Жолуң кыйын, жылуу кийин үшүүрсүң…

КУРУЛТАЙ БИЯКТА
Оппозиция өткөрчү Элдик Курултайга - накта Элдик Курултайга аз гана убакыт калды. А бирок, маселе аябагандай эле көп. Бийликтин бүгүнкүдөй агрессивдүү маанайында бу Курултайдын өтүшү болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктарга учурайт, ар кандай провакациялар уюштурулары белгилүү. А балким, бир тергелген ат менен жашыруун кызматтар кыянат иштерин небак эле пландап койгон да чыгар, "арстандар", "иттер" небак даярдыр… Ошондуктан оппозиция тараптан укмуштуудай токтоолукту, акылмандыкты, эр жүрөктүүлүктү, чыдамкайлыкты, сактыкты талап кылат - бу Курултай.

Мына ушундай кырдаалда оппозиция лидерлери көп айтылып жатып тажата жаздаган "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" аракет кылуусу зарыл. Ар кандай келишпес пикирлерди, көз караштарды, антипатия менен симпатияларды, менменсинүүнү, популизмди, куру дымакты жыйыштырып салып, бир дененин органдарындай аракет кылышы керек. Бабаларыбыздай жылаңач төшүн найзага тоспосо да, эр жүрөктүүлүгүнөн тайбаган оппозиционерлерибиз кенедей эле кемтик кетирдиби, кенедей эле элеңдедиби, бийлик деген жаналгыч тим эле тытып кетет, овчаркалар даяр!
Аз күн мурун оппозициядан кайт болгон эл массасы азыр, кайрадан ага таянып, ага ишенип, жанында тоо болуп туруп берүүгө, өлбөгөн жерде калууга бел байлап жаткан учуру. "Бийлик күч колдонсо, биз адекваттуу чара көрөбүз" деп мактанып коюп, өзү биринчи качкан Куловдой болушпаса экен деп, сарсанаа болгондор да бар. Баса, Бакиев жаңыдан бийликке келгенде түштүктөгү туугандарыбыз тегиз колдоп жатты эле, эми тегиз каршы турууга белсенип, бетбагып калышты.
Мурун дымый түшкөндөй болгон оппозиция бүгүн кайрадан жандангандай, жанданганда да жан койбочудай болуп жандангандай болуп турат окшойт. Азыр оппозиция катарында эмне деген гана карышкырлар бар (бу маанини беттегенин бербегендикке, кайра тартпастыкка, качырганын алып түшкөндүккө, укмуштуудай чыдамдуулукка байлап жатканым, болбосо карышкырлардан кудай сактасын). Санай жүргөн жаныбыз санайлы, элибиз да санап жаткандыр сын-сыпаты менен, баа-шаасы менен: Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Аликбек Жекшенкулов, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Бакыт Бешимов, Кубанычбек Кадыров, Анвар Артыков, Мукар Чолпонбаев, Мирослав Ниязов, Темир Сариев, Эмил Каптагаев, Эркинбек Алымбеков, Иса Өмүркулов, Асия Сасыкбаева, Чолпон Жакупова, Эркин Булекбаев, Эдил Байсалов, Дүйшөн Чотонов, Сапар Аргынбаев ж.б.
Бул тизмеге соттолгондор, соттолуп жаткандар жана да чет жерде баш калкалап жүргөндөр бекеринен кирген жок. Анткени, маселен, Исаковдун артында алайлыктар гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли турат, Жекшенкуловдун, Бешимовдун, Байболовдун, Кадыровдун, Байсаловдун артында он миңдеген күйөрмандары турат.
Жогоруда аты аталгандан сырткары, муну бизге-кыргызга көбүрөөк тийешелүү илгери үмүт менен айтып жатабыз, Өмүрбек Субаналиев, Султан Урманаев, Өмүрбек Бабанов, Жыпар Жекшеев, Осмонбек Артыкбаев, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова, Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков, Адахам Мадумаров, Турсунбек Акун, Тургунбек Кулмырзаев сыяктуу потенциалдуу оппозиционерлерди да эсептен чыгарууга болбойт.
Ии, жогоруда "карышкырлар" деп адыраңдай санап салганыбыз менен, ал тизме да мандемдүү, алсак, жакында эле Мукар Чолпонбаев БЭКтин курамынан чыгарылды же чыгып кетти. Баягы Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда "имерип алды" деген акчалары жөн койбой ары туйлатып, бери туйлатып жатабы, билбедик. Курултайга кандай күч берет, бу да суроо болуп турат; Тизмедеги М.Ниязов да "жалгыздап согуп" жүрөт, бу да табышмактанып турат, К. Байболовдун жанында да суроо бар… Минтип санай берсек, оппозиция лагериндеги биримдик дагы чоң суроо туудурат. Айтып коюшубуз керек, Темир Сариев башында турган "Ак шумкар" партиясы бийликке каршы катуу чараларды көргөнү турат. Болсун!
Азыр БЭКтин курамында Социал-демократтар, Ата Мекен, Жашылдар, Улуу Биримдик партиялары, ар кыл көз карандысыз уюмдар бар. Ошондой эле партияда жок, оппозицияга жан тарткан белгилүү инсандар да бар. Эң негизгиси - БЭК тарабында эл массасы, маани ушул жерде!
Өкмөттө шыйпактабаган гезиттер жазып жатышат, биздин гезит ичинде:: "Конституцияда "Элдик Курултай" деп жазылып турса, өлкөдө граждандык согуш болуп жаткансып "Ынтымак Курултайы" дегени эмнеси деп, Мейли ал, ал болсун, анан бу курултай сөрөйүнө бүтүндөй айдамалар шайланды. Аларга да ат коюуга үлгүрдү эл-журт "жаңы жаш дүжүрлөр" деп. Бу курултай да, бийликтин бир бутагы болгону калды көрүнөт, Президенттик институт, Жогорку Кеңеш, Өкмөт менен кошо. Анан анын аты "Шыйпаңдоо курултайы" деп аталса жарашып жатып калбайбы! Анткени, анын делегаттары "Бакиев мыктынын-мыктысы, Сиз иштегендей эч ким иштей албайт, Сиздей адам кыргызда дегеле туулуп көргөн эмес, Сиз туулуп калып ырысыбыз башыбыздан чоң экен…" сыяктуу шыйпаң сөздөр айтылып, далайы жашый кетет эмеспи, көздөрүнөн жаш ала...
Жазуучу акындарыбыз С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Жакиев, Т.Касымбеков, О.Султанов, М.Байжиев, А. Жакшылыков, М.Тойбаев, Б.Алыкулов ж.б. сыяктуулар коштоп берер, колдоп берер Бакиевин, Акаевин унутушуп… Булар менен катар "Максимдин көздөрү укмуш" болуп көрүнгөн, Акаевден калган Мамакеев деген аксакалыбыз бар, калыс сүйлөмүш этип бийликке билгизбей жан тарткан Абдуразаков деген аксакалыбыз бар, бар мындайлар, бар… немис жеринен табылган неорданталец кейиптенген кеңешчисин ээрчиткен "соку уруучу" чалдары бар… эпосторубузда да болгон мындай типтүү каарман сыяктуулар…
Делегат демекчи, бу курултайга делегаттарды "делдек -ат, шыйпаң зат" деп да атабалышыптыр, кээ бир Куйручук менен Жоошбайдын түбүн ичкендер. Мааниси кай жерге барып такаларын дароо билип болбойт…
Бу "шыйпаң курултайда" улуттук маданияттын, тилдин өнүгүшү, улуттук салт-санаанын кайра жаралышы, кошуна өлкөлөр менен болгон мамиле, карым-катнаштар, мамлекет менен диний конфессиялардын алакалары, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, экологияны сактоо, регионалдык жана улуттар арасындагы талаштарды жайгаруу ж.б. маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынат экен. Суроо туулат: а жанагы маданият, жаратылышты коргоо жана токой чарбасы, дин иштери боюнча агенттиктери, Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук кызматы, Тышкы иштер министрлиги ж.б. агенттиктер менен министрликтер эмне, теккей оттошобу?! Аларды жоюп салып, баарын "Шыйпаңдоо курултайына" өткөзүп бериш керек го…
Ынтымак деген курултай бийликтин күнөөдөн арылуу үчүн чакырылган курултайы го деп да ойлоп кетесиң. Карап багыңыз, саресеп салып көрүңүз: чыканактай бир мамлекеттин бийлиги, Бакиевдери деп билели, алты жерде алты - отуз алты мамлекет биригип кетирбеген катаны, жок, өз элине кылган кыянаттыкты кылып жатпайбы, санап көрөлү: демократиялык аты бар мамлекет заты боюнча диктатурага айланды; коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бири болдук; электр энергиясы болуп көрбөгөндөй кымбаттады; электр тармагы бир бүлөнүн колуна өтүп жатат, кыкка турбаган баа менен; Өкмөт кармап, сарптачу бүтүндөй мамлекеттин каражатын президент уулуна берип салды; кылмыштуулукту аябай өстүрдү; жерлерди, пансионаттарды сатып жатат; Өзбекстанга, Тажикстанга жерлерден тарттырып жатат; аз сандагы элинин үчтөн бири чет жерлерде тентип жүрөт; өлкөдө жашаган кыргыздан башка улуттар алардан алда-канча жогору жашайт; "Кумтөрдүн" алтыны элине байлык алып келе албай, чет элдин байлыгына айланып жатат; улуттук тил жоголуунун жолунда кетип баратат; ааламда теңдеши жок деп мактанган "Манасты" Кытайга тарттырып жиберди; кыргыздын салт-санаасын билбеген, кыргыз болгондугу үчүн уялган балдарды жаратты; Конституциянын баа-баркын кетирип, аны "черновик дептер" деңгээлие түшүрдү; кемчиликтерди тартынбай айткан саясатчыларыбыз камалып жатат, соттолуп жатат, качып жүрөт; чындыкты жазган журналисттер куугунтукталып чет элдерде качып-бозуп жүрөт, кай бири өлтүрүлдү… минтип санай берсек саныбыз жетпес, саныбыз жетсе, шаабыз жетпес, "итчиликтин" баарын айтканга…
Адамзат тарыхына баам салсаңыз кандай гана бийлик болбосун, түбөлүктүү болгон эмес, ага эл жол берген эмес. Бу Бакиев бийлиги да түбөлүктүү эмес, эл алдында кылыктары үчүн сөзсүз жооп берет. А эмне үчүн ошол жөнүндө ойлонушпайт, бизге окшогондордун мээси жетпейт!
Ошентип, Элдик Курултай болоруна саналуу күндөр калды. Кай жерде өтөрү азырынча так белгилене элек. Депутат Масалиев өңдөнгөндөр эмитен эле Элдик Курултайды жактырбай, " митингдер Бишкектик 999миң адамдын тынчтыгын бузат" деп тантып, бийликке жагалданып турат, Ала-Тоо аянтында өтөт деген Элдик Курултайга билгизбей таш ыргытып… Бу казинолордо акчасын самандай чачкан неме өзүнөн өзү эле элге, оппозицияга каршы аракет кылып жүрөт. Атасын ашыра мактап келдик эле, өзүн да кыйын көрүп алып, ошого көөп жүрөбү билип болбойт. Чынчынына келгенде Апсамат Масалиев пара албай, ал жагынан таза жүргөнү менен элине пайдалуу көп деле нерсе жасай алган жок да, "Жогор жак эмне дейт, аларга кеңешиш керек" деп Маскөө тарапты элеңдей карап жүрүп эле өтүп кетпедиби… Эми баласы элине каршы курчтук кылып жаткандай…Тиги, бу маселени терең талдап, акылдуу тыянак чыгара жүргөн неме болсо, анда депутаттыкка кантип келгенин унутпай, үнү чыгып-чыкпай, сыпаа жүрбөйт беле дейм да. Эми бу башка маселе…
Урматтуу кыргыз элим, бийликтин кебетесин билип бүттүңөр, жакшылык жылоолотчу бийлик болбой калды. Ошондуктан андан арылыш үчүн мыйзамдуу күрөш жүргүзгөндөн чочубайлы, баарыбыз бир кишидей туруп берели, ошондо бизди эч ким токтото албайт, жакшылыкка кетчү жолубуздан.
Накта Элдик Курултайга активдүү катышкыла, жана аны колдогула!
Баратбай АРАКЕЕВ