. Алгачкы энергетикалык согушту ким жеңген болсо, ошол эл жеңишке жеткен.
Арстан баба
Түнкү асман, жол узак. Учактагы сапарлаштардын көбү уктап калган. Менин оюм-улуттун кара дубасында. Биздин улуттун биоталаасынын айлампасында экинчи кара дубанын күчтүү энергетикасы бар. Токсонунчу жылдардын башында коммунистик бийлик, коммунистик идеология кулап, элибиз жол таппай келечеги туман эле. Мекендештерим катары мен да өз жолумду издедим, менин жолума, менин тумандуу келечегиме жарык нур чача турган күн бул Ислам дини эле... Ал кезде азыркыдай молдокелер аз, чыныгы касиеттүү молдолорубуз жок болуп көздөрү өтүп кетишкен, же жаштары улгайып калышкан. Устат табыш кыйын. Ивановка бекетинде атбашылык коңшуларымдын үйүнө нарындык Ыбрай ата деген молдо келип калды. Жашы улгайып калса да, күүлү-күчтүү, тамашакөй, азыр ойлосом азыркы молдокелерден айырмаланып, кыргыз мүнөз же жүрөгүндө Манастын энергиясы бар аксакал экен. Ыбрай атага "мага дин үйрөт" деп жабыштым. Ыбрай ата шашпай мени отургузуп алып, келме үйрөтүп андан кийин бисмилланы үйрөтүп алгачкы сабагын мынтип баштады... "Ак никелүү адам төшөкө жатаарда даарат алып, жубайы менен жыныстык иш кылаарда, бисмилла" деп иш башташ керек деди. Мындай сөздү күтпөгөн, укпаган жаным, боорум эзилгенче, көзүмөн жаш чыкканча күлдүм... Ыбрай ата ачууланып, "ээ мурдуңду урайын, эмне күлөсүн, бисмилланы айтпай жыныстык иш кылсаң, балаң ыймансыз болуп калат" деп мени жемеледи... Азбы көппү Ыбрай атадан Ислам таалимин алдым. Менин оюмда орноп калган эң негизги сөзү Ыбрай атанын Арстан баба жөнүндө айтканы болду... Орто Азияда эң касиеттүү Мазар же Баптын бабы Арстан баба деди... Кыргыз элинде эң касиеттүү баба мазарлардын бабасы Чеч дөбө, ал жерде Алманбет бабабыздын сөөгү жатат... Ошол күндөн тарта Арстан бабага барып зыярат кылсам деп тилек кылдым, ал тилегим он беш жыл кабыл болгон жок. Канчалык Арстан бабага барам деп аракет кылсам да, дайым бир тоскоолдук болуп, ар кандай себептер менен жол түшпөдү. Ошол он беш жылдын ичинде мен тажрыйбалуу адамга айландым... Исламды терең түшүндүм. Акыры Арстан бабага жеттим, ушул жерден мага бир сыр ачылды же тагыраак айтканда, Манас дүйнөсүнөн келген дагы бир маалымат алдым. Алланын элчиси же акыркы Ыйык Пайгамбары Мухаммед Пайгамбардын бул дүйнөдөн көзү өткөндөн кийин анын Али күйөө баласы жана сахабалары эң таза сүйүүнүн дини Ислам динин, Мухаммедин айтканын унутушуп, күч менен же ар кандай ыкмалар менен башка элдерди багындырышып, Ислам динин таратышкан. Бул тарыхта да ташка тамга басылгандай жазылып турат. Азыркы Казахстанда, Чимкент областынын, Түркестан районунда Арстан бабанын мовзалейи турат. Арстан баба Мухаммед Пайгамбардын сахабаларынын бири деп атап жүрүшөт... Байыркы заманда алыскы Араб жеринен орто Азия элдерине келип дин тараткан араб жоокерлеринин кол башыларынын бири, ушуга чейин эмне себептен Арстан баба деп аталып калганы эч кимге белгисиз. Мен алган маалыматта мындай жандырмак бар...

Алп кара куш арбайып,
Асмандан бутун салгандай,
Ажыдаар жыланы
Артынан сойлоп алгандай,
Көсө куйрук көк бөрү,
Көк жал эрдин жөкөрү,
Кабыланы камынып,
Чолок көк жал арыстан,
Жандай салып чамынып.

Манас атанын, же Манас элинин колдоочулары Алп кара куш, Ажыдаар, Көкжал Көкбөрү, Кабылан, Арстан...Манастын күчтүү энергиясын жаныбарладын образында сүрөттөп айтылышы, мисалга, Ажыдаардын күчүн Кытай эли кара дубанын күчү менен тартып алгандай... Арстан колдоочусун кара дубанын күчү менен арабтарга өткөндөй... Байыркы заманда башка элдердей эле Манастын эли да чоочун Ислам динин кабыл алган эмес. Дин-бул күчтүү энергия. Байыркы араб кол башчылары Манастын элин багындыра албастарына көздөрү жетип, жашыруун кеңеш жыйын өткөрүшөт. Арстан колдоочусу бар, Арстандай баатырдыгы бар, багынбас, ынтымактуу элди багындыруунун бир ыкмасы-күчтүү тескери кара дуба окулуш керек деп чечишет. Тагыраак айтканда, күнү-түнү көп убакыт дуба окулат. Манас элинин Арстан колдоочусун дубанын күчү менен тартып алышат. Арстан колдоочусунун күчү араб кол башчысына өтөт, ошондуктан Арстан баба аталып калат. Жашыруун жыйында мындай жыйынтык кылышат. Акырындык менен Манастын урпактары Манастан алыстап, Манасты жин деп, Манаска карышы чыгышат. Манас айткан манасчыларды жиндин күчү менен Манас айтып жатышат деп шылдыңдап калышат. Алардын дубасы дагы эле күчүндө. Алланын элчиси Мухаммед пайгамбарыбыз мындай жорукка макул болмок эмес. Ислам-ыйык маданият, таза сүйүү, Манаска эч кандай каршылыгы жок, Манассыз мусулман кыргыз баласы эч качан мекенчил боло албайт. Орусча түшүндүрсөк, "Ислам душа... Манас Дух". Биздин элде Дух жок. Коркуу сезими жан дүйнөбүздө бийлик жүргүзгөнү ушундан. Стамбулда жүрүп, түрк элине баа бердим. Исламга да терең ишенишет, мекенчилдик сезимдери да өтө күчтүү, ар бир түрктүн үйүндө Түркиянын желеги илинип турат. Түрктөр өз ата-бабаларын жин же шайтан деп айтышпайт... Биздин Манасты да бийик урматташат. Мен Алладан коркпойм. Коркуу бул күнөө... Мен Аллага ишенем, Аллага болгон жүрөгүмдүн тереңинде ыйык сүйүү бар... Мен Манастан корком, себеби элибизде мындай сөз бар "Кудай урган оңолоор, арбак урган оңолбойт". Алла кечирет, Алланын мээрими чексиз, а арбак кечирбейт.
Орус саякатчылары же киргиздердин жаралышы...
Түнкү асманда, ушул ойлордон чарчап алаксыгым келип өзүмдү эртең Гонконг аралында саякатчы катары сезгим келди. Кайра ичимден өзүмө күлкүм келди. Кыргыз баласынан каяктагы саякатчы. Кыргыз саякатка чыкса эч качан жанына компас же карта албайт, башка элдин жерин картага түшүрбөйт, башка жерди элди көргөнүнө мактанып өзүн бактылуу сезет, жөн эле саякаттап кете берет. Саякатчы деген түшүнүктү бизге орус саякатчылары Семенов Тяньшанский менен Прежевальский дегендер киргизди. Чындыгында алар саякатчы эмес, орус ак падышасынын чалгынчы саясатчылары тура... Христиан дининдеги улуу орус элин биз азыр жакшы билебиз, орус эли мейли согуш баштаарда, мейли кандайдыр бир чоң иш баштаарда, же алыскы саякатка чыгаарда чиркөөсүнө чогулуп, шам жагышып, ыйык иконаларын көтөрүп күчтүү дубаларды окуп, анан иш башташат. Дубанын күчү менен канча элди, канча жерди багындырышты. Манастын элин багындыраарда кандай дубалар окулду, кандай ыкмалар колдонулду... Биздин ынтымак биримдигибизди бузуш үчүн мындай бир жорук башташты... Ак падыша башкарган Орусияда шайлоо деген түшүнүк жок болчу, а бизге болсо болуштук шайлоону киргизишкен... Ынтымак биримдикти бузган шайлоонун шайтан азабын биз ушул күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Үркүндүн алдында да орус чиркөөсүнүн колдоосу менен кыргыздын жерине миңдеген орус-казактары келип, жер бошотуштун амалын издеп кыргыз элин Үркүнгө учуратышкан... Тарыхта кыргыздарды "кыргезы", чырчызы, "когизы", деп ар кандай атап жүрүшөт. Жыйырманчы кылымда кыргыз улутунун ичинде "киргизы" деген жаңы улут пайда болду. Киргиздер Мансты түшүнбөйт, булар маңкурттар. Жыйырма биринчи кылымдын башында Орусияда дагы бир жаңы улут пайда болду, алар тажик жана кыргыз улуттарынан куралган гастарбайтер деген жаңы улут пайда болгону. Бул өзбек жана казак улуттарына тиешеси жок. Жүз жылдан кийин гастарбайтер тукумдары тарыхта казак, өзбек жок кезде байыркы гунндардан тараган гастарбайтерлер деген улуттун тукумдарыбыз деп мактанышаар... Биздин улуттун биоталаасынын айлампасында үчүнчү кара дуба ушул, христиандардын дубасы.
Ушул үч негизги дуба, биздин негизги энергиябыз Манастан ажыратты жана алсыратты... 2030-жылдан кийин биздин мекенибиздин аты калат, заты жоголот, же аты да, заты да жоголот. Жыйырма жылдын ичинде өз жолубузду, өз багытыбызды, өз идеалогиябызды таап кетсек, өзүбүздүн түпкү нукура Манас энергия булагына кайрылсак, кыргыз улутун, Ата-Журтубузду сактап калышыбыз мүмкүн. Идеологиясы жок эл жок болуп кетет. 17-мартта Элдик курултай, 23-мартта Ынтымак курултайы. Эки курултай тең жыйынтык бербейт, эки курултай тең жеңилет. Келечегибиз тумандуу. Бул курултайда кытайлар, орустар, еврейлер, өзбектер, казактар жана дагы башка улуттар, башка энергиялар жеңишке жетет. Биз жеңилебиз, анткени бизде биримдик, ынтымак жок. Биздин Улуттун биоталаасында кара дуба бар.
Кыямат же Плаха
"Кыямат" деген роман жазган Чыңгыз атабыз өмүрүнүн акырында өзү кыяматка учурагандай. Чыкемдин олуялыгын, көз ачык көрөгөчтүгүн мен азыр түшүндүм. Роза Айтматова эжекебиз менен маектешкенимде, Чыкемдин акыркы күндөрү жөнүндө айтып берсе, Чыкемдин жан-дүйнөсүндөгү кыяматы, кыйроосу ачык эле көрүнүп турат. Кыргыздын атын ааламга тааныткан кыргыздын уулу, кыргыздын аксакалы-кыргыздардын кылган мамилеси менен кыяматка учурайт. СССР учурунан бери элчи болуп иштеп келген, кийинчирээк Кыргызстандын Брюссельдеги элчилигинде иштеп жаткан Чыкемди жумуштан бошоткондо да, улуу инсаныбызга орой мамиле кылышып, элчиликтин имаратынан кууп чыккандай эле мамиле кылышкан экен. (Өзү жокто Чыкемдин кол жазмаларын, жеке буюмдарын да сыртка чыгарып салышкан экен). Дипломатиялык салт менен кетип бара жаткан Чыкебизге башка мамлекеттин элчилери менен коштошуу аземин өткөрүүгө да шарт түзүп беришпептир. Муну уккан казак туугандар уялып, Брюссельдеги казак элчилиги Казахстандын элчилик имаратында Чыкемдин башка мамлекеттердин элчилери менен коштошуу кечесин уюштуруп беришиптир, себеби дүйнөлүк дипломатиялык- элчилик этика салты ошондой экен. Чыкемди башка мамлекеттин элчилери деле дүйнөгө аты чыккан жазуучу катары урматташкан. Чыкемди өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Нурсултан Назарбаев чакырып, " Чыке, сизди мекениңизде баркташпайт, Казакстанга келиңиз, жакшы кызмат, жакшы маяна төлөп берем" деген экен. Роза эжеден ушул сөздөрдү укканда сай-сөөгүм сыздап, арданып жерге кире жаздадым. Чыкем "Кыямат" романында Манас элинин кыяматын жазган тура... Санжырабызда мындай кеп бар...

Солто элдин тогу,
Саяк элдин шогу,
Сарыбагыш менен,
Бугунун, барынан жогу.
Бул макалдын айтылып калышы биздин тарыхта, кара так, болуп калган Бугу Сарыбагыш уруусунун кыргындуу чабышы, мына кара дубанын кесепетинен пайда болгон кыямат. Биздин учурубуздагы дагы бир чоң кыямат Түндүк-Түштүк кыяматы. Биздин келечегибиздеги акыркы кыямат 2030-жылдан кийин кыргыз мамлекетинин кыйрап жок болушу. Кара дуба кыяматы ар бир жеке мекендешибиздин биоталаасында ачык эле көрүнүп турат. Кайдыгер, коркок болуп калган атуулдарыбыз кыяматтан четте калбайт. Анткени ар бирибиздин биоталаабыз биригип, улуттун биоталаасын түзөт. Байыртан эле пайда болгон улуттун кара дубасы ар бир жеке инсандын тагдырында да, жеке турмушунда да кара дубанын кыяматы улам барган сайын кылымдан кылымга өтүп, улам күчүнө кирип, алааматтуу кыймылга кире баштады. Бизди кыяматтан Манастын энергиясы гана куткарып кала алат.
Айтматовдун акыркы керээзи
Ысык-Көл бейиштин төрү,
Ысык-Көлдөн кетпегиле балдар,
Калыгул Олуя.
Түнкү асман, убакыт көп. Менин бул айткандарымды мекендештерим кандай кабыл алаар экен... Кара дуба улуттун биоталаасына терең сиңип кетти, жеке дагы ар бир мекендешимдин биоталаасына да сиңип кеткен. Кара дубадан кутулуунун жандырмагын мен билем. Азырынча жалгыз мен, а жалгыз жоокер, аскер эмес. Манасты шылдыңдаган мекендештерим мени да шылдыңдашаар, Иса пайгамбардын өз ата журтунан пайгамбар чыкпайт деген сөзү бар... Иса пайгамбар жөнүндө тартылган кино көз алдыма элестейт... Иса пайгамбарды крестке байлап алышып, жүүттөр шаардын көчөсүнөн былчылдатып, канжалатып сабап, колу бутун сындырып тепкилеп алып келишип, крест маамыга колу бутуна мык кагып асып салышат... Улуу Иса пайгамбар ошондо да Кудайга сыйынып "Жараткан Кудай, булардын күнөөсүн кечир, буларды шайтан азгырды, буларда күнөө жок" деп өзүн азапка салгандар үчүн Кудайга сыйынып атат. Адам баласында мындай адам чыкпайт, же чыгабы... Кайра мени ойлор жетелейт. Оюма Чыңгыз Айтматовдун элеси, образы түшөт... оюмда мен да Чыңгыз жөнүндө кино тарта баштадым. Кыргыздар ызы чуу болуп, жанагы Төрөкулдун Чыңгыз деген баласын байлап алышып, ташбараң кылып былчылдатып сабап, канжалатып тепкилеп жатышат. Ызы-чуу, кыргыздардын ачуусу, жиндери каттуу келген, сырттан келип кошула калган бир кыргыз "ай муну эмне уруп жатасыңар?" деп сурап калат... Анда бирөө "ургула деди, уруп атабыз"-дейт, экинчисинен сурайт"ай, муну эмне уруп атасыңар?" "ай, бул кутурду, атын ааламга чыгарып жиберди, кыргыздын намысын булгады, кыргыздын кызын бузду, Жамила деген бир кызыбызды Данияр деген бир чолок казакка сатып жиберди" дейт. Ар жактан дагы бирөө, "ай, бул бийликке сатылып кеткен" дейт, дагы бирөө, "бул жеткен сараң" деп кыйкырып жатат... А Чыңгыз унчукпайт... Эч кимисине каттуу айткан жок. Арызданам деп да ойлогон жок... Ичи-койнуна кирип Чыңгызды элге жаман көргөзгөн бир мамкатчыны эстеген жок. Чыңгыздын 80 жылдыгын өткөзөм деп шылдыңдаган дагы бир жаш мамкатчыга таарынган да жок. Кыргыздар Төрөкулдун баласын кызыл жаян, чала жан кылып, көчөгө таштап салышты... Мен киномду токтоттум. Түнкү асман. Учак ичи, ушул ойлордон алаксыгым келди... Өткөндө Роза Айтматова эжекебиз менен болгон маекти эстейм, Чыңгыздын энеси татар кызы Нагима апа жөнүндө сурадым. "Чыңгыздын тарбиясына Нагима апа эне катары кандай таасир берди эле. Төркүндөрүнүн, тагыраак айтканда татарлардын тарбия таасирин берди беле"-деп сурасам Роза Айтматова "энемдин төркүндөрү караколдук бай татарлар болгон" деп эле укканмын, башка көргөн да эмеспиз. Илгери бир журналист мага жабышып, "Чыңгыздын энеси жөнүндө макала жазам, Чыңгызга жолуктур" деп жанымды койбогонунан Чыңгызга жолуктурсам, "мен энемдин образын, энемдин жан-дүйнөсүн "Саманчынын жолу" деген романымда Толгонай кылып сүрөттөгөм, башка эч нерсе кошумча кыла албайм" деп журналист менен сүйлөшпөй койгон экен. "Ак кеме" романында да Бугу эненин образы аркылуу баарыбыздын энебизди сүрөттөгөндөй... Чыңгыздын образдык күчүндө Манастын энергиясы күчтүү... Улуту башка, татар кызы Чыңгыздын энеси, тажик кызы Каныкей энебиздей эле Манас элине кызматын так аткарды. Манастын элине Чыңгызды берди. Манастын энергиясынан өтө сак, этият болуш керек. Чыңгыз атабыз өмүрүнүн акырына чейин Манастын энергиясынан ажыраган жок, бирок, жүрөгү татар жеринен токтоду. Чыңгызды кыргыздар катуу капа кылып койгондон кийин, татар жерине барып өмүрүндө бир гана жолу жан-дүйнөсүнө ыза батпай, энесин эстеп, Манастын энергиясынан бир секундга болсо дагы чыга түшүп, татарлардын энергиясына бериле түшкөндөй сезилет мага, башка энергия бизге эч жакшылык алып келбейт. Мен дагы Чыңгыз жөнүндө кино тарта баштадым, экинчи сериясын уладым. Көз алдымда ак халатчан врачтар, Чыкемдин жүрөгүнүн согушу басаңдап, акыркы жолу согуп жатат... Чыкемдин жүрөгү сүйлөп жатат... Чыкемдин жүрөгү акыркы керээзин айтып жатат... Манаска кайткыла, Манас, Манас, Манас, Манастан кетпегиле балдар-деп, жүрөк токтойт... Мен киномду кайра токтоттум. Терең үшкүрүнүп алдым.
Улуттун биоталаасы
Түнкү асман, учак ичи, ушул ойлордон башым ооруп чыңалып чыкты. Оор ойлордон алаксыгым келип, айланамды карайм, сапарлаштарымдын баары уйкуда. Менден алыс эмес, менин энем курактуу түрк улутундагы аял киши отурат, энем эсиме түшөт. Ушул сапарга чыгаарда энем мага батасын берип жатып, "балам, кайтып келгениңде макалаларды жазганыңды токтотсоңчу" деди... Себебин сурасам, "сага көз тийеби деп корком, экинчи себеби биздин элдин пейлин жакшы билесиң, сенин айтайын деген оюңду алар түшүнбөйт го" деп ойлойм. Эне жүрөгүн, эне мээримин мен түшүнөм. Мен көрүп билгенимди энем кайдан көрсүн. Элибизде көз тийиптир же көзүгүптүр деген терең түшүнүк бар. Мага көз тийиш үчүн мен улуттун сүймөнчүгү болушум керек... Мага улуттун жарымынан көпчүлүгү ишеним артыш керек. Азыркы майдачыл болуп кеткен биздин улуттун ахвалында бул мүмкүн эмес. Мындан ары биздин улуттун жалпы сүймөнчүлүгү болгон уул-кыздарыбыз чыкпайт. Жалпы улуттун сүймөнчүлүгү дегенибиз, улуттун биоталаасынын энергетиклык агымын жеке өзүнө буруу деген сөз. Кара дубасы бар улуттун биоталаасынын агымы өтө коркунучтуу. Мисалга, жыйырманчы кылымда өткөн улуттун сүймөнчүлүгүнө татыган уул кыздарыбыз кара дубанын энергетикалык агымынан каза болушкан. Булар Сүймөнкул Чокморов, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттүбүбү Турсунбаева жана башкалары... медицинада рак деген оору жок, бул бир оорунун өтүшүп кеткени, же биоталаанын карарып бузулганы. Кара дубанын дагы бир зыяндуу трагедиялык көрүнүшү, Кара дуба улуттун тагдырына да жеке тагдырга да өтөт. Улуттун чыгаан саятсатчылары же чыгаан уул-кыздары дагы кара дубанын трагедиясына кабалышкан. Мисалга Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев. Улуттук нукура идеология түзүлүп, Манас эли Манастын энергиясына кайрылып өз жолуна түшмөйүн улуттун биоталаасы барган сайын күчүн жоготот. Башка чоочун энергияларга карышы туруштук бере албай калат. Элибизге ким гана президент болбосун анын бийлиги да, жеке тагдыры да трагедия менен аяктайт. Ушул коркунучтуу ойлорго батып, элимдин келечегин ойлойм. Элдик Курултай жана Ынтымак Курултайы деп аталган эки жыйындын биоталаасын карайм, бир улуттун ичиндеги эле эки энергетикалык тараза, бир тарабы БЭК-Бириккен элдик кыймыл деп аталат, тагыраак айтканда БЭК-Бакиевди эптеп кетирүү деп чечилет. Экинчи тарабы Ынтымак Курултайы, тагыраак айтканда, Тынчымак Курултайы. Тынч болуп айтканыбызга көнөсүңөр деген мааниде. БЭК тараптын энергиясы караргансып турат, ал энергетика адашуудан, жек көрүүдөн, жадагандыктан, келечек тумандагандан пайда болуп чыңалган энергия. Ынтымак тарабында чыңалган энергия жок, боштук, жеңилдик бар. Бул Курултайга элдер шоу концертке келгендей катышат, кайдыгерлик өкүм сүрөт, чыңалуу жок. Бир эле улуттун биоталаасындагы эки энергетикалык топтун ортосунда алгач энергетикалык кармаш болот, андан кийин маалымат кармашы башталат, үчүнчүсү чыңалган энергия жарылууга барат. Мунун кесепетинен же жер титирейт же эл титирейт. Кайрадан улуттун кара дубасы элибизди алааматтуу адашууга алып барат. Үчүнчү күч деп аталган энергетикалык топту издеп таба албадым. Үчүнчү күч деген пайда болсо, бул эки энергетикалык топту, же эки Курултайды кагылышууга алып бара турган биздин улуттун эки жүздүү өкүлдөрү же душмандары. Биздин тагдырды чече турган Манас дүйнөсүнөн келген маалыматтарга кайрылсам, эки энергетикалык топтун кимисинде өзүбүздүн нукура энергия басымдуулук кылса, ошол топ улутту трагедиядан сактап калышы мүмкүн. Таң агарды, Гонконг аралына учак келип конду.
Мекенге сапар
Гонконг аралында эки күн болуп, компасы жок, картасы жок кыргыз саякатчысы мен, маршрутумду өзгөртүп Бээжин-Үрүмчү аркылуу Бишкекке карай 300 дөй адам баткан учак ичинде төрт кыргыз, бир киргиз, төрт-беш уйгур, калганы бүт кытайлар менен сапарлаш болуп жыйырма жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн болгон мекениме келип түштүм. Сапарлаш кытайлар биздин мекендин болочок кожоюндарындай сезилип, ичимден аларды жек көрүп, Ыйык мекенимдин таза абасын алардан кызганып, өзүмчө ыза болдум... Мен табыпчылык касиетим аркылуу Манас дүйнөсүнөн көптөгөн бала көрбөгөн ата-энелерге бала сурап бергенимди жазгам. Азыр наристе сураганымды токтоттум. Себеби ал наристелер кайсыл ата мекенде жашайт, же кайсыл элге барып кул болот... Бул сөзүмдү мекендештерим жаман кабыл алаар. Мага баары кайыл сыяктуу. Ааламга аты чыккан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду, мекенчил Дооронбек Садырбаевди, Искак Разаковду түшүнбөгөн элим мени түшүнмөк беле. Кайран гана Манастын эли... Манас аэропортуна келип түшкөндө эле менин сыртта жүргөн бактылуу эркин энергиям өзгөрдү. Көңүлүм чөгө баштады, баягы эле окуя. Эртеңден баштап кайрадан кыжырданып ачуулана баштайм, мүнөзүм өзгөрөт, ички дүйнөм менен сырткы дүйнөм окшошпой калат, анткени мен өз улутумдун биоталаасына келип кирдим.

(Уландысы бар)

Баарлашкан
Венера НАРКЕЕВА